66-ТАХРИМ сүрөсү

Sdílet
Vložit
  • čas přidán 24. 09. 2021
  • #куранкыргыздарга
    66-ТАХРИМ¹ сүрөсү («Ат-Тахрим», Арам кылуу)
    بِسْمِ اللّهِ الرَّحْمنِ الرَّحِيمِ
    Бисмилляхир-Рахманир-Рахиим
    Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен
    66:1
    يَا أَيُّهَا النَّبِيُّ لِمَ تُحَرِّمُ مَا أَحَلَّ اللَّهُ لَكَ تَبْتَغِي مَرْضَاتَ أَزْوَاجِكَ وَاللَّهُ غَفُورٌ رَّحِيمٌ
    Йа Аййухан-Набийу Лима Тухарриму Ма АхалляЛлаху Ляка Табтаги Мардаата Азваджика УаЛлаху Гафуру Рахиим.
    Эй, пайгамбар! Сен эмне үчүн өзүңдүн аялдарыңдын көңүлүнө карап Аллах сага адал кылып берген нерселерге (өзүңө) тыюу саласың? Аллах - Кечиримдүү, Боорукер.
    66:2
    قَدْ فَرَضَ اللَّهُ لَكُمْ تَحِلَّةَ أَيْمَانِكُمْ وَاللَّهُ مَوْلَاكُمْ وَهُوَ الْعَلِيمُ الْحَكِيمُ
    Кад ФарадаЛлаху Лякум Тахиллята Айманикум УаЛлаху Маулякум Уа Хуаль-`Алимуль-Хакиим.
    Аллах силердин берип койгон ант-убадаңарды бузууга буйрат. Ал силердин кожоюнуңар. Ал - Билүүчү, Акылман!
    66:3
    وَإِذْ أَسَرَّ النَّبِيُّ إِلَى بَعْضِ أَزْوَاجِهِ حَدِيثًا فَلَمَّا نَبَّأَتْ بِهِ وَأَظْهَرَهُ اللَّهُ عَلَيْهِ عَرَّفَ بَعْضَهُ وَأَعْرَضَ عَن بَعْضٍ فَلَمَّا نَبَّأَهَا بِهِ قَالَتْ مَنْ أَنبَأَكَ هَذَا قَالَ نَبَّأَنِيَ الْعَلِيمُ الْخَبِيرُ
    Уа Из Асарран-Набийу Иля Ба`ди Азваджихи Хадисаан Фалямма Набба`ат Бихи Уа АзхарахуЛлаху `Алейхи `Аррафа Ба`даху Уа А`рада `Ан Ба`дин Фалямма Набба`аха Бихи Калят Ман Анба`ака Хаза Каля Набба`анийаль-`Алимуль-Хабиир.
    Пайгамбар өз аялдарынын бирөөнө сыр айтканда, ал аны башка бирөөгө айтып койгон эле. Бул тууралуу Аллах ага билгизген болуучу. Пайгамбар² (ал айтылган кабардын) кээсин (бир аялына) айтып, кээсин болсо айтпай койгон. Ал качан бул тууралуу аялына кабарлаган кезде ал (аялы): «Муну сага ким айтты?» - деп сурады. Ал: «Баарын Билүүчү, Кабардар³ (мунун баарын) кабарлаган», - деди.
    66:4
    إِن تَتُوبَا إِلَى اللَّهِ فَقَدْ صَغَتْ قُلُوبُكُمَا وَإِن تَظَاهَرَا عَلَيْهِ فَإِنَّ اللَّهَ هُوَ مَوْلَاهُ وَجِبْرِيلُ وَصَالِحُ الْمُؤْمِنِينَ وَالْمَلَائِكَةُ بَعْدَ ذَلِكَ ظَهِيرٌ
    Ин Татуба ИляЛлахи Факад Сагат Кулюбукума Уа Ин Тазахара `Алейхи Фа`иннаЛлаха Хуа Мауляху Уа Джибрилю Уа Салихуль-Му`минина Уаль-Маля`икату Ба`да Залика Захиир.
    Экөөңөр Аллахка тооба келтирсеңер, (өзүңөргө жакшы, анткени) чынында эле силердин жүрөгүңөр тайгандай болду. А бирок силер экөөңөр ага каршы болсоңор, анда Аллах Өзү ага жардамчы. Андан соң⁴ ага⁵ Жебреил да, жакшы момундар да, периштелер да пайгамбарга жардамчы.
    66:5
    عَسَى رَبُّهُ إِن طَلَّقَكُنَّ أَن يُبْدِلَهُ أَزْوَاجًا خَيْرًا مِّنكُنَّ مُسْلِمَاتٍ مُّؤْمِنَاتٍ قَانِتَاتٍ تَائِبَاتٍ عَابِدَاتٍ سَائِحَاتٍ ثَيِّبَاتٍ وَأَبْكَارًا
    `Аса Раббуху Ин Таллякакунна Ан Йубдиляху Азваджаан Хайраан Минкунна Муслиматин Му`минатин Канитатин Та`ибатин `Абидатин Са`ихатин Саййибатин Уа Абкараа.
    (Эгер пайгамбар) Силерди⁶ талак кылса, анда балким анын Эгеси ага силерден жакшыраак мусулман, момун, баш ийүүчү, тооба кылуучу, ибадат кылуучу, орозо тутуучу аял-кыздарды алмаштырар.
    66:6
    يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا قُوا أَنفُسَكُمْ وَأَهْلِيكُمْ نَارًا وَقُودُهَا النَّاسُ وَالْحِجَارَةُ عَلَيْهَا مَلَائِكَةٌ غِلَاظٌ شِدَادٌ لَا يَعْصُونَ اللَّهَ مَا أَمَرَهُمْ وَيَفْعَلُونَ مَا يُؤْمَرُونَ
    Йа Аййухаль-Лязина Аману Ку Анфусакум Уа Ахликум Нараан Уакудухан-Насу Уаль-Хиджарату `Алейха Маля`икатун Гилязун Шидадун Ля Йа`сунаЛлаха Ма Амарахум Уа Йаф`алюна Ма Йу`маруун.
    Эй, момундар! Өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү отуну адамдар менен таштар (болгон) тозоктон сактагыла! Анын үстүндө таш боор жана каардуу периштелер болот. Алар Аллахтын буйругуна эч каршы болушпайт жана өздөрүнө буйрулган нерселерин кынтыксыз орундатышат.
    66:7
    يَا أَيُّهَا الَّذِينَ كَفَرُوا لَا تَعْتَذِرُوا الْيَوْمَ إِنَّمَا تُجْزَوْنَ مَا كُنتُمْ تَعْمَلُونَ
    Йа Аййухаль-Лязина Кафару Ля Та`тасируль-Йаума Иннама Туджзауна Ма Кунтум Та`малюн.
    Эй, каапырлар! Бүгүн силер шылтоо издебегиле. Андыктан жасаган амалыңарга жараша жазаланасыңар.
    66:8
    يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا تُوبُوا إِلَى اللَّهِ تَوْبَةً نَّصُوحًا عَسَى رَبُّكُمْ أَن يُكَفِّرَ عَنكُمْ سَيِّئَاتِكُمْ وَيُدْخِلَكُمْ جَنَّاتٍ تَجْرِي مِن تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ يَوْمَ لَا يُخْزِي اللَّهُ النَّبِيَّ وَالَّذِينَ آمَنُوا مَعَهُ نُورُهُمْ يَسْعَى بَيْنَ أَيْدِيهِمْ وَبِأَيْمَانِهِمْ يَقُولُونَ رَبَّنَا أَتْمِمْ لَنَا نُورَنَا وَاغْفِرْ لَنَا إِنَّكَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ
    Йа Аййухаль-Лязина Аману Тубу ИляЛлахи Таубатан Насухаан `Аса Раббукум Ан Йукаффира `Анкум Саййи`атикум Уа Йудхилякум Джаннатин Таджри Мин Тахтихаль-Анхару Йаума Ля ЙухзиЛляхун-Набийа Уаль-Лязина Аману Ма`аху Нурухум Йас`а Байна Айдихим Уа Би`айманихим Йакулюна Раббана Атмим Ляна Нурана Уагфир Ляна Иннака `Аля Кулли Шай`ин Кадиир.
    Эй, ыймандуулар! Аллахка чындап тооба кылгыла! Балким Эгеңер күнөөңөрдү кечирип силерди астынан дарыялар агып турган Бейиш бактарына киргизер. Ошол Күндө Аллах пайгамбарды жана аны менен бирге ыймандууларды кейитпейт. Алардын нурлары алдыларында да, оң тарабында да кошо жүрөт. Ошондо алар: «Эгебиз! Биздин нурларыбызды толукта жана бизди кечир. Анткени, Сен бардык нерсеге Кудуреттүүсүң» - деп айтышат.
    Уландысы:
    Дискте: yadi.sk/i/rtQB-qO5DTRyEg

Komentáře •