85-БУРУЖ сүрөсү
Vložit
- čas přidán 5. 09. 2021
- #куранкыргыздарга
85-БУРУЖ¹ сүрөсү («Аль-Буруж», Жылдыздар)
بِسْمِ اللّهِ الرَّحْمنِ الرَّحِيمِ
Бисмилляхир-Рахманир-Рахиим
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен
85:1
وَالسَّمَاء ذَاتِ الْبُرُوجِ
Уас-Сама`и Затиль-Буруудж.
Жылдыздуу асманга ант!
85:2
وَالْيَوْمِ الْمَوْعُودِ
Уаль-Йаумиль-Мау`ууд.
Убада кылынган Кыямат күнүнө ант!
85:3
وَشَاهِدٍ وَمَشْهُودٍ
Уа Шахидин Уа Машхууд.
Күбө болуучу жана күбөлөнгөнгө ант²!
85:4
قُتِلَ أَصْحَابُ الْأُخْدُودِ
Кутиля Асхабуль-Ухдууд.
Чуңкур ээлерине өлүм болсун!³
85:5
النَّارِ ذَاتِ الْوَقُودِ
Ан-Нари Затиль-Уакууд.
(Ал) Отундуу от.
85:6
إِذْ هُمْ عَلَيْهَا قُعُودٌ
Из Хум `Алейха Ку`ууд.
Алар (каапырлар) отту айланта (тегерете) олтурушкан эле.
85:7
وَهُمْ عَلَى مَا يَفْعَلُونَ بِالْمُؤْمِنِينَ شُهُودٌ
Уа Хум `Аля Ма Йаф`алюна Биль-Му`минина Шухууд.
Алар момундарга эмне кылып (отто кыйнап) жаткандарына күбө болуп (турушкан).
85:8
وَمَا نَقَمُوا مِنْهُمْ إِلَّا أَن يُؤْمِنُوا بِاللَّهِ الْعَزِيزِ الْحَمِيدِ
Уа Ма Накаму Минхум Илля Ан Йу`мину Билляхиль-`Азизиль-Хамиид.
Мактоого татыктуу, Ызааттуу Аллахка ыйман келтиргени үчүн эле аларды (каапырлар) азаптап жатышкан.
85:9
الَّذِي لَهُ مُلْكُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَاللَّهُ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ شَهِيدٌ
Аль-Лязи Ляху Мулькус-Самауати Уаль-Арды УаЛлаху `Аля Кулли Шайин Шахиид.
Асман жердин мүлкү Ал үчүн, Аллах өзү бардык нерсеге күбө.
85:10
إِنَّ الَّذِينَ فَتَنُوا الْمُؤْمِنِينَ وَالْمُؤْمِنَاتِ ثُمَّ لَمْ يَتُوبُوا فَلَهُمْ عَذَابُ جَهَنَّمَ وَلَهُمْ عَذَابُ الْحَرِيقِ
Инналь-Лязина Фатануль-Му`минина Уаль-Му`минати Сумма Лям Йатубу Фаляхум `Азабу Джаханнама Уа Ляхум `Азабуль-Хариик.
Анткени Аллахка ишенген момун эркек жана момун аялдарды азаптап жаткандар кийин тооба келтиришпесе, алар үчүн тозок азабы бар, ал куйкалоочу азап.
Уландысы:
Дискте: yadi.sk/i/-x2-GmJjv8i6jw