Ак куулар - Сыймык Бейшекеев \ жаңы ыр

Sdílet
Vložit
  • čas přidán 18. 02. 2022
  • #сыймыкбейшекеев #аккуулар #жаныыр #ак #куулар #элмирбекиманалиев #сыймыкэлмирбек
    АК КУУЛАР
    С. Элмирбек Иманалиевдики
    О. Сыймык Бейшекеевдики
    Айдың көлдүн кылаасы калкылдаган,
    Таң нуруна татына жаркылдаган.
    Топ ак куулар бийлешет өмүр бийин,
    Толкундардын күүсүнө шарпылдаган.
    Ак куулар ак пейилден жаратылган,
    Моюндары аппак ай жаңы тууган.
    Токтоп берсе бир сүйүп алгың келет,
    Толкундарга өптүргөн канатынан.
    Карап эле тургуң бар карап эле,
    Саматат да, каратат жана деле.
    Ак куу болуп кетсем деп ойлоносуң,
    Же болсо не ак куулар адам эле.
    Анткен менен ак куулар аруу жандар,
    Түспөлүндөй апакай арыңар бар.
    Бизде кордойт жалгызды, силердечи?
    Бирөөн таштап кетпейсиңер калганыңар.
  • Hudba

Komentáře • 58

  • @user-bs8ue2qh1e
    @user-bs8ue2qh1e Před 2 lety +9

    Сыймык сага ийгилик каалаймын талантына таазим

  • @almawmerajova7733
    @almawmerajova7733 Před 2 lety +3

    Аттииин Элмирбек агай озу тируу болуп укса жакшы эле....

  • @user-ed2qq7io1s
    @user-ed2qq7io1s Před 2 lety +10

    Мин лайк👍💐💐💐💐💐

  • @user-ud3kv5le2t
    @user-ud3kv5le2t Před 11 měsíci

    Элмир.мененГулбунун.арбагы.ыраазы.болсун!.Келечекте..мындан.да.коломдуу.булардын.суйуусун.бийик.даназалаган.чыгарма.жазын

  • @kumarkanno1131
    @kumarkanno1131 Před 2 lety +10

    Сен кыргыздын
    атыңа затың жарашкан Сыймыгысың
    жөнөкөйсүң ошол үчүн эл сүйөт.
    Жаман көз жаман сөздөн сактасын

  • @user-kv8yk9xk2o
    @user-kv8yk9xk2o Před rokem

    Сыймык чоон ырахмат досун Элмирбекти аяшын Гулбубуну ак кууларды коргосуп клип кылып чыгарып ырдаганын эки ак куунун арбагы ырасы туболук суйушкон жандар

  • @tolgonaicadyrova3040
    @tolgonaicadyrova3040 Před 2 lety +10

    Сыймык байкэ ийгилик ырларыныз мага аябай жагат

  • @user-jm7zg1uf4v
    @user-jm7zg1uf4v Před 2 lety +22

    Милион лайк болсун. Ырыңыз соонун чыгыптыр. Чыгармачылык ийгилик

    • @user-ui8ty2jp8m
      @user-ui8ty2jp8m Před 2 lety

      Сонун ыр чыгыптыр мааниси аябай сонун болуптур ишинерге ийгилик

  • @user-gb4qi4vt4w
    @user-gb4qi4vt4w Před 2 lety +16

    Апакай куу ак куулар аруу жандар…Кандай кана керемет саптар…Элмирбектин арбагы ыраазы болсун атаганат дунуйо…. СЫЙМЫК онорун оркундой берсин… Сонун чыгарма болуптур… 👍👏👏👏🌲🌳🌲🌳🌲

  • @user-bg7eh7sc6f
    @user-bg7eh7sc6f Před 2 lety +5

    Аман болунуз ийгилик

  • @taalaigulmomunova1485
    @taalaigulmomunova1485 Před 2 lety +5

    Соонун чыгарма 👍ийгилик болсун

  • @user-sz8tp3yb5g
    @user-sz8tp3yb5g Před 2 lety +5

    Сонун, бар болунуз.

  • @nurjamaltoktobaeva1369
    @nurjamaltoktobaeva1369 Před 2 lety +18

    Таланттынызга таазим Сыймык байке денсоолукта бар болунуз Аллахым сизге Узун омур чексиз бактылуулук насип кылсын чыгармачылык ийгилик каалайбыз 🤲

  • @user-pt5lr2yi9r
    @user-pt5lr2yi9r Před 2 lety +4

    Сонун чыгарма Кыргыз элинин сыймыгысын дагы да сонун чыгармаларды күтөбүз

  • @chykamhoff2150
    @chykamhoff2150 Před 2 lety +7

    Создору керемет, ак куулардай бири биринен ажырабаган суйуу баянын жазган тура. А силердечи деп, угурманга, окурманга суроо коюп. Ырдын артындагы эки аккуу, Элмирбектин элеси менен жакшы болуптур. Ырдын созу менен обону да бирине топ келгендей. Эльмирбекти кыргыз эли чексиз суйот. Сизге ийгилик, достун чыныгы жузусуз. 👍❤️🌹🌹🌹

  • @user-me3ie6nh8b
    @user-me3ie6nh8b Před 2 lety +8

    Бар болунуз.ийгилик сизге бардык чыгарманыз мааниси менен .бардык чыгарманыз жагат.

  • @user-je1pp2rh7p
    @user-je1pp2rh7p Před 2 lety +3

    Сыймык байке АЗАМАТСЫЗ!!! Элмирбек байкенин ырларын дагы жаныртып ырдасаныз ЭН ЖАКШЫ болот эле. КУДАЙЫМ БУЮРСА!!! КУТОБУЗ.
    🙏🙏👍👍👍👍👍💝❤💖💝❤💖💝❤💖

  • @user-gi1nv4lk2k
    @user-gi1nv4lk2k Před 2 lety +4

    Сонун коп жаша

  • @user-ti2xf9od5v
    @user-ti2xf9od5v Před 2 lety

    Комуз менен кобуроок ырданчы байке, мен сиздин ырларыныз менен чонойго 98 жылдан бери

  • @dinasydykova1986
    @dinasydykova1986 Před 2 lety +13

    Ушундай сонун чгарма жарткан таланттарыбыз бар учун сыймыктанам
    Азаматсыз .. баракелде 👏👏👏

  • @user-yd6eu3dq7v
    @user-yd6eu3dq7v Před 2 lety

    Сонун ыр .Сыймык аэаматсын

  • @user-ep7if3cy6b
    @user-ep7if3cy6b Před 2 lety +5

    Эки чоң таланттын чыгармасы керемет!👍

  • @user-xj8hk8kx9v
    @user-xj8hk8kx9v Před 2 lety +3

    Сыймык байке жакшы инсан, сиздин ырларынызды коп угамын. Сизди окул ата койойун дедим эле бирок ошол убакта 22 окул баласы бар экен деп укканмын, кайта ойлондум.

    • @user-zc1ds1bn2b
      @user-zc1ds1bn2b Před rokem

      Окул ата койсон болот эн мыкты адам.

  • @user-ks5dp6id1p
    @user-ks5dp6id1p Před 2 lety +10

    Соонун чыгарма мыкты экен

    • @user-vt2hw1gm1l
      @user-vt2hw1gm1l Před 2 lety +2

      Сыймык онорун оркундой берсин ишине ийгилик Аман бол Эсен бол Элдин сыймыгы болуп журо бер

  • @ulanbaizakov4315
    @ulanbaizakov4315 Před 2 lety +2

    Ийгилик Сыймык байке.
    👍👍

  • @gulnaraabykova3853
    @gulnaraabykova3853 Před 2 lety +1

    Ушул , ананайын тогорогу топ келишкен,маданияттуу инсан

  • @user-fm2kq9ku9q
    @user-fm2kq9ku9q Před 2 lety +2

    Бар болунуз Сыймык ака онорунуз оркундой берсин.

  • @gulnaraabykova3853
    @gulnaraabykova3853 Před 2 lety

    Эки эгиз ак куудай болуп, бири- бирин таштабай кетти.

  • @user-vb9bg3rv7o
    @user-vb9bg3rv7o Před 2 lety

    Элмирбек аганын экинчи аялын эске алып ыр жазыпсыз. болбосо мындан да .............
    чыгарат элениз .👍

  • @user-sq5gq8qk4r
    @user-sq5gq8qk4r Před 2 lety +1

    Сыймык аке ар дайым сиздин ырларынысты сууйуп угамын ийигилик сизге аке

  • @user-uj9el4rf3p
    @user-uj9el4rf3p Před 2 lety +1

    Мыкты чыгарма,арбактары ыраазы болсун!!!🤲😭😭😭😭😭😭😭

  • @user-zc1ds1bn2b
    @user-zc1ds1bn2b Před rokem

    Атында Сыймык заты дагы Сыймыктанып журот турган адам атанын Уулу деп айтса жарашат ата энесин жакшы жагы менен атын чыгарган чыгаан жигит ийгилик болсун.

  • @user-bb1ul4ix9z
    @user-bb1ul4ix9z Před 2 lety

    Сыймык Чыгармачылык ийгилик каалайм Иним Ден соолукта болуп үй бүлөөн менен бакубат өмүр сүр

  • @user-uu1kh8ng4n
    @user-uu1kh8ng4n Před 2 lety

    Сыймыктын ырлары баардыгы бир обон менен ырдай берет

  • @mirgulzhunusalieva1349

    мыкты ЧЫГАРМА, обону укмуш .....
    чыгармачылык ИЙГИЛИК, уй-булоолук бакыт каалайм ,Сыймыкжан🔥🔥🔥........................
    Оштогу концертти чыдамсыздык менен кутуп отурабыз , буюрса эки кун калды..........

  • @altynaibarakanova7039
    @altynaibarakanova7039 Před 2 lety +5

    Эн сонун ыр жана укулуктуу обон!!! Сизге албан ийгилик! Элмирбек ага менен Гулбу эженин суйуусун даназалаган клип тартыныз буюрса! 🙏💐

    • @user-gi1nv4lk2k
      @user-gi1nv4lk2k Před 2 lety +1

      Туура идеа.клип тартса сонун болмок

  • @user-oo7ko4mo2t
    @user-oo7ko4mo2t Před 2 lety

    Азаматсыз Сыймык аке соз жок ырга.

  • @askatsyrgabaiuulu7476
    @askatsyrgabaiuulu7476 Před 2 lety

    Сыймык бар бол сонун ырдагансын чыгармачылык ийгилик каалайм

  • @user-zi3fo2qs9q
    @user-zi3fo2qs9q Před 2 lety

    Сыймык азаматсың

  • @ashirakochkorova7471
    @ashirakochkorova7471 Před 2 lety

    Абдан жакшы чыныгыжаратылыштан алынган.Чыгармачылыгын оркундой берсин сага ден соолук тилейм.

  • @user-cj7vh8pu5h
    @user-cj7vh8pu5h Před 2 lety

    Сонун чыгыптыр

  • @talantbay5730
    @talantbay5730 Před 2 lety

    Жакшы ыр экен, чынында.

  • @user-xp5ti3wr8y
    @user-xp5ti3wr8y Před 2 lety

    👍👍👍👍

  • @user-pu3of3fe3h
    @user-pu3of3fe3h Před 2 lety

    СЫЙМЫК АГАЙ АР ИШИНИЗГЕ ИЙГИЛИК.

  • @user-iu1uw2hc5g
    @user-iu1uw2hc5g Před 2 lety +1

    Аккуулардын бирөөсү өлсө бирөөсү жашай албайт экен

  • @zhumabaeva4178
    @zhumabaeva4178 Před 2 lety

    😍😍😍😍😍

  • @user-yo6fb2dx7o
    @user-yo6fb2dx7o Před 2 lety

    Рахмат

  • @user-iu1uw2hc5g
    @user-iu1uw2hc5g Před 2 lety +2

    Гүлбү менен Элмирбекти ырдаптыр да

  • @user-zi3fo2qs9q
    @user-zi3fo2qs9q Před 2 lety

    Талантыңа таазим

  • @instrumentalstan4388
    @instrumentalstan4388 Před 2 lety +2

    Кее бир жерлери бир угулуп бир угулбай калыптыр го

  • @user-vn4fd1bl8v
    @user-vn4fd1bl8v Před 2 lety

    👍👍👍👍👍👍👍👍👍