Бала, Билим, Планшет жана Ата-эне

Sdílet
Vložit
  • čas přidán 22. 08. 2024
  • Азыр технологиянын заманында балдарды телевизор, телефондон дегеле гаджеттерден алыс кылуу мүмкүн болбосо керек. Бирок ымыркайларды технология менен кечирээк тааныштыруу жана чоңураак балдардын медиа убактысын чектөө - ата-энелердин колунан келчү иш. Медиа убактысын чектөө менен балдарыбызга көбүрөөк кыймыл жана башка өздөрүнө пайдалуу иштерди кылууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Балаңыз медианын таасирин алары талашсыз, бирок ата-энелер медианы чектеп, чыпкалап туура тарбия бере турган маалымат алышына жоопкерчилик алышы зарыл.
    Китепти сүйүүгө жардам берчү кеңештер:
    • Үйдө балаңызга көрүнгөн жана бою жете турган деңгээлде китептерди коюңуз.
    • Бөбөгүңүздү алдыңызга отургузуп китеп окуу аны китепке жакындатат жана китептен ырахат алуу сезимин өстүрөт.
    • Балаңыз бир жашка чыкканга чейин күнүнө бир нече жолу чогуу китеп окуганды адатка айлантып алыңыз. Ырахат алып окуш үчүн өзүңүз жана чүрпөңүз үчүн туура убакыт тандаңыз. Балаңыз окуганга көңүлү болгон убакытты тандаганыңыз жакшы, мисалы түшкү уйкусунан кийин же кечинде жатар алдында.
    Балаңызга үн чыгарып окуп берерден мурда жарык, тынч бөлмөнү жана ыңгайлуу отургучту тандаңыз.
    • «Өзүң отуруп китеп оку», «сүрөт тарт же үйрөн» деп буйрук берүүдөн алыс болуңуз. Ал балага жагымсыз элес калтырат.
    • Балага өрнөк болуш үчүн өзүңүз көп китеп окуңуз. Балдар ата-энени кайталаганга аракет кылат эмеспи.
    • Балаңыздын окуганга кызыгуусу жок болсо, ойноп жаткан убакта үн чыгарып окуй бериңиз. Бат эле окугусу келип сизге кошулат.
    • Китеп окуп чарчаганда, бала кезиңизден эсте калган ыр саптарын балаңызга кыңылдап берүү жакшы идея.
    • Китепти жана жомокторду балаңыздын өзүнө тандаткан анын кызыгуусун арттырат.
    • Сүрөт жөнүндө айтып жатканда колуңуз менен сүрөттү көрсөтүп алып сүйлөгөн натыйжалуу болот.
    • Китепти баланын өзүнө карматып жана барактарын өзүнө ачтырган жакшы.
    • Окуп жатканда баланын ар бир суроосун жоопсуз калтырбаганга аракет кылыңыз. Ар бир суроосуна убакыт бөлүп так жана туура жооп бергенге аракеттениңиз.
    • Балаңыздан сүрөттү баяндап берүүсүн сураныңыз, бул анын фантазиясын өстүрөт.
    • Балаңыз менен китепканага барганды адатка айлантыңыз.
    • Китепти берилип окуп, балаңыз менен китеп окуу убактысын кызыктуу кылганга аракет кылыңыз.
    Баланын технология колдонуусун чектөө боюнча сунуштар:
    • Бөбөктөргө экранды упчу катары сооротуш үчүн колдонуу - бул чоң ката.
    • 18 ай боло элек балдарга экран көрсөтпөш керек.
    • 18-24 айлык баланы экран менен тааныштыра баштоону каалаган ата-энелер аз-аздан жогору сапаттуу программаларды тандап чогуу көрүүгө тийиш. Жанында отуруп көрүп, бала эмнени көрүп жатканын түшүндүрүп берген жакшы.
    • 2-5 жаштагы балдардын экран убактысы күнүнө бир сааттан ашпашы керек жана ал сапаттуу, билим-тарбия берген программа болсо жакшы. Ата-энелер программаларды чогуу көрүп, түшүнгөнгө жардам берип, талкуу кылып жана ошол программадан үйрөнгөн пайдалуу нерсесин жашоосунда колдонгонго түрткү бериш керек.
    • Алты жаштан өткөн балдарга медиада күнүнө канча убакыт өткөрүү, медианын кандай түрүн колдонууга болор-болбосуна чек коюп жакшылап көзөмөлдөш керек. Медиа баланын ден соолукка керектүү уйку, спорт жана башка көнүгүүгө кетчү убактысын уурдабашы керек.
    • Үй-бүлөлүк медиа колдонбоо эрежелерин түзүп ата-энелер да ошол эрежелерди чогуу жана так аткарыш керек. Мисалы, үй-бүлө менен тамактанган учурда же уктоочу бөлмөдө медиа колдонбоо сыяктуу эрежелер жардам берет.
    • Интернетте сак жана жоопкерчиликтүү болуу. Интернет эрежелерин сактоо. Онлайн же офлайн баарына сый менен мамиле кылуу зарыл.

Komentáře • 6

  • @Elizka8080
    @Elizka8080 Před rokem

    Ото сонун беруу, азамсынар, ийгилик каалайм,салымынар зор жаштарга,🎉🎉🎉

  • @user-vt7bs5rz9q
    @user-vt7bs5rz9q Před rokem +1

    Азаматсынар👍

  • @user-zu5us1ll4v
    @user-zu5us1ll4v Před rokem +2

    Саламатсыздарбы, аябай соонун маалыматтар,силерге рахмаат. Сейитбек жакында Бишкекте болгон жолугуушусунда болдум,көрдүм.Бакыт силерге Айдана экөөңөрдүн ар бир маалыматыңар бизге керек,бизге мотивация, силердей үлгүлүү семьялардан көп нерсе озүмө алам,ошондуктан инстаграммда болсун,ютуб, телеграмм бардык каналдарда мен силер менен😁🤗💗

  • @user-qt2ct6oz4u
    @user-qt2ct6oz4u Před 6 měsíci

    Ассалоому алейкум жигиттер. Туура айтасыздар. Туура тарбия бере албай жатабыз. Бизге дагы туура тарбия берген жок. Маңкурт муун болдук. Мындай жүрүү болбойт.

  • @ymanbek.4949
    @ymanbek.4949 Před rokem

    Бакыт байке сиз жанагы кино актёр Марк Дакаскос го окшошуп кетет экенсиз.

  • @ainuramotaeva8150
    @ainuramotaeva8150 Před rokem

    Очкини алып ле койчу чычкыны келтирбей. Же аялын козго бастырдыбы