ЭКИ ЖҮРӨК - Турдукан Сарбанова & Сыймык Бейшекеев

Sdílet
Vložit
  • čas přidán 4. 02. 2020
  • ЭКИ ЖҮРӨК - Турдукан Сарбанова & Сыймык Бейшекеев
    с. Олжобай Шакир
    о. Сыймык Бейшекеев
    #сыймыкбейшекеев #сыймык #экижүрөк #жандууыр #кыргызчаыр
  • Hudba

Komentáře • 498

  • @user-janett92
    @user-janett92 Před 6 měsíci +167

    2024 уккандар болсо класс баса кетиниз

  • @Ersultan.altynbekov
    @Ersultan.altynbekov Před 11 měsíci +99

    Көзүмдү албай коломтонун отунан,
    Көөдөнүм өрт, шуу үшкүрүп олтурам.
    Тагдыр турат коломтого байлануу
    Таштап кетсем не болот деп чочуган.
    Арзуу бизге азап болду кайдагы?
    Асылкечим, бир сөз айтчы жайдары.
    Агай, мени өзүң элең азгырган,
    Астыртадан көздү кысып, жазгырган.
    Калбай ээрчип, күндө белек калтырып,
    Карындаш деп эркелетип, наз кылган.
    Ал ансайын жүргөн элем тартынып,
    Моюнума колуң турса артылып.
    Бирге сыздап жүрөктөгү жарабыз,
    Биздин дайым бирге дүйнө санаабыз.
    Арзуу деген азап экен туйланган,
    Жакын туруп алыс минтип арабыз.
    Көңүлүбүз,
    Көңүлүбүз толгон кезде муң-зарга,
    Бей убакта,
    Бей убакта биз келебиз гүлзарга.
    Жалын сүйүү болсо дагы ортобуз,
    Жаным, неге биз сүйүүдөн коркобуз?
    Эч жөнү жок, өзүбүздө күнөөлөр,
    Эки жүрөк экөөбүздүн эркебиз.
    Булганычтуу ушак кылаар бирөөлөр,
    Бул сүйүүнү аздек сактап жүрө көр.
    Жашырынган сүйүү - ушул сүйүүбү?
    Жанды кыйнап бүттү сырдын түйүнү.
    Алысташып жашайлычы, агайым,
    Азап толду сени кыя албай, үйүңдү.
    Мен тагдырдан өз теңимди табайын,
    Сизди болсо, жан туйгум деп санайын.

  • @user-iu4sk2lo1c
    @user-iu4sk2lo1c Před 3 lety +56

    Жалын сүйүү болсода ортобуз,
    Жаным неге биз сүйүүдөн коркобуз💘

  • @Begimay01
    @Begimay01 Před 3 lety +49

    Булганычтуу ушак кылаар бирөөлөр,
    Бул сүйүүнү аздек сактап жүрө көр!❤️

  • @Akpalama
    @Akpalama Před 3 lety +29

    Эххххххх махабат адамдагы аруу сезим мынчалык тируу жанды кыйнабаса😔

  • @erkekyztoktavai2550
    @erkekyztoktavai2550 Před 3 lety +129

    МЕНІҢ бір жақсы көретін жігітім боған Қырғыздың Жігіті . Қатты жақсы көргенмін әттің осылай болады екен тағдырыз.Бақыт тілеймін бақытты болсын АЛЛАҒА шүкір қазір
    АЛЛАҺ БҰЙЫРСА Басқа Жігіт ке тұрмысқа чығамын

    • @user-ji9mn9zy3x
      @user-ji9mn9zy3x Před 2 lety +8

      Аман бол бактылуу бол

    • @jannijannijan454
      @jannijannijan454 Před 2 lety +2

      👍👍👍👍👏

    • @user-wv6yx6ov9f
      @user-wv6yx6ov9f Před 2 lety +4

      Аллахым бактылуу кылсын ❤️😘😐😕😘

    • @user-wv6yx6ov9f
      @user-wv6yx6ov9f Před 2 lety +5

      Буйруса баары жакшы болот сизге сизди омур бою бактылуу кылган адамды жолуктуруп бактылуу болуңуз 😘🌹👍🇰🇬🤲

    • @user-zw2zo4zh4k
      @user-zw2zo4zh4k Před 10 měsíci +1

      Бактылуу болунуз!

  • @user-tw5oe3ui9f
    @user-tw5oe3ui9f Před 11 měsíci +74

    Кырғыздарды әр дайым құрметтеймін, жақсы көремін. Студент шақтың бәрі сол Бишкекте өткен. Махаббатым қырғыз жігіті еді, тағдыр гой ол басқаға, мен басқаға кеттім. Бақытты болсын деймін. Сағынамын, жолыққым келеді тағы бір жолы

    • @user-cs5cp3ph9r
      @user-cs5cp3ph9r Před 11 měsíci +4

      Ал жигит да сени сагынып жүрөт

    • @user-zw2zo4zh4k
      @user-zw2zo4zh4k Před 10 měsíci +3

      Жолугушчу жолдор бар, жолугасыз. Нак суйуу унутулбайт.

    • @orozsmailov9905
      @orozsmailov9905 Před 9 měsíci +3

      Арманду дуйно тагдыр дейт экен

    • @alikadyr9400
      @alikadyr9400 Před 2 měsíci +1

      Эхх сүйүү❤

  • @nurilauturova3661
    @nurilauturova3661 Před 3 lety +32

    Жердештер,Токтогулдун торгойлору, 👏👏👏💐💐💐

  • @user-ok1mh2xg3q
    @user-ok1mh2xg3q Před 4 lety +71

    Браво! Укмуш чыгарма болуптур, сөздөрүнүн мааниси өтө курч, жүрөккө жетет. Сүйүү менен өткөн бактылуу жана кайгылуу күндөр эске келип, жүрөктөгү бир кездеги сайылып жаткан ийнени козгоп, ошол мн бирге өчүп бараткан сезимдерди да козгоп, кайра үмүт бере баштайтко, тартылып жаткан азаптарга дабаа табууга ишенич пайда болот. (Чарчабаңыздар, Ден-соолукта болуңуздар!) Өзбекстандан салам!

  • @zuratorogeldi8380
    @zuratorogeldi8380 Před 3 lety +19

    Абдан журоко жагымдуу ыр экен суйуп бир боло албай жургондорун ыры го 😔😔😭

  • @user-vb4lb1bz9b
    @user-vb4lb1bz9b Před 6 měsíci +5

    Эхх... бул ыр мен учун жазылгандай агайым экообуз бири бирибизди аявай катуу суйчу элек тилеке каршы агайым бул дуйнодон отуп кетти экообуз бирге боло албадык сезимдерибиз журогубуздун тупкурундо калды агайымда соннун ырдачуу эле жаткан жэриниз жайлуу болсун ар дайым дуба кылам жайыныз жаннатта болсун

  • @user-lj3wd4tf1b
    @user-lj3wd4tf1b Před 11 měsíci +5

    Агай мени өзүң элең азгырган дейтко😂 сонун ыр 😊❤

  • @user-ns9bz5xm6x
    @user-ns9bz5xm6x Před 3 lety +52

    Сыймык агабызга ден.соолук каалаймын,чыгармаларыныз журоктун тупкуруно сакталатко👍👍👍❤❤❤🌹🌹🌹🌹

  • @user-oj3qt6ml1b
    @user-oj3qt6ml1b Před 3 lety +20

    Адемi салем Из Казахстана 🇰🇿🇰🇿🤙🤙

  • @aikotashmat6597
    @aikotashmat6597 Před 3 lety +142

    Жүрөктөн чыккан ыр жүрөккө жетет дегендери ушул болсо керек... Канча уксаң тажабайсын...👏👏👏

  • @user-ie9fi5mf7t
    @user-ie9fi5mf7t Před rokem +5

    Мен тагдырдан оз тенемди табайын сени болсо жан туйгум деп самайын❤

  • @user-wu3xz4nc2w
    @user-wu3xz4nc2w Před 3 lety +18

    Турдукан эже Сыймык байке сиздерге чыгармачыл ийгилик

  • @user-ry2kn9bs9s
    @user-ry2kn9bs9s Před 4 lety +34

    Аллахым журогубузду дайым таза кылсын суйгон жарыбызды дайым кадырына жетели бала тороп кыз тороп биздин арта калтыра тургун бардарыбызды кыздарыбызда тарбияалап бул дунуйого биз ибадаттарында биз дуба кылышса аллахым бизге Берген чон сый бек

  • @user-kabaeva
    @user-kabaeva Před 3 lety +139

    Жашоодо ушундай да болуп калат экен. Мындай жашыруун суйуулор коп эле кишилердин башынан отот го

    • @user-ch8dz4mf9t
      @user-ch8dz4mf9t Před rokem +2

      жашыруун суйуу деген болбойт

    • @Nurali20162
      @Nurali20162 Před 10 měsíci +7

      Ушул ырды уксап эле озумдун БАШЫМДАН откон кунду эстейм

    • @user-xw2uc1qi5o
      @user-xw2uc1qi5o Před 9 měsíci

      ​@@user-ch8dz4mf9t😊😊😊😊😊😊ффффффффффффффффффффффффффффффффффыфыыыыффыыфффффффффффффыыфыыфыфыфффыфффффффффыфыфыыфффыывгв9ыыффыыыыыыфыпшяяЯяяв7к😊😊😊😊😊😊😊😊😊😊😊😊😊😊😊😊😊😊😊😊😊

  • @user-dv2un1ek3m
    @user-dv2un1ek3m Před 5 měsíci +23

    2024уккандар биргебиз😅

  • @user-wl6lv9fr1l
    @user-wl6lv9fr1l Před 2 měsíci +2

    Мен уй булосу бар адамды ушунча катту суйдум ,бул дуйнодо азаптардын бири, бактылуу бол Ахмед

  • @user-jg2wg1bv4j
    @user-jg2wg1bv4j Před 4 lety +87

    Кыргыздар менин нагашыларым люблю их своих родственников с Бишкеке.Песни у вас супер очень жизненные.Салем с Казахстана

  • @user-xr6xy2tv6b
    @user-xr6xy2tv6b Před 3 lety +125

    2021ким угуп жатса лайк

  • @user-qs8bs2tp4j
    @user-qs8bs2tp4j Před 4 lety +17

    Ийгилик талантынарга Токтогулдуктар мен силер менен сыймыктанам дагы алга

  • @zarinaashyra1eva616
    @zarinaashyra1eva616 Před 3 lety +17

    🎙️🎼🎧🎵🎶🎤💐👍💐💐💐💐эн сонун голас, эн сонуну маанилуу ыр,эн сонун ыр❤️🖤

  • @user-jl8wk5ve5m
    @user-jl8wk5ve5m Před 3 lety +8

    Суйуу деген кандай гана керемет сезим ээ, журок ооруйт

  • @user-bd8dz1wj8c
    @user-bd8dz1wj8c Před 4 lety +30

    Сыймык Бейшекеев үнүңө береке, үнүң менен тең кары!эки жүрөк аттуу ырыңар адамдын жүрөгүн эзе турган ыр,өмүрүңөр гүлзарда өтсүн!Сыймык акыркы кездерде уулуңдун ырдаганын көрбөй калдык го,өмүрлүү болсун, өзүңдүн эле копияң!!!

  • @aidaa97
    @aidaa97 Před 4 lety +115

    мен ооруп калдым бул ыр менен 😭❤️❤️

    • @user-hd9mw6nx9q
      @user-hd9mw6nx9q Před 3 lety +1

      Сулуу кыз оруба алтыным

    • @MuzDemTV
      @MuzDemTV Před 3 lety

      Кой ооруба

    • @user-xi9nn6hv3y
      @user-xi9nn6hv3y Před 3 lety +1

      Мен да ооруй баштадым! Уже суйуп да калдым конул коюп жургон адамды!!!

    • @user-qj1ds4bn5q
      @user-qj1ds4bn5q Před 3 lety +1

      Касал болдум дейби

    • @user-ph5mm3ne9n
      @user-ph5mm3ne9n Před 3 lety +2

      Ала жаат

  • @user-zm7ht3ei9m
    @user-zm7ht3ei9m Před 2 lety +12

    Сыймык Бейшекеевдин ырларынын баары маанилуу, Азаматсыз!

  • @user-xb1st5bd2r
    @user-xb1st5bd2r Před 4 lety +17

    Эң негизи обону ырдын мазмунуна төп келген жандуу кайталангыс болуптур. Ийгилик Сизге!

  • @user-uf4zh7uq3v
    @user-uf4zh7uq3v Před 3 lety +16

    Сыймык мн бектин ырларын уккан сайын уккум келет

    • @maksataskarov4506
      @maksataskarov4506 Před 3 lety +3

      Уккандан тажабайсын чын айтасыз

    • @user-sq3vc6uz9f
      @user-sq3vc6uz9f Před rokem +1

      Бек чон менен жазылат кечир😅

  • @user-yz1kq4yz9o
    @user-yz1kq4yz9o Před 3 lety +11

    Мыкты чыгарма үчүн рахмат 💐💐💐💐💐💐💐💐💐💐

  • @saynsky7924
    @saynsky7924 Před 4 lety +77

    Наверное у всех была такая любовь.
    Жашырынган сүйүү ушул суйуубу?

    • @gulnarmademilova4207
      @gulnarmademilova4207 Před 4 lety +2

      Была

    • @user-zh6tb4qk6d
      @user-zh6tb4qk6d Před 3 lety +1

      Тоесть измена что-ли?

    • @user-kg2ri8oc3j
      @user-kg2ri8oc3j Před 3 lety +1

      @@user-zh6tb4qk6d 🤦🏻‍♂️

    • @user-uq7ny3cp2u
      @user-uq7ny3cp2u Před 3 lety +2

      @@user-zh6tb4qk6d нет это любовь к сожалению про любовь совершенно разных людей

  • @elnurabekbolotova6496
    @elnurabekbolotova6496 Před 2 lety +21

    Ырдын мааниси,мазмуну абдан терең.Канча уксам да уга берем го чиркин......Мен тагдырдан өз тенимди табайын,сизди болсо жан туйгум деп санайын......Ушул саптарда эле канча маани жатат.Сыймык байке чыгармачылык ийгилик каалайм,бар болуңуз!!!!

  • @user-qj9cl8lz9q
    @user-qj9cl8lz9q Před 3 lety +7

    Сыимык Турдукан ырынардан аиланаиындар. Эски суиуумду эске салдынар кенен,кошогумду коштум.бирок рахмааат ырынарга.🥰🥰❤🤗

  • @user-gm9kb1om3j
    @user-gm9kb1om3j Před 4 lety +27

    Арзуу деген азап экен туйгангааа...
    Эх суйуу, суйуу, суйуу...
    Мааниси терен...❤❤❤❤❤

    • @uulkantaalaibekova7021
      @uulkantaalaibekova7021 Před 4 lety +2

      Мен 7 жыл мурун уккам. Ошол бойдон таппай журдум эле 10 20 жолу кайталап уктум

    • @debrynekdebryne96
      @debrynekdebryne96 Před 3 lety +1

      @@uulkantaalaibekova7021 Дагы да уга бер 😍👍👍

  • @user-ko3fg1ne7h
    @user-ko3fg1ne7h Před 4 lety +35

    Ээх эски кундорду эстетип жибердиго Арзуу бизге азап болду кайдагы ......

  • @diifatimo6617
    @diifatimo6617 Před 3 lety +6

    Мен 20 жаштамын, 04.04.2021 мен угуп жатам ырды, прям про меня)

  • @user-ui9ml6oy4x
    @user-ui9ml6oy4x Před 2 lety +13

    Токтогулдук акебиз баракелди сиздин ырларыныз!!!

  • @user-hh9bu7hj3m
    @user-hh9bu7hj3m Před 4 lety +45

    Жакын туруп алыс биздин арабыз

  • @ernistalantbekuulu5904
    @ernistalantbekuulu5904 Před 4 lety +175

    Көзүмдү албай коломтонун отунан,
    Көөдөнүм өрт шуу үшкүрүп олтурам.
    Тагдыр турат коломтого байлануу.
    Таштап кетсе не болот чоочуган...
    Арзуу бизге азап болду кайдагы?
    Асылкечим бир сөз айтчы жайдары!
    Агай мени өзүң элең азгырган,
    Астыртадан көздү кысып жазгырган.
    Калбай ээрчип күндө белек калтырып,
    Карындаш деп эркелетип наз кылган.
    Ал ансайын жүргөн элем тартынып,
    Моюнума колуң турса артылып.
    Кайырма:
    Бирге сыздап жүрөктөгү жарабыз,
    Биздин дайым бирге дүйнө санаабыз.
    Арзуу деген азап экен туйганга,
    Жакын туруп алыс минтип арабыз.
    Көңүлүбүз,
    Көңүлүбүз толгон кезде муң-зарга,
    Бей убакта,
    Бей убакта биз келебиз гүлзарга...
    Жалын сүйүү болсо дагы ортобуз,
    Жаным неге биз сүйүүдөн коркобуз?
    Эч жөнү жок өзүбүздө күнөөлөр,
    Эки жүрөк экөөбүздүн эркибиз.
    Булганычтуу ушак кылар бирөөлөр,
    Бул сүйүүнү аздек сактап жүрөгөр?
    Жашырынган сүйүү ушул сүйүүбү?
    Жанды кыйнап бүттү сырдын түйүнү.
    Алысташып жашайлычы агайым,
    Азап болду сен кыя албай үйүңү.
    Мен тагдардан өз теңимди табайын,
    Сизди болсо жан туйгум деп санайын.
    Кайырма:
    Бирге сыздап жүрөктөгү жарабыз,
    Биздин дайым бирге дүйнө санаабыз.
    Арзуу деген азап экен туйганга,
    Жакын туруп алыс минтип арабыз.
    Көңүлүбүз,
    Көңүлүбүз толгон кезде муң-зарга
    Бей убакта,
    Бей убакта биз келебиз гүлзарга,,,

    • @nurik5483
      @nurik5483 Před 4 lety

      Ннн

    • @user-fh7eb9bq3i
      @user-fh7eb9bq3i Před 4 lety

      Ушул тексти жонотуп коюнузчу 89257540515

    • @user-zm2do9ev5i
      @user-zm2do9ev5i Před 4 lety

      @@user-jx2kw2qg6e браво! Байке

    • @user-zm2do9ev5i
      @user-zm2do9ev5i Před 4 lety +6

      Оштун Кара -Суусунан товар ташып бир жарым жыл иштедим. Жолдо айдоочу экообуз гана озбузго жаккан ырды коюп алып жол улайт Чычкандын ичине киргенден тартып Ошко чейин мен учун алтынга алмашкыс муноттор боло турган. Мен учун Сыймыктын ырлары ностальгия

    • @iymaavora6853
      @iymaavora6853 Před 4 lety

      Кээ бир создорун тактап анан туура жазсаныз болмок, укканыныз боюнча эле жаза бербей

  • @syimykbaiyshbekov8357
    @syimykbaiyshbekov8357 Před 4 lety +12

    Жакшы чыгарма... Алга!👍👍👍💪💪💪💪

  • @ayperijangarach1379
    @ayperijangarach1379 Před 4 lety +25

    Жашырын ган сүйүү ушул сүйуубу жанды кыйнап бутту сырдын түйүнү алысташып жашайлычы агайым азап болду сен кыя албай үйүңу мен тагдырдан өз теңимди табайын сизди болсо ,,,,,,,,,,,,,,,,

    • @user-nj3yg1zz6x
      @user-nj3yg1zz6x Před 3 lety +1

      8 6ш7ш67ш67шшшшшш67шш67шшш6шш7шшш7ш67шшшшшшш6шшшшшш6шшшшш67ш6шшшшш6шшшшшшшшш6шш6ш6шшшшшш6ш6шш67шшш6ш6шшшшш6шш6шшш67шшш67шшшшшшш67шш6шшшш67шшш67ш67шшш67шш69шшшш67шш6шшшш6шш6шшш67шшшш6ш6ш69шшшш67шшш67ш67ш6ш6

  • @user-bx7ul3gr5u
    @user-bx7ul3gr5u Před 5 měsíci +8

    Эн сонун музыка да адамдын журогун эзип😢😢😢

  • @user-lk4si1ke4x
    @user-lk4si1ke4x Před 4 lety +7

    Сыймык ага эң жакшы рахмат өнөрүңүз өркүнөй берсин сизден даагы көп эстен кеткис ырларды күтөбүз анан болуң анан эжебиз да азамат көп жашаңыздар

  • @user-uz6vo5wv7d
    @user-uz6vo5wv7d Před 4 lety +7

    Ушундай жердеш байкелерим менен сыймыктанам

  • @user-nv5hw8vj8g
    @user-nv5hw8vj8g Před 2 lety +4

    Сыймык байкебиздин ырлары менен чонойдук го.Ырларын дагы озун дагы жакшы кором😍😘

  • @suiuntmusaevich214
    @suiuntmusaevich214 Před 4 lety +8

    Турдукан молодессс 👍 👍 👍 Улукмырза агайдын шакирттери АЛГА!!!

  • @user-jq9py6pm1s
    @user-jq9py6pm1s Před rokem +3

    🗽, биздинда ортобузда ушул эле чыгарма жашап калды. Мен эле угамбы десе сен деле угат турбайсыңбы бул ырды.

  • @dddaaa8275
    @dddaaa8275 Před 3 lety +4

    Сыймыгыбыз кыргызымдын омурлуу бол сонун чыккан турдукан сага да кызы м бактылуулук каалайм

  • @jibekanarbekkyzy6543
    @jibekanarbekkyzy6543 Před 3 lety +5

    Кандай гана сонун ыр 👍👍жан дүйнө эс алат

  • @user-pg9et7uz6z
    @user-pg9et7uz6z Před 3 lety +3

    Классташымдын ырлары баары конулду эргитта дайыма омуруно унуно береке кудайым ден соолук берсин

  • @user-ub2ve6so1s
    @user-ub2ve6so1s Před 3 lety +5

    Журокту элжиретчу кайрыктар...👍👍Ушул ырлар менен чонойдук.

  • @bekbolsunSovetbekovich98
    @bekbolsunSovetbekovich98 Před 2 lety +8

    Мыкты саптар, керемет обон! Бар болуңуздар, көп жашаңыздар залкарлар!

  • @user-ji9sn5mo2q
    @user-ji9sn5mo2q Před 3 měsíci

    Кандай гана керемет аа комментарий окусанда баары сонун создорду жазып калтырышкан азаматсыздар бирге бололу Кыргыз элим онуго берели осо берели

  • @user-ir5dk6xt9g
    @user-ir5dk6xt9g Před rokem +2

    Мен Южный Сахалинден салам Турдакун Карындашым Ак тектирлектирге жалпы Салам

  • @user-of1xk2xn6y
    @user-of1xk2xn6y Před 4 lety +7

    Сыймык ака рахмат сизге чоон

  • @user-ny3ei3mc1m
    @user-ny3ei3mc1m Před 4 lety +5

    Кандай керемет ыр,
    Соонун аткаруу болуптур.
    Сыймыктын ырлары абдан маанилуу

  • @user-xj2cm6zm6j
    @user-xj2cm6zm6j Před 3 lety +5

    Аябай жактырам ушул ырды иште кечке угам издеп журуп аран таптып ишиниздерге ийгилик 👍👍👍

  • @gulzadaguli9860
    @gulzadaguli9860 Před 4 lety +36

    👍👍👍👏👏👏Сыймык Бейшекеевдин ырлары аябай жагат создору,уну уккулуктуу,мааниси да терен жазылган ырлар!!! Чыгармачылык ийгиликти,талыкпас эмгек,эн башкысы Ден соолук каалайм!!!Элинизди суйунтуп журо бериниз жаны чыгармаларыныз менен!!!🙏🙏🙏Негедир клиптериниз азыраакГоо🤔🤔🤔

  • @userNuRa
    @userNuRa Před rokem +2

    Арзуу деген азап экен туйганга
    Жакын туруп алыс минтип арабыз💔

  • @user-ly4jp4zj7m
    @user-ly4jp4zj7m Před měsícem

    Кандай гана керемет ыр эски ыр чериң жазылат.

  • @elnurabekbolotova6496
    @elnurabekbolotova6496 Před 2 lety +3

    Уккулуктуу чыгарма канча уксам деле уга берем.Созу,обону бири бирине төп келген кыскасы супер

  • @user-xf2cs4qc3j
    @user-xf2cs4qc3j Před 3 lety +4

    Эн сонун чыгармалар уккан сайын уккун келет🔥

  • @user-xf8pp3rn6p
    @user-xf8pp3rn6p Před 4 lety +5

    Дайыма кутчумун ушул ырды чыкканына кубандым

  • @user-lr4pz1hf1d
    @user-lr4pz1hf1d Před rokem +3

    Аксынын АК Суу айылында жашаган суйгонум ырды уккан сайын журогум эзилеткоооо унуткан болсон да эстеерсин

  • @user-su6cs7nd1y
    @user-su6cs7nd1y Před rokem +4

    Чынында жакшы көргөн адамымды жоготуп аламбы деп коркосун мен жолдошумду жоготкондон корком. Мен сени суйом

  • @gulzadamanabovna5627
    @gulzadamanabovna5627 Před rokem +2

    Мен тагдырдан Оз тенимди табайын, сизди болсо, Жан туйгум деп санайын 😥💔 M$G

  • @user-pv6ug6np9c
    @user-pv6ug6np9c Před 3 lety +17

    Чынбы экен суйуудеген Абай Кунанбаев казактын алп жазуучусу суйбогон аялдан суйуктуу балдарым бар деп махабаттанкечиптир не дейбиз бактылуумун бирок суйгон жан болок

    • @jyldyzaidarova3862
      @jyldyzaidarova3862 Před rokem

      Суйуусуз омурум оттуго жазуусу жок актай барактай .

  • @mabylkasymova7611
    @mabylkasymova7611 Před 3 lety +5

    Арзуу бизге азап болду туйгангаа)) маанилүү сөздөр

  • @user-qc2jx7dj9e
    @user-qc2jx7dj9e Před 3 lety +30

    2021укандар барбы

  • @user-qg6sj8ze4v
    @user-qg6sj8ze4v Před 4 lety +56

    ырды уккан сайын жашагын келетко жашарып.жашоонун оор кыйынчылыгына карабай.ыр обону музыкасы оздору укмуш экен..👍🙏

  • @barsbekkadyrbekuulu3544
    @barsbekkadyrbekuulu3544 Před rokem +3

    Сүйгөнүнө жетпей калгандар кайра кайра уктук го🥲

  • @user-pf3qc2tz9h
    @user-pf3qc2tz9h Před 3 lety +4

    Аябай жагат ушул ыр🥰🥰🥰🥰

  • @orozgularappaeva6429
    @orozgularappaeva6429 Před 3 lety +4

    Сонун чыгыптыр ыр🤩😍💜

  • @user-dw2no3mf2p
    @user-dw2no3mf2p Před měsícem

    Кандай керемет ырлар балалыгым ушул ырлар менен отуго

  • @user-fj9tk3oh9x
    @user-fj9tk3oh9x Před 2 měsíci

    Сонун чыгарма болуптур. Кайра-кайра угам го чиркин...

  • @alikadyr9400
    @alikadyr9400 Před 2 měsíci

    Жүрөктү Эзетко чиркин эмне деген сөздөр эмне деген обон керемет сонун сөз жок жүрөктү элжиретт❤

  • @user-ph5vs6dz8i
    @user-ph5vs6dz8i Před 3 lety +3

    Турдукан мыкты ырдайт абдан баалайм Бактылуу бол👍🤲

  • @user-jw4ss9wo2y
    @user-jw4ss9wo2y Před 3 lety +111

    Спортсмен Ильяз Чынгызбек уулу жубайы Айтурган мыкты ырдаптыр мыкты чыгарманы

    • @madinasmadijrova1751
      @madinasmadijrova1751 Před 3 lety +4

      оа менда бул ырды Айтурган м Иляз ырдаганда угуп жактырдым.Айтурганга соон жарашкан

    • @user-nk7sc1lg1d
      @user-nk7sc1lg1d Před 3 lety

      Мм

    • @user-hh7dz9qv7l
      @user-hh7dz9qv7l Před 3 lety +1

      А куйоосу не болгон

    • @user-rs4lh8is4u
      @user-rs4lh8is4u Před 3 lety

      @@user-nk7sc1lg1d рочдтттоообллю
      О ооо

    • @user-rs4lh8is4u
      @user-rs4lh8is4u Před 3 lety

      Имщхш998ни87654ц

  • @user-tr2ui6oj7t
    @user-tr2ui6oj7t Před 4 lety +5

    Уккан сайын уккун келет ❤

  • @aiba__
    @aiba__ Před 3 lety +3

    Мына чыныгы артис ырларын уккан сайын уккуң келет

  • @user-jg6sc3mj1s
    @user-jg6sc3mj1s Před 10 měsíci +9

    2023ким угуп жатса лайк

  • @user-en8wh1oi9p
    @user-en8wh1oi9p Před měsícem

    04.06.24
    😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭
    Бул суйуну аздек сактап журо кор ❤Н

  • @user-ss7dy5ko7u
    @user-ss7dy5ko7u Před 3 lety +3

    Бул ырды уксам журогум эсиме келет

  • @user-lj4ll8gp9h
    @user-lj4ll8gp9h Před 2 lety +2

    Азаматсынар омурунор узуууун болсун унунорго береке

  • @user-or5cv7oe8j
    @user-or5cv7oe8j Před 4 měsíci +4

    2024 ким укса класс🎉🎉🎉

  • @talastalas9000
    @talastalas9000 Před 3 lety +4

    Синдим Турдукан орконун осун талантына ийгилик

  • @user-uj9eq7wp1z
    @user-uj9eq7wp1z Před 3 lety +3

    Молодец Сыймык менен Турдукан сонун ырдашыптыр

  • @jambulkochorov8615
    @jambulkochorov8615 Před měsícem

    Сонун ырда мага аябай жагат

  • @ayperijangarach1379
    @ayperijangarach1379 Před 4 lety +8

    Эх Токтогул дук байкем мн эжем талантынарга таазим

    • @user-zo1if5cs5j
      @user-zo1if5cs5j Před 4 lety +1

      Токтогул денен айылда торолгон бирок Кыргыздын чыгаан артиси десен жакшы болмок жети обулас оз озунчо болунбой жана болбой

    • @debrynekdebryne96
      @debrynekdebryne96 Před 3 lety

      😍😍👍👍👍🤟✊

    • @elviraerkinbekova8123
      @elviraerkinbekova8123 Před 2 lety

      @@user-zo1if5cs5j сага не Токтогул айыл көрүнүп атабы

  • @video-fg1im
    @video-fg1im Před 3 lety +2

    Эми от души сонун клип күтөбүз ушул ырга

  • @user-it4iz4vb7i
    @user-it4iz4vb7i Před 3 lety +3

    Маанилуу жакшы ыр,уксан кулака жагымдуу.

  • @user-si7iv2xl9t
    @user-si7iv2xl9t Před 2 lety +1

    Сыймык Бейшекеев Тумонбай Колдошов силер чыныгы жүзүнөр ырынар окшош таза тунук жүрөктөн чыккан ырлар жүрөккө жетет

  • @user-gh8oe7wp1e
    @user-gh8oe7wp1e Před rokem +4

    2023 жыл ❤❤❤

  • @user-he9bp9wk4q
    @user-he9bp9wk4q Před 3 lety +2

    Сооонун создорго🥰😍

  • @user-in8or8iw5i
    @user-in8or8iw5i Před 2 lety

    Соонун ыр унунуздорго береке 👍

  • @user-ro4le9lz3i
    @user-ro4le9lz3i Před 2 lety +1

    Кандай сонун Керемет ыр .

  • @user-vb9bg3rv7o
    @user-vb9bg3rv7o Před rokem

    Мен суйгонум мн дал ушул ырды угуп кетип жатам бактылуумун Сыймык агамдын ырлары мн бактылуумун.

  • @user-bf9zx1pv8d
    @user-bf9zx1pv8d Před 3 lety +1

    Соонун😍👍👍👍👏👏