63-МУНАФИКУН сүрөсү

Sdílet
Vložit
  • čas přidán 27. 09. 2021
  • #куранкыргыздарга
    63-МУНАФИКУН¹ сүрөсү («Аль-Мунафикун», Эки жүздүүлөр)
    بِسْمِ اللّهِ الرَّحْمنِ الرَّحِيمِ
    Бисмилляхир-Рахманир-Рахиим
    Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен
    63:1
    إِذَا جَاءكَ الْمُنَافِقُونَ قَالُوا نَشْهَدُ إِنَّكَ لَرَسُولُ اللَّهِ وَاللَّهُ يَعْلَمُ إِنَّكَ لَرَسُولُهُ وَاللَّهُ يَشْهَدُ إِنَّ الْمُنَافِقِينَ لَكَاذِبُونَ
    Иза Джа`акаль-Мунафикуна Калю Нашхаду Иннака ЛярасулюЛлахи УаЛлаху Йа`ляму Иннака Лярасулюху УаЛлаху Йашхаду Инналь-Мунафикыйна Ляказибуун.
    Сага эки жүздүүлөр келишип: «Сенин Аллахтын элчиси экениңе ишенебиз», - дешет. Сен Өзүнүн элчиси экениңди Аллах билет жана Аллах акыйкатта эки жүздүүлөр² жалганчы экенине күбөлүк берет.
    63:2
    اتَّخَذُوا أَيْمَانَهُمْ جُنَّةً فَصَدُّوا عَن سَبِيلِ اللَّهِ إِنَّهُمْ سَاء مَا كَانُوا يَعْمَلُونَ
    Иттахазу Айманахум Джуннатан Фасадду `Ан СабилиЛляхи Иннахум Са`а Ма Кяню Йа`малюн.
    Алар өздөрүнүн убада-анттарын калкан (өңдүү) кылып алышып, (адамдарды) Аллахтын жолунан тосушту. Акыйкатта, алардын кылган иштери өтө жаман!
    63:3
    ذَلِكَ بِأَنَّهُمْ آمَنُوا ثُمَّ كَفَرُوا فَطُبِعَ عَلَى قُلُوبِهِمْ فَهُمْ لَا يَفْقَهُونَ
    Залика Би`аннахум Аману Сумма кафару Фатуби`а `Аля Кулюбихим Фахум Ля Йафкахуун.
    Анткени, алар (адегенде) ыйман келтиришкен, андан соң кайра каапыр болушту. Ушул себептүү жүрөктөрүнө мөөр басылды, (андыктан) алар түшүнө алышпайт.
    63:4
    وَإِذَا رَأَيْتَهُمْ تُعْجِبُكَ أَجْسَامُهُمْ وَإِن يَقُولُوا تَسْمَعْ لِقَوْلِهِمْ كَأَنَّهُمْ خُشُبٌ مُّسَنَّدَةٌ يَحْسَبُونَ كُلَّ صَيْحَةٍ عَلَيْهِمْ هُمُ الْعَدُوُّ فَاحْذَرْهُمْ قَاتَلَهُمُ اللَّهُ أَنَّى يُؤْفَكُونَ
    Уа Иза Ра`айтахум Ту`джибука Аджсамухум Уа Ин Йакулю Тасма` Ликаулихим Ка`аннахум Хушубун Мусаннадатун Йахсабуна Кулля Сайхатин `Алейхим Хумуль-`Адуву Фахзархум КаталяхумуЛлаху Анна Йу`факуун.
    Сен аларды көргөн кезиңде алардын (сырткы) кепетеси сени таң калтырат. Ал эми алар сүйлөсө кунт коюп угасың, (бирок) - алар кудум жөлөп коюлган устун сыяктуу; ар бир катуу үндү өздөрүнө душмандык жасагандай эсептешет. Алар - сенин душмандарың, андыктан алардан кооптонуп сак болгун. Аларга Аллахтын каргышы болсун! Алар кантип артка кетенчиктешет³.
    63:5
    وَإِذَا قِيلَ لَهُمْ تَعَالَوْا يَسْتَغْفِرْ لَكُمْ رَسُولُ اللَّهِ لَوَّوْا رُؤُوسَهُمْ وَرَأَيْتَهُمْ يَصُدُّونَ وَهُم مُّسْتَكْبِرُونَ
    Уа Иза Киля ляхум Та`аляу Йастагфир Лякум РасулюЛлахи Ляввау Ру`усахум Уа Ра`айтахум Йасуддуна Уа Хум Мустакбируун.
    Аларга: «Кеткиле! Аллахтын Элчиси силер үчүн кечирим сурасын», - деп айтылганда, алар баштарын чайкашат⁴ жана жүз үйрүшүп, текеберленгендерин көрөсүң.
    63:6
    سَوَاء عَلَيْهِمْ أَسْتَغْفَرْتَ لَهُمْ أَمْ لَمْ تَسْتَغْفِرْ لَهُمْ لَن يَغْفِرَ اللَّهُ لَهُمْ إِنَّ اللَّهَ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الْفَاسِقِينَ
    Сауа`ун `Алейхим Астагфарта Ляхум Ам Лям Тастагфир Ляхум Лян ЙагфираЛлаху Ляхум ИннаЛлаха Ля Йахдиль-Каумаль-Фасикыйн.
    Сен алардын күнөөсү үчүн кечирим сурайсыңбы, же кечирим сурабайсыңбы баары бир, Аллах аларды баары бир кечирбейт. Анткени, Аллах - бузуку коомду туура жолго баштабайт.
    63:7
    هُمُ الَّذِينَ يَقُولُونَ لَا تُنفِقُوا عَلَى مَنْ عِندَ رَسُولِ اللَّهِ حَتَّى يَنفَضُّوا وَلِلَّهِ خَزَائِنُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَلَكِنَّ الْمُنَافِقِينَ لَا يَفْقَهُونَ
    Хумуль-Лязина Йакулюна Ля Тунфику `Аля Ман `Инда РасулиЛляхи Хатта Йанфадду Уа Лилляхи Хаза`инус-Самауати Уаль-Арды Уа Лякинналь-Мунафикыйна Ля Йафкахуун.
    Алар, мына минтип айтышат: «Аллахтын элчисинин жанындагыларга⁵ жардам-кайыр бербегиле, ошентсеңер⁶ алар тарап кетишет». Асмандар менен жердин казыналары бир гана Аллахтын колунда, бирок эки жүздүүлөр муну түшүнүшпөйт.
    63:8
    يَقُولُونَ لَئِن رَّجَعْنَا إِلَى الْمَدِينَةِ لَيُخْرِجَنَّ الْأَعَزُّ مِنْهَا الْأَذَلَّ وَلِلَّهِ الْعِزَّةُ وَلِرَسُولِهِ وَلِلْمُؤْمِنِينَ وَلَكِنَّ الْمُنَافِقِينَ لَا يَعْلَمُونَ
    Йакулюна ляин Раджа`на Иляль-Мадинати Ляйухриджанналь-А`аззу Минхаль-Азалля Уа Лилляхиль-`Иззату Уа Лирасулихи Уа Лильму`минина Уа Лякинналь-Мунафикыйна Ля Йа`лямуун.
    Алар: «Эгер биз шаарга кайтып барсак, анда алдуу-күчтүүлөр алсыздарды ал жерден айдап чыгышат», - деп айтышат⁷. Ызаат-урмат Аллахка, Анын пайгамбары жана момундарына гана⁸. Бирок, эки жүздүүлөр аны билишпейт.
    63:9
    يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تُلْهِكُمْ أَمْوَالُكُمْ وَلَا أَوْلَادُكُمْ عَن ذِكْرِ اللَّهِ وَمَن يَفْعَلْ ذَلِكَ فَأُوْلَئِكَ هُمُ الْخَاسِرُونَ
    Йа Аййухаль-Лязина Аману Ля Тульхикум Амвалюкум Уа Ля Аулядукум `Ан ЗикриЛляхи Уа Ман Йаф`аль Залика Фа`уляика Хумуль-Хасируун.
    Эй, ыйман келтиргендер! Силердин мал-мүлкүңөр жана балдарыңар Аллахты эскерүүдөн силерди алаксытып койбосун. (Ал эми) Ким ошондой⁹ кылса, ал зыянга¹⁰ учурайт.
    Уландысы:
    Дискте: yadi.sk/i/ZUKiXaYl61LR8w

Komentáře •