Байаман Бобулов "Апаке эркелетчи"

Sdílet
Vložit
  • čas přidán 8. 10. 2021
  • БАЙАМАН БОБУЛОВ "Апаке эркелетчи"
    с.Г.Дооронбек кызы, Б.Бобулов
    о.Т.Сулайманов, Б.Бобулов
    / @tapkantapalak4197
  • Komedie

Komentáře • 2,7K

  • @hyperp6216
    @hyperp6216 Před 2 lety +1206

    Эххх,апаке кана сиз болгонуңузда кучактап эркелемекмин,аттиң дүйнө ушул экен күндө ыйлап күнүм өтүп жатат,бирок сизди кыжаалат кылбайм ,бейиш гүл бакчаларында журунузчу,кечээ жакында иним кыздуу болду апакем ай сиз болгонуңузда башкача болмок

  • @avtorlaid877
    @avtorlaid877 Před 2 lety +527

    Байаман ырчы болсун дегендер лайк басалычы 👍👍👍👍

  • @azisadanisova998
    @azisadanisova998 Před 2 lety +978

    Текст песни:
    Тутанып күйүп бүгүн
    От болуп жалындадым
    Ар дайым жыгып жүргөн
    Кайгыга багынбадым
    Өзүмдү эрктүү сезип
    Мээримге батып турдум
    Анткени бейиш жыттуу
    Апамдын жанындамын
    Апамдын жанындамын
    Кайырма:
    Чоңойдуң болду дебе
    Жаштыгың эстетейин
    Эсимде турат дале
    Болчусуз жапжаш келин
    Өзүмдү бөбөк сезип
    алдыңдан чуркап чыксам
    Азыр да дал ошондой
    Апаке эркелетчи ай
    Апаке эркелетчи ай
    Жанашып күлкү менен
    Бакыттын жолундамын
    Ар убак уктаса да
    Түшүндө оюндамын
    Бул ирээт эч ким мени
    Сындырып тепсей албайт
    Себеби коргой алчу
    Апамдын койнундамын ай
    Энемдин койнундамын ай
    Кайырма
    Чоңойдуң болду дебе
    Жаштыгың эстетейин
    Эсимде турат дале
    Болчусуз жапжаш келин
    Өзүмдү бөбөк сезип
    Алдыңдан чуркап чыксам
    Азыр да дал ошондой
    Апаке эркелетчи ай
    Апаке эркелетчи ай

  • @user-oi6ys5eu1v
    @user-oi6ys5eu1v Před 2 lety +24

    Кандай сонун ыр биринчи укканда эле опком опкомо батпай ыйлагам алдындан чуркап чыгайын десем апа сен жок бейишин берсин апаке баяаман чыгармачылык ийгилик укам апан узаак жашасын😰😰😰😰

  • @user-lw4vz6um1o
    @user-lw4vz6um1o Před 2 lety +56

    Уккан сайын уккун келет, Баяман ака сонун ырдапсыз, бизге окшош Ата Энеден айрылгандар ыйлап ыйлап угуп жатабыз 😭😭😭

  • @user-nj7kh1dv7t
    @user-nj7kh1dv7t Před 2 lety +166

    Керемет ән!Тамаша орындау,сау болыңыз.Әніңіз асқақтап алты қырдан аса берсін!Қарақалпақстаннан жалынды сәлем!

    • @user-co9mf3vy4e
      @user-co9mf3vy4e Před 2 lety +1

      Азаматсыз эн сонун❤❤❤✊✊✊👍👍👍

    • @user-dz2nk9he4t
      @user-dz2nk9he4t Před 2 lety +1

      Байаман жакшы жетткулукту ырдаптыр дүйнөдө апага эч нерсе тең келбейт молодец байаман

    • @user-dz2nk9he4t
      @user-dz2nk9he4t Před 2 lety

      Мен да апасы жакшы көрөм апалар барболсун

    • @user-nd7bv4eg3h
      @user-nd7bv4eg3h Před 2 lety +1

      @@user-dz2nk9he4t дэхщхххджжхххжхждэждждь ж

  • @user-tp1ed6rs9d
    @user-tp1ed6rs9d Před 2 lety +95

    Апа жөнүндөгү ыр жүрөккө так даана жетет.сөзү обону мыкты екен. Ийгилик оомат каалайм.

    • @user-ih6ct8iq2f
      @user-ih6ct8iq2f Před 2 lety +1

      Соз жок ыр сонун чыгыптыр 👍🥰

  • @user-kt3dm8jj3j
    @user-kt3dm8jj3j Před 4 měsíci +3

    Кудайыма чексиз шүгүр ❤ сөз менен айтып жеткире албаган сезимди тартуулап жаткан Аллахыма чексиз шүгүр 😘❤️ Апакеме эркелеп еле жүрө берейин ❤❤

  • @user-sz3in5lc2c
    @user-sz3in5lc2c Před rokem +61

    Жүрөктөн чыккан ыр, жүрөккө жетет. Апалар ден соолуктун кучагында аман болушсун.

  • @azamat.baitov
    @azamat.baitov Před 2 lety +235

    Жүрөктөгүнү ырдадың го. Буюрса хит🔥🔥🔥

  • @mamatovasanabarhon2003
    @mamatovasanabarhon2003 Před 2 lety +25

    Ажойиб кушик.Жудаям чиройли ижро.Кушикни эшитиб куз ёшларимни тухтатолмадим.Ижодингизга омадлар.Хар доим эл-юрт ардогида булин.Кыргызстанымда мыкты ырчылар ото куп.Бардыгыга ден соолук,ийгилик калайм.

  • @user-hg8pj3oo6o
    @user-hg8pj3oo6o Před 11 měsíci +20

    Эх арман дуйно апам эмнеге эрте шашып кеттин бизди таштап ушул ырды угуп ыйладым апаларды тируусундо барктайлы кадырына жеттейли

  • @user-so1bn2zb1k
    @user-so1bn2zb1k Před 2 lety +25

    Апам 75 озум 51жаштамын озумду кичинекей сезип кеттим сооонун ыр экен Кызымды да эстедим эркелеген Анын да уч кызы бар Бир сыйра шолоктап ыйладым эмнеге тушунбодум

    • @dudjhvkdjjdbrd9240
      @dudjhvkdjjdbrd9240 Před rokem

      Өмүрүңүз узун болуп 100 жашка чыгыңыз Апакеңиз менен

  • @user-zd7ym6xz8t
    @user-zd7ym6xz8t Před 2 lety +224

    МашаАллах МашаАллах эң сонун ыр Аллахым Ата-энелерибиздин өмүр ырыскысына береке берсин

  • @user-bt3tu2hm5o
    @user-bt3tu2hm5o Před 2 lety +86

    КАНДАЙ соонун
    Угулат апа жонандогу ырлар Байаман бар болтун апандын омуру узун болсун

  • @minisolokyrgyzstan4959
    @minisolokyrgyzstan4959 Před rokem +66

    Байаман жетчу жерге жеткирип ырдадын Ата Энелерибиз аман болсун!!! 29 жыл жашаган омурундун баарын коз алдымдан откоруп жатамын бул ырынды угуп Аллах таала Ата Энелерибизди баарын куноолорун кечирип оз жаннатынан насип кылсын Аминь

    • @baiaman_bobulov.
      @baiaman_bobulov. Před rokem +1

      Аминь. Аллахым ыраазы болсун сизден

    • @user-ye6qv5yk3q
      @user-ye6qv5yk3q Před rokem +1

      угуп ыйладым ичимдеги бугумду чыгарып

    • @baktybek5131
      @baktybek5131 Před rokem

      👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍

    • @aijarkynsultanova324
      @aijarkynsultanova324 Před rokem +1

      Түшүнбөдүм, ошондо кандай Баямандын ата энеси кайтыш болуп калганбы же качан болсо да күнөөлөрүн кечирсин деген сөзбү?

    • @user-wq9xn8tq1b
      @user-wq9xn8tq1b Před 8 měsíci

      Апакем болгондо кана

  • @user-ow3tc1ib1r
    @user-ow3tc1ib1r Před 2 lety +16

    Ырды угуп ыйлап алдым апакемди сагынып. Атаке апаке кооп жашагыла бул жарыкта. Силерди жакшы кором.

  • @osferaaura7238
    @osferaaura7238 Před 2 lety +63

    7 млн просмотр болсун Алтын иним.
    Апаларыбыз Аман болсун
    Баарыбызга ажы сапары зам зам суулары насип этсин.
    Баяман мыкты ырларды чыгармаларды жарата бер.
    Алла ыраазы болсун.
    Шолоктоп ыйлап баарык контакттарга жоноттум.
    Апалардын Кадыр баркын БИЛЕЛИ которуп сыйлайлы.
    Эркелеп эркелетели!!!

    • @user-bd5mi5ks2c
      @user-bd5mi5ks2c Před 2 lety

      Алахым омурун берсин талантына тазим балам.атана енене рахмат тарбиялаган

    • @user-lv2lr4xv3h
      @user-lv2lr4xv3h Před 19 dny

      70 миллион болот коросун

  • @user-hc7vy1hc9n
    @user-hc7vy1hc9n Před 2 lety +49

    Аттиң ай арман дүйнө. Кана эле менинда апакебайым жаныбызда болсо, эркелеп алсам 😭😭😭😭😭 сагындым апа сизди.

  • @user-oo6uz8dd7p
    @user-oo6uz8dd7p Před 2 lety +55

    ушул ырды уккан апасы барлар😪 кандай гана бактылуусуздар мен 03.08.2021 апамды жоготтум😪😪 күнүгө ыйлайм, кылыктарын эстейм, ар күнү мага чалган телефондун чырылдагын андагы жан апам деп сакталган фонду көргүм келет. сагынып сагынып кеттим бул ырды күнүнө угам, ыйлайм апамдын жанына баргым келет. Бирок жашоо уланып жатат😪 апамсыз ээх апа сагынып сагынып ыйлайм качан ыйлабай калам, качан унутам😪😪😪

    • @user-tb4lb7ez4b
      @user-tb4lb7ez4b Před rokem +2

      Сабыр кылыныз екообуз бир кундо жогот кон екенбиз 1жыл болду.

    • @user-zx7vv9vb5i
      @user-zx7vv9vb5i Před rokem

      Сабыр кылыныз.Куран окуп турунуз,башка айла жок.

    • @user-jv4wu7pu5q
      @user-jv4wu7pu5q Před rokem

      Аллахым бейишинен орун берсин оомин

    • @AzimovBektur94
      @AzimovBektur94 Před rokem

      Сабыр кылыныз

    • @aijarkynsultanova324
      @aijarkynsultanova324 Před rokem +1

      Мен да жоготконмун апамды, сиз айткандай апакем деген звоноктун келишин күтчуумун ичимден. Бирок, жок, такыр андай болбоду. Эки жыл ыйладым, азыр балдарым м-н бир аз алаксып жүрөм. Бирок кээде ушундай бук болом дейсиз, эч нерсе жакпай калат 😥

  • @nookatnookat2123
    @nookatnookat2123 Před 2 lety +89

    Баяман бул ырын канчалаган адамдардын апага болгон меримдерин ойготту маладец сонун ырдапсын апалар бар болсун кудайга шугур апам бар менин

  • @user-uf6yl5ii4h
    @user-uf6yl5ii4h Před 2 lety +69

    Акаам унунузго береке,соонун чыгарма болуптур!
    Авам менен Чон апам,биз баарыбыз сыймыктанабыз сиз менен

  • @amanbegaliev2748
    @amanbegaliev2748 Před 2 lety +22

    Апамды атамды сагындым 😭😭😭😭😭😭жаткан жерлери жайлуу болсун журогумдосуздор 😭😭😭😭😭😭😭

  • @Marshall92577
    @Marshall92577 Před 2 lety +10

    Жылдын мыкты ыры деген наам бериш керек...Баяман. молодец..эн сонун голос,текст,мааниси ото терен...дагы ырларды жарата бер👍👍👍👍🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲

  • @user-ng2wu7re6u
    @user-ng2wu7re6u Před 2 lety +15

    Кагылайын АПАКЕМ АМАН болунузчу. Кудайым омурунузду узун кылсын. 😘🙏

    • @cholponabdyrahmanova1605
      @cholponabdyrahmanova1605 Před rokem

      Апамдын козу отуп кеткен ,жаткан Жери жайлуу болсун мен сизди унутпайм.

  • @user-sf2vl6gq8q
    @user-sf2vl6gq8q Před 2 lety +123

    Эх тирилик тирилик! Алтындай убактыбызды акчага алмаштырып талаада журобуз Ата Энебизди Бала чаканы эстеп сагынып сагынып.

    • @user-yn3tl6th8c
      @user-yn3tl6th8c Před 2 lety +1

      Эн туура суйлопсуз

    • @user-ri3fz9dx1q
      @user-ri3fz9dx1q Před 2 lety

      Макадакы жакты 😭😭😭😭😭

    • @user-ly2ii2gj5r
      @user-ly2ii2gj5r Před 2 lety

      Ошону айтын бул тирилик бүтпөйт кетким келет барсан жашоо кыйын акча жоок айла жоктоон жүрөбүзда ичибиз толо куса болуп😭😭

    • @user-ih5mx3ch8p
      @user-ih5mx3ch8p Před 2 lety

      Менин да ата энем дал силерге окшоп чет өлкөдө жүрүшөт келгенинен кетишкени тех

  • @nargizaabdukerimova9724
    @nargizaabdukerimova9724 Před 2 lety +25

    Азаматсын иним сен деле ырчы болсоң болот экен сонун ыр болуптур үнүнө береке

  • @user-ek9ft3to7j
    @user-ek9ft3to7j Před rokem +16

    Апаке эч орубанызчы сиз кетсениз мен эмне кылам картайбачы апаке бул дуйнодо эч апаларыбыз картайбасын 😢😢😢😭😭😭

  • @kerimbekaitbaev846
    @kerimbekaitbaev846 Před 2 lety +16

    Айабай сонун ыр екен Апаларыбыз бар болсун аман болушсун.Апаларды сыйлайлы кыргызым.

  • @sagynajibaev4449
    @sagynajibaev4449 Před 2 lety +54

    Молодец Баяман маанилүү ыр экен👍👍

  • @Super_8778
    @Super_8778 Před 2 lety +55

    Сонун ыр болуптур 1 саатан бери кайра кайра угуп жаш балача ыйлап жатам уктай албай 😢😭😭😭😭💔

  • @user-ll9pw8my4d
    @user-ll9pw8my4d Před 2 lety +18

    Апалар бар болсун. Апа сизди сагындым.Жаныныз Жаннатан болсун!!!

  • @a.kazybek
    @a.kazybek Před rokem +17

    Апамды сагынып,кусага баттым, Апооу алтыным көпкө жашаңыз. Турмуштун азабынан алыстамын😭😭😭😭😭😭

  • @user-gv1du5co1t
    @user-gv1du5co1t Před 2 lety +102

    Ото манилуу ыр экен👍👍👍 Ата-энелерибиздин кадырына жетели Баяман жакшы ырдапсын соз жок

  • @mikamika5706
    @mikamika5706 Před 2 lety +50

    Гүлзатым калемиң курчуй берсин! Ыр сонун чыгыптыр ийгилик ✊✊✊

  • @user-zq1rp1uk7f
    @user-zq1rp1uk7f Před 2 lety +27

    Эххх атин дүйнө кана апам мн атам болсо, Жарышкандай, шашылгандай бири- биринин артынан кетип калыштыго.Сагындым силерди айла жок экен.😥😥😥😭😭Кана эле апам болсо жытына тоюп алмакмын.

  • @user-xv5bx1lq2b
    @user-xv5bx1lq2b Před rokem +3

    Апа мен сизди чексиз жакшы көрөм.
    Алтыным, жалгызым, жүрөгүм
    Бар байлыгым апоу барыңызга шугур.
    Мен сизге балким бул создорду бет алдынызда айта албайт чыгаармын. Жаным апа таянган жалгыз тиренчигим сизсиз. Акыркы демиме дейре сиздин, сени менен сыймыктанам сендей перзентти берген Аллахыма чексиз ыраазымын деген созунузду угуу учун колумдан келишинче аракет кылам Инша Аллах. ...

  • @user-ry5oz1vw2d
    @user-ry5oz1vw2d Před 2 lety +30

    Байаман ушунчалык жакшы ырдапсыг, апаларыбыс Аман эсен болсун сага рахмат🥰🥰🥰🥰🥰🥰

    • @aigulsulaymanova8741
      @aigulsulaymanova8741 Před 2 lety

      Ата Апа менин жанымда болсоннор кандай мен бактылуу болот элем арман дуйно атин кудайым силерге бейиштен оорун берсин😭😭😭😭😭😭

  • @aikaaika1952
    @aikaaika1952 Před 2 lety +26

    Кайра кайра угуп жатам🥰🥰👍👍👍 аябай соонун аткарыпсын

  • @user-ht6fc9lr1h
    @user-ht6fc9lr1h Před 2 lety +17

    1000лайк Аллахым ыраазы Болсун. Ноокат кулундары осо бергиле азаматсынар.

  • @user-el6ct4ob7c
    @user-el6ct4ob7c Před 8 měsíci +6

    Балдарымды сагындым бул ырды угуп козумо жаш алды кайра кайра угамго

  • @kg2112
    @kg2112 Před 2 lety +65

    Эсимде турат дале., Болчусуз жап жаш келин.... Апакем жаштыгын мага берген адам, киши болуп 40 жашка карап баратам бирок ушул ырды угуп буулугуп ыйладым, жашыдым анткени апакем азыр жапжаш келин эмес, омур отуп чон эне болгон кези. Сиз аман эсенсиз, шугур кылам, акылдуу кучтуу, бир сырдуу адамсыз. Апалар аман болсун!

  • @user-ry5oz1vw2d
    @user-ry5oz1vw2d Před 2 lety +27

    1000 лайк апаларыбыс Аман эсен болсун 🥰🥰🥰🥰🥰

  • @user-ty9du6xn8r
    @user-ty9du6xn8r Před 2 lety +9

    Бейиш эненин таманында деген макал чын экенда жакшы ыр болуптур😭😭😭

  • @user-nt9ex8bb6k
    @user-nt9ex8bb6k Před 2 lety +5

    Кудайыма мин мертте шугурлор болсун ата энем бар бул дуйнодо эн бактылуу эн бай адаммын кудайым омурлорун берсин

  • @burulaiusenova8119
    @burulaiusenova8119 Před 2 lety +48

    Сонун чыгарма,угуп алып апама узун омур тилеп ыйлап алдым.Апам аман болсун.

  • @user-sn4de6fl9c
    @user-sn4de6fl9c Před 2 lety +13

    Эн соонун ыр болуптур ишинизге игилик калааймын менда айланбай угуп ыйлап алдым

  • @user-wk2vh6me2j
    @user-wk2vh6me2j Před rokem +13

    😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭Апакем,атакем Аллахым бейиштен орун берген болсун!Сагындым силерди😭😭😭😭Эркелетчү атан энең болбосо жашоо өтө эле оор экен.

  • @user-ij4sy8yj1e
    @user-ij4sy8yj1e Před rokem +9

    Ата Апаларыбыз Аман Болсун оорубасын Аллахым. Сонун ырдапсыз баракелде.

  • @parliamentstudio9832
    @parliamentstudio9832 Před 2 lety +33

    Ата-энебиз бар доолотубуз бар. Баяман сага рахмат. Чыгармачылык ийгилик ✋

    • @user-bs2us2on5t
      @user-bs2us2on5t Před 2 lety

      Дизлайк баскандардын бармагы сынсын апа жонундо аябай сонун ырдаптыр

  • @user-xu2cd9lg3w
    @user-xu2cd9lg3w Před 2 lety +9

    Тируусундо мактап ырдап кал тууганым апан 100 Дон ашып жашасын ийгилик сага кийин бир омур арман болот ырдай бер

  • @user-zu2rg8mp9s
    @user-zu2rg8mp9s Před 2 lety +20

    Эххх😔😔апакем болгондо башкача болмок жаныныз Жаннаттан болсун 😘🥀🥀апакем🥀🥀

  • @user-dd9fr7gz2m
    @user-dd9fr7gz2m Před 2 lety +6

    Аябай жакшы ыр,жакында бейиш жыттуу Апакемден айрылдым.Аттин дуйно ...
    Көзү тирүсүндө кадырлап,эркелеп ,эркелетип ,бапестеп алгыла .

  • @user-jj8oc3gi4k
    @user-jj8oc3gi4k Před 2 lety +315

    Эх дуйно дуйно атам апам жок арман дуйного 😢журокко жеткирип ырдапсын ата апасы бар адамдар кадырына жеткиле

  • @user-ei5fh5lc2d
    @user-ei5fh5lc2d Před 2 lety +168

    Соонун ыр экен, кайра кайра уктум бирок ата энем болгондо кана эле бир карап бетинен ооп алсам арманым жок эле удаа удаа кетишти, аллахым бейиштен орун берсин🤲🏻😢

    • @user-lk9sb4le3u
      @user-lk9sb4le3u Před 2 lety +4

      Жашоо ушундай экен Ата-энеси барлар кадрына жетпейт жоктор есе бир көрүп алсам . Ата-энеңиздин жайы Бейиш болсун

    • @user-gj5qj3fn3g
      @user-gj5qj3fn3g Před 2 lety +2

      Бейиштен орун берсин

    • @user-bu6mf7lm3j
      @user-bu6mf7lm3j Před 2 lety

      Прпопароолззззггггггггггшггшшшшшшшшшшшшшшшшшшшшшшшшшлллллллллллллллллоооооооооооооооооооггггггггггггггггггггнгг

    • @user-bu6mf7lm3j
      @user-bu6mf7lm3j Před 2 lety

      Ро

    • @samatsaitanov9691
      @samatsaitanov9691 Před 2 lety

      Ош х

  • @elnuratoichueva2439
    @elnuratoichueva2439 Před 9 měsíci +7

    😔😔😔аябай кайгылуу экен менда Апамды сагындым корбогонумо 1ж болду ырынызды угуп алып ыйлагым келип жатат

  • @user-cb6sh7cf1f
    @user-cb6sh7cf1f Před 2 lety +17

    Журогуно жеткен ыр .Энелерибиз Аман болсун,эркелеп эле журолу.

  • @ЗАМИРМУСАЕВ
    @ЗАМИРМУСАЕВ Před 2 lety +119

    Мыкты 👍👍👍

    • @user-cl7bx5ln6i
      @user-cl7bx5ln6i Před 2 lety +2

      Замир молодец 👍👍

    • @user-fp1ne2jt8u
      @user-fp1ne2jt8u Před 2 lety +3

      Молодец Апаларыбыз бар болсун

    • @apajanymapajanym3633
      @apajanymapajanym3633 Před 2 lety +1

      Эн соонун эх кана апакем болгондо еркелесем аттин апакем ертте оттуп кеттин😭😭😭

    • @aybekaybek8160
      @aybekaybek8160 Před 2 lety +1

      Замир азаматсын 👍👍👍

  • @user-ke1de2rd5q
    @user-ke1de2rd5q Před 2 lety +10

    Алтыным апам жайыныз жаннатта болсун бейиште жолугушту Аллахым насип кылсын кана эми апам тируу болсо,😭😭😭

  • @user-yj1ib8xr3y
    @user-yj1ib8xr3y Před 2 lety +11

    Апамды сагынып кеттимго Энелер аман болсун 🤲

  • @user-pc1cm9ne6x
    @user-pc1cm9ne6x Před 10 měsíci +5

    Жакшы ыр,енелерибиз бар болсун Ден-соолукта болушсун, енем менен кошо дышу жыву❤енелер омурлуу болсун❤

  • @user-kl3re9ji6d
    @user-kl3re9ji6d Před 2 lety +199

    Атам Апамды өтө сагыныпмын, тириликтин айынан алдына жеталбай жүрөм, негедир жүрөгүм толо толо ыйладым кайра кайра уккум келет. Ата энелердин өмүрү узун, ырыскысы кенен болсун көөп жашашсын, дуа кылалы туугандарым Аллахым Ата Апалардын өзү сактасын

    • @aisulusamieva1278
      @aisulusamieva1278 Před 2 lety +1

      Сонун ыр жаратыпсын иним, үнүнө береке,Гулзат Доронбек кызы сиңдим болот.

    • @user-cb3he7bm1m
      @user-cb3he7bm1m Před 2 lety +1

      Аяабай жакшы ырдаптыр,Байаман ушундай,таланттуу жаштар коп болсун, унуно берекке,кайра - кайра угуп,апамды естеп ыйлап

    • @user-ip6zg2nc8x
      @user-ip6zg2nc8x Před 2 lety +1

      Байаман жакшы ырдапсын ,ырды угуп алып аябай таасир алып апамды эстеп ыйладым,улгайып калсам дагы

    • @hhdhdjhfhdjjfjfj1805
      @hhdhdjhfhdjjfjfj1805 Před 2 lety

      Ата энеде. убакытты аябай эле барып эркелеп жакшы создорду айтып келиш керек экен😢😢😢

    • @hhdhdjhfhdjjfjfj1805
      @hhdhdjhfhdjjfjfj1805 Před 2 lety

      мен ОЗУм чон эне болсом дагы ыйлагым келип аябай буулугвп калган окшойм токтоно албай ыйладымазыр Ата энем болгондо кандай жакшы эле аттин аай.

  • @user-gw3wu5js7w
    @user-gw3wu5js7w Před 2 lety +13

    Угуп угуп тажабаган ыр экен үнүңүзда мыкты төп келишкен.ийгилик

  • @erkesh97
    @erkesh97 Před rokem +32

    Апаларыбыз аман болсун бактыбызга , 🥰🥰

  • @nurtilekkg5682
    @nurtilekkg5682 Před 2 lety +20

    Ото соонун !ушул ырды угуп, ырдап ыйладым апамды Эстеп ! рахмаат чоон ,ушундай журоко жетчуу ыр жаратканы учун!мункунчулук болсо , миллион , миллиард лайк басмакмын ,аткаруучу учун!

  • @user-rd1xl7iq7d
    @user-rd1xl7iq7d Před 2 lety +27

    Кандай жакшы ыр, угуудан тажабайым Апаларыбыз ар дайым бар болсун

  • @gulnaraismailova6777
    @gulnaraismailova6777 Před rokem +9

    Кандай бактылуу апасы барлар Атакем,апаакем жаш кеттинер Аллахым жаткан жериниздер жаннаттан болсун,

  • @user-hw9dg7uq8v
    @user-hw9dg7uq8v Před 8 měsíci +4

    Гитарис кошунам ото таланттуу жигит спонсор болсо талантты бааланмак

  • @user-zw7ph4ii9n
    @user-zw7ph4ii9n Před 2 lety +21

    Молодец,Баяман! Аябай мыкты ырдапсын. Мааниси дагы ото жакшы экен. Апалар ар дайым бар болсун!

  • @user-qc6bs3qg9u
    @user-qc6bs3qg9u Před rokem +19

    Кайран апам, апакем ай…((. Абдан сагындымго. Чет элде журуп сени да жоготуп алдым. Келсем уйдо жоксун. Жашоодо эн оор сыноо алыстан кайтып келсен апандын омуру отуп кеткени тура. Мындайды эч бир жанга каалабайм.( Сен келсен мындай кылабыз, тигиндей кылабыз дечу эле байкуш апам ай. Корушпой калбадыкпы.(

  • @user-og1bw3bm2r
    @user-og1bw3bm2r Před 2 lety +24

    😪😪😪апаке эркелетчи ааай,сизди сагындым!!!
    Апамсыз откон кунумо -13 жыл болду 😢😢. Ин Ша Аллах бейиште жолугушабыз 💝💝❤️‍🩹

    • @user-lg2uh1oj4i45
      @user-lg2uh1oj4i45 Před rokem +1

      АЛЛАХ насип кылсын ар бир жанды

    • @user-qu2di9ks6v
      @user-qu2di9ks6v Před 9 měsíci

      Сонун баласын суйом сени.Ырын мага жагат

  • @demkg718
    @demkg718 Před 2 lety +25

    Көзгө жаш келди го, апалар бар болсун! Эркелеп жүрө берели.

  • @user-bc8sb9ey6b
    @user-bc8sb9ey6b Před 2 lety +18

    Апакем,Атакем Аллахым бейишинерден берсин.Бул ырды угуп алып жаш кездеги апакем менен атакем эркелеткендерин бир эстеп бук болгон журок жаш чыгып бошоп калды.Озум кыйла жашка барып калсам да

    • @user-zp6ko6wt9n
      @user-zp6ko6wt9n Před 2 lety

      Туура айтасын, менда елууго жакындап калдым бирок ата енеме дагы да еркелегим келет болгондо аттин 👍🙄

  • @kamchykadyrjanov9943
    @kamchykadyrjanov9943 Před 2 lety +9

    Аллахым биз аркылуу апаларыбызды бейишке чыгарат биз ыйман дуу туз журолу апакебизди чындыгын да жакшы корсок ушундай болуш убуз керек

  • @user-ue8xs1jk9v
    @user-ue8xs1jk9v Před 8 měsíci +6

    😢😢😢журоктон чыккан ыр,журокко жететко чирккин соонун ыр экен, оноруно береке

  • @andupattamurzaev8084
    @andupattamurzaev8084 Před 2 lety +17

    Маладец москвадагыларды ыйлатат экенсинда Баяман ийгилик

  • @user-ri8qo8pz2c
    @user-ri8qo8pz2c Před 2 lety +13

    Оо Апаке арка жолок тирегимсин,
    Чанкасам ичер мурогумсун.
    Жан дуйном бутун жашоом апакебай,
    Сен менин согуп жаткан журогумсун.

  • @zhoodaraseinov486
    @zhoodaraseinov486 Před 2 lety +17

    Сонун ырдаптырсың, Баяман! Уккандардын баары апакелерин эстеп, көздөрүнө жаш келип жатса керек. Аман бол, өркүндөп өсө бер.

  • @user-km8sb6mv4w
    @user-km8sb6mv4w Před 2 lety +21

    Кандай сонун ыр озубуз энебиз бирок биз да Оз энебизди сагынабыз

  • @user-nm3wg2lp4w
    @user-nm3wg2lp4w Před 2 lety +27

    Ата-энелер аман болсун...
    Откондордун жаткан жери бейиш болсун...

    • @user-xu9tj5mv8i
      @user-xu9tj5mv8i Před 2 lety

      Соонун ыр жылдын мыкты ыры болсун

  • @user-hk5jl6fw5v
    @user-hk5jl6fw5v Před 2 lety +27

    Апаларыбыз аман болсун ... биздин бактыбызга бар болгула Алтын апакем ...
    Ыр сонун жакшы ырдайт экен ийгилик каалайбыз Аллах ыраазы болсун сизден 👍👍👍

  • @dilaramsuleimanova8196
    @dilaramsuleimanova8196 Před 2 lety +5

    Сагындым Апакемди Таба албайм ыйлай берем.бейиште болсо экен деп Аллахымдан сурай берем

  • @baron_-_danko.
    @baron_-_danko. Před rokem +3

    Мынча сонун ыр рахмат сага сендей талантуу баланы тороп остургон апана

  • @user-bm4tj8uo9b
    @user-bm4tj8uo9b Před 2 lety +21

    Апама Аман эсен жетип кучагыма сагынычыма жетейинчи дуа кылгылачы сагынгандар жетеличи сураныч оомиин

  • @avtorlaid877
    @avtorlaid877 Před 2 lety +11

    Байаман ырчы болсо куйорман коп болмок экен уну соонун экен👍👍👍👍👍👍👍

    • @user-ot6hx4id3g
      @user-ot6hx4id3g Před 2 lety +1

      Сонун ыр болуптур

    • @mirbekajybaev6295
      @mirbekajybaev6295 Před 2 lety

      Азамат Баяман дагы сонун ырларлы ырдап чык,ырын да унун да сонун экен бар бол бактылуу бол азамат.

    • @mirbekajybaev6295
      @mirbekajybaev6295 Před 2 lety

      Дагы коп жакшы ырларды кутобуз токтобо алга Баяман азамат жигит баардык жагынан топ келишкен.👍👍👍

  • @user-pj5wt4os5x
    @user-pj5wt4os5x Před 2 lety +2

    Эххх сонун во экен аябай жакты кайра кайра угам апам болсо кана эле ооп жытап алсам кудайга керек Адам экен апам эрте алып кеткен 😓😓 апасы бар адамдар эн бактылуу адам козу барда сыйлагыла

  • @user-ks8ld4je2l
    @user-ks8ld4je2l Před 2 lety +16

    Эх апам жок. Жаткан жери жайлуу болсун.😪 Аябай сонун ыр экен. 👍👍👍

  • @user-lp6rt7rk1k
    @user-lp6rt7rk1k Před 2 lety +5

    Азаматсыз ракмат ушул ырга. Апалар аман болсун.
    Энелер бар аалам сулуу.
    Энелер бар биз бактылуу.

  • @user-tt5we1df2f
    @user-tt5we1df2f Před 2 lety +121

    БАЯМАН Отто жакшы ырдапсын сени колдоочулар баары Кыргызстан ушундай ырдап видио жуктоп тур сураныч

  • @user-mw2wp8ls3g
    @user-mw2wp8ls3g Před rokem +5

    Мына ырды ыр десе болот 👍🇰🇬

  • @Abu06kg
    @Abu06kg Před 2 lety +4

    Аябай сонун ыр экен!!! Апамды өөп өөп алдым кучактап!!! Байаман Аллахым колдосун, чыгармачылыгыңа ийгилик!!!

  • @user-br5fe3pd1n
    @user-br5fe3pd1n Před 2 lety +19

    Апаларыбыз дайыма бар болсун бешенебизге ото сонун ыр болуптур буга клип таркын Баяман.

  • @Aikosha_Abdyraeva
    @Aikosha_Abdyraeva Před 2 lety +14

    Апасы бар адамдар силер бактылуусуңар

  • @user-kw8hx2es1i
    @user-kw8hx2es1i Před 2 lety +5

    Эх кандай сонун ыр коруп жатып элэ козумон жаш агат го мен дагы буну угуп сыраз апамы кучактап кетим го😟😢😢😢😢😔❤❤❤💘💘

  • @user-xb3xc5js1d
    @user-xb3xc5js1d Před 2 lety +1

    Эх Ата энем Аман болсо экен бардык Ата энем Аман болушсун балдарынын берекесин коруп ар дайм бар болушсун аминь

  • @user-qe9on4kg2x
    @user-qe9on4kg2x Před 2 lety +9

    Ырга соз жок.
    Бирок бул идея кимдин оюна келди ,жыйылган отундун жанында ырдайбыз деген👍👍.Балалык кезимде биздин короодо да ушундай отундар жыйылып турчу эле.

  • @user-tb7gs7zi9w
    @user-tb7gs7zi9w Před 2 lety +21

    Апаларыбыз аман болсун ылайым 👍😘😘😘

  • @user-xq6vi2ub2u
    @user-xq6vi2ub2u Před rokem +4

    Атиин кана Апам бошогондо атиин Арман дуйно экен бул дуйно😢😢

  • @user-df9tc9ss8t
    @user-df9tc9ss8t Před rokem +11

    апалар алпештеп журуп бизди остурду бул ырды угуп ыйлагын келет эх апалар ❤️❤️❤️картайбаныздар

  • @Ulukopp
    @Ulukopp Před 2 lety +62

    ушул музыка канча адамдын көзүнө жаш алдыртты экен ээ? 😭😭