Досума - Сыймык Бейшекеев

Sdílet
Vložit
  • čas přidán 15. 11. 2020
  • Досума
    С. О. Сыймык Бейшекеевдики
    Бул ыр, бул дүйнөдөн көзү ачык кеткен, маркум биздин досубуз Таалай Бектургановдун жаркын элесине багышталмакчы...
    Көөдөнүмдөн муң арылбай жатты,
    Көкүрөк дарты жарылбай жатты.
    Убакыт учат зымырык куштай,
    Уйкусуз далай таңдар да атты.
    Колдон бир келбес иш экен аттиң,
    Козголбос жайга сен эми кеттиң.
    Чымындай жаның чыркырап кетти,
    Чын кеткениңди мен бүгүн сездим.
    Эмне мынча сен эртелеп кеттиң,
    Элиңдин бүтүн жүрөгүн эздиң.
    Укканда сени ишене албай,
    Ушак бул жалган бир кептир дедим.
    Арман күн андай болбоду досум,
    Ыр бутагына конбодуң досум.
    Аталап ыйлаар туяк калтырып,
    Анан кийин не соолбодуң досум.
    Арбыбай сенин кадамың досум,
    Арылбай жакшы арааның досум.
    Сыздатып коюп сен учуп кеттиң,
    Сагындык сенин карааның досум.
    Артыңдан калган досторуң досум,
    Армандуу коштойт үнүңдү досум.
    Черткенде черди таркатчуң аттиң,
    Гитардын кылы үзүлдү досум.
    Арман ыр жүрөк толгойт го досум,
    Өзүңдөй эми болбойт го досум.
    Эрте алып кеткен арадан бөлүп,
    Боору таш ажал тойбойт го досум.
    Булактын көзү соолдубу досум,
    Буурчак жаш көзгө толдубу досум.
    Береним бизден бөлүнүп учтуң,
    Бейишке жаның кондубу досум.
    Узатып бирге өзүңдү жоктоп,
    Табигат кошо ыйлады досум.
    Таарыныч айтып тагдырга наалат,
    Канча жаш жүрөк сыздады досум.
    Тууганың менен досторуң досум,
    Жүргөнбүз сени жан тутуп досум.
    Келдиң да кайра шашылыш кеттиң,
    Ата-энең калды кан жутуп досум.
    Сүйгөнүң калды артыңдан жоктоп,
    Сүйлөбөй сенин жүрөгүң токтоп.
    Кантели тагдыр ушу экен арман,
    Аркаңда калдык буркурап-боздоп.
    Күлгөнүң күнгө тең эле Таалай,
    Күйүткө салдың эң эле Таалай.
    Таалайы тайкы адамдай болуп,
    Тагдырың неден кем эле Таалай.
    Кызарып күнүң баттыбы досум,
    Күкүктөй үнүң каттыбы досум.
    Жалынсак дагы келбейсиң кайра,
    Жаннатка жаның жаттыбы досум.
    Булутка күнүң баттыбы досум,
    Булбулдай тилиң каттыбы досум.
    Ыйласак укпай сен кетип калдың,
    А дүйнө эмне жактыбы досум?
    Туулган жериң Чаткалың досум,
    Турпагын жаздап сен жатканың досум.
    Адамдын баарын өзүндөй көрбөй,
    Жүрсөң бир болмок сактанып досум.
    Эзилип жүрөк зырп этти досум,
    Ээ кылбай ажал шыр кетти досум.
    Буркурап, боздоп биз калып калдык,
    Ырдалбай канча ыр кетти досум.
    Энеңе кыйын иш болду досум,
    Кандай бир күнгө туш болдуң досум.
    Бектурган уулу Таалайбек өзүң,
    Элиңен кеткен бир куш болдуң досум.
    Ырларың калды аманат досум,
    Унутулбай ырың ырдалат досум.
    Таалайбек деген атың жүрөктө,
    Түк өчпөс болуп сакталат досум.
    Унутулбай ырың ырдалат досум,
    Кош, эми Таалай, тынч укта досум...
    1995-жыл, декабрь айы
  • Hudba

Komentáře • 778

  • @temirlankubanov8271
    @temirlankubanov8271 Před 3 měsíci +144

    2024 ушул ырды укандр болсо лайктан басып койунздр

  • @user-jc6gt9yv6x
    @user-jc6gt9yv6x Před 6 měsíci +113

    2024. угуп. Акырет күндү эстеп ыйлагандар барбы. Жашоо 3 күн эле Жакшыларым. Кечеги күн кетти. бүгүн жашадык. эртеңки күн белгисиз. Өлүм ХАК. 😢

    • @user-ld4lz5zs9z
      @user-ld4lz5zs9z Před 3 měsíci +2

      Мен 2024 угуп жатам
      Энекем эски ырларды угат ошол себептен менда угуп турам аябай маанилүү ыр экен
      Угуп турсаң көздөн жаш агат го өзү эле 😢
      байкуш Таалай деген эмне болуп өлөт экен? Досу үчүн ыр туугандарды биринчи ирет көрүп атам😮 .

    • @user-py4xf5vy1m
      @user-py4xf5vy1m Před 13 dny +1

      Салам досм

  • @dinarahasirdinkyzy-gq1yk
    @dinarahasirdinkyzy-gq1yk Před rokem +264

    2023 ушул ырды укандар барбы Атамдан ажырап калдым жаткан жери жайлуу болсун дуа кылып коюнуздарчы ,😭😭😭😭

    • @GAMEOVER-nq6oe
      @GAMEOVER-nq6oe Před rokem +4

      Кайрат кылыныз

    • @user-ek7bg9ix9o
      @user-ek7bg9ix9o Před rokem +1

      Жаткан жери жайлуу болсун Аллах Бейишинин торунон оорун берсин

    • @azamatkyiazov6881
      @azamatkyiazov6881 Před rokem

      Аллах Өзү ырайымына алсын.Артынан көп-көп намаз окуп,куран окуп,жакшы амалдарды жасаңыз.Өткөндөргө биздин ошол жакшы амалдар гана пайда берет.Аллах сабыр берсин аамийн.

    • @user-en5qw3cp6g
      @user-en5qw3cp6g Před rokem

      Мен дагы ажырадым атаман ,атанын ордун эч ким басаалбайт ,мурзосуно барып куран окуйм ,Нарынга барган сайын

    • @user-fn7bs8us7u
      @user-fn7bs8us7u Před rokem +1

      Аллахым бейишинен орун берсин🤲🤲

  • @user-ps7ju5mr6n
    @user-ps7ju5mr6n Před 3 lety +249

    Сыймык
    Бейшекеев достука бекем экен

  • @user-pw6hx8yf3h
    @user-pw6hx8yf3h Před 3 lety +366

    Сыймык байке ушунчалык сонун адамсыз сизге терен таазим🙏

  • @user-ms6zs7nn3n
    @user-ms6zs7nn3n Před 3 lety +259

    Чаткал эли сени эч качан унутпайт Таалай байке жаныңыз жаннатта болсун!

    • @user-tf9ef9du5m
      @user-tf9ef9du5m Před 2 lety +9

      Таалай байкени кантип унутабыз

    • @user-tn2bu7rz3x
      @user-tn2bu7rz3x Před 2 lety +4

      Чаткал жергеси эле эмес буткул Кыргызстан унутпайт жана буткул Эл учун эн чон жоготуу болду арман дуйно айла жок ажаалды эч ким токтото албайт экен 😥😥😥😥😥ырларын укан сайын журок сыздайт

    • @user-px3fd1rz8x
      @user-px3fd1rz8x Před rokem +2

      Чаткал эмес бут кыргыз эли
      Унутпайт мындай жигиттер
      Бизде сааналуу гана биздин
      Жомартыбыз,Токтогул эле

    • @BMWm5hurricanerrc
      @BMWm5hurricanerrc Před 11 měsíci +1

      Токтогулдуктар дагы унутпайт!!!

    • @BesnaSdez
      @BesnaSdez Před 6 měsíci +2

      Жаш кезде кассетадан укчу элек... Арман, эрте кетти... Жаткан жерин жайлуу болуп, бейиштен оорун ал, Таалай! Кандай гана мукамдуу унун бар эле... Чиркин, тагдыр...

  • @user-bn1uv8id7o
    @user-bn1uv8id7o Před 3 lety +196

    РАКМААТ !!! СЫЙМЫК ДОСТУКА БЕКЕМ СЕНДЕЙ ДОСТОР АРАБЫЗДА КОП БОЛСУН .ЖАН ДУЙНОСУ ТАЗА, УУЛУ КИЧУУГО БИРДЕЙ МАМИЛЕ КЫЛГАН ,МЭЭРИМДУУ СЕНДЕЙ ,УУЛДУ ТАРБИЯЛАП ОСТУРГОН АТА ЭНЕНЕ ЧЕКСИЗ АЛКЫШ АЙТАР ЭЛЕМ !!!

  • @user-tc3hj8sx8k
    @user-tc3hj8sx8k Před 3 lety +185

    Таалай агамдын ырларын угуп чонойдук аттин😥😥😥. Жаткан жери жайлуу болсун топурагы торко болсун

  • @insanbegaliev9428
    @insanbegaliev9428 Před 6 měsíci +44

    2024-жылы угуп ыйлап олтурам Сыймык досумдан айрылып😢

    • @user-bz6ev6dq9j
      @user-bz6ev6dq9j Před 6 měsíci

      Жаткан жери жайлуу болсун

    • @Aiperi882
      @Aiperi882 Před 5 měsíci

      Сыймык Бейшекеев оттубу

    • @sapsak_308.
      @sapsak_308. Před 5 měsíci +1

      ​@@Aiperi882Сыймык деген досун айтып жатат . Өзүнүн

  • @user-ex3wv1qc4b
    @user-ex3wv1qc4b Před 3 lety +118

    Досторунду унутпаган азамат экенсин. Р.Санатбаевди, Таалайды эскерип турасын ар жылы. Аттин, булардын катарына Элмирбек да кошулуп калды. Анын уул- кыздарына болгон мамилене аябай ичим жылыйт. Сезимге окул ата болгонунда менин кызыма окул ата болгонундай кубандым. Бул ырдын чыкканына деле 20 жылдан ашса керек. Унундон жаш экенин байкалат. Таалайды ушунча жылдан бери эскерип турганына рахмат. Арбагы ыраазы болсун.

    • @user-mr9ji6yn3e
      @user-mr9ji6yn3e Před 3 lety

      Калмурат Рыскулов деген да мыкты обончу болгон

    • @ranropifox2158
      @ranropifox2158 Před 3 lety

      К

    • @user-py4xf5vy1m
      @user-py4xf5vy1m Před 13 dny

      Саламелекум мен озбекистандик киргзмин каментарйанздан билдим конунгз ачык Адам екенсиз

  • @user-be2mt6sn8z
    @user-be2mt6sn8z Před 3 lety +140

    Ырдалбай канча ыр кетти.Ырлары унутулбай ырдалып келет.

  • @user-sw1jo1mb6k
    @user-sw1jo1mb6k Před 6 měsíci +61

    2024 жыл угуп ыйлагандан барбы мен ыйладым😢

    • @user-iw1gb8jn9q
      @user-iw1gb8jn9q Před 4 měsíci

      Мен бармын бир тууганым менин дагы жакын досумдун омурдон кеткенине бугун 3жыл болду сагындым кан досумду

    • @user-vm8lf8ed7d
      @user-vm8lf8ed7d Před 2 měsíci

      Жок😢

    • @user-kr8fh9dr1c
      @user-kr8fh9dr1c Před 2 měsíci

      Менда отто ыйлайм себеби менин да иним 35 жашка чыгып эртеси оттуп кетти кокустан

  • @amanturokumbekov6344
    @amanturokumbekov6344 Před 2 lety +191

    Көөдөнүмдөн муң арылбай жатты,
    Көкүрөк дарты жарылбай жатты.
    Убакыт учат зымырык куштай,
    Уйкусуз далай таңдар да атты.
    Колдон бир келбес иш экен аттиң,
    Козголбос жайга сен эми кеттиң.
    Чымындай жаның чыркырап кетти,
    Чын кеткениңди мен бүгүн сездим.
    Эмне мынча сен эртелеп кеттиң,
    Элиңдин бүтүн жүрөгүн эздиң.
    Укканда сени ишене албай,
    Ушак бул жалган бир кептир дедим.
    Арман күн андай болбоду досум,
    Ыр бутагына конбодуң досум.
    Аталап ыйлаар туяк калтырып,
    Анан кийин не соолбодуң досум.
    Арбыбай сенин кадамың досум,
    Арылбай жакшы арааның досум.
    Сыздатып коюп сен учуп кеттиң,
    Сагындык сенин карааның досум.
    Артыңдан калган досторуң досум,
    Армандуу коштойт үнүңдү досум.
    Черткенде черди таркатчуң аттиң,
    Гитардын кылы үзүлдү досум.
    Арман ыр жүрөк толгойт го досум,
    Өзүңдөй эми болбойт го досум.
    Эрте алып кеткен арадан бөлүп,
    Боору таш ажал тойбойт го досум.
    Булактын көзү соолдубу досум,
    Буурчак жаш көзгө толдубу досум.
    Береним бизден бөлүнүп учтуң,
    Бейишке жаның кондубу досум.
    Узатып бирге өзүңдү жоктоп,
    Табигат кошо ыйлады досум.
    Таарыныч айтып тагдырга наалат,
    Канча жаш жүрөк сыздады досум.
    Тууганың менен досторуң досум,
    Жүргөнбүз сени жан тутуп досум.
    Келдиң да кайра шашылыш кеттиң,
    Ата-энең калды кан жутуп досум.
    Сүйгөнүң калды артыңдан жоктоп,
    Сүйлөбөй сенин жүрөгүң токтоп.
    Кантели тагдыр ушу экен арман,
    Аркаңда калдык буркурап-боздоп.
    Күлгөнүң күнгө тең эле Таалай,
    Күйүткө салдың эң эле Таалай.
    Таалайы тайкы адамдай болуп,
    Тагдырың неден кем эле Таалай.
    Кызарып күнүң баттыбы досум,
    Күкүктөй үнүң каттыбы досум.
    Жалынсак дагы келбейсиң кайра,
    Жаннатка жаның жаттыбы досум.
    Булутка күнүң баттыбы досум,
    Булбулдай тилиң каттыбы досум.
    Ыйласак укпай сен кетип калдың,
    А дүйнө эмне жактыбы досум?
    Туулган жериң Чаткалың досум,
    Турпагын жаздап сен жатканың досум.
    Адамдын баарын өзүндөй көрбөй,
    Жүрсөң бир болмок сактанып досум.
    Эзилип жүрөк зырп этти досум,
    Ээ кылбай ажал шыр кетти досум.
    Буркурап, боздоп биз калып калдык,
    Ырдалбай канча ыр кетти досум.
    Энеңе кыйын иш болду досум,
    Кандай бир күнгө туш болдуң досум.
    Бектурган уулу Таалайбек өзүң,
    Элиңен кеткен бир куш болдуң досум.
    Ырларың калды аманат досум,
    Унутулбай ырың ырдалат досум.
    Таалайбек деген атың жүрөктө,
    Түк өчпөс болуп сакталат досум.
    Унутулбай ырың ырдалат досум,
    Кош, эми Таалай, тынч укта досум...

    • @uulbolsunimanalieva9378
      @uulbolsunimanalieva9378 Před 2 lety

      🔥

    • @user-qi4es1iu8j
      @user-qi4es1iu8j Před 2 lety

      👍👍👍

    • @user-nb5oy1og9b
      @user-nb5oy1og9b Před 2 lety +1

      Аттиң арман
      Жаннаттан орун берсин.
      Ата-энесине сабыр берсин!😭

    • @facetoface3724
      @facetoface3724 Před rokem

      Рахмат

    • @aidanamaksatbek2526
      @aidanamaksatbek2526 Před rokem +1

      Уккан сайын ыйлагым келет, кээде ыйлап да алам. Мектепти чогуу окуган длсум каза болуп калган эле😢😢😢

  • @akyl2118
    @akyl2118 Před 2 měsíci +4

    2022 досумдан айрылдым уккан сайын журок зырылдайт жалгыз досум

  • @user-zq9rx2cd3s
    @user-zq9rx2cd3s Před rokem +111

    Уккан сайын кечеки тажиктер менен болгон согушта каза болгон служактарым сержантарым досторум еске тушот 😢 жаткан жеринер жайлуу болсун иншаллах бир кун алардан очувузду алавыз колдон келсе рахмондун озун олтуровуз дагы бир жолу жаткан жеринер жайлуу кудайым бейишинен орун берсин

    • @user-bv1lf4jb2p
      @user-bv1lf4jb2p Před rokem +5

      Салам алейкум тууганым өч алуу болбойт туура эмес ,АЛЛАХЫМ ОЗУ ЖАЗАСЫН БЕРЕТ досум,сени туура тушуном жакын досунан айрылган адам катары сени ото кату тушуном досум ✊

    • @janybekmukanbetov8844
      @janybekmukanbetov8844 Před rokem

      Иншаллах буйруса 🐕🐖 цыган таджиктерден өч алабыз шейит кеткен жигтербиздин каны теке кетпейт таджиктерден өч алабыз таджиктерди көргөн жерден өлтүрүбүз.

    • @GAMEOVER-nq6oe
      @GAMEOVER-nq6oe Před rokem +4

      Кайрат кылыныз дос,мен да досуман айрылып угуп отурам

    • @bakyt9697
      @bakyt9697 Před rokem +1

      Мындай иш жаман😢😢

    • @user-dw2vh2yz9t
      @user-dw2vh2yz9t Před rokem +1

      Ассалому алайкум Улукбек Абдуроззаков.Углим Уч оламан деманг .Яхшиниям ёмонниям Аллохга куйиб беринг.Яхшилик килганни яхшилик билан кайтариб куяди .Ёмонлик килганни Аллохим узи билади.Мен сизни тушунаман энг якин инсонларини йукотиш кийин углим.Утган дустларингизни жойлари жаннатда булсин .Сизга Аллохимдан чиройли сабр тилайман .Аллохимни панохида булинг углим.Амин.

  • @user-ej8zn3he5t
    @user-ej8zn3he5t Před 3 lety +71

    Сыймык байке мен сизди саясатка аралашпаганынызга баа берем. Ыр соонун менден 1класс.

    • @user-rl9wt6gn5f
      @user-rl9wt6gn5f Před 2 lety +6

      Саясатка аралашпаган учун баркы жогору турат Сыймыктын Бек Борбиевтой бийлике жулунбай.

  • @KG-cs6bd
    @KG-cs6bd Před 3 lety +60

    *Эч ким бул дүйнөдө түркүк болуп кала албайт экен да аттиң,😥😢😭*

    • @user-ms6zs7nn3n
      @user-ms6zs7nn3n Před 3 lety +2

      Оа анткени инсандын денеси эттен жана сөөктөн куралган бул дүйнөгө түркүк боло турган абалда жаратылган эмес

  • @m.channel0420
    @m.channel0420 Před rokem +28

    Мен ушул ырды угуп Бекжан Темирханды эстеп ыйладым ,тааныш болчук 😥😥😥😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭Аллахым бейишинден берсин досум

  • @ermekkyrgyzbaev6931
    @ermekkyrgyzbaev6931 Před 3 lety +95

    СЫЙМЫК АЛЛА ЫРААЗЫ БОЛСУН .СЕНДЕЙ УУЛДУ ТАРБИЯЛАГАН АТА ЭНЕНЕ ТААЗИМ . КАЙРАН ГАНА ТАЛАНТ . ТААЛАЙ ЖАЙЫН ФИРДАУС БЕЙИШИНДЕ БОЛСУН😢😢😢🤲🤲🤲🤲🤲🤲

  • @user-ml6pv6yt3y
    @user-ml6pv6yt3y Před 3 lety +21

    Коралбаган эшектер жайлап койушканда чыныгы талант киши болчу экен рахмат сыймык байке сизге унутпай эстеп жургонунузго 👍

  • @user-hb4ou3dz9f
    @user-hb4ou3dz9f Před 3 lety +42

    Кудайым откондорду жанын жаннаттан кылсын

  • @user-rh6oe7rw7z
    @user-rh6oe7rw7z Před 3 lety +63

    Ушунчалык мааниси жакшы ыр экен. Уккан адам козуно жаш алатко чиркин😪

  • @user-fq5zf3on6y
    @user-fq5zf3on6y Před 3 lety +25

    Досторума узун өмүр бер Аллахым

  • @adi.kg_2126
    @adi.kg_2126 Před 2 lety +373

    2022 жылы угуп ыйлагандар барбы мага окшоп 😭🥺 Жаткан жери жайлуу болсун🤲

    • @Bekzhan_kk
      @Bekzhan_kk Před 2 lety +15

      Барбыз, 2016жыл эки досумдан айрылып , 2021жылы дагы бир досумду жерге берип боздоп кала бердим… Баарынын Артынан туяк калбады эстетип турчу …

    • @user-ek2kg1tv2v
      @user-ek2kg1tv2v Před 2 lety +2

      😪👍

    • @user-ye9xf7um9x
      @user-ye9xf7um9x Před 2 lety +1

      Барбызго

    • @user-hv6mb9cj4p
      @user-hv6mb9cj4p Před rokem +2

      Мен бугун ыйлап отурам, бугун досум акыретке Кетиптир, туштон кийин кабар Келди, россияда иштеп журчу эле, жаш Кетти, балдары Эми эле чоноуйуп калганда, Бир жакшылыгын корбой Кетти.

    • @user-zk4by5pc2w
      @user-zk4by5pc2w Před rokem

      Жаткан жери жайлуу болсун

  • @user-wv6yx6ov9f
    @user-wv6yx6ov9f Před 2 lety +16

    Ушунчалык жүрөккө жеткен ырларды жаздырып жүрө берин аке узак өмүр каалайм Сыймык аке

  • @SherElmis
    @SherElmis Před 6 měsíci +7

    Учактан шейит кеткен Самудинов Жайыл досум отуп кеткенде угуп алып журогумо канжар сайылды 😢😢😢

  • @ruslanov8791
    @ruslanov8791 Před 3 lety +39

    Таалайдын ырларын улам жаңы чыккан сайын угуп жүргөндө капилеттен кете берди,ошондо Сыймыктын ушул ырын уккандын баары ыйлаган эле айылда эскерип

  • @jakubai8707
    @jakubai8707 Před 3 lety +41

    Уч ай мурун бир досумдан айрылып бул ырды укканда козго жаш толуп турат..😢😢😢

    • @user-tn4mk6xc7c
      @user-tn4mk6xc7c Před 2 lety +1

      Мёни́н да до́сум би́р жума́ мурда о́мурдо́н о́туп кётти ы́рды угуп ыйла́п о́ту́ра́м

    • @GAMEOVER-nq6oe
      @GAMEOVER-nq6oe Před rokem +1

      @@user-tn4mk6xc7c Ыйманы саламат болсун,Кече досумду коюп келдик,ушкуруп отурам ырды угуп

  • @user-xr5mw3by7y
    @user-xr5mw3by7y Před 3 lety +43

    Бул ыр1997 чыкан талйдын жанкан жери жайлу Болсун бейштен орун берсин аллахым амиин 🤲🤲🤲

    • @user-yc4lp8og1l
      @user-yc4lp8og1l Před 3 lety +1

      @Мээрим Жолдошбекова Каерден болосун сен канчанчы жылкысын

    • @user-yc4lp8og1l
      @user-yc4lp8og1l Před 3 lety

      @Мээрим Жолдошбекова 0777 74 14 00 Ватсап жазып кой

  • @kylychbekkarakylov4993
    @kylychbekkarakylov4993 Před 3 lety +51

    Таекем менин жайыныз жанаттан болсун,Рахмат Сыймык байке

    • @user-ev5hx6jh2i
      @user-ev5hx6jh2i Před 2 lety

      ассалам алейкум! кандайсыз ? эмне болуп өткөн Бектурганов ?

    • @user-js6pp8pq4l
      @user-js6pp8pq4l Před 2 lety

      Таган болгонбу орустар олтургону чынбы

    • @user-zm1hz7cy7t
      @user-zm1hz7cy7t Před 2 lety +1

      @@user-js6pp8pq4l тагасы болот менин жердешим Талай Бектурганов менин угушумча ал кунфу мененби машыкан экен кытайга алып кетип калышкан деген соз бар ,олукту гробко салып алып барганда атасы менин балам эмес деген экен

    • @user-nh1ci6ys1u
      @user-nh1ci6ys1u Před rokem

      @@user-zm1hz7cy7t кытайдан олуп келгенби ошондо

  • @Orozov-hj7ic
    @Orozov-hj7ic Před 7 měsíci +12

    Бекжан Темирхан Жана Таалай Бектурганов экоо тен бирдей жашта дуйнодон кетиптир

  • @TynchtykAsanbek
    @TynchtykAsanbek Před 6 dny

    Айй баарыбыз кетип калат экенбиз Таалай Агабыз эртек кетип калды Аллахым Бейиштен орун берсин Амин 😢❤

  • @user-qz9gz9tw6i
    @user-qz9gz9tw6i Před 3 měsíci +7

    2024 жыл уккандар барбы❤

  • @bekubektemirov7171
    @bekubektemirov7171 Před 3 lety +19

    Сыймык байке достука бекем экен узак жашан Сыймык байке Талай акебиздин жаткан жери жайлуу болсун Талай Бектургановдун жеринен барын Салам алейкум

  • @bilim6083
    @bilim6083 Před 3 lety +147

    😭 жакшыларды жер бетти аз көтөргөнү кандай өкүнүчтүү 😣

    • @user-mg6ru2jw4j
      @user-mg6ru2jw4j Před 3 lety +2

      Жакшы адамдар омуру кыска

    • @user-jn6qi8vu1d
      @user-jn6qi8vu1d Před 3 lety +2

      Жаткан жери жайлуу болсун Сыймык Алла ыраазы болсун

    • @user-ik1pb7to7x
      @user-ik1pb7to7x Před 3 lety

      жж

    • @user-vu4hf9hk1s
      @user-vu4hf9hk1s Před 2 lety +1

      Жакшы адамдар Аллахка керек екеннда ошон учун алып кетет тура аттин 😢😓

    • @fastfree2992
      @fastfree2992 Před rokem

      Негизи чын экен Бекжан Темирхандан кийин сездим 😢

  • @user-rg7my9nk8m
    @user-rg7my9nk8m Před 3 lety +16

    Сыймык аке сизге Аллахым узуун омур денсоолук берсин, кыргыз элинин сыймыгы болуп журо бериниз!

  • @aisuluu100
    @aisuluu100 Před 3 lety +65

    Кандай керемет талант эле бир арман дуйно деген ушул экен да,,,, чыгармаларын азыркыга чейин суйуп угабыз 😥 достукка бекем болгон достор аман болсун!🙏🇰🇬

  • @user-fv5hm7ri7u
    @user-fv5hm7ri7u Před 2 lety +8

    Таалай Бектургановтун досу Сыймык мн Тотомидин агабызга теерен ыразычылык ушундай досунуздардын аттын очурбой жургонунуздорго Алла раазы болсун сиздерден 🙏🤲😢💐❤️

  • @user-xd6vx7pl1z
    @user-xd6vx7pl1z Před 3 lety +24

    Аллах бейиштик кылсын, Сыймык Бейшекеев Аллах сизге узун өмүр берсин ин шаа Аллах.

  • @user-wh3zo5sf1n
    @user-wh3zo5sf1n Před 3 lety +10

    Сыймык байке талатынызга тазим кайранган жигит жаткан жери бейиш Болсун Арман 💐💐💐💐💐🇰🇬🤲😭😭😭

  • @lalabi4026
    @lalabi4026 Před 3 lety +18

    Ээх Таалай, сизди отту деген кабарды укканда дуйном бир карайган эле😥😥😥. Коп жылдар бою ыйлап жургом.

    • @user-jc7nb4oh3q
      @user-jc7nb4oh3q Před 3 měsíci

      Ошону бек заказ Берген деген Миш соз чынбы

  • @user-pw9nn8bo3h
    @user-pw9nn8bo3h Před 3 lety +11

    Элеси эсибизде калды Талай Бектургановтун ырын укканда тунжурап кетемин.Сыймык мырза таазим сизге ден соолук каалайбыз!!!

  • @kadyrbekkyzynargiza7103
    @kadyrbekkyzynargiza7103 Před 3 lety +9

    Ушул ырды уксам досумду эстеййм Мелис аты миша миша дем койотэлек досун Арзыбек Нуркулов жаткан жеерин бейиш болсун 🤲🤲

  • @user-og5hy6it6x
    @user-og5hy6it6x Před 3 lety +36

    Урматуу Сыймык аке Биз сыймыктанган Жана Сыйлаган узтаз Чубак ажи Жана Элмирбек байкебиз тууралы мыкты ыр кутобуз Жана суранабыз!

  • @user-ti5hs9rt1y
    @user-ti5hs9rt1y Před 2 lety +19

    Гүлбү Ороскул кызы, Элмирбек Иманалиев... кандай гана залкар инсандар бар эле...😭

  • @user-fc1mt6kh4y
    @user-fc1mt6kh4y Před 11 měsíci +3

    Эх ушундай эски ырлар кандай манилуу (чем азыркы ырларга караганда 😞😞)

  • @rozamamatova5349
    @rozamamatova5349 Před 3 lety +15

    Эх арман дуйно!!Кандай кайталангыс таланттардан айрылдык. Сыймык мырза сизге терен таазим!!Бар болунуз!!

  • @user-re1zu7hp9e
    @user-re1zu7hp9e Před 3 lety +7

    Сыймык ырчылардын арасынан эн жонокой молодец ушунунан жазба

  • @lonely_highlander
    @lonely_highlander Před 6 měsíci +3

    3 жыл алдын бир досубузду жоготтук Баткенде...улам угуп турам ушул ырды. Жаткан жерин жайлуу болсун Алтынбек досум

  • @user-wv6yx6ov9f
    @user-wv6yx6ov9f Před 2 lety +6

    Сыймык Бейшекеев сизге ден-соолук каалайм 👍 АЙБАЙ соонун ыр болуптур Аллах сиздерди ардайым бактылуу кылсын 🤲🌹😘❤️🇰🇬

  • @user-nh1oe2yk3l
    @user-nh1oe2yk3l Před 3 lety +14

    Зор артис ырлары маанилуу оомат сизге бар болунуз

  • @mirlannarynbaiuulu3338
    @mirlannarynbaiuulu3338 Před 3 lety +11

    Таалай Бектурганов Агабыздын ырларын ырдап журуп чонойдукко . Жаткан жери жайлуу болсун.

  • @user-nq3wr6rq7b
    @user-nq3wr6rq7b Před 2 lety +8

    Сыймык байке ото маанилуу ырдапсыз аябай журоктон чыккан ыр досунуз жайы жаннатта болсун эскимдин досун ажыратпасын,😪😪

  • @user-re1zu7hp9e
    @user-re1zu7hp9e Před 3 lety +5

    Таалай Бектургановдун ырларында далай уктукко сонун ырлар

  • @user-tc1iz5su8d
    @user-tc1iz5su8d Před 2 lety +5

    Чынында башкасын билбейм мен Таалай бектургановтун ыры менен чонойдум бут ырларын жатка билем

  • @user-qp7so2zq4j
    @user-qp7so2zq4j Před 2 lety +5

    Сыймык Бейшекеев доско бекемсиз азаматсыз ишинизге ийгилик Таалай ага жаш кетиптир жаткан жери жайлуу болсун точна канча ырлар ырдалбай кетти 😢😢

  • @user-vi6ty2zl9t
    @user-vi6ty2zl9t Před 2 lety +28

    " Досума "
    Көөдөнүмдөн муң арылбай жатты,
    Көкүрөк муңум жарылбай жатты.
    Убакыт учат зымырык куштай,
    Уйкусуз далай таңдар да атты.
    Колдон бир келбес иш экен аттиң,
    Козголбос жакка сен эми кеттиң.
    Чымындай жаның чыркырап кетти,
    Чын кеткениңди мен бүгүн сездим.
    Эмне мынча сен эртелеп кеттиң?
    Элимдин бүтүн жүрөгүн эздиң.
    Укканда сени ишене албай,
    Ушак бир жалган бир кептир дедим.
    Арман күн андай болбоду досум,
    Ыр бутагына конбодуң досум.
    Аталап ыйлаар туяк калтырып,
    Анан кийин не соолбодуң досум?
    Арбыбай сенин кадамың досум,
    Арбыбай жакшы арааның досум.
    Сыздатып койуп сен учуп кеттиң,
    Сагындык сенин карааның досум.
    Артыңдан калган досторуң досум,
    Армандуу коштойт үнүңдү досум.
    Черткенде черди таркатчу аттиң,
    Гитардын кылы үзүлдү досум.
    Арман ыр жүрөк толгойт го досум,
    Өзүңдөй эми болбойт го досум.
    Эрте алып кеткен арадан бөлүп,
    Боор таш ажал тойбойт го досум.
    Булактын көзү соолдубу досум,
    Буурчак жаш көзгө толдубу досум.
    Береним бизден бөлүнүп учтуң,
    Бейишке жаның кондубу досум?!
    Узатып бирге өзүңдү жоктоп,
    Табигат кошо ыйлады досум.
    Таарыныч айтып тагдырга наалат,
    Канча жаш жүрөк сыздады досум.
    Тууганың менен досторуң досум,
    Жүргөнбүз сени жан тутуп досум.
    Келдиң да кайра шашылыш кеттиң,
    Ата - энең калды кан жутуп досум.
    Сүйгөнүң калды артындан жоктоп,
    Сүйлөбөй сенин жүрөгүң токтоп.
    Кантели тагдыр ушул экен арман,
    Аркаңда калдык буркурап- боздоп.
    Күлгөнүң күнгө тең эле Таалай,
    Күйүткө салдың эң эле Таалай.
    Таалайы тайкы адамдай болуп,
    Тагдырың неден кем эле Таалай?
    Кызарып күнүң баттыбы досум,
    Күкүктөй үнүң каттыбы досум.
    Жалынсак дагы келбейсиң кайра,
    Жаннатка жаның жаттыбы досум?
    Булутка күнүң баттыбы досум,
    Булбулдай тилиң каттыбы досум.
    Ыйласак укпай сен кетип калдың,
    А дүйнө эмне жактыбы досум?
    Туулган жериң Чаткалың досум,
    Турпагын жаздап сен жатканың досум.
    Адамдын баарын өзүңдөй көрбөй,
    Жүрсөң бир болмок сактанып досум.
    Эзилип жүрөк зырп этти досум,
    Ээ кылбай ажал шыр кетти досум.
    Буркурап, боздоп биз калып калдык,
    Ырдалбай канча ыр кетти досум.
    Энеңе кыйын иш болду досум,
    Кандай бир күнгө туш болдуң досум?
    Бектурган уулу Таалайбек өзүң,
    Элиңден кеткен бир куш болдң досум.
    Ырларың калды аманат досум,
    Унутулбай ырың ырдалат досум.
    Таалайбек деген атың жүрөктө,
    Түк өчпөс болуп сакталат досум.
    Унутулбай ырың ырдалат досум,
    Кош, эми Таалай, тынч укта досум!!!

  • @user-jy9lx6ie3k
    @user-jy9lx6ie3k Před 3 lety +83

    Эхх Таалай ага
    Кандай Адам елен
    Сендей Адам жаралбайт
    Сыймык ага тазим сага

  • @usarovashahadat3572
    @usarovashahadat3572 Před 2 lety +6

    Сыймык байкенин чыгармачылыгын баалаймын ырлары ото жакшы обону сонун

  • @user-ln7fj3yt4q
    @user-ln7fj3yt4q Před 3 lety +6

    Бул Ырды угуп Элмирбек Иманалиев агабыз эске келди😭😭

  • @datkaiymkokarova7599
    @datkaiymkokarova7599 Před rokem +5

    Сиздей болуп мен да ыйладым ушун дай жакшы адамдар арабыздан эрте кеткени окунтот кандай асыл бала арга жок эми жайы жаннатта болсун оомиийин деп дуа кылабыз

  • @user-nt2pz4cw5b
    @user-nt2pz4cw5b Před 3 lety +5

    Ыйманды ойготкон керемет ыр экен

  • @user-ig1bh1bq8b
    @user-ig1bh1bq8b Před 3 lety +10

    Уксам көзүмдөн жаш чыгат😥

  • @murasso9969
    @murasso9969 Před 2 lety +6

    Биз да жакшы коргон досубуздан айрылып сыздап отурабыыыыз😭😭😭😭😭😭😭😭 ырды уккан сайын ыйлап

  • @user-zq4lf2wr1j
    @user-zq4lf2wr1j Před 3 lety +16

    Эх эх кандай жакшы кишилерди олтурду жаткан жери жайло болсун .

  • @user-ee3ku1uy7t
    @user-ee3ku1uy7t Před 2 lety +5

    Кайран Таалай канча журуп кадык , жаткан жерин жайлуу болсун 🤲, ырларынды дагыда ырдап келем😔😔

  • @user-gt1le5fx2l
    @user-gt1le5fx2l Před 3 lety +2

    Сыймык сенин ырларынды ар дайым угабыз сага таазим таалай бектурганов азыр тируу болсо канчалаган ырларды жаратмак аттин ай эртее кетти арадан биз де коро албастык окум журот осуп келе жатканда буттан тартышты аттин

  • @user-yw1is8tx5v
    @user-yw1is8tx5v Před 8 měsíci +3

    Ушул ырды укан сайын Байкемди эстей берем жаткан жериниз жайлуу болсун бир борум 🥺😢😭😭😭

  • @user-it9mp3pq8p
    @user-it9mp3pq8p Před 3 lety +5

    Ар бир ыр сабы журокту титиреткен эмне деген чыгарма👍Сыймык байке достукка бекем мыкты инсансыз👍👍👍

  • @Nuraly-yx3mk
    @Nuraly-yx3mk Před 6 měsíci +6

    2024 жылы угуп журогум сыздап отурам 😢

  • @user-cb1fk5tn9o
    @user-cb1fk5tn9o Před 10 měsíci +3

    Досум бул дуйнодон откондон кийин ушул ырдын маанисин тушундум 😢😢😢

  • @mirguljumalieva3167
    @mirguljumalieva3167 Před 3 lety +6

    Таалай аганын ырларын угуп чонойдук эле журок сыздайт аллахым бейишин берсин

  • @masterdent8492
    @masterdent8492 Před rokem +3

    Таалай Бектургановдун ырларын 1 жумада 3-4жолу угамын. Баардык ырлары ото жагат.

  • @marklenov999mwp
    @marklenov999mwp Před 11 měsíci +1

    Ушул ырды укканда досторум эсиме келе берет 😢 Баары аман эсен журушсо эле болду

  • @aselkenewbekova1974
    @aselkenewbekova1974 Před 3 lety +6

    Бул ырды угуп отуруп аябай ыйладым аттин арман

  • @user-hc4fx1lp6d
    @user-hc4fx1lp6d Před 3 lety +9

    Ушул сыр чыккан жылы 91 жылы менин атам отуп кеткен эле дуйнодон. Чон энем буркурап ыйлап угат эле ушул ырды. Байкуш чон энем баласын элестетип ыйлачуу экен эле да 😪😪😪

  • @ErkeTatynova
    @ErkeTatynova Před 15 dny

    Сагындым 🥹 чон Атам сагындым чон атамсыз кунум болбой жатат сагындым создорун 😢 эркетай периштем деген созун

  • @begaiymchubakova9740
    @begaiymchubakova9740 Před 3 lety +15

    Сыймык.сурныч
    ҮМҮТКӨ. Жигитке атап ыр чыарың элим деп кайтыш болду

  • @aiazbaratov9738
    @aiazbaratov9738 Před 8 měsíci +1

    Сыймык байке мынча сонун ырдайт ушул ырды азыр угуп ыйлагым келди 😢😢😢😢😢

  • @user-mf1dj1pt9n
    @user-mf1dj1pt9n Před 2 lety +7

    Ыйлабаган жанды ыйлата турган ырдап койгон Сыймык байкеге терен таазим рахмат🥺 досунан айрылган жандарга баарына дардына даба болуптурго ыры.

  • @user-gw2te8wo3x
    @user-gw2te8wo3x Před 2 lety +2

    Сыймык брат сиздей жакшы киши аз бул дуйнодо таазим омурунуз узун болсун

  • @user-zc2fp3tr6b
    @user-zc2fp3tr6b Před 2 lety +2

    Таалай Бектургановдун ырлары аябай сонун уккан сайын уккун келет. Сыймык байке унунуз булбулдай сайрай берсин, биз ар дайым угуп журо берейли

  • @user-oj6tf1eh6d
    @user-oj6tf1eh6d Před 3 lety +6

    Сыймык онорун оркундосун. Аллахым колдосун.Достон ажыраган ото кыйын менде дагы откон эн жакын досум. Жаткан жери жайлуу болсун, бейиштин нурун чачсын.

  • @user-nv5jc4xu2q
    @user-nv5jc4xu2q Před 6 měsíci +2

    Ото сонун ыр

  • @user-el5fl8zw8d
    @user-el5fl8zw8d Před 3 lety +3

    Менин суйуп сыйлап сыймыктанам Сыймык байке талантынызга таазим досунуз Таалайбек аганын аллахым бейишке киргизсин топурагы торко болсун

  • @user-wv6yx6ov9f
    @user-wv6yx6ov9f Před 2 lety +2

    Сыймык Бейшекеев АРДАЙЫМ АЛЛАХ СИЗДИ БАКТЫЛУУ КЫЛСЫН ӨЗҮМДҮН АКЕМГОО ЫРЛАРЫ МААНИЛҮҮ

  • @user-vg5ob7bb6z
    @user-vg5ob7bb6z Před 2 lety +2

    Кыргыз жли эч качан унутпайт Таалай сен чыныгы талантуусун жаткан жерин жайлуу болсун Сыймык сага мин ирет таазим Таалайдын талантын очур богун

  • @user-po9no7gf4e
    @user-po9no7gf4e Před 2 lety +3

    Сыймвк байке Таалай Бектурганов тируу болгондо сиздин эн жакын досунуз болмок да э

  • @user-ge3gp2ql2f
    @user-ge3gp2ql2f Před rokem +2

    Аллахым Оз рахматына алсын

  • @jeshdhamato2312
    @jeshdhamato2312 Před rokem +2

    Денгеели бекем жазылган ыр

  • @user-gb4qi4vt4w
    @user-gb4qi4vt4w Před 2 lety +5

    Сыймык созун ото мундуу чыгарыптырсын досуна🥲Аттин арман эч нерсе корбой боздотуп эрте учуп кетиптир…Жаткан жери жайлуу болсун…Бейишинен орун берсин…Сыймык сага ырына таазим!!!

  • @user-pg6ek7og3r
    @user-pg6ek7og3r Před 2 lety +3

    Сыймык ава ийгилик, ар дайым аман журуңуз терең урматым менен Калыбеков Расулбек

  • @ramil05kg
    @ramil05kg Před rokem +2

    Азаматсыз сыймык байке соонун ырдаптырсыз😢😢😭😭

  • @user-iv1qi9yu1y
    @user-iv1qi9yu1y Před rokem +1

    2023 жыл мен уктум Сыймык байкебиз аябай соонун журокту ыйлайткан чыгармасы баарыбызды ыйлатты Таалай байкенин ырларын угуп чонойдук жайы жанната болсун эми кундо бир маал ырлары очпогон журокко жеткен Бекжандын ырларын ыйлап угуп калдыкго дагы бир кыргызыбыздын чыгаан жигитти очту Таалай байкебиздей эми айла жок ырларын ыйлап угуп калдык жайлары жаннатта болсун баарыбыз барар жерибиз ошол чын дуйно

  • @nurelusmanalievich3232
    @nurelusmanalievich3232 Před 2 lety +2

    Сыймык байке сизге чон ыраазычылык билдирем Таалайбек Бектурганов агабызды унутпастан жаркын элесине арнап ырдаганыныз учун.
    Аттиң арман Таалайбек байкебиздин артында туяк калбай калганы.

  • @user-ni3ql9hg4v
    @user-ni3ql9hg4v Před rokem +2

    Менин да досум каза болду 2022 жылы 18ге чыга элек элек азыр угуп ыйлап алдым эң жакын досум эле рахмат сизге

  • @SyimykSultanov-qu6bt
    @SyimykSultanov-qu6bt Před 10 měsíci +2

    Эхх менин да досум авариядан Каза болду кече ушул ырды угуп ыйлап коз жаш тыйылбай жатат 😢😢😢

  • @user-xz6fo4jr6e
    @user-xz6fo4jr6e Před 2 lety +3

    Сыймык байке чыныгы дос экенсиз, мындай ыр досу үчүн биринчи жолу угуп отурам. Аттиң досуңуздун жайы жаннаттан болсун.🤲

  • @user-vo5ju3eu9k
    @user-vo5ju3eu9k Před 2 lety +3

    Садаган кетейин Сыймык бакем рахмат сизге достукту даназалаган учун😘уккан сайын ыйлайбыз

  • @user-jk4pe1hn2b
    @user-jk4pe1hn2b Před 9 měsíci +1

    Таалай сага Аллахым фирдауз бейишин берсин менинда балам боздотуп кетти Аллахым экөөнөргө тен фирдауз бейишин берсин