101 подкаст | Саламдын мааниси | Туура саламдашуу кандай болот |

Sdílet
Vložit
  • čas přidán 11. 09. 2024
  • “101. Улуулуктун уңгусу” жакшы идеяларды жайылтуу, коомдогу талылуу маселелерди талкуулоо, эски жаңыны айкалыштырып мыкты коом түзүүнү көздөгөн долбоор.
    Көрсөтүүбүздү саламдашуу тууралуу жана төмөндөгү коноктор менен баштадык.
    Обончу, төкмө, драматург, режиссёр, театр жана кино актёру, көптөгөн пьесалардын режиссёру улуу манасчы Тыныбек Жапый уулунун небереси, ак таңдай акын Актан Тыныбековдун уулу көп кырдуу талант Табылды Актанов.
    Египеттеги аль-Азхар университетинде 10 жыл билим алып келип, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин психология факультетинин бүтүрүүчүсү, “Мухаммед пайгамбардын өмүр баяны” сыяктуу көптөгөн диний жана коомдо азыр көп окулуп жаткан “Эмне үчүн китеп окушубуз керек?”, “Биз эмнеге муктажбыз?”, “Балага жаман тарбия берүүнүн жолдору” жана башка көптөн адептүүлүккө багытталган китептердин автору, Нарын облусунун казысы Мамбетасан Ибраев устаз.
    Жапон, кытай, корей, англис, өзбек, орус, кыргыз тилдеринде эркин сүйлөгөн, араб тилинде окуп, жазган, Кендо боюнча Бүткүл Жапон федерациясынын мүчөсү, 2-дан жана кара поястын ээси, убагында Жапониядагы кыргыз студенттер Ассоциациясын жетектеген, Кытайда эски кытай тилин, филологияны, Жапондо чыгыш таанууну, жана салыштырмалуу политология боюнча магистратураны аяктаган, саясат жана экономика адиси Сейтек Качкынбаев агабыз.
    Көрсөтүүнү даярдаган Дария Абдиметалиева.

Komentáře • 2

  • @UzarRyskulov-it1wu
    @UzarRyskulov-it1wu Před 9 měsíci +2

    Ассаламу алейкум мекендештер Москва шаранды эмгектенип жатабыз .
    Колдойлу коштойлу угалы көрөлү тараталы амал кылалы уккан көргөнүбүзгө.......

  • @user-ec9dv2ui7x
    @user-ec9dv2ui7x Před 6 měsíci +1

    Эмнеге бул подкасты 5ай дегенде эми кордум.