АЙЫККЫС КYЙYТ - СЫЙМЫК БЕЙШЕКЕЕВ клип 2024
Vložit
- čas přidán 9. 01. 2024
- #сыймыкбейшекеев #айыккыскуйут #жаныклип2024 #клип2024 #дастанырлар #сыймыкклип #2024
АЙЫККЫС КҮЙҮТ
Сөзү: Бактыгүл Сейитбекова
Обону: Сыймык Бейшекеев
Жүрөгүм кысат эстеген сайын,
Жүлүнүм сыздап, чыкчудай жаным.
Айыккыс күйүт өзөктү өрттөп,
Арманым күчөп жүрөмүн дайым.
Тагдырга кандай туш болдум эле,
Туурумдан учкан куш болдум беле.
Ишенчээк жаным алданып калып,
Изимди антип жашырдым неге?
Тогуз ай бою омурткам сыздап,
Толгонуп эчен көтөрдүм чыдап.
"Атасы ким?" деп суракка алып,
Айылга барсам эл ушак кылмак.
Жашырып сени жарыкка келген,
Жакшынам элең Кудайым берген.
Жапжалгыз өзүм жалаң кат ороп,
Жашикке таштап кылчайбай кеткем...
Жашиктер катар таштанды толгон,
Жалгызым сенин жайың бир болгон.
Чыдабай кайра таңга жуук келдим,
Энелик сезим жанымды койбой.
Таппадым сени таштаган жерден,
Татынам мага окшош кыз элең.
Таштанды шимшип жойлогон иттер,
Тарпыңды сүйрөп талашып жеген.
Жалаяк жатат орогон сени,
Жанымды коёр жер таппай деги.
Узады жылдар арадан учуп,
Болбодум эне күйүтүм жеди.
Жазалап мезгил көрбөдүм бала,
Жабыктым, күйдүм таппадым арга.
Айыккыс күйүт өзөктү өрттөп,
Арманым күчөйт, арылбай санаам.
Айыккыс күйүт өзөктү өрттөйт,
Арманым күчөйт табылбай арга... - Hudba
Актриса кыз укмуш аткарыптыр прям ошол окуяда жашап аткарыптыр журогу мн корунуп турат професионал экени.Чон чон кинолордон кутобуз.
Ыр деген ушундай маанилүү болсо, 3 минутка жетпеген ырлар менен хит эмес ит болгондон көрө.
Азаматсыз Сыймык байке
Эл эмне деп жашаганыбыздын аркасы ушундай да😢😢😢😢Ушундайга турткунчук болгон эркектерди да жоопко тартыш керек бир нерсе десе аял байкушту озу жатып берген дешет жатып бергенде эле эч нерсе кылбагансып. Акыркы кундун актуалдуу темасын чагылдырган сонун чыгарма чыгармачылык ийгилик Сыймык байке😢😢😢😢😢😢
Бир эле эркекти куноолобогуло ошого повод берген кыздарда да бар экоо тен куноолу.
@@nursultan890эркек ошого чейин аялды алдап,Ичи койнуна кирет.Аял киши ишенчээк келет.Экоо Тен куноолуу
Аллахым ушундай да болобу?
Аягында не болду
👍🏻👍🏻👍🏻👍🏻👍🏻
Коруп ыйлап ийдим мага окшоп ыйлагандар барбы журоко жете турган болуп тартылыптыр 😢😢😢Онорунуз оркундой берсин бироо Зар бала бироого кор бала коргондорго сабак болор айрыча мырзаларга.
Бугунку кундун койгойу. Абдан жан жуйнону , сай соокту сыздаткан ыр жана клип болуптур! Талантынызга таазим❤ Сыймык куда! Бар болунуз!
Сыймык агайдай эч ким чыгара албайт дастанды, ийинине келтире ырдайт. Амандыкта болунуз, сиз журокко жеткиресиз ар бир куйутту.
УЧУРДУН ТАЛАБЫНА ЫЛАЙЫКТУУ ЧЫГАРМА БОЛУПТУР 😢, УШУЛ ЧЫГАРМА ЖАШТАРЫБЫЗГА ЧОҢ САБАК БОЛСО ЭКЕН ДЕП НИЕТ КЫЛАЛЫ, ЭЧ КАЧАН НАРИСТЕЛЕР ТАШТАЛБАСЫН🤲
СЫЙМЫК АКЕ СИЗГЕ БЕКЕМ ДЕН СООЛУК, ТАЛАНТЫҢЫЗГА ТААЗИМ БАР БОЛУҢУЗ ✊🤝👍🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬.....
😢😢😢😢 АЛЛАХЫМ ар бирибизге ыйман берсин. Уулдарыбыз,кыздарыбыз ыймандуу, акылдуу болуп чонойсун .Эч ким жолунан адашпасын
Мыкты чыгарма талантынызга таазим 😢😢 өзүңүзгө бекем ден соолук үй бүлөөңүзгө ынтымак берсин
Дене дүркүрөп чыкты чынында шумдук болуптур👏🏻👏🏻👏🏻👏🏻😢😢😢😢😢
Азыркы учурдун актуалдуу, глобалдуу темасын чагылдырыпсыз ырынызда! Баарыбыз коруп, сабак алчуу чыгарма экен! Сизге дагы чыгармачылык ийгилик, бийиктиктерди багынтып, хит ырларды жаратып журо бериниз урматтуу Сыймык Бейшекеев!!!
Клип өтө сонун. Тартылаган жаш актриса өтө сонун аткарган ❤️🔥
Нуриза эже супер,азаматсыз,дагы да клиптерден күтөбүз,мыкты аткарат экен,дагы да клипке тарткыла,таланты сонун
Чындыгында жаш актриса мыкты аткарган ,анан да актрисалар,дагы да клиптен күтөбүз эжеке
Элибизди тарбиялай турган чыгармалар зор болсун. Чыгармачылык ийгилик,омурлуу бол иним.❤
Сыймык азаматсын, 2024- жылдын мыкты клипи болуптур, тарбиялык мааниси да таасирлуу, талантына баракелди!!!
Баракелде,сонун ыр, клип талантың ташкындап, өнөрүң өркүндөп,тарыхта изиң калып,элдин сыймыгы болуп жүрө бер!
Жүрөктү ооруткан чыгарма экен!!!Тагдырдын ачуу чындыгы!!!Кудайым уул-кыздарыбызды түз жолунан адаштырбасын!!! Жүрөктөрүно ыйман толсун!!
Азыркы мезгилдин адамды ойлонто турган чыгарма болуптур ......айрым адамдарга сабак.болот деп ойлойм.....тагдыр ......калемин курчуй берсин Сыймык ,чыгармачылык ийгиликтерди каалаймын .
Нургиза молодец ❤ ты сыграла прекрасно и все эмоции передала 🥹✊
Сыймык сага рахмат. Бул чыныгы актуалдуу проблема, турмушту чагылдырган, ачуу чындыкты чагылдырган чыгарма болуптур. ❤❤❤
Мумкун, коп жаштарды ойлондуруп, туура жагын тандоого, бир себеп болоор. Чыгармачылык ийгилик. Аман бол элдин Сыймыгы.❤❤❤
Актриса кыз жеткире сонун аткарыптыр 👍👍
Эн соонун ыр болуптур соз жок Сыймык байке эн соонун ырдайсыз создан ырларынызды кубануу мн угамын
Азыркы убактагы актуалдуу тема😢мыкты клип🔥
Ото окунучтуу,чындыкты чагылдырыпсыз,журок зырп эте тушту
Жакшы чыгарма болуптур Сыймык акенин ырлары менен чонойтуко керемет
Нургиза молодец.👍🏻 . Успехов тебе в корьере 😘
Кудай ай энелер кыздарынар мн сырдаш дос болгулачы 😢😢😢😢😢😢бир ойлонбой баскан кадамы омур бойу азап мн отпош учун кыз мн эне дос сырдаш болуш керек 😢
Актуалдуу тема😢😢😢 Жаш актриса мыкты аткарыптыр. ASKA MEDİA ютуб каналында интервьюсу да бар
Ушунчадык жүрөгүм зыркырады.
Кудай сактасын тооба кылдым коркуп эле кетим.
Азыркы болуп жаткан корунушко Сыймык агабыздын тарбиялык ыры экен.Сизге таазим
Сыймык байке аябай сонун чыгарма болуптур өзөгүмдү өрттөп жерди чыгарма чылыгынызга ийгилик!!
Сыймык мырза талантынызга таазим. Учурдун глобалдуу проблемасын чагылдыргансыз...
Кыргыз кыздары намыстту болгула,бир алакандай жериңержи сактап кумарга алдырбагыла.Мындай оялар коомдо көп эле болуп атат.Сыймык байке мыктысыз❤
Эркектерге дагы намыс берсин алдап салдап орто жолго таштап кетпесин 😢
Кыргыз кыздарын алдаган эркектерге айтын намыстуу, созго бекем турган жоопкерчиликтуу болгула деп, качан болсо аялга оодарып койосуздар
Нургиза эже сиз менен сыймыктанам❤
Чындыгында баардык жагынан мыктысыз😘😘😘😘😘
Мыкты инсандан,тарбиясы зор чыгарма👍👍👍
Бар болуңуз,Эл Сыймыгы👏👏👏
Бактыгул Чотурованын чыгармачылык кечесинен коп жыл мурун угуп качан чыгат болду экен деп аябай кутуп жургом азаматсыз Сыймык байке сизге чыгармачылык, ийгилик каалайм❤❤❤
Ай кудайым ай адамдар эмне болуп баратабыз.
Аябай сезимди козгогон чыгарма болуптур.Талантың өркүндөй берсин.
2024жылыбыздын эң маанилүү мазмундуу клиби болуптур ❤Сыймык агабызды колдогондор барбы туугандар класс баса кетебиз анда
Аллахым ар бирибиздин жүрөгүбүзго бекем ыйман берсин!
Бекем ыйман гана ар кандай ыплас иштерден тосот.
Азамат Нургиза образды мыкты жеткире аткарыпсын таланты н ташкындай берсин ийгилик❤❤❤
Сонун 👍😍 жаштарга тарбиялык мааниси абдан жакшы болуптур 😍 эч кимдин энеси ыйлабасын, балдар бактылуу болушсун 🥰 ишиңиздерге ийгиликтерди каалайбыз 🔥 Нургиза биздин мыкты окуучубуз❤️
Ай кандай соонун клип чындап азыркы тумушту чагылдырыптыр кыргызымдын кыздары ар намыстуу болсо экен баарыны ыйман берсин омиин
Жекшенова Нургиза Талатбековна ,маладец таланты на таазим ,мыкты аткарыптырсын бактылуу бол,атактуу актрисалардын оордун толуктай беришине тилектешпиз
Эн сонун ыр журокту эзген кыздар кандай абалга туш келсенерда баланарды таштабагыла силер.энесинер Сыймык мен сыйлап кадырлаган ырчы зоболон жогору болсун дайыма
Сыймык байкени ыры журоко жетет бары сонун ырлары бар сылыктарды ушул байке Алма сонун болмок😢❤❤❤❤
Кандай сонун уккулуктуу ырлар, талантыңыз ташкындай берсин Сыймык байке
Нургиза молодец өтө сонун өнөрүң өркүндөй берсин мындан ары дагы көптөгөн ийгиликтерди жарата бер👍👍👍
Сыймык калемиң курчуй берсин өмкрлүү бол
Абдан таасирдүү жазыптыр рахмат сизге Сыймык ага көрүп жүрөгүм ооруду
америкадан чон салам !
👍👍🇰🇬
Мына сага ыр, мына сага клип.отто соонун отто маанилуу !
Сыймык байке тарбиялык мааниси чон ырлар казалдар чыгарганызга таазим.
Сыймык байке чыгармачылык ийгилик атыңызга затыңыз жарашкан инсансыз
Сыймык Бешекеев сизе ийгилик
Чыгармачылык ийгилик укмуш чыгарма болуптур
Жакшы Дастан болуптур журокту ооруткан
Аябай сонун Сыймык уулум ылайым омурун узууун болсун Аллахым колдоп журсун Омиин 🤲🏻 Кана Эми адамдар ыбрат алса
Молодец Нургиза онорун оркундой берсин ,соонун тарбиялык клип болуптур 😊🎉😢
Тарбиялык мааниси терен, журоктун тупкуруно жеткен, ыр саптар, клиптеги каарман мыкты аткарган.
Сонун чыгарма😢журокко тийди
Аябай сонун клип болуптур. Актриса мыкты аткарыптыр 🎉🎉🎉
Сыймык,омурлуу бол.Эн таланттуу адамсын
Соонун болуптур Сыймык байке👏 Нургиза жакшы аткарыптыр👍
Учурга ишенип келечекке план түзүп алданып ак ниеттер ишке ашпай жер оодарылгандай жашоон алмашып не деген үмүттөр менен кыялданып жашайбыз!
Көрсө адамдар маанайга жараша сүйлөп убада берип, а биз болсо ишенип жашообуздун баарын арнап берип… орто жолдо эч кимге кереги жок бир буюм сымал калат экенбиз!
Баласын таштап энесине өзү жоопкерчиликтен качкан жоопкерчиликсиз эркектер көп! Эле көзүнө ☑️ биртке жардам берген болуп тийип качкан аталар көп, балдарын бат эле унутуп жаны жашоо баштап бат эле жаны төрөлгөндөй болуп эскини унуткан эси жок аталар көп!
Бирөөнүн бактысын тартып бирөө бактылуу болгон адамды көргөн жокмун, мүмкүн бактылуу бирок убактылуу бир учурда гана, бирөөнүн чүрөктөй кызы периштедей болгон наристелердин убалы бар….сөзсүз жараткан мезгили менен таразалайт жообун ошого жараша ар бир адам алат.
Жоопкерчиликти, милдетин билбеген эркектер көп!
Ажырашканда бала энесинде калдыбы компенсация төлөп берилүү керек мисалы миллион ага канча бир убакыт аралыгында төлөө жагы каралып же болбосо алимент менен бала 18ге чыкканга чейин ошол компенсацияны төлөө,милдеттүү түрдө энени балдары менен үй менен камсыз кылып берүү милдетин артып ушул сыяктуу мыйзам чыгарса ажырашуулар азаймак деп ойлойм!Бул менин жеке пикирим эркектер чычалабагыла коомубузда жоопкерчиликсиз кийген шымына ылайык эмес сөзүнө турбаган эки жүздүү жалганчы эркектер көп!
Статистика боюнча жалгыз бой энелер көп балдары менен квартиралап күнүмдүк оокатына иштеп өзүн курман кылган баатыр энелер көп.
Ошондой үй бүлөөсүн таштаган эркекке экинчи болуп тийип жаткан кыздар бир күн сени дагы ташташы толук мүмкүн!
Сыймык бейшекеевдин ырлары мага жагат.
Тарбиялык мааниси терең,актриса жеткире аткарыптыр
Укмуш чыгарма болуптур ай😢
Откундой омур ...
Ыйлап ыйлап алдым жашоон кургур😢😢😢
Абдан сонун ыр актриса кыз сонун аткарыптыр журогум оруп турат 😢😢😢😢😢😢
Чыгармачылык ийгилик.
Клип жакшы чыгыптыр ,ыр дагы.
100% молодец.Сыймык байке.😢😢😢
Азаматсынар,сонун чыгарма аты эле айтып турбайбы бул клипти аткарган эже синдилерибиз бизге даана жеткизди эн сонник аткарышыптыр Аллах ОЗУ колдосун сиздерди
Сыймык байке, клип сонун, ишинизге ийгиликтерди каалайм, ото мааанилуу клип болуптур!!!
Бар болунуз❤денсолукта болунуз тез тез чыгыптурунузчу сагындым унузду❤
Клип укмуш жаш кыздын ролун аткарган актриса соонун аткарыптыр
Тарбиялуу клип болуптур ❤👏💐
Жакшы килип болуптур
Бали оркунун оссун ❤
😢😢😢😢😢 Эркек күнөөлүү баарына.
Чынында эн мыкты клип болуптур!
Аттиң дейбиз.. Сыймык Бейшекеев азаматсыз,ийгилик коштосун!
Өтө мыкты аткаруу🎉
Сыймык байке талаттынызга таазим🙏🙏 Клип аябай сонун болуптур 👍👍 журок ооруйт го😢 Азыркы жашоодон алынган клип болуптур ушундан сабак алгандар бар болуш керек. Бул ырыныз менен канчалардын откон жашоосун эстетиниз экен 😢Сиздин ырлар аябай манилуу уккун эле келет😊 Бар болунуз омурунузго берекке ушундай ырларды коп коп жаратыныз🤲🤲🤲🤲🤲
Ыйладым...Бул ыр күкүк энелерге таштанды балдарга арналган жүрөк өйүткөн жан дүйнөңдү антарган сонун уккулуктуу чыгарма болуптур
Кайрадан балалык кезимдеги сизди көргөндөй болдум. Сизге ушундай Ырлар жарашат. Ал эми замандын көйгөйүн туура чагылдырыпсыз
Эн соонун чыгарма болуптур
Иттер талашкан жеринде журогум тилинип тилинип кеткендей болду, журогум жаным менин балапаным, эч бир наристенин башына мындай тагдыр салбасынчы Аллахым
Оо кудайым жараткан ыйман бере кор
Эсибизге келечи адамзат
Кудай сактасын.😢😢😢😢😢Ар бир инсанга кудай ыйман берсин
Молодец оркунун осмун👍
Коруп алып ыйладым байкуш балада эмне айып, аябай таасидуу чыгыптыр Сыймык байке. Чыгармачылык ийгилик
Кыздарыбыздын ачылып чачылып жургону ушуга алып барып жатат
Тынара абдразаева сонун ойноп коюптур.азамат чыгармачылык ийгилик. Сыймык бейшекеевке чон ыракмат.бар болгула.апа.
Абдан сонун мыкты
Актриса которая играла роль девушки она реально донесла всем зрителям истину 😢😢песня то что происходит на нашей земле и стране 😢😢
актриса эже такая красивая❤️эн жакшы аткарыптыр
Сыймык байке унунузго береке. Абдан бир адамды ойго салган ыр дагы, клип дагы болуптур.😢