65-ТАЛАК сүрөсү

Sdílet
Vložit
  • čas přidán 25. 09. 2021
  • #куранкыргыздарга
    65-ТАЛАК¹ сүрөсү («Ат-Талак», Талак, ажырашуу)
    بِسْمِ اللّهِ الرَّحْمنِ الرَّحِيمِ
    Бисмилляхир-Рахманир-Рахиим
    Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен
    65:1
    يَا أَيُّهَا النَّبِيُّ إِذَا طَلَّقْتُمُ النِّسَاء فَطَلِّقُوهُنَّ لِعِدَّتِهِنَّ وَأَحْصُوا الْعِدَّةَ وَاتَّقُوا اللَّهَ رَبَّكُمْ لَا تُخْرِجُوهُنَّ مِن بُيُوتِهِنَّ وَلَا يَخْرُجْنَ إِلَّا أَن يَأْتِينَ بِفَاحِشَةٍ مُّبَيِّنَةٍ وَتِلْكَ حُدُودُ اللَّهِ وَمَن يَتَعَدَّ حُدُودَ اللَّهِ فَقَدْ ظَلَمَ نَفْسَهُ لَا تَدْرِي لَعَلَّ اللَّهَ يُحْدِثُ بَعْدَ ذَلِكَ أَمْرًا
    Йа Аййухан-Набийу Иза Талляктумун-Ниса Фаталликухунна Ли`иддатихинна Уа Ахсуль-`Иддата УаттакуЛлаха Раббакум Ля Тухриджухунна Мин Буйутихинна Уа Ля Йахруджна Илля Ан Йа`тина Бифахишатин Мубаййинатин Уа Тилька ХудудуЛляхи Уа Ман Йата`адда ХудудаЛляхи Факад Заляма Нафсаху Ля Тадри Ля`алляЛлаха Йухдису Ба`да Залика Амраа.
    Эй, Пайгамбар! Силер аялдарыңарды талак кылсаңар - алардын белгилүү мөөнөтүндө талак кылгыла жана убакытты так эсептегиле, Эгеңер - Аллахтан корккула. Аларды өз үйлөрүнөн кууп чыгарбагыла. Алар ачык-айкын бузуктук² жасамайынча үйлөрүнөн чыгышпасын. Аллахтын чектери (мына ушул). Кимде-ким Аллахтын чектеринен чыкса, албетте, ал өз жанына зулум кылганы. Мүмкүн Аллах тигиден соң бир иш пайда кылар. (Аны) Сен билбейсиң.
    65:2
    فَإِذَا بَلَغْنَ أَجَلَهُنَّ فَأَمْسِكُوهُنَّ بِمَعْرُوفٍ أَوْ فَارِقُوهُنَّ بِمَعْرُوفٍ وَأَشْهِدُوا ذَوَيْ عَدْلٍ مِّنكُمْ وَأَقِيمُوا الشَّهَادَةَ لِلَّهِ ذَلِكُمْ يُوعَظُ بِهِ مَن كَانَ يُؤْمِنُ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ وَمَن يَتَّقِ اللَّهَ يَجْعَل لَّهُ مَخْرَجًا
    Фаиза Балягна Аджаляхунна Фа`амсикухунна Бима`руфин Ау Фарикухунна Бима`руфин Уа Ашхиду Завай `Адлин Минкум Уа Акымуш-Шахадата Лилляхи Заликум Йу`азу Бихи Ман Кана Йу`мину Билляхи Уаль-Йаумиль-Ахыри Уа Ман ЙаттакиЛлаха Йадж`аль Ляху Махраджаа.
    Белгиленген мөөнөтү аяктаган кезде аларды (аялдарды) жакшы абалда артка кайтарып алгыла³, же жакшы абалда ажырашкыла. Жана да араңардан эки адилеттүүнү⁴ күбө кылгыла, (ал) күбөлүк милдетти Аллах үчүн өтөгүлө! Мындан Аллахка, жана Кыямат күнүнө ишенгендер үлгү алат. Ким Аллахтан корксо, ага чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн түзүп берет⁵.
    65:3
    وَيَرْزُقْهُ مِنْ حَيْثُ لَا يَحْتَسِبُ وَمَن يَتَوَكَّلْ عَلَى اللَّهِ فَهُوَ حَسْبُهُ إِنَّ اللَّهَ بَالِغُ أَمْرِهِ قَدْ جَعَلَ اللَّهُ لِكُلِّ شَيْءٍ قَدْرًا
    Уа Йарзукху Мин Хайсу Ля Йахтасибу Уа Ман Йатауаккаль `АляЛлахи Фахува Хасбуху ИннаЛлаха Балигу Амрихи Кад Джа`аляЛлаху Ликулли Шайин Кадраа.
    Жана да ага эч күтпөгөн тараптан ырыскы тартуулайт. А кимде-ким Аллахка ишенич артса, Ал Өзү ага жетиштүү. Анткени Аллах - Өз ишин Жеткирүүчү. (Ал) ар бир нерсеге ченем койгон.
    65:4
    وَاللَّائِي يَئِسْنَ مِنَ الْمَحِيضِ مِن نِّسَائِكُمْ إِنِ ارْتَبْتُمْ فَعِدَّتُهُنَّ ثَلَاثَةُ أَشْهُرٍ وَاللَّائِي لَمْ يَحِضْنَ وَأُوْلَاتُ الْأَحْمَالِ أَجَلُهُنَّ أَن يَضَعْنَ حَمْلَهُنَّ وَمَن يَتَّقِ اللَّهَ يَجْعَل لَّهُ مِنْ أَمْرِهِ يُسْرًا
    Уаль-Ля`и Йа`исна Миналь-Махиди Мин Ниса`икум Иниртабтум Фа`иддатухунна Салясату Ашхурин Уаль-Ля`и Лям Йахидна Уа Улятуль-Ахмали Аджалюхунна Ан Йада`на Хамляхунна Уа Ман ЙаттакиЛлаха Йадж`аль Ляху Мин Амрихи Йусраа.
    Этек кирден үмүт үзгөн (айызы карылык себептен токтогон) аялдарыңардан шектенсеңер, анда («идда» - күтүү) мөөнөтү үч ай. Ал эми этек кир көрө электердин⁶ мөөнөтү да ушундай эле. А кош бойлуу аялдардын мөөнөтү болсо, жүктөрүн койгонго⁷ чейин. Ким Аллахтан корксо, Ал анын иштерин жеңил кылып коёт.
    65:5
    ذَلِكَ أَمْرُ اللَّهِ أَنزَلَهُ إِلَيْكُمْ وَمَن يَتَّقِ اللَّهَ يُكَفِّرْ عَنْهُ سَيِّئَاتِهِ وَيُعْظِمْ لَهُ أَجْرًا
    Залика АмруЛлахи Анзаляху Иляйкум Уа Ман ЙаттакиЛляха Йукаффир `Анху Саййи`атихи Уа Йу`зим Ляху Аджраа.
    Аллахтын силерге түшүргөн буйруктары мына ушундай. Кимде-ким Аллахтан корксо, Ал анын күнөөлөрүн кечет жана сыйлыктарын чоң кылат.
    65:6
    أَسْكِنُوهُنَّ مِنْ حَيْثُ سَكَنتُم مِّن وُجْدِكُمْ وَلَا تُضَارُّوهُنَّ لِتُضَيِّقُوا عَلَيْهِنَّ وَإِن كُنَّ أُولَاتِ حَمْلٍ فَأَنفِقُوا عَلَيْهِنَّ حَتَّى يَضَعْنَ حَمْلَهُنَّ فَإِنْ أَرْضَعْنَ لَكُمْ فَآتُوهُنَّ أُجُورَهُنَّ وَأْتَمِرُوا بَيْنَكُم بِمَعْرُوفٍ وَإِن تَعَاسَرْتُمْ فَسَتُرْضِعُ لَهُ أُخْرَى
    Аскинухунна Мин Хайсу Сакантум Мин Вудждикум Уа Ля Тударрухунна Литудаййику `Алейхинна Хатта Йада`на Хамляхунна Фаин Арда`на Лякум Фа`атухунна Уджурахунна Уа Тамиру Байнакум Бима`руфин Уа Ин Та`асартум Фасатурди`у Ляху Ухра.
    Аларды⁸ өзүңөр жашаган үйдө колуңардан келишинче жашаткыла жана аларды үйдөн чыгаруу үчүн кысымга албагыла. Эгер алардын боюнда бар болсо, алар төрөгөнгө чейин аны камсыздап тургула. Ал эми эгер алар силердин балдарыңарды эмизсе, аларга акысын төлөп бергиле жана алар менен жакшылыкча кеңешип, сүйлөшкүлө. А эгер сүйлөшүүдө кыйынчылыктар болсо, балдарды башка аял эмизсин⁹.
    Уландысы:
    Дискте: yadi.sk/i/I_zJi3opocSP0A

Komentáře •