64-ТАГАБУН сүрөсү

Sdílet
Vložit
  • čas přidán 26. 09. 2021
  • #куранкыргыздарга
    64-ТАГАБУН¹ сүрөсү («Ат-Табагун», Алдануу)
    بِسْمِ اللّهِ الرَّحْمنِ الرَّحِيمِ
    Бисмилляхир-Рахманир-Рахиим
    Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен
    64:1
    يُسَبِّحُ لِلَّهِ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ لَهُ الْمُلْكُ وَلَهُ الْحَمْدُ وَهُوَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ
    Йусаббиху Лилляхи Ма Фис-Самауати Уа Ма Филь-Арды Ляхуль-Мульку Уа Ляхуль-Хамду Уа Хуа `Аля Кулли Шай`ин Кадиир.
    Асмандардагы менен жердегилердин баары Аллахты аруулашат. Падышалык да, мактоо да Ага таандык! Ал - бардык нерсеге кудурети жетүүчү.
    64:2
    هُوَ الَّذِي خَلَقَكُمْ فَمِنكُمْ كَافِرٌ وَمِنكُم مُّؤْمِنٌ وَاللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ بَصِيرٌ
    Хуаль-Лязи Халякакум Фаминкум Кафирун Уа Минкум Му`минун УаЛлаху Бима Та`малюна Басыыр.
    Ал силерди жаратты; силердин араңарда каапырлар да, момундар да бар жана Аллах силердин эмне кылганыңарды көрүп туруучу.
    64:3
    خَلَقَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ بِالْحَقِّ وَصَوَّرَكُمْ فَأَحْسَنَ صُوَرَكُمْ وَإِلَيْهِ الْمَصِيرُ
    Халякас-Самауати Уаль-Арда Биль-Хаккы Уа Савваракум Фа`ахсана Суваракум Уа Иляйхиль-Масыыр.
    Ал асмандар менен жерди акыйкаттык менен² жаратты жана силерге сымбат берип, келбетиңерди көркөмдүү кылды. Кайтуу Ага.
    64:4
    يَعْلَمُ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَيَعْلَمُ مَا تُسِرُّونَ وَمَا تُعْلِنُونَ وَاللَّهُ عَلِيمٌ بِذَاتِ الصُّدُورِ
    Йа`ляму Ма Фис-Самауати Уаль-Арды Уа Йа`ляму Ма Тусирруна Уа Ма Ту`линуна УаЛлаху `Алимун Бизатис-Судуур.
    Ал асман менен жердеги нерселерди билет жана да силердин жарыя кылганыңарды да, жашыруун кылганыңарды да³. Аллах - жүрөктөгүлөрдү⁴ Билүүчү.
    64:5
    أَلَمْ يَأْتِكُمْ نَبَأُ الَّذِينَ كَفَرُوا مِن قَبْلُ فَذَاقُوا وَبَالَ أَمْرِهِمْ وَلَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ
    Алям Йа`тикум Наба`уль-Лязина Кафару Мин Каблю Фазаку Уабаля Амрихим Уа Ляхум `Азабун Алиим.
    Силерге мурунку⁵ каапырлардын кабары келген жокпу?! Алар жасаган иштеринин⁶ жазасын тартышкан. Алар үчүн оорутуучу азап бар⁷.
    64:6
    ذَلِكَ بِأَنَّهُ كَانَت تَّأْتِيهِمْ رُسُلُهُم بِالْبَيِّنَاتِ فَقَالُوا أَبَشَرٌ يَهْدُونَنَا فَكَفَرُوا وَتَوَلَّوا وَّاسْتَغْنَى اللَّهُ وَاللَّهُ غَنِيٌّ حَمِيدٌ
    Залика Би`аннаху Канат Та`тихим Русулюхум Биль-Баййинати Факалю Абашарун Йахдунана Факафару Уа Тауалляу УастагнаЛлаху УаЛлаху Ганийун Хамиид.
    Мунун себеби⁸: аларга пайгамбарлар ачык-айкын далилдер менен келгенде алар⁹: «Бизге Туура жолду адамзат көргөзмөкчүбү?!» - деп, каапыр бойдон кала беришти жана жүз үйрүп терс бурулушту¹⁰. Аллах эч муктаж¹¹ эмес. Аллах - Бай¹², ары Мактоого Татыктуу.
    64:7
    زَعَمَ الَّذِينَ كَفَرُوا أَن لَّن يُبْعَثُوا قُلْ بَلَى وَرَبِّي لَتُبْعَثُنَّ ثُمَّ لَتُنَبَّؤُنَّ بِمَا عَمِلْتُمْ وَذَلِكَ عَلَى اللَّهِ يَسِيرٌ
    За`амаль-Лязина Кафару Ан Лян Йуб`асу Куль Баля Уа Рабби Лятуб`асунна Сумма Лятунабба`унна Бима `Амильтум Уа Залика `АляЛлахи Йасиир.
    Каапырлар өлгөндөн кийин кайра тирилүү жок деп талашат. Аларга айт: «Андай эмес! Эгем менен ант ичем: Силер кайрадан тирилесиңер. Андан соң силерге¹³ эмне кылганыңар тууралуу кабар берилет жана да бул иш Аллах үчүн өтө жеңил.»
    64:8
    فَآمِنُوا بِاللَّهِ وَرَسُولِهِ وَالنُّورِ الَّذِي أَنزَلْنَا وَاللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ خَبِيرٌ
    Фа`амину Билляхи Уа Расулихи Уан-Нуриль-Лязи Анзальна УаЛлаху Бима Та`малюна Хабиир.
    Аллахка, Анын элчисине жана да Биз түшүргөн Нурга¹⁴ ишенгиле! Аллах силердин эмне кылып жатканыңардан кабардар.
    64:9
    يَوْمَ يَجْمَعُكُمْ لِيَوْمِ الْجَمْعِ ذَلِكَ يَوْمُ التَّغَابُنِ وَمَن يُؤْمِن بِاللَّهِ وَيَعْمَلْ صَالِحًا يُكَفِّرْ عَنْهُ سَيِّئَاتِهِ وَيُدْخِلْهُ جَنَّاتٍ تَجْرِي مِن تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ خَالِدِينَ فِيهَا أَبَدًا ذَلِكَ الْفَوْزُ الْعَظِيمُ
    Йаума Йаджма`укум Лийаумиль-Джам`и Залика Йаумут-Тагабуни Уа Ман Йу`мин Билляхи Уа Йа`маль Салихаан Йукаффир `Анху Саййи`атихи Уа Йудхильху Джаннатин Таджри Мин Тахтихаль-Анхару Халидина Фиха Абадаан Заликаль-Фаузуль-`Азыйм.
    Силердин баарыңарды зор Жыйналыш күнү¹⁵ чогултат, ал өз ара тартышуу жана алдануу күнү болот. Ким Аллахка ишенсе жана жакшылык иштерди кылса, (Аллах) анын күнөөлөрүн кечирет жана аларды астынан дарыялар агып турган Бейиш бактарына киргизет. Алар анда түбөлүккө калышат. Бул өзү зор ийгилик.
    64:10
    وَالَّذِينَ كَفَرُوا وَكَذَّبُوا بِآيَاتِنَا أُوْلَئِكَ أَصْحَابُ النَّارِ خَالِدِينَ فِيهَا وَبِئْسَ الْمَصِيرُ
    Уаль-Лязина Кафару Уа Каззабу Би`айатина Уляика Асхабун-Нари Халидина Фиха Уа Би`саль-Масыыр.
    Ишенбестен каапыр болуп, Биздин аяттарыбызы¹⁶ жалган дегендер Алар тозок ээлери жана анда түбөлүккө калышат. (Ал)¹⁷ кандай жаман кайтуучу жер.
    Уландысы:
    Дискте: yadi.sk/i/U4n-aEUrr9Mtpw

Komentáře •