61-САФ сүрөсү

Sdílet
Vložit
  • čas přidán 29. 09. 2021
  • #куранкыргыздарга
    61-САФ¹ сүрөсү («Ас-Саф», Сап, катар)
    بِسْمِ اللّهِ الرَّحْمنِ الرَّحِيمِ
    Бисмилляхир-Рахманир-Рахиим
    Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен
    61:1
    سَبَّحَ لِلَّهِ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ وَهُوَ الْعَزِيزُ الْحَكِيمُ
    Субхана Лилляхи Ма Фис-Самауати Уа Ма Филь-Арды Уа Хуаль-`Азизуль-Хакиим.
    Аллахты асмандагылар менен жердегилердин баары Аруулашат. Ал - Ызааттуу, Даанышман.
    61:2
    يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آَمَنُوا لِمَ تَقُولُونَ مَا لَا تَفْعَلُونَ
    Йа Аййухаль-Лязина Ааману Лима Такулюна Ма Ля Таф`алюн.
    Эй, момундар! Силер эмнеге өзүңөр кылбаган нерсени айтасыңар?
    61:3
    كَبُرَ مَقْتًا عِندَ اللَّهِ أَن تَقُولُوا مَا لَا تَفْعَلُونَ
    Кабура Мактаан `ИндаЛлахи Ан Такулю Ма Ля Таф`алюн.
    Аллахтын алдында, өзүңөр кылбаган нерсени айтканыңар өтө жек көрөрлүк (иш)!
    61:4
    إِنَّ اللَّهَ يُحِبُّ الَّذِينَ يُقَاتِلُونَ فِي سَبِيلِهِ صَفًّا كَأَنَّهُم بُنيَانٌ مَّرْصُوصٌ
    ИннаЛлаха Йухыббуль-Лязина Йукатилюна Фи Сабилихи Саффаан Ка`аннахум Бунйанун Марсуус.
    Акыйкатта, Аллах Өзүнүн жолунда, бекем дубал өңдүү катар, тыгыз туруп салгылашкандарды жакшы көрөт.
    61:5
    وَإِذْ قَالَ مُوسَى لِقَوْمِهِ يَا قَوْمِ لِمَ تُؤْذُونَنِي وَقَد تَّعْلَمُونَ أَنِّي رَسُولُ اللَّهِ إِلَيْكُمْ فَلَمَّا زَاغُوا أَزَاغَ اللَّهُ قُلُوبَهُمْ وَاللَّهُ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الْفَاسِقِينَ
    Уа Из Каля Муса Ликаумихи Йа Кауми Лима Ту`узунани Уа Кад Та`лямуна Анни РасулюЛлахи Иляйкум Фалямма Загу АзагаЛлаху Кулюбахум УаЛлаху Ля Йахдиль-Каумаль-Фасикыйн.
    Муса өз элине мындай деди: «Эй, коомум! Силер эмне себептен менин Аллах жиберген элчи экенимди билип туруп мага зыян берип, ыза кыласыңар?» Алар² четтеген кезде Аллах алардын жүрөгүн Туура жолдон адаштырды. Аллах адашкан бузукуларды Туура жолго багыттабайт.
    61:6
    وَإِذْ قَالَ عِيسَى ابْنُ مَرْيَمَ يَا بَنِي إِسْرَائِيلَ إِنِّي رَسُولُ اللَّهِ إِلَيْكُم مُّصَدِّقًا لِّمَا بَيْنَ يَدَيَّ مِنَ التَّوْرَاةِ وَمُبَشِّرًا بِرَسُولٍ يَأْتِي مِن بَعْدِي اسْمُهُ أَحْمَدُ فَلَمَّا جَاءهُم بِالْبَيِّنَاتِ قَالُوا هَذَا سِحْرٌ مُّبِينٌ
    Уа Из Каля `Исабну Марйама Йа Бани Исраиля Инни РасулюЛлахи Иляйкум Мусаддикаан Лима Байна Йадаййа Минат-Таураати Уа Мубашшираан Бирасулин Йа`ти Мин Ба`дисмуху Ахмаду Фалямма Джа`ахум Биль-Баййинати Калю Хаза Сихрун Мубиин.
    Марям уулу Ыса³: «Эй, Исраил уулдары!⁴ Мен сага мага чейин жөнөтүлгөн, Тооратта айтылгандардын чындыктыгын тастыктоо менен менден кийин келе турган Ахмад аттуу⁵ элчи тууралуу сүйүнүчтүү кабады угузууга жиберилген Аллахтын элчисимин», - деди. Качан ал⁶ айкын далилдер менен келген кезде, алар: «Бул - анык сыйкыр», - дешти.
    61:7
    وَمَنْ أَظْلَمُ مِمَّنِ افْتَرَى عَلَى اللَّهِ الْكَذِبَ وَهُوَ يُدْعَى إِلَى الْإِسْلَامِ وَاللَّهُ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الظَّالِمِينَ
    Уа Ман Азляму Мимманифтара `АляЛлахиль-Казиба Уа Хуа Йуд`а Иляль-Ислями УаЛлаху Ля Йахдиль-Каумаз-Залимиин.
    Аны исламга чакырып жатканда жалганга чыгаргандан⁷ да өткөн кандай адашкан неме болсун?! Аллах адашкан коомду Туура жолго салбайт.
    61:8
    يُرِيدُونَ لِيُطْفِؤُوا نُورَ اللَّهِ بِأَفْوَاهِهِمْ وَاللَّهُ مُتِمُّ نُورِهِ وَلَوْ كَرِهَ الْكَافِرُونَ
    Йуридуна Лийуфти`у НураЛлахи Би`афуахихим УаЛлаху Мутимму Нурихи Уа Ляу Карихаль-Кафируун.
    Алар Аллахтын Нурун⁸ өздөрүнүн оозу⁹ менен үйлөп өчүрүп коюуну каалашат, бирок Аллах каапырлар жаман көрүшсө да өз нурун¹⁰ толуктай берет.
    61:9
    هُوَ الَّذِي أَرْسَلَ رَسُولَهُ بِالْهُدَى وَدِينِ الْحَقِّ لِيُظْهِرَهُ عَلَى الدِّينِ كُلِّهِ وَلَوْ كَرِهَ الْمُشْرِكُونَ
    Хуаль-Лязи Арсаля Расуляху Биль-Худа Уа Диниль-Хаккы Лийузхираху `Аляд-Дини Куллихи Уа Ляу Карихаль-Мушрикуун.
    Ал (Аллах), мушриктер жек көрсө да, бардык диндерден жогору кылуу үчүн чыныгы дин, Туура жол менен элчисин жиберген.
    61:10
    يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آَمَنُوا هَلْ أَدُلُّكُمْ عَلَى تِجَارَةٍ تُنجِيكُم مِّنْ عَذَابٍ أَلِيمٍ
    Йа Аййухаль-Лязина Ааману Халь Адуллюкум `Аля Тиджаратин Тунджикум Мин `Азабин Алиим.
    Эй, ыймандуулар! Силерге өзүңөрдү катуу азаптан куткара турган соодолашууну көргөзөйүнбү?
    Уландысы:
    Дискте: yadi.sk/i/tDdZcjHRd0fPrw

Komentáře •