73-МУЗЗАММИЛЬ сүрөсү

Sdílet
Vložit
  • čas přidán 17. 09. 2021
  • #куранкыргыздарга
    73-МУЗЗАММИЛЬ¹ сүрөсү («Аль-Муззаммиль», Оронгондор)
    بِسْمِ اللّهِ الرَّحْمنِ الرَّحِيمِ
    Бисмилляхир-Рахманир-Рахиим
    Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен
    73:1
    يَا أَيُّهَا الْمُزَّمِّلُ
    Йа Аййухаль-Муззаммиль.
    Эй, кийимине оронуп алган!
    73:2
    قُمِ اللَّيْلَ إِلَّا قَلِيلًا
    Кумиль-Ляйля Илля Калиля.
    Түндөрдү ибадат менен өткөр да, бир аз бөлүгүн (уйкуга бөл),
    73:3
    نِصْفَهُ أَوِ انقُصْ مِنْهُ قَلِيلًا
    Нисфаху Ау Инкус Минху Калиля.
    жарымын, же андан да бир аз кемит²,
    73:4
    أَوْ زِدْ عَلَيْهِ وَرَتِّلِ الْقُرْآنَ تَرْتِيلًا
    Ау Зид `Алейхи Уа Раттилиль-Кур`ана Тартиля.
    ага кошуп³ кырааты менен⁴ Куран оку!
    73:5
    إِنَّا سَنُلْقِي عَلَيْكَ قَوْلًا ثَقِيلًا
    Инна Санульки `Алейка Каулян Сакыля.
    Жакында биз сага салмактуу сөз түшүрөбүз.
    73:6
    إِنَّ نَاشِئَةَ اللَّيْلِ هِيَ أَشَدُّ وَطْءًا وَأَقْوَمُ قِيلًا
    Инна Наши`аталь-Ляйли Хийа Ашадду Уат`аан Уа Акваму Кыля.
    Албетте, түндө уктап туруу - абдан оор⁵
    73:7
    إِنَّ لَكَ فِي اَلنَّهَارِ سَبْحًا طَوِيلًا
    Инна Ляка Фин-Нахари Сабхаан Тауиля.
    Анткени, сенин күнүң түйшүккө толо.
    73:8
    وَاذْكُرِ اسْمَ رَبِّكَ وَتَبَتَّلْ إِلَيْهِ تَبْتِيلًا
    Уазкур Асма Раббика Уа Табатталь Иляйхи Табтиля.
    Ошон үчүн Эгеңдин ысмын эстеп, Ага умтул⁶!
    73:9
    رَبُّ الْمَشْرِقِ وَالْمَغْرِبِ لَا إِلَهَ إِلَّا هُوَ فَاتَّخِذْهُ وَكِيلًا
    Раббуль-Машрики Уаль-Магриби Ля Иляхя Илля Хуа Фаттахизху Уа Киля.
    Ал - Чыгыштын да, Батыштын да Эгеси. Чындыгында, Андан башка кудай жок. Аны гана өзүңө Колдоочу деп бил.
    73:10
    وَاصْبِرْ عَلَى مَا يَقُولُونَ وَاهْجُرْهُمْ هَجْرًا جَمِيلًا
    Уасбир `Аля Ма Йакулюна Уахджурхум Хаджраан Джамиля.
    Алардын⁷ сөзүн сабырдуулук менен ук жана аларды жакшынакай таштап кет.
    Уландысы
    Дискте: yadi.sk/i/ApAxu-W051LtFA

Komentáře •