69-ХАККА сүрөсү
Vložit
- čas přidán 21. 09. 2021
- #куранкыргыздарга
69-ХАККА¹ сүрөсү («Аль-Хакка», Чындык, Кыямат)
بِسْمِ اللّهِ الرَّحْمنِ الرَّحِيمِ
Бисмилляхир-Рахманир-Рахиим
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен
69:1
الْحَاقَّةُ
Аль-Хаккату.
Акыйкатталуучу²!
69:2
مَا الْحَاقَّةُ
Маль-Хаккату.
«Акыйкатталуучу», - деген эмне?
69:3
وَمَا أَدْرَاكَ مَا الْحَاقَّةُ
Уа Ма Адрака Маль-Хаккату.
«Акыйкатталуучунун» эмне экенин сен кайдан билмексиң?
69:4
كَذَّبَتْ ثَمُودُ وَعَادٌ بِالْقَارِعَةِ
Каззабат Самуду Уа `Адун Биль-Кари`а.
Самуд эли менен Аад эли Кыяматты жалганга чыгарышкан.
69:5
فَأَمَّا ثَمُودُ فَأُهْلِكُوا بِالطَّاغِيَةِ
Фа`амма Самуду Фа`ухлику Бит-Тагийа.
Самуд эли чектен ашканы үчүн катуу үн менен жок кылынды.
69:6
وَأَمَّا عَادٌ فَأُهْلِكُوا بِرِيحٍ صَرْصَرٍ عَاتِيَةٍ
Уа Амма `Адун Фа`ухлику Бирихин Сарсарин `Атийа.
Ал эми Аад эли болсо бороондуу шамал менен кыйратылды.
69:7
سَخَّرَهَا عَلَيْهِمْ سَبْعَ لَيَالٍ وَثَمَانِيَةَ أَيَّامٍ حُسُومًا فَتَرَى الْقَوْمَ فِيهَا صَرْعَى كَأَنَّهُمْ أَعْجَازُ نَخْلٍ خَاوِيَةٍ
Саххараха `Алейхим Саб`а Ляйалин Уа Саманийата Аййамин Хусумаан Фатараль-Каума Фиха Сар`а Ка`аннахум А`джазу Нахлин Хавийа.
Аллах аларды үзгүлтүксүз бороонго жети түн, сегиз күн моюн сундуруп койду. Ошондо сен (алардын) көңдөй курма дарагынын сөңгөктөрү сымал сулап калышканын көрмөксүң.
69:8
فَهَلْ تَرَى لَهُم مِّن بَاقِيَةٍ
Фахаль Тара Ляхум Мин Бакыйа.
Сен алардан аман калганын көрбөйсүңбү?
69:9
وَجَاء فِرْعَوْنُ وَمَن قَبْلَهُ وَالْمُؤْتَفِكَاتُ بِالْخَاطِئَةِ
Уа Джа`а Фир`ауну Уа Ман Кабляху Уаль-Му`тафикату Биль-Хати`а.
Фараон, андан мурдакылар жана кырсыкка кабылган шаарлар³ да күнөөгө батышкан.
69:10
فَعَصَوْا رَسُولَ رَبِّهِمْ فَأَخَذَهُمْ أَخْذَةً رَّابِيَةً
Фа`асау Расуля Раббихим Фа`ахазахум Ахзатан Рабийа.
Алар өздөрүнүн Эгесинин элчисине моюн сунбагандыктан Аллах аларды каардуу жазага кириптер кылды.
Уландысы:
Дискте: yadi.sk/i/yTfv7uBbpmJJ-Q