76-ИНСАН сүрөсү
Vložit
- čas přidán 14. 09. 2021
- #куранкыргыздарга
76-ИНСАН сүрөсү («Аль-Инсан», Инсан, адам)
بِسْمِ اللّهِ الرَّحْمنِ الرَّحِيمِ
Бисмилляхир-Рахманир-Рахиим
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен
76:1
هَلْ أَتَى عَلَى الْإِنسَانِ حِينٌ مِّنَ الدَّهْرِ لَمْ يَكُن شَيْئًا مَّذْكُورًا
Халь Ата `Аляль-Инсани Хинун Минад-Дахри Лям Йакун Шай`аан Мазкураа.
Албетте, кылымдарда инсан болбогон¹ убакыт да өткөн.
76:2
إِنَّا خَلَقْنَا الْإِنسَانَ مِن نُّطْفَةٍ أَمْشَاجٍ نَّبْتَلِيهِ فَجَعَلْنَاهُ سَمِيعًا بَصِيرًا
Инна Халякналь-Инсана Мин Нутфатин Амшаджин Набталихи Фаджа`альнаху Сами`аан Басыраа.
Биз адамды бир тамчы аралашма суюктуктан жараттык. Аны сыноо үчүн Биз ага көрүү жана угуу жөндөмүн бердик.
76:3
إِنَّا هَدَيْنَاهُ السَّبِيلَ إِمَّا شَاكِرًا وَإِمَّا كَفُورًا
Инна Хадайнахус-Сабиля Имма Шакираан Уа Имма Кафураа.
Албетте Биз аны, же момун, же каапыр абалда жолго салдык.
76:4
إِنَّا أَعْتَدْنَا لِلْكَافِرِينَ سَلَاسِلَا وَأَغْلَالًا وَسَعِيرًا
Инна А`тадна Лилькафирина Салясилян Уа Аглялян Уа Са`ираа.
Биз капырлар үчүн чынжырлар, кишендерди жана жалындуу от даярдап койгонбуз.
76:5
إِنَّ الْأَبْرَارَ يَشْرَبُونَ مِن كَأْسٍ كَانَ مِزَاجُهَا كَافُورًا
Инналь-Абрара Йашрабуна Мин Ка`син Кана Мизаджуха Кафураа.
Жакшылар² болсо чөйчөктөрдөн жыпар жыттуу «каафуур» аттуу суусундуктарды ичишет.
76:6
عَيْنًا يَشْرَبُ بِهَا عِبَادُ اللَّهِ يُفَجِّرُونَهَا تَفْجِيرًا
`Айнаан Йашрабу Биха `ИбадуЛляхи Йуфаджирунаха Тафджираа.
Аллахтын пенделери ал булакты каалаган жерден чыгарып алышып ичишет.
76:7
يُوفُونَ بِالنَّذْرِ وَيَخَافُونَ يَوْمًا كَانَ شَرُّهُ مُسْتَطِيرًا
Йуфуна Бин-Назри Уа Йакхафуна Йаумаан Кана Шарруху Мустатираа.
Алар убадаларын аткарышып, жамандыгы жайылган Күндөн коркушат.
76:8
وَيُطْعِمُونَ الطَّعَامَ عَلَى حُبِّهِ مِسْكِينًا وَيَتِيمًا وَأَسِيرًا
Уа Йут`имунат-Та`ама `Аля Хуббихи Мискинаан Уа Йатимаан Уа Асираа.
Алар³ өздөрү ачка болуп турса да жетимдер, туткундар жана жакырлар менен азык-оокаттарынан бөлүшүшөт:
76:9
إِنَّمَا نُطْعِمُكُمْ لِوَجْهِ اللَّهِ لَا نُرِيدُ مِنكُمْ جَزَاء وَلَا شُكُورًا
Иннама Нут`имукум ЛиваджхиЛляхи Ля Нуриду Минкум Джаза`ан Уа Ля Шукураа.
«Биз силерден ыраазычылык да, сый да күтпөстөн Аллахтын ыраазачылыгы үчүн гана тойгузабыз,
76:10
إِنَّا نَخَافُ مِن رَّبِّنَا يَوْمًا عَبُوسًا قَمْطَرِيرًا
Инна Нахафу Мин Раббина Йаумаан `Абусаан Камтарираа.
Биз Эгебизден жана беттерди бырыштыруучу оор Күндөн⁴ коркобуз» (дешет).
Уландысы:
Дискте: yadi.sk/i/9BEXmH9so6PeZQ