Жаныбек Онолбаев-Сирендерим //Жаны клип 2023//Хит

Sdílet
Vložit
  • čas přidán 5. 09. 2023
  • Hudba

Komentáře • 1K

  • @Onolbaevjanybek
    @Onolbaevjanybek  Před 10 měsíci +960

    Ассалому алекум биртуугандар.
    Коптон куткон клибибиз дагы даяр болду.Сиздерге жагат деген ойдомун 🤗
    Лайк басып,комментарий калтырып кетиниз🙌
    Жакшы соз жан эргитет 🤗
    Баарыбызда ийгиликтер коп болсун 🤲🤲🤲

    • @user-sn6hu6ze5g
      @user-sn6hu6ze5g Před 10 měsíci +32

      😊😊😊😊😊😊😊😊😊😊😊😊😊😊😊😊😊😊😊

    • @user-ue5gm8xb1q
      @user-ue5gm8xb1q Před 10 měsíci +24

      Кандай гана маанилүү ыр😢

    • @user-cx2iy5rp4x
      @user-cx2iy5rp4x Před 10 měsíci +15

      Супер Супер

    • @user-es2vp7kq9v
      @user-es2vp7kq9v Před 10 měsíci +12

      Маани манызы таамай ырларды ырдайсын азамат.

    • @user-mc4bz2jh9y
      @user-mc4bz2jh9y Před 10 měsíci +10

      Ырдын атын өзгөртпөй эле койсоң болмок

  • @user-uy5ul1pt7r
    @user-uy5ul1pt7r Před 10 měsíci +574

    Сирендерим!
    Өзүңдү таппай көптүн арасынан,
    Жүргөндө айыга албай жараатымдан.
    Куюлуп арман болуп агып жаттым,
    Куштардын куса серткен канатынан.
    Алдастайм ары-бери ары-бери,
    Жалгызмын жан көргөн жок аны деги.
    Тиктетет кайра-кайра тигил көктөн,
    Тизилген каркыранын сабы мени.
    Көп жаштар көчө бойлоп агат улам,
    Көрө албай жалгыз сени арасынан.
    Атыңдын баш тамгасын тапчу болдум,
    Талпынган куштун гана канатынан.
    Күйүттүн өзү өчсө да зарпы калаар,
    Билгендей махабаттын дартын алар.
    Атыңдын баш тамгасын көккө жазып,
    Алыска учуп кеткен каркыралар.
    Күн батат, таңдар атат, агат суулар,
    Күйүтүн өчүрө албайт жараттуулар.
    Муңумдун баш тамгасын эске салып,
    Муңайта бербегиле канаттуулар.
    Жаз келди жашыл жайып килемдерин,
    Билгендей келбес жайга жибергенмин.
    Сирендер гүл ачканда сени эстейм,
    Сиреним, сирендерим силер менин.
    Бул адат кайдан мага калган билбейм,
    Адашкан арманымды жаздан издейм.
    Бирок сен жүрөгүмдүн жазы болдуң,
    Түбөлүк калышынды билээр дедим.
    Сени эстеп жашай берем ойдо сонун,
    Мен үчүн махабаттан артык орун.
    Сезбесмин көкүрөктө кайгы барын,
    Сен болсоң уктатаарым, ойготоорум.
    Көз күйөт көрүп жаздын сирендерин,
    Жаштыктын жашап коюп ширин жерин.
    Муңайдым, муңайбаска аргам барбы?!
    Муң, арым, муң, арманым силер менин.
    Сирендер гүлүн ачса сени эстейм,
    Сирендер, сирендерим силер менин!

  • @ravshan68
    @ravshan68 Před 6 měsíci +100

    Мен Узбекистан дан эшитябман просто музыка супер❤

  • @user-cd6wk6iy2p
    @user-cd6wk6iy2p Před 10 měsíci +169

    5 миллион го жеткиребиз келиниздер кыргыз элим Элмирбек агабыз дын урматына жана жаныбек жакшы ырчы

  • @ruslanmendiev1955
    @ruslanmendiev1955 Před 10 měsíci +32

    Чындыгында уккулукту ыр экен обону мазмуну. Аллахым баарыбызга бактылуулук насип кылсын.

  • @user-tw4zg7bn9n
    @user-tw4zg7bn9n Před měsícem +6

    Кандайсынар, кыргызстандыктар, баарынврга салам, омурунор узун болсунчу баарыбыз жакшы жашайлычы эч оорубай, баарынарга ден соолук каалап кетемин.

  • @user-eb3bm5km3n
    @user-eb3bm5km3n Před 10 měsíci +69

    Эн мыкты чыгарма экен!Элмирбек Иманалиев, кылымда бир жаралчу талантуу адам эле😢❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤

  • @user-iq2me1cm5c
    @user-iq2me1cm5c Před 10 měsíci +37

    Жылдын мыкты клиби мына ушул болсо экен

  • @BakuMyratova-mo8zy
    @BakuMyratova-mo8zy Před 10 měsíci +109

    Элмирбек агабыздын журоктон чыкан ыры экен жеткире ырдапсын азаматсын.

  • @mikamika5706
    @mikamika5706 Před 10 měsíci +41

    Ырга жаңы жан кириптир өтө сонун жүрөк сергийт😢 ийгиликтер коштосун🤲

  • @user-bn1cv4no8x
    @user-bn1cv4no8x Před 10 měsíci +76

    Сенин ушул ырын менен ооруп калдым,ыр ээсин табыптыр ,тажабай угуп жатам,клипти дагы жакшы тартыпсын авторду чагылдырып.
    Элмирбек агабыздын жаткан жери жайлуу болсун.

    • @chigdftjhcchio1600
      @chigdftjhcchio1600 Před 6 měsíci +1

      Бул ырды эн биринчи Бекназар Камчыбеков деген бала таап чыккан, Элмирбек агабыздын ачыкка чыкпай калган ыры экен. Ал да укмуш ырдайт жеткире.

    • @user-ew4yl7zk7e
      @user-ew4yl7zk7e Před 6 měsíci

      Суппер ❤❤❤

  • @user-xz3kz1fk3q
    @user-xz3kz1fk3q Před 10 měsíci +84

    Жолдошум кайтыш болгондон бери ушул ыр журогумо жетчу болду😭😭😭😭😭

    • @user-rp9wt1kn7f
      @user-rp9wt1kn7f Před 10 měsíci +9

      Аллахым бейишинен орун берсин 🤲кайрат кылыныз

    • @user-gn6qy9zy4p
      @user-gn6qy9zy4p Před 10 měsíci +7

      Жайи жанаттан болсун бейиште бирге болунуздар

    • @kalysbektemirbaiev9181
      @kalysbektemirbaiev9181 Před 8 měsíci +5

      Ооба...мен дагы түгөймдү узатканмын...😢

    • @user-sg8ij6qv3r
      @user-sg8ij6qv3r Před 5 měsíci

      Саламатсызбы, сабыр кылыныз,калган омур жашын ,балдарына берсин

    • @Aida-wj2uj
      @Aida-wj2uj Před 5 měsíci +1

      Саламатсызбы сабыр кылыныз 😢😢😢

  • @user-qt1iv9vf9l
    @user-qt1iv9vf9l Před 7 měsíci +27

    Кайран Элмирбек агабыздын ыры кандай сонун жаткан жери жайлуу болсун

  • @user-kz9kj5vo4m
    @user-kz9kj5vo4m Před 10 měsíci +26

    Ырдын мааниси аябай терен жазылган, уккан сайын уккун келет

    • @user-hz3en7df7y
      @user-hz3en7df7y Před 9 měsíci

      Кандайс сизге чыгармачылык ийгилик

  • @anarajusupova1497
    @anarajusupova1497 Před 9 měsíci +21

    Азамат жеткире ырдаптыр!Ыр ээсин тапты!Элмирбек эч качан элдин журогунон очпойт!😢

  • @user-yb6pw1pe9x
    @user-yb6pw1pe9x Před 2 měsíci +14

    Эээн сонун ыр мындан сонунурак ырды уга элекмин ❤❤❤

  • @moni_13
    @moni_13 Před 10 měsíci +21

    Сонун чыгарма 😍👍 ! Ырга жаңы боек киргизипсиз Жаныбек. Чыгармачылык ийгилик 👏

  • @Shaa.borombaev
    @Shaa.borombaev Před 10 měsíci +24

    Ырдын созунун маани манызы пай пай пай кайран Элмирбек агабыз.

  • @user-mf4lv8ll7x
    @user-mf4lv8ll7x Před 2 měsíci +8

    Ушул ырды укпай кайда журдум экен. Бугун уктум эххх мага керек ыр экен

  • @azatasanalieb4546
    @azatasanalieb4546 Před 9 měsíci +37

    СИРЕНДЕРИМ
    Өзүңдү таппай көптүн арасынан,
    Жүргөндө айыга албай жаратымдан,
    Куюлуп арман болуп агып жаттым,
    Куштардын куса серпкен канатынан.
    Алдастайм ары-бери, ары-бери,
    Жалгызмын, жан көргөн жок аны деги.
    Тиктетет кайра-кайра тигил көктөн,
    Тизилген каркыранын сабы мени.
    Көп жаштар көчө бойлоп агат улам,
    Көрө албай жалгыз сени арасынан.
    Атыңдын баш тамгасын тапчу болдум,
    Талпынган куштун гана канатынан.
    Күйүттүн өзү өчсө да зарпы калар,
    Билгендей махабаттын дартын алар.
    Атыңдын баш тамгасын көккө жазып,
    Алыска учуп кеткен каркыралар.
    Күн батат, таңдар атат, агат суулар,
    Күйүтүн өчүрө албайт жараттуулар.
    Муңумдун баш тамгасын эске салып,
    Муңайта бербегиле канаттуулар.
    Жаз келди жашыл жайып килемдерин,
    Билгендей келбес жайга жибергемин.
    Сирендер гүлун ачса сени эстейм,
    Сирендер, сирендерим силер менин.
    Бул адат кайдан мага калган билбейм,
    Адашкан арманымды жаздан издейм.
    Бирок сен жүрөгүмдүн жазы болуп,
    Түбөлүк калышыңды билер дедим.
    Сени эстеп жашай берем ойдо сонун,
    Мен үчүн махабаттан артык орун.
    Сезбесмин көкүрөктө кайгы барын,
    Сен болсоң уктатарым, ойготорум.
    Көз күйөт көрүп жаздын сирендерин,
    Жаштыктын жашап коюп ширин жерин.
    Муңайдым, муңайбаска аргам барбы?
    Муңарым, муң-арманым силер менин.
    Сирендер гүлун ачса сени эстейм,
    Сирендер, сирендерим силер менин.

  • @user-hj1bz1oc9r
    @user-hj1bz1oc9r Před 10 měsíci +14

    Менин жашоомдон алынгангандай чыгарма сымал😔!!!
    Атин арман жакшы коргон адамым 5 жыл коро албай келем, жашоодогу сыноо деп билем жок жередн соттолуп кеткен😔.
    Бирок андай боорукер адам көрө элекмин.
    Анын ар бир кылыгын созун ушул чыгармадан сездим.
    Эч качан жакын адамыздардан айрылбаныздар !!!!!

    • @aizadamamytova6238
      @aizadamamytova6238 Před 10 měsíci +1

      Кеткен келет кетменделген келбейт экен менин жакшы көргөн адамым каза болуп калган канале соттолуп кетсе бир күн келет деп жашамакмын 😭😪

  • @user-ci6sn8kd7e
    @user-ci6sn8kd7e Před 5 měsíci +7

    Ырдын созу,обону дал келген,аткаруучу сонун аткарыптыр ,ийгилик каалайм

  • @user-dx2sk9jb1q
    @user-dx2sk9jb1q Před 7 měsíci +31

    Ушул актриса кызга кудайым сулуулукту бериптир бактылуу болсун

  • @user-kz5zi7uw9b
    @user-kz5zi7uw9b Před 5 měsíci +7

    Кылымда бир жаралган ,-- Кайран гана Элмирбек, Жаткан жерин жайлуу болсун.

  • @user-qq3wz2sj3r
    @user-qq3wz2sj3r Před 9 měsíci +20

    Эн жакшы денгээлдеги Чыгарманы алып чыгыптырсыз❤Ишинизге ийгилик!❤ Браво❤

  • @sultanaltumushov4665
    @sultanaltumushov4665 Před 10 měsíci +22

    Жаныбек иним бар бол, ырыңды 3күн угуп жадабадым.Дагыда алдыга арыш таштап Элмир агаңдай залкарлардын жолун жолдо 🤲🤲🤲

  • @user-lp9yk8vq8q
    @user-lp9yk8vq8q Před měsícem +1

    Жүрөгүң үшунча жаралуу, ырларың өзүнчө бир дастан. Бактылуу боло гой алтын бала. Мен сени жакшы көрөм

  • @aijanaabdimajitova3619
    @aijanaabdimajitova3619 Před 10 měsíci +8

    Эн соонун уккан сайын уккун келетгоо отто соонун таалантынызга таазимдер болсун чыгармачылык ийгилик ден соолукта болунуз.

  • @ozgocho_01
    @ozgocho_01 Před 9 měsíci +466

    Мага окшоп кайра кайра укандар барбы бир лайк 😂

    • @user-hm6go7dq3v
      @user-hm6go7dq3v Před 5 měsíci +3

      Албете😢😢😢😢😢😢❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤

    • @munduzmunduz7953
      @munduzmunduz7953 Před 5 měsíci +6

      Укандар жок. Уккандар бар! Отур эки.

    • @user-fp4ms5kx6w
      @user-fp4ms5kx6w Před 4 měsíci +3

      Конечно бар мисалы мен

    • @Gamerspro1998
      @Gamerspro1998 Před 4 měsíci +1

      Жоок тууган сага окшоп кайра кайра уккандар жокко

    • @user-mv2kq3kv4t
      @user-mv2kq3kv4t Před 3 měsíci +1

      Мен дагы

  • @user-di4me6br1t
    @user-di4me6br1t Před 9 měsíci +20

    Элмирбек Иманалиевтин жаткан жери жайлуу болсун

  • @user-ty6cc1ec7v
    @user-ty6cc1ec7v Před 10 měsíci +6

    Ен соонун чыгарма болуптур кешке Ыраматылык Елмирбек иним козу тируусундо ушул ырлары чыканда озу уканда кандай соонун болмок атин бир кем дуйно кличке Гулбубу синдибизди койсон жакшы болмок аябай ыйладым екоо тен бир келген талантуу ар тараптан топ келишкен инсандар еле бир кем дуйно еерчишип кете беришти силерди еч качан унут байбыз Елмирбектин дагы да соонун ырларды жазган ал ырларын да чыгаргыла ырда соз жок аткарган Ырчыда да соз жок Ыр просто бомба кыргыз елин еч качан силерди унутбайт ар заман есибисдесинер атин дуйно ерте кетинер бул ырды 100 жолу уктум тажабадым ыйладым буркурап айла жок дуба кылам жатканжеринер жайлуу болсун алтындарым

  • @user-kl2vj5qr2l
    @user-kl2vj5qr2l Před 9 měsíci +8

    Жаныбек байкенин үнү керемет! Бар болуңуз ийгилик!

  • @user-pw9rd3op4o
    @user-pw9rd3op4o Před 10 měsíci +6

    Ото сонун рахматылык Элмирбек байкеннин жаткан жери жайлуу болсун ушундай бир чийбес акынды карабадык чимкириктер жеп тойбойкойушту ушундай акындарыбызды караш керек эле уй берип кокторго которуш керек эле казак туугандардын акындарын карасанар ичин куйот а биздечи итке соок таштагансып 😢просто куйосунда туугандар ылайым элими тынч кыл Аллахым чондорго ыйман бер бир кун келет арбир нерсеге жооп беретурган жеп тойбойт булар кудду ольостой журот тооьо тообо

  • @user-hn9zb8tc7r
    @user-hn9zb8tc7r Před 9 měsíci +6

    Жаныбек, азаматсын! Эн мыкты чыгарма болуптур. Элмирбектин ырлары туболуктуу ырлар, аны ырлары менен эстеп турабыз. Жаныбек, сага дагы да чыгармачылык ийгилик каалайм! Онорун оркундой берсин!

  • @user-bp2ij7ys5c
    @user-bp2ij7ys5c Před 12 dny +1

    Мен дагы жолдошумдан айрылып ушул ырды угуп калдым 3 кун болду аллахым бейишин берсин олойун десем жан таттуу кирейин десем жер катуу болуп ушул кичине дары болтат куйутумо

  • @user-ux7vf5rt9p
    @user-ux7vf5rt9p Před 10 měsíci +13

    33кө чыгып бир да ырды мынчалык жакшы көрүп укпайт болчум.Негизи эле ыр укпайм,негедир ушул ыр абдан ❤ жакын болду😢

    • @aizadamamytova6238
      @aizadamamytova6238 Před 10 měsíci

      Жок мындай ырларга жакындабаң мен да ушундай ырлрды көп укчуумун азыр жалгызмын 😭😪

    • @user-ux7vf5rt9p
      @user-ux7vf5rt9p Před 10 měsíci

      @@aizadamamytova6238 .Бактылуу бол сиңдим,буйруса баары жакшы болот 🥰

    • @meerimtoktosunova1344
      @meerimtoktosunova1344 Před 7 měsíci

      Мага да аябай жакты, ❤❤

  • @user-mx1ki1uo2w
    @user-mx1ki1uo2w Před 9 měsíci +6

    Соонун ыр экен
    Ийгилик каалайм сизге
    Абдан уккулуктуу 🎵

  • @user-pr1pl1ol1u
    @user-pr1pl1ol1u Před 29 dny +3

    Менин журогумдогу ыр коп жаша дагы дагы оркуной бер

  • @user-zl7ws3jj2g
    @user-zl7ws3jj2g Před 10 měsíci +7

    Ыйлататко канаттуулар аллахым ыразы болсун аткаручуга

  • @user-bn1cv4no8x
    @user-bn1cv4no8x Před 10 měsíci +4

    Унуно береке,талантына таазим молодец 👏 👏👏 Жаныбек

  • @user-ew9yg3bn2i
    @user-ew9yg3bn2i Před 10 měsíci +5

    Ырды ото сонун аткарыпсын ушу ыр учун сага каталдым чыгармачылык ийгилик калайым Масквадан ысык салам

  • @Zina3333
    @Zina3333 Před 10 měsíci +6

    Молодец Жаныбек оркундоп осо бер🎉 ырга соз жок, бири бирине жарашыптыр 🔥

  • @avtannuradinuulu9651
    @avtannuradinuulu9651 Před 9 měsíci +6

    Жаке азаматсын эн жакшы ырдапсын ийгилик.

  • @user-pd3vb3zi4f
    @user-pd3vb3zi4f Před 10 měsíci +10

    Азаматсын абдан сонун чыгарма автордун жаткан жери жайлуу болсун

  • @user-jx5tl2wq4y
    @user-jx5tl2wq4y Před 10 měsíci +5

    Укканым эле ушул ыр.Чыгармачылык ийгилик каалайм,мен сыйлаган ырчым.👍👍👍😥

  • @user-ku5bc3jh1e
    @user-ku5bc3jh1e Před 10 měsíci +5

    Рахмат ушул ыр аябай жакты эскерти сирендерди❤❤❤❤❤❤❤❤❤

  • @user-ns2ne1um7j
    @user-ns2ne1um7j Před 10 měsíci +16

    Жашоодо эмнелер кана болбойт эх чикин сууйшкондор бактылуу болушсунчу гулбу эжебизге жазган окшойт

  • @uliklove2653
    @uliklove2653 Před 10 měsíci +4

    Азаматсын Жаке ээн соонун чыгарма оркунун осо берсин только Алга умтула бер Москвадан коруп атам молодец досум

  • @Moidun_kyzy_Meerimgul
    @Moidun_kyzy_Meerimgul Před 10 měsíci +7

    Уккулуктуу ыр болуптур 👍 👍 👍 Мунайдым, мунайбаска аргам барбы.
    Мунарым мун арманым силер менин.
    Сирендер гулун ачса сени эстейм сирендерим 😢😢😢

  • @МайрамБазарбаева

    Эн соонун ырыда обонуда жеткилтктуу Элмирбек агайдын озу отсода ырлары очпоптур ишинерге ийгилик

  • @burulmamadrazakova3328
    @burulmamadrazakova3328 Před 9 měsíci +4

    Сонун, ийгиликтер көп болсун,ырдын көркүн чыгарып жакшы,угуп тажабай жатам

  • @user-mw4nk9ue4w
    @user-mw4nk9ue4w Před 7 měsíci +3

    Ыйладым😢😢😢"сирендер гүлүн ачса сени эстейм, сиреним, сирендерим силер менин" не деген керемет саптар😢😢😢😢

  • @hvgvvvv5895
    @hvgvvvv5895 Před 10 měsíci +5

    Эн жакшы ыр болуптур.Ийгилик.Эл учун кызмат кылып бактылуу бол .

  • @user-dl9np4gr8m
    @user-dl9np4gr8m Před 6 dny

    😢😢😢😢эх кайран жыгит жаркырап жанып кете берди жанын жанната болсун бекжан балапаным😢😢😢😢бейиштен орун берсин арсенге денсоолук узун омур

  • @bizdinjyldyzdar7849
    @bizdinjyldyzdar7849 Před 10 měsíci +6

    Бул ырды күн сайын угуп жатам го. 😊🎉

  • @kairylsyn94
    @kairylsyn94 Před 3 měsíci +3

    Сирендер гулун ачса сени эстейм.Сиреним сирендерим силер менин .........эх Сирен гул ачаарына аз калды.Ырдын авторуна Жана аткаруучусуна таазим

  • @ZulaikaSamidinova
    @ZulaikaSamidinova Před 10 měsíci +5

    Соонун ырдайт, соонун чыгарма жүрөктөн орун алган ыр!❤❤

  • @user-fc8yx2sm7v
    @user-fc8yx2sm7v Před 10 měsíci +5

    Көптөн бери күтүп жүрөт элек сонун болуптур👍

  • @user-vu6lt6lz2p
    @user-vu6lt6lz2p Před 10 měsíci +3

    Ушул ырды мыкты аткарыпсын ушул ыр үчүн сага катталдым ийгилик чыгармачылыгыңа көп угат элем бул ырды эстрада менен ырдапчыса деп ойлоп койот элем мен ойлогондой чыгыптыр дагы чыгар ушундай сонун ырлардан

  • @user-lq8xv1oc4o
    @user-lq8xv1oc4o Před 9 měsíci +5

    Журок оорутатко, уккан сайын ыйлай берем , жакшы ырдаган 😢❤

  • @Adilet_97
    @Adilet_97 Před 10 měsíci +8

    Ар Бир Адам жакындарынан ажырабасын😢😢😢

  • @user-td3px4qk6v
    @user-td3px4qk6v Před 10 měsíci +6

    😢😢😢Сирен гулу мен учун да арман болуп калган❤

  • @IslamToikeev
    @IslamToikeev Před 9 měsíci +3

    Кандай керемет укулуктуу унуно баракелде кандай ыр болсо да ырдасан унун жарашат

  • @alga.93
    @alga.93 Před 10 měsíci +3

    Дагы бироо ырдаган экен мага жаныбектин ырдаганы жакты журоко жеткириптир❤❤❤❤

  • @user-eb3bm5km3n
    @user-eb3bm5km3n Před 10 měsíci +12

    Азаматсын эн сонун ырдапсын! ❤ Онорун оркундой берсин!❤❤❤❤❤❤

  • @user-bl6qq4ft3g
    @user-bl6qq4ft3g Před 21 dnem

    Ен сонун уккулуктуу жеткире ырдалган просто шедевр

  • @user-ek9ip9zx5s
    @user-ek9ip9zx5s Před 10 měsíci +15

    🔥 Браво сонун тажабай уга турган ыр болуптур!Калипа эже клиптин коркун ачыптыр ийгилик 🔥!

  • @user-vz2ol1tw3q
    @user-vz2ol1tw3q Před 9 měsíci +4

    Журоко жеткен ыр болуптур❤❤.Актрисага соз жоок ❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤

  • @user-cl6fy6mt3d
    @user-cl6fy6mt3d Před 9 měsíci +7

    Ушул ыр мен учун жазылгандай ,журогумдун жарымын жерге бергенден бери ,ушул ыр мага кайгыма шерик болду😢😢😢😢😢

  • @user-np2jl5sd8i
    @user-np2jl5sd8i Před 10 měsíci +9

    Ассалом алейкум туугандар.
    Жаныбек иним өркүнүң өссүн.
    Ырларыңды уккан инсан ыраазы болоор.

  • @uliklove2653
    @uliklove2653 Před 10 měsíci +3

    красавчик сендеги голос эчкимде жок булбулдай болгон унун очпосун Жакеш досум молодец кайра кайра угамго Умот досун козуно жаш алып жибердиго сонун ырдапсын журоко жеткире жеткире❤

  • @user-uy5ul1pt7r
    @user-uy5ul1pt7r Před 10 měsíci +4

    Кайра кайра уктум 👍🏻 сонун болуптур 😍

  • @user-ep8ul9nj5z
    @user-ep8ul9nj5z Před 8 měsíci +2

    Аябай жеткиликтуу ырдапсын азамат ийгиликтер кошкой берсин🎉🎉🎉🎉🎉🎉🎉

  • @user-ph8mn4xy1d
    @user-ph8mn4xy1d Před 10 měsíci +542

    ушул комментарий окуп жаткан Адам Бактылуу болсун Сонун клип ырга дагы сөз жок

    • @user-eb5tz1ot2o
      @user-eb5tz1ot2o Před 10 měsíci +12

      сен да бактылуу бол укам Аллахым эки дуйно бактылуу кылсын суйгонуно жет бала чакалуу бол тапичкелер кобойсун Кыргыз элине пайдалуу керектуу эл журтка улгулуу уйбулолордон бол ылайым чын журоктон тилейм

    • @alihanseidyldaev7822
      @alihanseidyldaev7822 Před 10 měsíci +10

      Мен окудум Бирге болсууун бир Тууган

    • @maksataiisaeva7473
      @maksataiisaeva7473 Před 10 měsíci +3

      😊

    • @user-tm2vt8jw7n
      @user-tm2vt8jw7n Před 10 měsíci +2

      Оомийн, сизда бактылуу болунуз.

    • @user-hf9pq1xc1i
      @user-hf9pq1xc1i Před 9 měsíci

      Рахмат жазган адамда бактулуу болсун 😊🎉🎉🎉

  • @Asel-qv5vr
    @Asel-qv5vr Před 9 měsíci +4

    Сонун ыр болуптур негизи 3 куплет болуп кайырмасы 10 жолу кайталанат эле бул отто сонун чыгыптыр. Ийгилик

  • @user-bf7sx1qb1h
    @user-bf7sx1qb1h Před 8 dny

    👍👍👍😍😍😍👏👏👏💐💐💐
    Азаматсынар,абдан маанилуу ыр болуптур👍👍👍😍🍀🍀🍀

  • @user-ze3bv9py3r
    @user-ze3bv9py3r Před 10 měsíci +5

    Мун айта бербегиле канаттулар 😢😢😢😢 срендер срендерим силер менин 😢😢😢😢😢 аябай ыйлатат да,эжемди эстеп алып

  • @user-xh1jk2jq9i
    @user-xh1jk2jq9i Před 10 měsíci +4

    Эльмирбек агабыз отсо дагы чыгармалары журогубуздо туболук жашай берет 😢😢😢😢😢

  • @user-se4ek4vl3e
    @user-se4ek4vl3e Před 10 měsíci +6

    Соонун чыгарма журоко жетет ишинизге ийгилик 🎉

  • @user-wz6qm6zk7d
    @user-wz6qm6zk7d Před 2 měsíci +3

    Жакшы ыр экен ,,,

  • @user-gg8vq8sw6u
    @user-gg8vq8sw6u Před 9 měsíci +3

    Ыр соонун ❤клип дагы 👍🏻🌷

  • @Jannet-dp3fv
    @Jannet-dp3fv Před 9 měsíci +9

    Очень приятная мелодия 🎧🎼

  • @user-px5cl4ri1n
    @user-px5cl4ri1n Před 9 měsíci +3

    Бекназардан кутуп аттым эле бул жигит да кыйын ырдап коюптур ийгилик

  • @user-lv2yc5uf8k
    @user-lv2yc5uf8k Před 6 měsíci +1

    аябай сонун болуптур
    кайра кайра уксан дагы тажабайсын.
    мааниси дагы керемет
    ушул ыр менен ооруп калдым.
    ушунчалык кооз болуптур клип дагы.

  • @user-kj1uc3mv9t
    @user-kj1uc3mv9t Před 17 dny

    Азаматсың иним чыгармачылык ийгилик сага аман бол ❤❤❤

  • @user-bt4yv3tv4f
    @user-bt4yv3tv4f Před 10 měsíci +3

    100 жолу уктум азаматсын чынында ойго батыра ырдапсын байк

  • @user-lz9ui4tp9j
    @user-lz9ui4tp9j Před 6 měsíci

    Баардык версияларын уктум бул ырдын,арасынан эн мыкты денгээлде аткаруу Жаныбек Онолбаевдики экен.Унунузго береке,бийиктей бериниз!

  • @user-ms1cv8fp1d
    @user-ms1cv8fp1d Před 27 dny

    Үч ай мурун жолдошумдан айрылып калдым.Бул ыр менин гимниме айланды😢😢😢

  • @user-dr3nq5lb9x
    @user-dr3nq5lb9x Před 10 měsíci +3

    Сонун уккан сайын уккун келет талантыныз оркундой берсин

  • @user-gn5pf7qo4p
    @user-gn5pf7qo4p Před 10 měsíci +3

    Сонун,Жаныбек ийгилик👍👍👍👍👍🔥🔥

  • @user-nu1bu2fe2l
    @user-nu1bu2fe2l Před 8 měsíci +2

    Азаматсын Жаныбек ! Сонун чыгарма, сонун аткаруу кайра кайра уккун келет автордун жаткан жери жаннат болсун .

  • @user-ym7ll9mj8i
    @user-ym7ll9mj8i Před 10 dny

    Кыргызымдын жигиттерине омур берсин ден соолук, бактылуу болушсун!Ыйман ныссап берсин!Онорун оркундосун!Балам!

  • @user-xf6cz1dh3q
    @user-xf6cz1dh3q Před 9 měsíci +5

    Молодец

  • @sirena.zhalalidinova
    @sirena.zhalalidinova Před 8 měsíci +5

    Иштериңизге,өнөрүңүзгө ийгилик!

  • @user-bu7bz6uy8g
    @user-bu7bz6uy8g Před 6 měsíci +2

    Эн жакшы чыгарма. Элмирбектин жаткан жери жайлуу болсун. Ырдаган Мырзага чынармачылык ийгилик!!!

  • @user-kz1vy2hz1n
    @user-kz1vy2hz1n Před měsícem

    Сонун ишиңизге ийгилик каалайм 💐👍

  • @samatsultanbaev4233
    @samatsultanbaev4233 Před 10 měsíci +7

    Элмирбек агайдын келининчегин озун клипке алганда, мындан да жакшы болмок. Супер.

    • @user-bm2ms8rk9n
      @user-bm2ms8rk9n Před 3 měsíci +1

      Отуп кеткен келинчегине арналган окшойт

    • @user-wm2jy4nv6m
      @user-wm2jy4nv6m Před 2 měsíci

      Келинчегин тартса укмуш болмок! Ал деле Калибра сыяктуу сулуу болчу

  • @mirgulusubalieva2009
    @mirgulusubalieva2009 Před 9 měsíci +3

    Сонун чыгарма, сонун аткаруу, сонун клип!🎉🎉🎉 Ийгилик! ❤

  • @mamatkulovaa9648
    @mamatkulovaa9648 Před 8 měsíci +2

    Кандай Гана уккулукту ыр, канча ирет уктум чыгарман оркудой берсин❤

  • @dastan7236
    @dastan7236 Před 10 měsíci +3

    Ооо Азаматсын корунбой кеттинда. Ыр ото сонун. Дагы коп королу жаны ырларды