Таарынба садагам - Сыймык Бейшекеев

Sdílet
Vložit
  • čas přidán 12. 11. 2021
  • #сыймыкбейшекеев #таарынба #садагам #таалайбектурганов #унутулбайырын #ырдалатдосум #досума #дос #садага
    ТААРЫНБА САДАГАМ
    Сөзү, обону Таалай Бектургановдуку
    Таарынба, садагам, таарынба,
    Жалооруп сен мага кайгырба.
    Жанаша сен басып ал менен,
    Көңүлдү сен антип калтырба.
    Башында сен жүрдүң каткырып,
    Сүйөм деп сен мени жактырып.
    Эгерде чын сүйсөң сен мени,
    Эмне үчүн кетесиң калтырып?
    Эгерде чын сүйсөң сен мени,
    Кетесиң эмне үчүн калтырып?
    Себебин билдим мен акыры,
    Ата-энең бербептир тагдырды.
    Болтуруп сени башка менен,
    Кайгыга мени ай, калтырды.
    Сен тиктеп менин ай, көзүмө,
    "Кечир" деп ыйладың өкүнө.
    Ошондо сенин сөзүңдү угуп,
    Калтырап кеттим мен буулугуп.
  • Hudba

Komentáře • 20

  • @asylbekcataev4511
    @asylbekcataev4511 Před 2 lety +12

    Ассалоому алейкум Сыймык агай Таалай агабыздын ырларын жаныртып ырдаганыныз абдан жакшы болгон ушул ырларга клип дагы тартып чынсаныз Таалай агабыздын элестери очпой журот эле Кыргыз элимде

  • @user-pm7yc7oi7d
    @user-pm7yc7oi7d Před 2 lety +5

    Сыймык мырза азаматсыз,Таалайдын арбагы ыраазы болуп жаткандыр,Таалай биздин убактагы озгочо таланттуу ырчы эле,белгилуу эле обончу,ырчы олтурткон деп уккам.Ал ырчыны аябай жаман коруп калгам,ырларын да такыр укбайм,чын тогунун кудай билет.

  • @user-fm2kq9ku9q
    @user-fm2kq9ku9q Před 2 lety +4

    Бар болунуз Сыймык ака онорунуз оркундой берсин. Аллахым эки дуйно бактылуулукту берсин.

  • @user-bn1uv8id7o
    @user-bn1uv8id7o Před 2 lety +2

    Таалайдын жаткан жери жайлуу болсун топурагы торко болсун жараткан АЛЛАХЫМ бейишин берсин .Сага чексиз ыраазычылык билдирем ,эли жээрин суйгон ,уулу менен кичууго бирдей мамиле кылган ,достукту сактай билген .Сени тарбиялап остургон ата-энене чексиз ыраазычылык айтам ,омурлуу бол Сыймык !!!

  • @gulnuraabdyldaeva1231
    @gulnuraabdyldaeva1231 Před 2 lety +1

    Жалан Сыймыктын ырларын угуп отурдум эле,жакшы ырдайсын,соонун обондорду жазасын,аман бол

  • @user-qi5un3xn9t
    @user-qi5un3xn9t Před 2 lety +2

    Сыймык балам өмүрүңө береке берсин үй бүлөө
    ңө жараткан бак берсин Ат Башылык апаң

  • @azamattawtanulu1703
    @azamattawtanulu1703 Před 2 lety +2

    Ишине ийгилик.Жаратканым ыраазы болсун

  • @mirgulzhunusalieva1349
    @mirgulzhunusalieva1349 Před 2 lety +4

    Азаматсынар!

  • @user-zq5qi4ib3j
    @user-zq5qi4ib3j Před 2 lety +2

    ✊🏻✊🏻✊🏻✊🏻✊🏻 эгерде чын суйсон сен мени кетесин эмне учун калтырып эх эски ырлар соонун чыгыптыр

  • @user-qj4sd3pq3b
    @user-qj4sd3pq3b Před 2 lety

    Аллахым узаак омур берсин сизге досторунузду эскерип жургонго🤲

  • @user-de8jc6gq4l
    @user-de8jc6gq4l Před 2 lety +3

    Соонун байкесиз ээ бар болунуз кудайым узуун омур берсин

  • @user-gb4qi4vt4w
    @user-gb4qi4vt4w Před 2 lety +1

    Сыймык иним мыкты аткарыптырсын…Азаматсын… Таалайды эч качан эл унутпайт…Жаткан жери жайлуу болсун….Кудайым бейишинен насип этсин.

  • @user-ey5ct9xl9p
    @user-ey5ct9xl9p Před 2 lety +2

    Мкнин жакшы коргон ырым

  • @user-ff9xl1ot2t
    @user-ff9xl1ot2t Před 2 lety +1

    Эмне учун кетин мени калтырып 🥺

  • @mirgulzhunusalieva1349
    @mirgulzhunusalieva1349 Před 2 lety +1

    💯🔥🔥🔥

  • @user-hr2pc5nc8r
    @user-hr2pc5nc8r Před 2 lety

    😢😢👍🏻👍🏻👍🏻👍🏻❤️❤️❤️❤️

  • @turpandykov
    @turpandykov Před 2 lety

    👍✌️

  • @user-sp7mm4yz4t
    @user-sp7mm4yz4t Před 2 lety

    mp3 кимде бар болсо жонотуп койунуздарчы сураныч🙏🙏

  • @user-pv8wq6fj8z
    @user-pv8wq6fj8z Před 2 lety

    Минусун кайдан тапсам болот