Токтобек Асаналиев & Миргүл Асаналиева - Сен менин түшүмсүңбү (Official Video)
Vložit
- čas přidán 23. 12. 2023
- Премьера песни
Токтобек Асаналиев & Миргүл Асаналиева- Сен менин түшүмсүңбү (Official Audio)
Слушать / Скачать: infinity.ffm.to/senmenin
Follow Toktobek Asanaliev:
toktobek_asanal...
profile.php?...
Сен менин түшүмсүңбү
Сөзү: Өмүрбек Дөөлөев
Обону: Атайбек Бөдөшов
Өттү мезгил сен өчпөдүң көңүлдөн,
Жүрөгүмдөн орун алдың өмүрдөн.
Недир билбейм түштө бирге жашайсың,
Эске салып күндөрүмдү көрүнгөн.
Өмүр атын миң чуркатып арытпай,
Махабатым миң жолугуп кайыптай.
Улам бийик, улам ыйык сезилдиң,
Бир кылымдан бир кылымга жарыктай.
Издесем да канаттарым кайрылып,
Калсам дагы канча жылдар айрылып.
Түңүлттүрбөй түштө өзүң жомоксуң,
Каркырадай жазда келген кайрылып.
Сөздөрүңдө жөндөмөдөй жөндөлүп,
Менде жашап калганына шерденип.
Ойгонсом түш, сен барасың жаркырап,
Унутуумдан учкан жылдыз өңдөнүп.
Ар бир күн-түн сенден мага гүлдөрбү,
Сага айланып жашай берем күндөрдү.
Санаамда сен көргөн жакшы түшүмсүң,
Сага айланып жашай берем түндөрдү.
Бир ыр болуп кайталанып түбөлүк,
Ойлорума күнү-түнү ширелип.
Сезимимдин күнүндөйсүң жаркытып,
Өмүрүмдү өзүңө сен имерип. - Hudba
Баракелде бар болгула, ийгиликтүү чыгармачылык каалайм!
Около ырчылар эле болсо керек
Экөө тен мыкты ырчылар ийгилик
Чиркин почти кундо угам го🤩🤩🤩👍
Уккун келе берет
Экоосуно аябай ыр жарашат экен ундору сонун
Биринчи 🎉соонун ыр
Отту мезгил сен очподун
сен очподун конулдон
Журогумдон оорун алдын
Оорун алдын омурдон
Неге билбейм тушто бирге
Тушто бирге жашайсын
Эске салып кундорумду
Эске салып тундорумду
Токтобектин кызыбы же карындашыбы Миргул