62-ЖУМА¹сүрөсү
Vložit
- čas přidán 28. 09. 2021
- #куранкыргыздарга
62-ЖУМА¹ сүрөсү («Аль-Жума», Жума)
بِسْمِ اللّهِ الرَّحْمنِ الرَّحِيمِ
Бисмилляхир-Рахманир-Рахиим
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен
62:1
يُسَبِّحُ لِلَّهِ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ الْمَلِكِ الْقُدُّوسِ الْعَزِيزِ الْحَكِيم
Йусаббиху ли-ЛЛахи ма фис-самауати уа ма фил-ардыл-Маликил-Куддусил-’азизил-Хаким
Асмандар менен жердегилердин баары Падыша, Аруу, Кудуреттүү, Даанышмандык ээси болгон Аллахты аруулашат.
62:2
هُوَ الَّذِي بَعَثَ فِي الْأُمِّيِّينَ رَسُولًا مِّنْهُمْ يَتْلُو عَلَيْهِمْ آيَاتِهِ وَيُزَكِّيهِمْ وَيُعَلِّمُهُمُ الْكِتَابَ وَالْحِكْمَةَ وَإِن كَانُوا مِن قَبْلُ لَفِي ضَلَالٍ مُّبِينٍ
Хууаллази ба-’аса фил-Уммиййина Расулам-минхум йатлу ’алайхим Айатихи уа йузаккихим уа йу-’аллиму-хумул-Китаба уал-Хикмах,-уа ин-кану мин-каблу лафи далалим-мубин
Ал (Аллах) караңгы элге², алардын өздөрүнүн эле ичинен пайгамбар жиберди, ал тигилерге Анын аяттарын окуп берет, аларды тазалайт, окууга жана даанышмандыкка үйрөтөт: алар бир аз эле мурда анык адашкан, караңгы (эл) болушса деле;
62:3
وَآخَرِينَ مِنْهُمْ لَمَّا يَلْحَقُوا بِهِمْ وَهُوَ الْعَزِيزُ الْحَكِيمُ
Уа ахарина минхум ламма йал-хаку бихим; уа Хууал-’азизул-Хаким
Жана алардын арасындагы тигилерге алиге чейин кошула элек башкаларды дагы³. Ал - Кудуреттүү, Даанышман.
62:4
ذَلِكَ فَضْلُ اللَّهِ يُؤْتِيهِ مَن يَشَاء وَاللَّهُ ذُو الْفَضْلِ الْعَظِيمِ
Залика Фадлу-Лахи йу-тихи май-йаша; уа-ЛЛаху Зул-Фадлил-’азым
Ал Аллахтын ырайым-мээримдүүлүгү. Ал аны каалаганына (пендесине) берет. Анткени ал - Улуу ырайым ээси.
62:5
مَثَلُ الَّذِينَ حُمِّلُوا التَّوْرَاةَ ثُمَّ لَمْ يَحْمِلُوهَا كَمَثَلِ الْحِمَارِ يَحْمِلُ أَسْفَارًا بِئْسَ مَثَلُ الْقَوْمِ الَّذِينَ كَذَّبُوا بِآيَاتِ اللَّهِ وَاللَّهُ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الظَّالِمِينَ
Масалул-лазина хуммилут-Таурата сумма лам йах-милуха камасалил-химари йахмилу асфара. Би-са маса-лул-каумил-лазина каззабу би-Айати-ЛЛах. Уа-ЛЛаху ла йахдил-каумаз-залимин
Тоорат⁴ берилип, анан ага амал кылбай койгондордун, мисалы - китептерди көтөрүп жүргөн эшектер⁵ сыяктуу. Аллахтын аяттарын жалган дегендер кандай жаман коом. Аллах адашкан элди Туура жолго салбайт.
62:6
قُلْ يَا أَيُّهَا الَّذِينَ هَادُوا إِن زَعَمْتُمْ أَنَّكُمْ أَوْلِيَاء لِلَّهِ مِن دُونِ النَّاسِ فَتَمَنَّوُا الْمَوْتَ إِن كُنتُمْ صَادِقِينَ
Кул йа-аййухал-лазина хаду ин-за-’амтум аннакум аулийа-у ли-ЛЛахи мин-дунин-наси фатаманнауул-Маута ин-кунтум садикин
(Мухаммед!): «Эй иудейлер!⁶ Эгер силер өзүңөрдү башка элдердин арасынан биз гана Аллахка жакынбыз деп билсеңер, анда (өзүңөргө) өлүмдү каалагыла! Эгер силер чын болсоңор», - деп айт.
62:7
وَلَا يَتَمَنَّوْنَهُ أَبَدًا بِمَا قَدَّمَتْ أَيْدِيهِمْ وَاللَّهُ عَلِيمٌ بِالظَّالِمِينَ
Уа ла йатаманнау-наху абадам-бима каддамат айдихим! Уа-ЛЛаху ’алимум-биз-залимин
Алар өз колдору менен кылган иштеринин⁷ себебинен эч убакта (өлүмдү) тилей алышпайт. Аллах - адашкандарды Билүүчү.
62:8
قُلْ إِنَّ الْمَوْتَ الَّذِي تَفِرُّونَ مِنْهُ فَإِنَّهُ مُلَاقِيكُمْ ثُمَّ تُرَدُّونَ إِلَى عَالِمِ الْغَيْبِ وَالشَّهَادَةِ فَيُنَبِّئُكُم بِمَا كُنتُمْ تَعْمَلُونَ
Кул иннал-Мауталлази тафир-руна минху фа-иннаху мулакикум сумма тураддуна ила ’алимил-гайби уаш-шахадати фа-йунабби-укум-бима кунтум та’-малун
Силер кутулуу үчүн качып жаткан өлүм силерге жолугат⁸. Андан соң силер жашыруун да жана ачык да болгон Билүүчүгө кайра кайтарыласыңар, ошондо - Ал жасаган нерсеңерди өзүңөргө кабарлайт.
62:9
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِذَا نُودِي لِلصَّلَاةِ مِن يَوْمِ الْجُمُعَةِ فَاسْعَوْا إِلَى ذِكْرِ اللَّهِ وَذَرُوا الْبَيْعَ ذَلِكُمْ خَيْرٌ لَّكُمْ إِن كُنتُمْ تَعْلَمُونَ
Йа-аййухал-лазина а-ману иза нудийа лис-Салати мий-йаумил-ЖУМУ-’АТИ фас-’ау ила Зикри-ЛЛахи уа зарул-бай’; заликум хай-рул-лакум ин-кунтум та’-ламун
Эй, ыймандуулар! Жума күнү жума намазга азан айтылса Аллахты эскерүүгө⁹ шашылгыла. Бардык соода-сатык ишиңерди токтоткула!¹⁰ Эгер билген болсоңор - бул силер үчүн эң жакшы!
62:10
فَإِذَا قُضِيَتِ الصَّلَاةُ فَانتَشِرُوا فِي الْأَرْضِ وَابْتَغُوا مِن فَضْلِ اللَّهِ وَاذْكُرُوا اللَّهَ كَثِيرًا لَّعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ
Фа-иза кудыйатис-Салату фанта-ширу фил-арди уабтагу мин-Фадли-ЛЛахи уазкуру-ЛЛаха касирал-ла-’аллакум туфлихун
Качан намаз аяктаса жер бетине¹¹ тарагыла жана Аллахтын ырайымын эстегиле; мүмкүн ийгиликке жетесиңер.
Уландысы:
Дискте: yadi.sk/i/ZaMfKArjcMW81w