75-КЫЯМАТ сүрөсү

Sdílet
Vložit
  • čas přidán 15. 09. 2021
  • #куранкыргыздарга
    75-КЫЯМАТ сүрөсү («Аль-Кияма», Кыямат)
    بِسْمِ اللّهِ الرَّحْمنِ الرَّحِيمِ
    Бисмилляхир-Рахманир-Рахиим
    Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен
    75:1
    لَا أُقْسِمُ بِيَوْمِ الْقِيَامَةِ
    Ля Уксиму Бийаумиль-Кыйамаа.
    Кыямат күнүнө ант!
    75:2
    وَلَا أُقْسِمُ بِالنَّفْسِ اللَّوَّامَةِ
    Уа Ля Уксиму Бин-Нафсиль-Ляввамаа.
    Өзүн-өзү жемелеген жанга ант!
    75:3
    أَيَحْسَبُ الْإِنسَانُ أَلَّن نَجْمَعَ عِظَامَهُ
    Айахсабуль-Инсану Аллян Наджма`а `Изамаа.
    Инсан Биз анын сөөктөрүн чогулта¹ албайт деп ойлойбу?!
    75:4
    بَلَى قَادِرِينَ عَلَى أَن نُّسَوِّيَ بَنَانَهُ
    Баля Кадирина `Аля Ан Нусаввийа Бананаа.
    Ооба (чындыгында), Биз анын манжаларынын учунан бери өз калыбына келтирүүгө Кудуреттүүбүз.
    75:5
    بَلْ يُرِيدُ الْإِنسَانُ لِيَفْجُرَ أَمَامَهُ
    Баль Йуридуль-Инсану Лийафджура Амамаа.
    Балким инсан келечекте бузукулукту дагы да кыла берүүнү каалап турабы?
    75:6
    يَسْأَلُ أَيَّانَ يَوْمُ الْقِيَامَةِ
    Йас`алю Аййана Йаумуль-Кыйамаа.
    Ал: «Кыямат күнү качан болот?» - деп сурайт.
    75:7
    فَإِذَا بَرِقَ الْبَصَرُ
    Фа`иза Барикаль-Басар.
    Качан көздөр караңгыласа,
    75:8
    وَخَسَفَ الْقَمَرُ
    Уа Хасафаль-Камар.
    Ай (түнөрүп) тутулса,
    75:9
    وَجُمِعَ الشَّمْسُ وَالْقَمَرُ
    Уа Джуми`аш-Шамсу Уаль-Камар.
    Күн менен түн бириктирилсе,
    75:10
    يَقُولُ الْإِنسَانُ يَوْمَئِذٍ أَيْنَ الْمَفَرُّ
    Йакулюль-Инсану Йаума`изин Айналь-Мафар.
    Ошол күнү инсан: «Мен кутулуучу жай кайда?» - деп сурап калат.
    Уландысы:
    Дискте: yadi.sk/i/4qMkIPze7VlhSg

Komentáře •