86-ТАРИК сүрөсү

Sdílet
Vložit
  • čas přidán 4. 09. 2021
  • #куранкыргыздарга
    86-ТАРИК¹ сүрөсү («Ат-Тарик», Чолпон жылдызы)
    بِسْمِ اللّهِ الرَّحْمنِ الرَّحِيمِ
    Бисмилляхир-Рахманир-Рахиим
    Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен
    86:1
    وَالسَّمَاء وَالطَّارِقِ
    Уас-Сама`и Уат-Тариик.
    Асманга жана таңкы жылдыздарга ант!
    86:2
    وَمَا أَدْرَاكَ مَا الطَّارِقُ
    Уа Ма Адрака Мат-Тариик.
    Бул жарык жылдыздарды сен кайдан билесиң?
    86:3
    النَّجْمُ الثَّاقِبُ
    Ан-Наджмус-Сакииб.
    Ал балбылдаган жарык жылдыз.
    86:4
    إِن كُلُّ نَفْسٍ لَّمَّا عَلَيْهَا حَافِظٌ
    Ин Куллю Нафсин Лямма `Алейха Хафииз.
    Жанында (жазып туруучу) көзөмөлдөөчү² болбогон бир да жан жок.
    86:5
    فَلْيَنظُرِ الْإِنسَانُ مِمَّ خُلِقَ
    Фальйанзуриль-Инсану Мимма Хулиик.
    Инсан өзүнүн эмнеден жаралганына карап көрсүнчү!
    86:6
    خُلِقَ مِن مَّاء دَافِقٍ
    Хулика Мин Ма`ин Дафиик.
    Ал атылып чыгуучу суудан жаратылган.
    86:7
    يَخْرُجُ مِن بَيْنِ الصُّلْبِ وَالتَّرَائِبِ
    Йахруджу Мин Байнис-Сульби Уат-Тара`ииб.
    (Ал суу) бел жана көкүрөк арасынан чыгат.
    86:8
    إِنَّهُ عَلَى رَجْعِهِ لَقَادِرٌ
    Иннаху `Аля Радж`ихи Лякадиир.
    Акыйкатта, Ал аны³ өзүнө кайтарып тирилтүүгө кудуреттүү.
    86:9
    يَوْمَ تُبْلَى السَّرَائِرُ
    Йаума Тубляс-Сара`иир.
    Бардык сырлар ачылып сыналган күнү.
    86:10
    فَمَا لَهُ مِن قُوَّةٍ وَلَا نَاصِرٍ
    Фама Ляху Мин Куватин Уа Ля Насыыр.
    Анда⁴ күч-кубат да, жардамчы да болбой калганда!
    Уландысы:
    Дискте: yadi.sk/i/XAlOabWuqrO-8Q

Komentáře •