Көзгө жаш алдырган «Бейиш эненин таманында» тасмасынын бет ачары

Sdílet
Vložit
  • čas přidán 2. 03. 2024
  • Учурда көпчүлүктүн көңүлүн буруп жаткан Руслан Акундун “Бейиш эненин таманында” тасмасынын жабык көрсөтүүсү 28-март күнү болуп өттү. Эне менен баланын асыл сүйүүсүн, алардын меккеге бараткан сапарын чагылдырган тасма көпчүлүктү жашытты. Тасманын дагы бир өзгөчөлүгү анын 7 өлкөдө тартылганы болду. 2 жарым саатка созулган кинодо ар кандай аянычтуу, аары татаал окуялар тизмектелип отурат.
    Режиссёр Руслан Акун аталган тасма карьерасындагы эң чоң жана маанилүү жумушу экенин баса белгилейт. 14 ай боюу тартуу иштери уланган тасмадагы образдар үчүн актёрлор да алдын ала көп убакыт даярдыкта жүрүшкөн. Мыкты сценарий менен ар кандай локацияда тартылган тасма көрүүчүлөрдү терең ойго салып, тереңден таасир берди.
    Меккеге максат коюп, жөө жолго чыккан эне баланын максаты ишке аштыбы, сапарда кандай окуяларга дуушар болгонун көргүңүз келсе тасманын сөзсүз көрүп кетиңиз!

Komentáře • 2

  • @user-jm8vp1yi8d
    @user-jm8vp1yi8d Před 4 měsíci +2

    Ылайым эле балдарыбыз ушу кинодогудай - « бейиш эненин таманындагы » баладай болуп чонойушсун 🤲🤲🤲

  • @TimurMusaev-hy9ey
    @TimurMusaev-hy9ey Před 3 měsíci

    Тасмадан кийин энебиз оронуп алса жакшы болмокда озу таасир албаган экен ээ королекмин фильмди бирок актриса эжебиз да жолукчан Бет ачаарын кылса болмок