Күдөр үзбөй күтөм сени
Vložit
- čas přidán 18. 08. 2021
- Күдөр үзбөй күтөм сени
Сөзү Барман Арзиевдики
Обону Рыспай Абдыкадыровдуку
Мен сени айлап күтпөй, күндө күттүм,
Мен сени бурганактуу түндө күттүм.
Зар болуп дидарыңды бир көрүүгө,
Дарактар шыбырашкан жерден күттүм.
Ай чыгат, асман толуп, жылдыз сызып,
Эңсөөлөр ээн талаа, жашыл шибер.
Эгерде жазга калсаң ишиң чыгып,
Жаз келет, жаздан салам айтып жибер.
Эрмегим ээн талаа, жашыл шибер,
Же башка табылдыбы баркың билер.
Күтөмүн келер жолуң күдөр үзбөй,
Күз калсаң, күздөн салам айтып жибер.
Кыйын го унутууга ал мезгилди,
Кызгалдак терип жүргөн жашыл шибер.
Кыйналып жүрсөң эгер көңүл өксүп,
Кымбатым, кыштан салам айтып жибер.
1988-жыл, 27-март. Шакафтар. - Hudba
Рыспай ага ешким сиздин олендеринизди озиниздей айта алмайды кандай керемет кушти дауыс олендеринизди естигенде сиз тири жургендейсиз АТТЕН ОМИР АЙ ЖАКСЫ АТАКТЫ АДАМДАР ОЛМЕС БОЛСАШЫ
Рахмат, казак боорым 👍👋
Рахмат казак туугандар,кыргыздан чыккан уникалдуу,кайталагыс чыныгы оргуштаган таланттын ээси Ырысбайагабызды баалап,урматтап,сыйлап укканынарга!
Убагында оз элибиздин атка минеерлери(трайбалистер)сыйлап, баалап ала албады,
Туголбай Казаковго рахмат,ушул гиши кана тируусундо да,откондон кийин да атын терен кайгыруу жа сыйлоо,урматто мн айтып журот.
Окул уулу Ибрагим Жунусов да министир культуру болуп турду,жакшы денгеелде кызмат кылып койбоду.
Хотя айтат уйундо далай жашап чайын ичкеммин деп.
Торколуу ашын берип койсо да жарашат болчу ошол киши..мына биздин мамилебиз,козу жоктун озу жок дегендей,мамилебиз.
Эшмамбеттин Токтогулга кылган мамилесиндей эле болуп калды.
Аттин!!! 5:10
Туура айтасыз.....
Казак.элине.разычылык.Кыргыздын.чыганын.суйушконуно
Рыспай Аға , сіз Қазақ жəне Қырғыз Елдерінң Мəнгі ЕСІНДЕСІЗ . Жатқан жериңыз жайлы болсын . Əумин .
КЫРГЫЗДАР СЫЙМЫКТАНА ТУРГАН КОМПОЗИТОР, ЧЫГААН ЖИГИТ, ОЧПОС ЖЫЛДЫЗ👍👍👍
Бир келген чыныгы талант элениз агай. Аттин омурдун кыскалыгы...
Жургон жерлериниз бейиштин гул бакчалары болсун🤲
Бул ыр - журоко так калтырган чыгарма ... Рыспай мин жылда бир жаралчу композитор болгон , аттин ай 👍👍👍❤
Бул ырды жазган адам Аксынын Авлетим айылынын кулуну ыраматылык Арзиев Барман аке эле .Ыраматылык Тасмаев Рысбек аке ,Ордендүү Ошум мекеним деген керемет обонду жараткан ыраматылык Алымов Абдыкерим акелер Рыспай акенин жакын достору болушкан Баары жакшынын өмуру кыскабы ааламдан эрте кетишти Чыгармалары калды.Кудай баарынын жайларын жаннаттан кылсын
Рысбай Ата Кыргыздын кооноргус казынасы,бул чыгарма жуктолгондон бери угуп журом ,Тумонбай ага сизге рахмат,Рысбай Атабыздын Кыздын ыры чыгармасын Давлет энебиз ырдаган экен толук большой калыптыр , ошол чыгармасын жуктоснуз? рахмат
Кайран гана кыргыздын таланты,азыркы мен кыйынмын,мен жакшы ырдайм,мен акардионду жакшы ойноймун дегендерге салыштырып сиздей талант миң жылда бир жаралат дегенге ишенбешке арга жок обончулук,аткаруучулук, акардионду ойноо,үнунуздун уккулуктуулугуна там бербесең арга жок,өзүңүздүн аткарууңуздагы ырларыңызды угуу өзгөчө сезимдерди тартуулайт ,бейишиңизди берсин кыргыздын эл баалаган таланты.
Рыспай Кыргыздын туболук, тугонгус, генчи жана мактанычы!!! Жаны бейиште болсун, омийин!!
Мээси толо эле ыр,обон болгон кандай Керемет баа жеткис белек кылым ырчысы
Аккордеондун кошо ырдаткан Рысбай ага кандай керемет,Кыргызда дагы экинчи Рыспай чыгаар бекен, ким билет.Сенин жаркын талантын ,обондорун дүйнө элин суктандырды,Өлгөн жоксуң Рыспай ага.
Өзү. Тирилип келгендей аткарыптыр эң сонун кайра кайра угупмоокум канбай берилипуктум рахмат көп жаша тумонбай
Ырдын Пири Рыспай Абдыкадыров Бир Жаралган Талант Канча Уксан Да Тажабайсын Керемет Обон Таншыган Ун Аттин Ай Козу Тируу Болгондо Мындай Чыгарманын Далайын Чыгармак
Ырда. Рысбай ото сонун ырдапсыз рахмат кыргыздын булбулусун унунузго береке . Семетей . Осмонов алайданмын
Окунучтуу тагдыр,не деген чыгарма адамга омур улай турган ыр десте ,бейишинен берип кудацым мээримине алсын
ГЕНИЙ Рыспай Кыргыз болгон 🌹🌹🌹🌹🌹🌹🌹
Укансайын эс аламын аттин жаш кетти. Рысбай агабыз наам бербеди чондор акмактар.
Рыспайдын ырлары,журокко жеткен ырлар,олбос- очпос.
Кыргыз Искусствосунун Чолпон Жылдызы, Өчпөс Жылдызы! Кайталангыз Талант!
Абдыкадыровго АЛЛА ТААЛА бардык жагынан берген экен сулуулук керемет мукам ун аткаруучулук чеберчилик поэзия обон чыгаруу куудулдук койчу айта берсен соз жетпейт бир ажайып ачылган гулдой адам
Кандай гана эскирбеген,очпогон укмуш ырлар,кайра кайра жаны эле чыккандай таасир берет,уккан адамдын жан дуйносун эс алдырат..Рыспай агайдын ырлары олбос,очпос !
Кылымда да чыкбайт,Аттин ай бир кем дуйно!
Кайран Рысбай акем!
Тексти туура жазгылачы
@@daiyrbekbarpiev9605 майли ондо
Кандай чыгарма ! Сыймыктанам кыргыз экениме ! 👍👍👍👍👍
Тумонбай омурунду берсин кудайым орконун оссун кем болбо унун очпосун обонун оболой берсин
Кайталангыс талант .Керемет обон.Бул ырдын созун жазган ыраматылык Арзиев Барман аке эле.Кайран Тасмаев Рысбек акебиз Рыспай аке экоосунун достугу аркалуу Аксы да Рыспай акенин экинчи мекени сыяктуу эле.Мен сыйлаган менин урматтуу агаларым жайларынар Жаннаттан болсун.Артынарда очпос из калтыра алдынар.Экинчи омурунор чыгармаларынарда калды.
Кочодо жалыз АК кайын деген ырын жуктоп койчу Тумонбай балам Рыспайдын
Рысбай А. Бул укмуш талант.Бул адамдын аркасынан таасирленип канчалаган мыкты обончулар чыкты.Кайран гана талант сен өлгөн жоксуң .Сен Кыргыз барда жашай бересиң обондорунда .
Батасы тийип элимдин
Баягылар өркүндөп өскүлө
Кыргыз элинин ырларын,
Жан дүйнөгө жеткирип ырдадыңар
Сң
Коонорбос, эскирбес, улуу талант.
Тумонбай Колдошов өмүрүнө Аллахым береке берсин!
Олбос очпос ырлар го, Рыспай аканин чыгармачылыгы озунчо эле бир Океан го..
Сонун ыр, мектепти , балачакты эстеткен, каякта калды баары ... Улуу неберем уулумдун баласы 8 жашта , 4 жашта . Ах, убакыт учкан куштай ..
Отурганын кичинекей баладай бетинен эле корунуп турбайбы, дили таза назик адам экени, керемет озунчо.
Ушул записин таппай журдум эле? Ким жуктосо да Рахмат. Бул ырын кимге чыгарганын да билет элем.
Ушул ырларды уксан жыргайсын го
Кыргыз Ким - кыргыз РЫСПАЙ !!
Тумонбай сага рахмат,бул ырлар кыргыз барда унутулбайт,баласынан чакасына чейин жашай берчуу ырлар.
Жуз жылдар мындан кийин да,
Суйуулор болот ушундай.
Ушинтип жерге жаз келет,
Ушинтип чыгат ушул Ай.........
С.Эралиев
Ээ Бир керемет сапдар э
Сонун чыгарма 👍Тумонбай чыгармачылык ийгилик калаймын
Бул Рысбай ТҮМӨНБ
Бул Рысбай Түмөнбай эмес .
Рыспай агайдын ырын дайыма журокто сактап журлук дайыма
Эмне деген керемет үн .
Авабыз кайталангыс талант эле.
Балачакты эстейм , Атакемдин эрке кызы элем ... Баары ыраак калды ... ❤
Аа десен , ошол убакта жакшы ыр эле , азыр деле , а убакыт отту
Эн сонун 👍👍👍.Олбос очпос ырлар.Уккандан эч качан,тажабайм.
Мыктылардын мыктысы.
Ырдын пири ❤❤❤
Уюуган талант уюуган.
Ырчы деген ушундай болуш керек.
Кайдагы чача-мача эмес.
Кыргыз жашайт,бири-бирин коро албай,
Олуп берсен, ошол замат данктамай...
Рысбайдан аядык наамдарды,
Мынча тарбыз, мажурообуз аттин ай!?
Кандай сонун керемет ыр обон.
УшулРыспайлардын Элмирбектин Гулбубун ырларын чыгарып тургулачы сураныч кайдагы тантыктардын ырын чыгарып
Гулбуну койчу..
Чыныгы залкар обончу,аткаруучу, Рысбайдын
ырларын уксаң жүрөгүңө азык болот, Алла Таалам ушундай дүйнөлүк компазиторду кыргызга бергенине кубанам, кыргыз болгонума сыймыктанам.
Рыспайдын 80 жылдык маарекесине арналып жаткан конкурска талдоолорду көрүп отуруп жюрилерге нааразы болдум, начар ырдагандарга деле, орто ырдагандарга деле 5 деген баа коюп жатышат, кээде жакшы ырдагандарга 4 коюп жатышат. Айткылачы ушундай да адилетсиз жюри
болобу?Катар эле бардыгын
өткөзүп алып, кимисин жеңүүчү деп табасыңар?
Эмне деген керемет! Жуз уксан кулагындын кумары канбайт!
Аттиң ай арман дүйнө.
Арабызда элге эрмек болуп жүрсөчу.
Өлбөс талант, аттин.❤❤❤❤
Рысбай агабызга наам беришбеди чондор акмактар
Рыспай аканин обондору чексиз Кереметалла таалам ббейишин берсин.
Кымбатым кыштан салам айтып жибер!
Бул адам кайталангыс талант.Кайран гана Рыспай ага сизге неге омурду аз олчоп койду экен,окунобуз .Сиздей таланттын жаралышы ,кумон .
БУЛ Ырысбай агабыздын озу аткарып жатат бул денгеелде али эч ким аткара элек .Тумонбай дагы кичине жакындаттат бирок дагы бар .Ырысбай агабыздын жаткан жери жайлуу болсун
Туура
Кайран Рыспай! Өлбөс болсоңчу! Керемет обон! Оңол эжем баркыңа жетти бекен табышмак!!!
Бул ырды Кахарова да жеткире ырдайт!!!
Сонун ыр
Арбир ыры озунчо Кермет эчким озундой кылып ырдайалбайтАсмандагы жылдыз жаткан жери жайлуу болсун.
Азаматсын тумонбай Булда ырга экинчи омур тартуулоо дегенди билдирет
Кайран гана талант ээ
Эми.кыргыздан.рыспайдай.обончу.аткаруучу.чыгар.бекен.кайран.улуу.талант.жаткан.жериниз.жаннатан.топурагыныз.торко.болсун.
Рыспай агай дүйнөдөн өткөндө ичип алып, кыргызда мен сыйлаган төрт адамдын бири кетти деп өксүп ыйлаганым эсимде...
Берки 3өө ким эле?😢
@@atomysamash6421 Алар Дооронбек Садырбаев, Н. Исанов жана Б. Осмонов эле...
Аттин азыркы ырчылар ушундай обондорду чыгарса.
Колдо бар алтындын баркы жок,баркына жете алдыкпы
Ырда. Рысбай аке угуп жатайын
Соонун ырдаган жигит экен эле 😢
Рысбай акабыз кандай керемет обондорду жараткан укмуш,бирок кээ бир Маркабай,Жаныбайга окшогон "акмактар"Рысбай акабыздын,апасынын абройюна шек келтирип болбогон ушактарды журналга жарыялап атышат,арбагын дагы жон жаткыза койбой.Кудайым ылайым эле силердин жазанарды берсин.
Алардын түбүнө жетебиз буйруса
Шедевр!!!
Кочодо жалгыз. Ак кайны деген ырын жуктоп койгулачы минден мин сураныч силерден
Рыспай агай бут турпаты .тырмактан баштап чачина чейн эле музыка болчу да.Залкар обончу .эл суйгон АДАМ эле.
СОЗ.-ТАПБАЙМЫН-!! БЕЙИШИН.БЕРСИН..БИЗ.Сыйлай.албадык.--ОО--ДУЙНОДО""СЫЙГА.БОЛОНСУН.!!!!!!!
Тумонбай сени кудай жалгасын,дайыма сени кудай колдойт,уй белого кудайдын тынчтыгы орносун.
Кайталангыс талант соз жок .
Ырдын текстин жазып коё аласыңарбы
Кайран залкар
Бешиниз болсун
Ак куулар жалгыз жашабайт деген ырын чыгарып койгулачы сураныч.
Ушул чыгарманы тигиниси да мунусу да ырдаптыр, бирок авторго жетпептир
Уга берем кайталап канбай моокум,
Жан дуйнодо жанырат сыйкыр шоокум...
Ызылдадык, ыйладык, Рысбай-деп,
Улуу муун, барктадык го добушун!!
Керемет ! Сөз жок!
Муну тумонбай ырдаганжок рыспайдын озунун аткаруусунда.
,👍👍👍💐💐💐
👍👍👍
Бул афтордун озу эле Ырысбай агай. Мынчалык денгеелде азырынча эч ким аткара элек .Аялдардан Гулнара Кахарова эркектерден Тумонбай Колдошов кичине жакындатышат башка жок
Тумонбай аккордеондо мынчалык ырдап кол ойното албайт
Кара кулжалык Алтынбек тотуев деген бала да эң сонун аткарат
Ырысбай ака емесго башка Адам бирок окшотуптур сонун ырдаптыр
Кыргыз радиосунун фондунан алынган бул запись. Рыспай Абдыкадыровдун өзүнүн аткаруусунда жазылган.
Текстин жазып койчу сураныч .Мен бул ырды аябай сонун ырдайм .
Каракулжанын
Ырдын Пири Рыспай деп бекеринен айтылбаса керек.
Акайран залкар созьжок
Беишиниз болсун
Кара кулжанын
Күтүшпөй эле жашайлычы
Тагдыр деген табышмак дегендей,кандай болот ким билет
Ырысбайдай обончу кыргыз да башка жаралбайт кыяматка чейин кыргыз да обончу ырысбай жазуучу чынгыз актёр суймонкул
❤
Ушул ырды азыркы Нурлан, Данияр, Аваз, Алмаз, Нурмат дегендер ырдаса кандай болот экен а. Ырдай алышат бекен.
Сийгек ырчылар да
Тууган алар ырдаса уну жетпей тамагы тешилип калат!
Ырдай алышпайт, Рыспай аканин ырлары, татаал текстер, анча мынча ырчылар кол сала албайт, Кайран Рыспай ака...
@@gulbaratotoeva1312 аккорлеонду озундой ойной алышпайт
Алар ырдаса кочугунон добуш чыгып кетет.алар бул ырды фонограмма менен да аткара албайт,ишене бергиле
Кулуну
Тексин жазып койсонор жакшы болот эле
Ким ырдаган ырсбай акагв окштуп рахмат
Рысбай өзү ырдаганда эч ким минтип ырдай албайт акардионду да минтип ойной албайт.
Менин эн сыйлаган ЫРЫСБАЙ акам. Башкасы жете албайт.
@@user-sr9gi3mh9k Уктабадыңбы мага окшоп сен дагы Ооба ага эч ким жете албайт бирок Ырысбай эмес Рысбай болуп жазылат
Салам алейкум достор кимге кандай Рысбай байке туболук ко калатко КЫРГЫЗ ЭЛИНЕ.
Чоон рахмат тууганым за ошибку РЫСБАЙ акам болот 🖐️🖐️
Тумонбай бут окшош ырларды ырдайт обондору да окшош бирибирине Рыспайга жетиш кайдааа тумонбайга