72-ЖИН сүрөсү
Vložit
- čas přidán 18. 09. 2021
- #куранкыргыздарга
72-ЖИН¹ сүрөсү («Аль-Жин», Жин, Жиндер)
بِسْمِ اللّهِ الرَّحْمنِ الرَّحِيمِ
Бисмилляхир-Рахманир-Рахиим
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен
72:1
قُلْ أُوحِيَ إِلَيَّ أَنَّهُ اسْتَمَعَ نَفَرٌ مِّنَ الْجِنِّ فَقَالُوا إِنَّا سَمِعْنَا قُرْآنًا عَجَبًا
Куль Ухийа Иляййа Аннахустама`а Нафарун Миналь-Джинни Факалю Инна Сами`на Кур`анаан `Аджабаа.
Айт²! «Мага кабар берилди. Жиндердин бир тобу китептин окулганын угуп алышып, минтип айтышты: «Биз чындыгында кереметтүү Куранды уктук».
72:2
يَهْدِي إِلَى الرُّشْدِ فَآمَنَّا بِهِ وَلَن نُّشْرِكَ بِرَبِّنَا أَحَدًا
Йахди Иляр-Рушди Фа`аманна Бихи Уа Лян Нушрика Бираббина Ахадаа.
«Ал чыныгы түз жолго баштайт. Биз ага ишендик. Биз Эгебизге эч кимди шерик кылбайбыз. Анын Өзүнө гана сыйынабыз».
72:3
وَأَنَّهُ تَعَالَى جَدُّ رَبِّنَا مَا اتَّخَذَ صَاحِبَةً وَلَا وَلَدًا
Уа Аннаху Та`аля Джадду Раббина Маттахаза Сахибатан Уа Ля Уалядаа.
«Акыйкатта мартабасы бийик, аруу Эгебиздин аялы да, баласы да жок».
72:4
وَأَنَّهُ كَانَ يَقُولُ سَفِيهُنَا عَلَى اللَّهِ شَطَطًا
Уа Аннаху Кана Йакулю Сафихуна `АляЛлахи Шататаа.
Биздин бир нааданыбыз³ Аллахка каршы жалганды тараткан».
72:5
وَأَنَّا ظَنَنَّا أَن لَّن تَقُولَ الْإِنسُ وَالْجِنُّ عَلَى اللَّهِ كَذِبًا
Уа Анна Зананна Ан Лян Такуляль-Инсу Уаль-Джинну `АляЛлахи Казибаа.
«Биз: адамдар да, жиндер да Аллахка каршы эч жалган айта албайт - деп ойлогонбуз».
72:6
وَأَنَّهُ كَانَ رِجَالٌ مِّنَ الْإِنسِ يَعُوذُونَ بِرِجَالٍ مِّنَ الْجِنِّ فَزَادُوهُمْ رَهَقًا
Уа Аннаху Кана Риджалюн Миналь-Инси Йа`узуна Бириджалин Миналь-Джинни Фазадухум Рахакаа.
«Албетте, кээ бир эркек инсандар эркек жиндер менен сактанышаар эле. Ошентип алар өздөрүнө адашууну гана арттырышкан».
72:7
وَأَنَّهُمْ ظَنُّوا كَمَا ظَنَنتُمْ أَن لَّن يَبْعَثَ اللَّهُ أَحَدًا
Уа Аннахум Занну Кама Занантум Ан Лян Йаб`асаЛлаху Ахадаа.
«Алар да⁴ силер сыяктуу⁵ эле Аллах эч кимди тирилте албайт деп ойлошкон».
72:8
وَأَنَّا لَمَسْنَا السَّمَاء فَوَجَدْنَاهَا مُلِئَتْ حَرَسًا شَدِيدًا وَشُهُبًا
Уа Анна Лямаснас-Сама`а Фауаджаднаха Мули`ат Харасаан Шадидаан Уа Шухубаа.
«Биз асманга барып такалдык да, анын кубаттуу корукчу⁶ жана жылдыздар менен толтура экенин⁷ көрдүк».
72:9
وَأَنَّا كُنَّا نَقْعُدُ مِنْهَا مَقَاعِدَ لِلسَّمْعِ فَمَن يَسْتَمِعِ الْآنَ يَجِدْ لَهُ شِهَابًا رَّصَدًا
Уа Анна Кунна Нак`уду Минха Мака`ида Лиссам`и Фаман Йастами`иль-Ана Йаджид Ляху Шихабаан Расадаа.
«Биз ал жерде угуу үчүн⁸ бир орундарга олтуруп алар элек. Азыр ким уккусу⁹ келсе, ал өзүн байкап турган жылдызды көрөт».
72:10
وَأَنَّا لَا نَدْرِي أَشَرٌّ أُرِيدَ بِمَن فِي الْأَرْضِ أَمْ أَرَادَ بِهِمْ رَبُّهُمْ رَشَدًا
Уа Анна Ля Надри Ашаррун Урида Биман Филь-Арды Ам Арада Бихим Раббухум Рашадаа.
«Акыйкатта, бул - жердегилер үчүн жамандыкпы, же аларды Аллах түз жолго багыттоону каалаганбы, биз¹⁰ билбейбиз»¹¹.
Уландысы:
Дискте: yadi.sk/i/8k5kbEH_f_JBkQ
Красавчик!
Ма Шаа Аллах 😍