Мурза Гапаров | Кызыл беде | Аудио китеп

Sdílet
Vložit
  • čas přidán 22. 12. 2023
  • Мурза Гапаровдун аңгемелеринде мага эң эле жаккан өзгөчөлүктөрдүн бири - диалогдор. Кандай гана жазуучу болбосун, анын чебердиги, жазуу техникасынын мыкты же чабалдыгы дал ушул диалогдорунан эле көрүнүп калат эмеспи. Каармандары "жасалма" сүйлөгөн чыгарма колуңа тийип калса, окуп жатып ыргыта салгың келет. А Мурза Гапаровдун "Кызыл бедеси" диалогу менен эле эмес, сүрөттөө манерасы менен да сизди башка, кызыктуу ааламга алып жөнөгөндөй боло берет. Көз алдыңа окуя эле эмес, кыпкызыл болуп жайнаган бедезар, жалгыз дарак, анда кол кармашып бараткан жаш жубайлар көрүнөт. Алардын артынан уурдап качкан беш жашар кызын артына көтөрүп алган Жыпар дудук...
    Мурза Гапаровдун башка чыгармаларын да угуңуз:
    • Мурза Гапаров | Буурул...
    • Мурза Гапаров | Газала...
    • Мурза Гапаров | Кара-К...
    • Мурза Гапаров | Кыштак...
    • Мурза Гапаров | Сүйүүн...
    • Мурза Гапаров | Унутул...
    • Мурза Гапаров | Аялдар...
  • Zábava

Komentáře • 158

  • @user-ss5hp7pp5g
    @user-ss5hp7pp5g Před 2 měsíci +13

    Угуп жатып кино коргондой болуп коз алдыма келип жатты😊

    • @DoorovT
      @DoorovT  Před 5 dny +1

      @@user-ss5hp7pp5g рахмат! Дал ушундай сезим жаралышы үчүн аракет кылып келатам🙏

  • @user-qr5mk2rl4p
    @user-qr5mk2rl4p Před 5 měsíci +9

    Чыгарма да окуган да эң сонун ❤

  • @jannajanalieva8379
    @jannajanalieva8379 Před 25 dny +3

    Унунузго береке, Торокул. Сиздин ун коштоонузда дагы коп жакшы ангемелерди кутобуз.

  • @user-yi9me5kg9o
    @user-yi9me5kg9o Před 7 měsíci +21

    Кутобуз, лайкты бастык👍⚘⚘⚘

    • @DoorovT
      @DoorovT  Před 7 měsíci +4

      Эми коңгуроону да басып койсоңуз, премьера башталганда сизге кабар берет🙏

  • @user-zg1cn2rd2m
    @user-zg1cn2rd2m Před 7 měsíci +11

    Унунуз очпой,аман эсен,угармандар менен бирге,интернет желесинде кездешип туралы буйурса.чоон рахмат.

  • @user-dw7qt7te7g
    @user-dw7qt7te7g Před měsícem +4

    Бала кезде окуган чыгарма.
    Сонун!

  • @user-og8fd3qe7s
    @user-og8fd3qe7s Před 7 měsíci +6

    Биздин балалык да тамеки тааласында, тамеки сарайларда тамеки жуулуп тамеки тизип откон. Ошол тамеки тизип жургондо алгач окугам. Анда адамдар китеп окушчу.. Мырза Капаров чынында Айтматовго барабар. Туштук кыргыздардын турмушун, тилин, жашоосун, каада салтын абдан укмуш чагылдырган.. Аудио китепти абдан сонун окууган. Дикция абдан сонун. Кыргыздын ЛЕВИТЕНИ. МУРЗА КАПАРОВдун китептерине экинчи омур берипсин. Чоооон ырахмаат иним Торокул.

    • @DoorovT
      @DoorovT  Před 7 měsíci +1

      Жылуу пикириңиз үчүн чоң рахмат! Бул видеонун описаниесине да Мурза Гапаровдун башка да чыгармаларынын аудиосун тизип койдум. Угуп көрдүңүзбү?

    • @user-og8fd3qe7s
      @user-og8fd3qe7s Před 7 měsíci +3

      @@DoorovT Темасын унтуп жатам, аны да бала кезимде окугам китебин жакында сенин аткаруундагы укма китебин уктум,абдан жакшы окугансын. Тажикистандагы Мургаб. Жерге Тал кыргыздары жонундо, Башкы каарман жаш мугалим Акун. Сураныч сынган кылыч, келкел. Айтматов чыгармалары

    • @DoorovT
      @DoorovT  Před 7 měsíci +1

      @@user-og8fd3qe7s рахмат! Аракет кылам. Ага көп убакыт керек, чоң романдар.

  • @tggghj1628
    @tggghj1628 Před 7 měsíci +6

    Ушул чыгарманы окудум эле...
    Эми, аудиосун уктум...китебин окуганда кандай сезимде болсом,азыр да ошол кайталанды... соонун чыгарма, керемет окуу ..

  • @user-kc2sh9ju6q
    @user-kc2sh9ju6q Před 7 měsíci +7

    Ох чиркин ай мектепте окуучу кезимде окуган элем, аябай жыргап уктум, Торокул замандашым ыраазычылык билдирем аман бол, бар бол

  • @user-lm7kh4hf7w
    @user-lm7kh4hf7w Před 6 měsíci +5

    Мен дагы ушул жазуучунун чыгармаларын көп окугамын.Төрөкул сага да рахмат,аябай жакшы,көркөмдөп оеуйсун.

    • @DoorovT
      @DoorovT  Před 6 měsíci

      Рахмат! Бул каналда Мар Байжиевдин башка да чыгармаларын таба аласыз.

  • @aimy95maratovna45
    @aimy95maratovna45 Před 7 měsíci +7

    Мурза Гапаровтын ангмелери оте сапалы тартымды керемет екен❤

  • @user-cj6ir3ez3p
    @user-cj6ir3ez3p Před 7 měsíci +6

    Сонун окупсуңар,ар ким ар түрдүү кабыл алат.Ырахмат!

  • @KanykeiJanuzakova-bs3wx
    @KanykeiJanuzakova-bs3wx Před 7 měsíci +6

    Ыраазычылык билдирем ,жакшы чыгарма экен, жашоо тагдыр турмуш . Бир сүйүнүп бир ыйлап уктум. Адамдар бактылуу болуңуздар.

    • @DoorovT
      @DoorovT  Před 5 dny

      @@KanykeiJanuzakova-bs3wx рахмат🙏

  • @user-ts7mm6qg6c
    @user-ts7mm6qg6c Před 7 měsíci +5

    Ушул жигиттин унуно береке берсин. Жоолукчам кафе менден. Жок десен таарынам досум. Рахмат сага.

    • @DoorovT
      @DoorovT  Před 7 měsíci

      Рахмат! Барабыз, буюрса!

  • @user-fw7eo2qm7h
    @user-fw7eo2qm7h Před 6 měsíci +5

    Аябай үнүңүз уккулуктуу экен. Сиз окуган гана аудио китептерди угуп калдым го. Ишиңизге ийгилик.

  • @DinaraAsylbekova-dd7rd
    @DinaraAsylbekova-dd7rd Před 7 měsíci +5

    Соонун окуйсуз да тим эле чыгарма мн кошо жургондой болом. Унунузго береке ишинизге ийгилик.

  • @user-ik7qz2rn7d
    @user-ik7qz2rn7d Před 7 měsíci +4

    Рахмаат 🎉 соонун екен жакты 🎉 Аллахым раазы болсун денсоолугу омурунор узууун болсуун 🤲🤲🤲🕋⭐🌙🇰🇬♥️

  • @user-ou5iq4sy9p
    @user-ou5iq4sy9p Před 7 měsíci +14

    Ооо, Торокул ❤❤❤ менин просьбамды орундатып атасыз, кандай жакшы адамсыз!!!! Ылайым ден соолукта бол!!! Жаратканым колдоп журсун сени чоон рахмат!!! 🙏🤲

    • @DoorovT
      @DoorovT  Před 7 měsíci +1

      Рахмат!🙏

  • @manzura22
    @manzura22 Před 7 měsíci +11

    Кандай сонун чыгарма!!! Сизге чоң рахмат, бизге ушундай чыгармаларды жеткирип жатасыз!😊

  • @junusbazarov2218
    @junusbazarov2218 Před 6 měsíci +3

    Азамат Төрөкул сонун чыгарма экен, рахмат!

  • @user-he4hl8il4e
    @user-he4hl8il4e Před 25 dny +2

    74 миң көрүүчү, лайк 1000. Адам эмгегин баалаганды үйрөнөлү туугандар. Китеп окуганга убактыбыз жок, сатып да албайбыз.

    • @DoorovT
      @DoorovT  Před 25 dny +1

      Рахмат!🙏 дос-туугандардың чаттарында да бөлүшсөңүздөр.

    • @user-he4hl8il4e
      @user-he4hl8il4e Před 25 dny

      @@DoorovT сөсүз.

  • @user-ou5iq4sy9p
    @user-ou5iq4sy9p Před 7 měsíci +5

    Кутуп атам, лайкты бастым

  • @elmiratagaeva8875
    @elmiratagaeva8875 Před 6 měsíci +3

    Соонун окуптурсуз. Уккан сайын уккун келет.

  • @user-kb4ru8xu2l
    @user-kb4ru8xu2l Před 7 měsíci +5

    Рахмат окурман. Левитон колдосун

  • @bayishtashtemirov458
    @bayishtashtemirov458 Před 7 měsíci +3

    Карга дагы баласын аппагым дейт дегендей кыргыз болсон нукура кыргызча чыгарма адамга сигимдуу болот экен айабай образга кирип каармандар менен аралашып кетим керемет чыгарма экен рахмат

    • @user-ww4gv3pe7g
      @user-ww4gv3pe7g Před 2 měsíci +1

      Кайрадан жазып койунуз коментарийинизди ката жазылып калган жери бар экен😊

  • @zhansu19
    @zhansu19 Před 7 měsíci +3

    Керемет чыгарма.Рахмат,Төрөкул,сонун окуп элге жеткирип жатасың.

    • @DoorovT
      @DoorovT  Před 7 měsíci

      Рахмат пикириңизге!

  • @SamaraAkkusheva
    @SamaraAkkusheva Před 7 měsíci +3

    Тамеки тизген убакытка бир барып келдим👍

  • @user-cy8sl9um5w
    @user-cy8sl9um5w Před 7 měsíci +5

    Энсонун окуйсун унуно береке❤

  • @user-op8mj9ix3p
    @user-op8mj9ix3p Před 6 měsíci +2

    Сонун окуптурсун чыгармачылык.ийгилик

  • @user-ip7wb5ur1b
    @user-ip7wb5ur1b Před měsícem +1

    35жыл мурун окуган елем тунку саат екиде угуп бутурдум сонун окуган Мырза Гапаровдун чыгармалары сонун окуган адамга чоон ракмаат

    • @DoorovT
      @DoorovT  Před měsícem

      Чоң рахмат!

    • @user-ip7wb5ur1b
      @user-ip7wb5ur1b Před měsícem +1

      @@DoorovT Сизге дагы чоон ракмаат аудиторияныз кобойо берсин миллионго жетсин Олеандр уулу дарак деген чыгарманы дагы корком окуп ьерсениз ал дагы сонун жазылган Оз ургармандарын табат деген ойдомун сураныс

  • @jamaltashtanova5883
    @jamaltashtanova5883 Před dnem +1

    Мынча сонун чыгарма .айрыкча эки жоронун жоругу 😅.

  • @user-ox4dt8ku1b
    @user-ox4dt8ku1b Před 7 měsíci +8

    Сонун чыгарма, сонун корком окуу , абдан сонун ..союз кезиндеги жазуучулардын эмгектери абдан маанилуу, нак кыргыз тилинде, орусча кыстармалаоы жок,,айылдын жонокой ,бирок таза жашоосун ушунчалык сонун чагылдырып турат, ..соз жок, абдан сонун....
    Сага чон рахмат.Торокул балам..🎉🎉🎉🎉🎉

  • @user-qd1sy4hs9i
    @user-qd1sy4hs9i Před 7 měsíci +11

    Төрөкул дагы жаңы чыгармаларды күтөбүз.

  • @user-ko1rh7id6s
    @user-ko1rh7id6s Před 5 měsíci +2

    Ото соонун окуйт екен❤😊

  • @Asman236
    @Asman236 Před 7 měsíci +2

    Канчадан бери кутуп журот элем чыгыптыр, Рахмат ишинизге ийгилик

  • @user-cy3cr9ue6f
    @user-cy3cr9ue6f Před 7 měsíci +3

    Рахмат сонун окуду

  • @gulyamaxmutova9116
    @gulyamaxmutova9116 Před 7 měsíci +2

    Рахмат соонун укулуктуу унунуз! Жаш кезимде окугам тушунгон да эмес элем эми угуп тушунуп алам

  • @user-kw8gc3gc8j
    @user-kw8gc3gc8j Před 7 měsíci +3

    Уррааа жаны чыгарма! ❤❤

  • @aijarkinrajapova6358
    @aijarkinrajapova6358 Před 7 měsíci +6

    Соонун чыгарма экен. Үнүңүз да уккулуктуу . Сизден дагы жаңы чыгармаларды күтөбүз. Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынан окуп берсеңиз.

  • @user-cq7qj3df7e
    @user-cq7qj3df7e Před 7 měsíci +3

    Торо сен соонун окуйсун, ❤❤

  • @user-yl5yh2uj1v
    @user-yl5yh2uj1v Před 7 měsíci +2

    Эң сонун жеткиликтүү окуйсуң үнүңо береке бактылуу бол ишиңе ийгилик

    • @DoorovT
      @DoorovT  Před 7 měsíci

      Чоң рахмат!

  • @user-dx4mw6jy3h
    @user-dx4mw6jy3h Před 4 dny +1

    Аябай.сонун.ангеме.экен.мен.да.угуп.отурдум.сонун.экен

  • @user-qg6yt3yi1t
    @user-qg6yt3yi1t Před 7 měsíci +5

    Абдан жакшы окуйсуз кийинкиде Шабданбай Абдрамановдун Домоктун кылычы аттуу чыгармасын окусаныз деп суранат элэмин

    • @DoorovT
      @DoorovT  Před 7 měsíci

      Интернетте барбы?

    • @user-qg6yt3yi1t
      @user-qg6yt3yi1t Před 7 měsíci +1

      Интернетте билбедим китебин окуган элэм да 99- жылы тогузунчу классымда жакшы чыгарма

  • @user-uz5bi9rx8s
    @user-uz5bi9rx8s Před 7 měsíci +4

    Сонун аңгеме уландысы барбы окуган адамга Рахмаат 😊

    • @DoorovT
      @DoorovT  Před 7 měsíci +1

      Рахмат пикириңизге. Уландысы жок экен.

  • @user-np2wz6lh7x
    @user-np2wz6lh7x Před 6 měsíci +1

    Мурза Гапаров озгочо бир аалам.Аны ачып бизге озундой жеткирген Торокул авабызга мин алкыш.

  • @user-cr5nz8vs4t
    @user-cr5nz8vs4t Před 7 měsíci +3

    Ушул чыгарманы угуп балалык кунумду эстедим атин ай ошол мезгил сонун экен да окуганы да топ келиптир рахмат

  • @user-oz1xz2ew7v
    @user-oz1xz2ew7v Před 7 měsíci +25

    200 адам коруп олтурат экенбиз лайтан басканча кетиниздер

  • @nurilaweralieva8918
    @nurilaweralieva8918 Před 6 měsíci +4

    Эң соонун тазза кыргызча экен мокумум канганча кубанып уктум

    • @DoorovT
      @DoorovT  Před 2 měsíci +2

      Чоң рахмат жылуу пикириңизге! Каналдан башка да чыгармаларды угуңуз, башкалар менен да бөлүшсөңүз🙏

  • @kubashonkoev1601
    @kubashonkoev1601 Před 2 měsíci +1

    ❤❤❤ сонун чыгарма, мыкты үн.

  • @user-tv3qy9pz9m
    @user-tv3qy9pz9m Před 7 měsíci +3

    жакшы чыгарма ....

  • @user-kj8wv7lb5p
    @user-kj8wv7lb5p Před 7 měsíci +23

    Союздун убагында сонун эле. Биз дагы азыраак коруп калдык . Ата энелерибизге талаага жардам беруу биз учун милдет эле. .Эх кандай сонун доор эле .Мурза Гапаровтун коп чыгармаларын окуп бердиниз Торокул иним сизге чон рахмат. Туштук диалектиканы келиштире окуйсуз

  • @user-kb9jt7iw2j
    @user-kb9jt7iw2j Před 7 měsíci +2

    Унунуз уккулукту экен

  • @user-ok7nc7ey8r
    @user-ok7nc7ey8r Před 7 měsíci +2

    Ийгилик

  • @user-qg6yt3yi1t
    @user-qg6yt3yi1t Před 7 měsíci +3

    Укмуш соонун окуучулук кезде 99- жылы жайлоодо окуган элэм жакшы чыгарма досторума айтып берет элэм Камчы менен Мураттын окуясын😊

  • @adigineadigine7408
    @adigineadigine7408 Před 7 měsíci +5

    Кутобуз

  • @user-ox4dt8ku1b
    @user-ox4dt8ku1b Před 7 měsíci +2

    Кайсы жазуучу экенин таптакыр эстей албай койдум, "" торгойлуу талаалар '' деген чынарманы таап , окуп берсен .....

  • @aisalkyndyikanova4855
    @aisalkyndyikanova4855 Před 7 měsíci +1

    Сонун чыгарма

  • @Aidosnov
    @Aidosnov Před 6 měsíci +2

    Рахмат сага Төрөкул жакшы жагымдуу окуйсун.
    👍👏👏👏👏😊

  • @user-bw8kh6sq7n
    @user-bw8kh6sq7n Před 7 měsíci +3

    Кутуп жатам😊

    • @user-zy9yh9fr6b
      @user-zy9yh9fr6b Před 7 měsíci

      Мурза капаров суроттогон же окуя болгон айылда 1969 жылы мен суу бойлоп келе жатып суу арыктын жеегинде мурза жазуучу менен бир киши арак ичип олтурушкан экен мен жаш бала бул эки киши ээн жерде эмне квдып олтурат деп коркуп кеткен элем

  • @gulantemirbaeva9846
    @gulantemirbaeva9846 Před 7 měsíci +4

    😊

  • @user-he4hl8il4e
    @user-he4hl8il4e Před 25 dny +2

    🎉🎉🎉🎉🎉

  • @mederbeknurmatov5046
    @mederbeknurmatov5046 Před 7 měsíci +2

    Ала тоо журналына чыккан илгери.

  • @dindilin6441
    @dindilin6441 Před 7 měsíci +1

    Саламатсызбы! Унунузго береке.

  • @user-oe9sf9ol1t
    @user-oe9sf9ol1t Před 7 měsíci +2

    Өтө сонун кандай сонун чыгарма мааниси терең окуп берген сиздин үнүңүз го таазим❤

  • @user-lm7kh4hf7w
    @user-lm7kh4hf7w Před 6 měsíci +2

    Мен башында эле,келип эле жуунуп калганынан, мончогу үзүлгөнүнөн,шектенип койдум эле.

  • @user-ro7ew9gj2b
    @user-ro7ew9gj2b Před 7 měsíci +2

    Мен бала кезимде " Жангак токойдун жомогу " - деген Мурза Гапаровдун китебинен ушул чыгармаларды окудум эле... Кызды эмнеге уйуно жеткирип салды деп тан калып папамдан сурасам , билбейм деп койгон😂😂😂

    • @user-pm9cb9nh9f
      @user-pm9cb9nh9f Před 6 měsíci

      Менда апаман сурагам Жади учун Саид колун кескенде😂

  • @user-vd8yg4nw1m
    @user-vd8yg4nw1m Před 23 dny +1

    Пешайван дегени жакты😂😊

  • @azamatduishaliev4286
    @azamatduishaliev4286 Před 7 měsíci +1

    Угуп эле ж аткын келет байкемдин окуганын. Байкем менин жортуул китебин даагы окусаныз, кутобуз.

  • @user-ww4vl8pg4d
    @user-ww4vl8pg4d Před 6 měsíci +1

    👍👍

  • @user-vl1wy5hp7q
    @user-vl1wy5hp7q Před 7 měsíci +4

    Көз алдыма кинодой болуп тартылып өттү. Чыгарма болсо дагы Малике абдан ыраазы болдум. Чыныгы эрдик жасаптыр. А Жыпар дудук жайбаракат өмүр сүргөн, көңүлү ток адам экени чыгарманын акыркы саптарында жазылыптыр. Окуган адамга терең ыраазычылык. Башка адамдардын окуганын эч эле уга албай койдум берилип

    • @DoorovT
      @DoorovT  Před 7 měsíci

      Рахмат пикириңизге. Мурза Гапаров чындап ушундай керемет образдарды өзүндөй бере алган.

  • @user-he4hl8il4e
    @user-he4hl8il4e Před 23 dny +1

    Мен да Осмон болсо керек,- деп ойлогонмун.

  • @user-og8fd3qe7s
    @user-og8fd3qe7s Před 7 měsíci +2

    Дикциян абдан жагымдуу. Бала кезимде окугам.

  • @user-qi6oz6op5e
    @user-qi6oz6op5e Před 25 dny +1

    Урматтуу Төрөкул мен 70 деги байбичемин,сизди кыргыз Азаттыкта иштеген кезинде угуп жүрчүмүн азыр кайда иштейт экен десем жакында эле казак Азаттыкта эенсиз сыймыктанып калдым ишиңизге ийгиликтерди каалайбыз,анан 2011 жыл беле, атаңыздын маегин уккам ал түштүк. диалектти да колдонсок жакшы болмок кыргыз тили байымак деп түшүнгөм, жакындан бери сиздин каналды көрүп калдым жакты өзгөчө сиз окуган авторлордун китептерин окуган алардын китептери деп көп чыкпаса керек ал эми залкар деген жазуучуладыкы үйдө китепканада бар да ошондуктан ушундай көп элге тааныш эмес окуп турсаныз мүмкүн болсо алар жөнүндө кыска маалымат бере кетсеңиз Чоң рахмат.

    • @DoorovT
      @DoorovT  Před 25 dny +1

      Саламатсызбы, Эркингүл эже! Жылуу сөздөрүңүз үчүн рахмат! Ооба, каналда белгисиз авторлорду да окуп турам. Буюрса, алдыда, балким, алар жөнүндө маалымат берген видео да чыгарармын. Рахмат!🙏

  • @user-my1vs2ep5c
    @user-my1vs2ep5c Před 6 měsíci +3

    Чыгарманын акыры жагында Маралдын үзүлгөн мончогу тууралуу , анан Осмон( Маралды окууга өткөрүүгө жардам берем деген айылга куйөө бала болгон киши) тууралуу бүдөмүк сөздөр окулуптур.
    Ошондо чын эле Маралды Маликке чейин Осмон зордуктап койгон болобу?
    Автор ошол ойду жазганбы же мен туура эмес түшүнүп алдымбы?🤔
    Пикириңиздерди жазып коюңуздарчы.

  • @user-ym5ib8eu3p
    @user-ym5ib8eu3p Před 5 dny +1

    Акесинин кандай иши бар😮инисинин аялы менен,дагы бир зөөкур кылды да ,

  • @user-rr2sk5mw1l
    @user-rr2sk5mw1l Před 2 měsíci +1

    Соонун уккулуктуу уландысы барбы окунучтуу кызга убал

  • @AizadaBotobekova
    @AizadaBotobekova Před 7 měsíci +1

    Баткенде салтта катуу экен, бирок жери бейиштей

  • @user-gr6mf8uj4l
    @user-gr6mf8uj4l Před 7 měsíci +3

    Башында эле Осмондон шекшип койдум эле,ото эле идеальный уй було го деп,корсо котур ташы койнунда тура

  • @user-tr1bs8qv5p
    @user-tr1bs8qv5p Před 7 měsíci +2

    Уландысы болобу? Рахмат сонун окупсуз🎉🎉🎉🎉

    • @DoorovT
      @DoorovT  Před 7 měsíci +1

      Рахмат! Уландысы жок, тилекке каршы.

  • @starstar_kg7891
    @starstar_kg7891 Před 7 měsíci +1

    Сонун чыгарма экен.Окубаптырмын.

  • @AizadaBotobekova
    @AizadaBotobekova Před 7 měsíci +2

    Ошондо эмне Маралды окууга өткөрөм деп алдап койгонбу Осмон шүмшүк жездеси

  • @user-ww4gv3pe7g
    @user-ww4gv3pe7g Před 2 měsíci +1

    Уландысы барбы

  • @mederbeknurmatov5046
    @mederbeknurmatov5046 Před 7 měsíci +1

    Кырк беш жыл мурун окуган экенмин .Издеп жургом кайдан табам деп.

    • @DoorovT
      @DoorovT  Před 7 měsíci

      Андагы сезимдериниз менен азыркы таасирди салыштыра аласызбы?

    • @mederbeknurmatov5046
      @mederbeknurmatov5046 Před 7 měsíci +1

      @@DoorovT Оо,кокуй азыр карыдымда.

    • @mederbeknurmatov5046
      @mederbeknurmatov5046 Před 7 měsíci +1

      @@DoorovT Кызыл беде дегенделе эстедим.

  • @user-vc6rz4lt9m
    @user-vc6rz4lt9m Před 5 měsíci

    Жакшыэле угуп келаткам менин Сенин легенде эле уккум келбей калды

    • @DoorovT
      @DoorovT  Před 5 měsíci

      Түшүнбөдүм. Кайсыл жеринде? Минута?

  • @user-gs9hx5jv1o
    @user-gs9hx5jv1o Před 7 měsíci +2

    Мектепте окуп жүргөндө окуган элем.

  • @user-fy4ws1ll1y
    @user-fy4ws1ll1y Před 6 měsíci +1

    Урматтуу, Мурза Гапаров уландысы барбы

    • @DoorovT
      @DoorovT  Před 6 měsíci

      Уландысы жок(

  • @user-yz7fl8tg3z
    @user-yz7fl8tg3z Před 7 měsíci +2

    Сокурбу, дүлөйбү эне деген эне да , Байкуш Жыпардын дудуктугунан баары пайдаланып ,балдарын тартып алган турбайбы .

  • @user-pr9oc7mh5o
    @user-pr9oc7mh5o Před 7 měsíci +2

    А санбек.стамовдун.дагы.кызыл.беде.деген.чыгармасы.бар.еле.ошону.аудиоштуруп.окуп.берсенер

  • @user-tl1rt1wx8b
    @user-tl1rt1wx8b Před 6 měsíci +1

    Ай торокул сонун окуйсун. Уландысын да окучу.жыпар дудук акыры эмне болот. Малик аны табабы экен. Дудук болсо да акылдуу корунот. Бут балдарын унутпай кабар алганына караганда. Торокул сен лейлектен болосунбу?

    • @DoorovT
      @DoorovT  Před 6 měsíci

      Рахмат. Мунун уландысы жок экен да(( көптөр сурап жатышат... Ооба, Лейлектен болом.

  • @ZagvemZagvem-vg7co
    @ZagvemZagvem-vg7co Před 7 měsíci +2

    Эх Марал жок дегенде тигуучу же китепканачынын же ашпозчунун дукончунун окуусун окуса болмок университетен окуй албагандан кийин.

  • @user-sj8po9fi8v
    @user-sj8po9fi8v Před 7 měsíci +1

    Жакшы чыгарма экен окуган начарырак болуп калыпттыр

    • @DoorovT
      @DoorovT  Před 7 měsíci

      Пикириңизге рахмат! Эмне жетишпей калган деп ойлойсуз бул көркөм окууда?

    • @user-cu9gv6nk7b
      @user-cu9gv6nk7b Před 7 měsíci +1

      @@DoorovTаябай соонун окулган 👏👏👏

  • @user-vf3pd2jp4l
    @user-vf3pd2jp4l Před 7 měsíci +2

    Шеф Аман Саспаев* тоо чабалекей* окусаңыз ' рахмат брат я москвада иште угуп жатам 😊

    • @DoorovT
      @DoorovT  Před 7 měsíci

      Рахмат! Издеп көрөйүнчү

    • @user-yz7fl8tg3z
      @user-yz7fl8tg3z Před 7 měsíci

      Ар бир окуган чыгармаларыңызды калтырбай угуп келем.Азада Бегимкулованын ,,Экинчи өмүрун да окуп бериңизчи,көп окугам дагы деле уккум келет .

  • @user-vl2nk9uf7m
    @user-vl2nk9uf7m Před 6 měsíci

    Мурза Гапаров сонун чыгармаларды жараткан.Аллах ырапзы болсун

  • @user-md5pd9fz7w
    @user-md5pd9fz7w Před 6 měsíci

    Кечириниздер бирок чыгарма жакпады

  • @damirakanjoldoshova4253
    @damirakanjoldoshova4253 Před 7 měsíci

    АВТОРУ ЭСИМДЕ ЖОК КОДУЛДУН КЫРКАЛЕКЕЙ ТЕРЕКТЕРИ деген АЛА тоо журналына сандар санга чыкчуу эле ошону таап окуп берсениз.Токтогулда болгон окуя

  • @alterg5438
    @alterg5438 Před 3 měsíci +1

    Уландысы,жокпу

    • @DoorovT
      @DoorovT  Před 2 měsíci

      Уландысы жок. Бул толук чыгарма

  • @user-pm9cb9nh9f
    @user-pm9cb9nh9f Před 6 měsíci +1

    Мендагы бабник болчум, бирок бирда кыздын абиирине бузган эмесмин, кыздар ишечеек болот - бирок кээбир акмак эркектер барда, баарын боктоштурат.

  • @user-fd1fl6wf4d
    @user-fd1fl6wf4d Před 6 měsíci +2

    Турган кемпирдин куйо баласы, Осмон жаман адам экен да

  • @user-sg1kq9iy7h
    @user-sg1kq9iy7h Před 2 měsíci

    Уландысы барбы