Билем деп, билбегенибиз көп экен. Бул агроном таң калдырды го 😳
Vložit
- čas přidán 3. 06. 2024
- #мөмөАссоциациясы #ассоциацияЯгодоводов
Бул адамдын аты Мигель Хермес Ахумада. Американын мөмө өстүрүп, миллиарддаган долларларды айландырган “Driscoll’s” компаниясында иштеп, көптөгөн жаңы көчөттөрдү ойлоп табып, Эл аралык аренада кадыр баркы жогору болгон мөмө тармагындагы алдыңкы окумуштуу.
Курска катталуу үчүн: forms.amocrm.ru/rtwdltm
Океандын ары жагынан бул инсанды алып келүү оңой болгон жок. 40 жылдык тажрыйбасында мөмөнүн көчөтүн чыгаруудан тарта, аны өстүрүп, сатып, дыйкан чарбаны Эл аралык аренага чыгарууга чейинки билими бар адамдын билимин колдонуп калбасак чоң катабыз болот. Дыйкандар, ишкерлер, билим алып, ийгиликке жетем дегендер бул мүмкүнчүлүктү колдонуп калыныздар.
Американын дыйкандарынын денгээлинде кулпунай, малина, ежевика, голубика өстүрүп, аз жерден мол жана даамдуу мөмө алууну каалагандар үчүн 2 күндүк интенсивдүү курстарды уюштуруп жатабыз.
Бишкек: 6-7-июнь
Кадамжай: 10-11-июнь
Каракол: 17-18-июнь
2 күндүк курска катталуу үчүн: 0772 51 51 50 (чалуу жана ватсап) номерге жазыңыздар.
Биздин максатыбыз дыйкандарыбыз алдыңкы кесипкөй, өз ишин так билген адамдардан билим алып, таттуу жана көп түшүм алып, Кыргызстанда эле эмес Борбор Азиядагы алдыңкы ишкер болуусу.
Баарыбызга ийгилик!
Жөнөкөй киши экен окмуштуу болсо да билимин пайдаланалы
Күйүп бышып түшүндүрүп жатат
Өмүрүн ден соолугун берсин рахмат алып келгендерге
Оа туура ото пайдалуу кенештерин айтты менин атамда агроном бирок алардын билгендерин биздикилер билишпейт туурале кабыл алган жакшы негизи
Котормочу жигитке озгочо ыраазычылык. Бектемир аракетине рахмат элдин кызматын кылып тажабай журобер
Билим керек билим билимдуу болсок Россиялабай уйда эле байымакпыз
Чындап эле 30 жыл Ичи эптеп эле олбостун кунун коруп келдик да жыйынтыгы ушул да
Туура,билимди биринчи орунга коюш керек.Билимдуу олко бат онугот жана эч ким,эч качан жене албайт.
Биз кыргыздар баарын эле мен билем дей беребиз
Которомочу бала молодец экен так туура кыргызча жалпак тил менен тушундурду
Мага жакты ушул уроондун ээси жакшы бала экен сразу айтты мен билбейм деп мен да биринчи коруп атам Котормочу бала азаматсын Кыргызга керек баарынар ушинтип тигип онуктургуло Бул кишиге чон ырахмат ошентип чын душасы менен тушундуруп атат
Химияны колдонбогула!!!!!! Акча деп олбогулочу!!!!! Таза тамак маанилуу!!!!!
Кызык😏 жерде баардык нерсе химия. Азот, калий, фосфор бүт нерсе жерден чыгат да. Бир гана туура колдонуу эрежесин карап пайдалануу керек.
Америкалык куйуп бышып тушундуруп берип жатат котормочуга дагын рахмат аябай так дана которуп берип жатат ,,,
Жаш агрономдор бул кишинин курсуна барышынар керек себеби менин билишимче ал жактагы адамдар оз кесибин мыкты окуп мыкты уйронуп жана мыкты билишет теория жана практика турундо
Жакшы киши экен котормочу дагы азамат
Переводчик грамотный жигит экен..
Жакшылап сурап билип алгандын оордуна герсеишетко, чиркин !
Кыргыз ушундайбызда.
Укмуш билген эч нерсеси жок экен,эл. Билгенди эле билет экен😂😂 чын
Ушундай корсотуунорду кобуроок чыгарсанар жакшы болмок Азаматсынар 🎉🎉🎉
Ото билимду аграрном экен
Жакшы кочоттор керек Кыргызстанга даамына басым жазаш керек.
Эжеке эгер экперттин созун уккунуз келбесе эмнеге бул байкушту чакырдыныз. Экперт бул ото кучтуу болгондуктан эксперт болот. Сизге бизге окшоп ашып барса 10 жылдан бери дыйканчылык менен алек болгон эмес омурун ушул ишке арнаган инсандыгы корунуп турбайбы. Сизге кенешин айтып жатканда озунузду самая умная сезбей созго конок берип укканды уйронсонуз жакшы болмок. Тээ окенандын ары жагынан келип билими, опыты менен болушкусу келип жатса сиз озунузчо акыкылдуу болос. Макул деп угуп койун эгер кылгыныз келбесе кылбан анын айтканын. Сиздин созго конок бербегенизди коруп мен уялдым кыргызга жарашпаган муноз
Ооба, билбей туруп буларда Кун кенен эмес деп айтып атпайбы, Калифорния да тескеринче кыш болбойт
Эже дагы тажрыйба алып калган экен да , эжени дагы туура тушунуш керек
Өзбекке тилиңди сат оруска жаныңды сат америкалыктарга көчүгүңдү сат башка эмне кыла аласың эже туура эле айтып жатат бизде алардыкындай техника шарт жок биз өзүбүзгө ылайык кылабыз
@@BAER_KG эмне деп долдуроп койдун?
@@user-io6ls5sc1b мээң жок болсо мага эмне проблема айтчы
Ушул агрономду алып келген Бектемир менен Тилеке рахмат айтам,чарбаны тушунунгон кошунан болсо талаадан коруп билгенинди айтып кой деп алып бара албайсынго мисалы
Биз Кыргыздар бардык жумушту кыргызча жасайбыз да.
кыргызчылык кылыппы 😂😂
Ушинтип өз элибизди кемсинтип, келе келекелеген туура эмес, жаманыбызды жашырып жакшы жагыбызды ашырганды да өздөштүрүү зарыл ❗мен Кыргыздын жакшы жактарын өтө көп билем ✊😎🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬
Жакшы ийгилик , колунан жакшылык келбеген адам ,жакшы коментариида жаза албайт
Эн тура ,видонун темасы айтып турат .
Негатив жазгандар бүт мөмө иши окшошбой аткандар же такыр эле кылбагандар экен.😂
😂😂 билем дейт бирок билбейт
Молодцы, уйронгуло, тажрыйбасын алгыла 👍👍👍
Окуусуна барышынар керек экен клубника өстургондор. Кымбат дебей.
Омурунун аягына чейин дыйканчылык кылгандар илимпоздордун алдында алсыз
Бизде Кадамжайда Ушул Аграном айткандай кылабыз
МАА ШАА АЛЛАХ жигиттер аракетинерге жана кызматынарга рахмат...
Чет жака тентибей билим илим мейнет изилдөө кылсак онугобуз Ишенген депутат Министрлер болсо эптеп тантырап жазылганды окутушат корунгондун жаман жагын ала бербей онукон олколордун илимдүү билимдүү адистерин чакырып үйрөнүшүбүз керек
40 см эмес биздин жер менен 1 метр, 1,20 см болгондо эң учундагы жаңы бутагын чымчып алып салгыла ✊😎минимум 2 шак болбосо 5,6 шак чыгат кошумча, бирок жоон шактарды кылган дурусураак болот, анан астындагы жалбырактарды суйултуу зарыл жарык кирет, жел кирет арасына ошондо түшүм зор мол болот ❗👌
Опыт бар экен сизде СИЗ деле сабак берип акча таппайсызбы 👍👍👍😍😍
@@user-tk3gf6mk6rопыт 30 жыл малина, ежевика ✊😎🇰🇬🇰🇬
Учун узгонду ар бир кадамжайлыктан сурасан билет
😂😂😂😂😂
Чиканка деп койчу беле
😂😂😂 кадамжайга эле келчи Бектемир
Мен барайын😊
@@user-un7zs1zq1sкелет экен
Аграномунар кадамжайлыктардын караганындай кылып айтты астына 3-4 штук коюп калганын алып таштайбыз учун апрел майда узобуз
Полканы дагы узосунорбу
@@user-cb8ci9ql5b пробага узуп кордум
Эң туура айтасыз биз карагандай кылып айтып ататко.
Бир туптон 6-7 шт чыкса канчоону калтырабыз,жаны чыккандарын алып салабызбы айтып коюнуздарчы
@@user-om6jr2uc8s номерин жазсан видио кылып таштап коем
Азамат агроном экен, молодец все по полочке разложил, грамотный специалист.
Туура эле айтып жатат агроном. Осуп кеткен кочотту- переросшая рассада дейт. Кыйналып калгандар кун аз болуп. Малинанын башын алып кою- прищипка деп коёт. Мен Россияда жер уйдо жашап, орустардан коп нерсени уйрондум. Орустар жалкоо болушат деген жалган. Иштешет оло огородтордо. Кыргыздар наоборот оло жалко калк экен.
Кыргыздар жалкоо эмес, остуруу техникасын билбейт, ошон учун окуп, уйронуш керек 🤔
Тилек Токтогазиевге чон рахмат, ушундай специалистерди алып келип жатканына👍🏾🔥
Комментарийлерди окуп шок болдум, элибиз өтө караңгы болуп кетиптир 🤦🏻♂️ар нерседен кемчилик издеп көрбөгөндүн көргөнү курусун болуп 🤦🏻♂️
Каранкы болуп кетпеей эле каранкы да
А. Кимсанбаевичтин да айтканы чын! КЫРГЫЗСТАН кереметтердин өлкөсү / КЫРГЫЗСТАН страна чудеса! деп. Бизден баардыгын күтсө болот, укмуш ЭЛбиз негизи! акылдуусу, окумуштуусу, чеберлери ж.б ж.а сиз айткандай: караңгылары да бар…
@@user-ey5dx9rt3d сагызганды эмнеге кошуп жатасын бул жерге. Эмне кереги бар бул жерде сагызган агандын? Сагызгандын зыяны жадакалса дыйканчылыккада тийет . Момосун уурдап жейт
@@user-od6ug1iz8y Сен да караңгы экенсиң жазганыңа караганда 🤦🏻♂️
Корбогон коргону курсун деген ушуда 😂, гордос знак бедности дейт ,кыргызтанда жакшы нерсе емес ит болгон нерсе жакшы чыгат , жакшы еле бир демке айтсан тартсан , согунушуп , атанан апан калбайт ,озда колдо ойда бузулган
Бул сорт чуйдон чыккан местный сорт ,ото жывучий даамдуу жакшы сорт
Алла берекесин берсин!
Кандайболбосун эженин эмгегин баалайбыз азаматсыз эже
Кучту агроном экен окуп уйронсок кана тажырыйба жок дыйкандар кыйналабыз
орусияга экспортту жолго койгула. биригип жакшынаа бир брент кылалы. мен фудситиден ар кун товар алам азер менен турктордун товары толуп кеткен.
Англичанин туура айтат бирок 👍👍
Бул аграномду биринчи мөмө отурганда чакырып ушул аграномдун методу менен тигип анан результатын көрүш керек.
Переводчик мыкты Оз ишин билген Адам экен
Операторго дагы рахмат, жакшы тартып жатат.
Азаматсынар ар жакдан алып келип тажрыйба алып жатасынар
Өтө сонун иш кылып атышат балдар. Ийгилик
Азамат ушундай нерселерди коп чыгаргыла
Быйыл ит еле болду.Клубникага ишенип кредит алып клубника ектик еле.Бугун терип сатайлы десек 40сом дейт.Адамга тердиргенбиз ошолорго аран жетчудой болуп калды.Айыл чарба министири не дейт екен буга.Элдин койгойун чечеер бекен.Анткени минтип куйгон мен бир кана эмес.
Каякта 40 сомдон болду? Андай баа эч жерде жок. Чуйдо 200дон ойдо алып атат бугунку кундо. Туштукту алганда 270тен башталып акыры 110дон кайтты. Кайдагы 40сом
@@ruslankadyrov4281 Ишенбесен Ошогу алган баланнын номурун берем суйлошуп сурап кор.Мен дагы тан калып жатам неге мындай деп.
Айыл-чарба министри "клубниканы көбүреек эккиле мен сатып берем" деп мойнуна алды беле?
Эмнени реклама кылышса, ошол нерсени өлүп эле экеберсеңер ушундай болотта, эмне болсун анан?!
Арам мн иш баштасаң ошондой болот тууган.Кредит арам!
База 40 сомго түшкөн жок.
Бүгүнкү күнгө сортуна жараша180-230 тегерегинде болуп жатат
Туугандар Бизнес кылыш үчүн, кичине болсо дагы тил үйрөнүп алыш керек экен. Азаматсыздар. Кыргызстаным өнүгөт буюрса.
Биздикилер кайра озуно уйротуп салдыбы тергенди,эмне бале болуп кетти
Билимдүү, өз кесибин мыкты билген урматтууну ким чакырыптыр? Абдан жакшы кеңеш беоип жатат. Дыйканчылыктагы боордоштор сабак алсаңыздар мөмөңөр берекелүү болуп, кирешеңер мол болсун. Бул америкалык агайга ыраазычылык билдиребиз. Мен үчүн ликпез болду. Ракмат.
Ой баййй абдан мыкты адис экен !!! Бул адам өзүнүн ишин чындап эле терең билет экен!!! Эгерде азыр 500$ болсо сөзсүз бармакмын !!! Баардык акчамды кулпунайга салдым эми кредитти төлөп атам 😅😅😅
Тушум влдынбы кандай чыкты 🥹
Ийгилик
Биздикилер окубайт да ,акча коп тушот десе баары остурот ,
🤣🤣🤣🤣
Ас Салам ъалейкум. Ийгилик.
Азыркы базардагы мөмөлөр баары дарынын күчү менен бышкан даамы жок ичинди оорутат , июлдан баштап чыныгы бышкан мөмөлөр кире баштайт базарга
Кыргызчага которулган толук видиокурстар керек аргайсы мөмө жемиштер боюнча.
Оно катын тоготпойтко билем дегендей😅 ар бир созуно ответ берип😅😅
Соонунго Азамат жигит экен котормочу бала.Кыйын аграном пайдаланып билимин алгыла дыйкандар.
МИСТЕР АГРОНОМ ВСЁ ЭТО БЕЗ ПОЛЕЗНО.... КЫРГЫЗЫ ОНИ ЖАПАЙЫ ЭЛ😂😂😂😂😂
Сен кыргызлын душманы окшойсун
О́сор элдин баласы бирин бир баатыр дейт, андан гору билимсизбиз десен жарашат
Күйүп жатат мөмөлөр үчүн, биздикилер турат, керсейип аттиң ай булар керек болсо өтөө бай... Ички дүйнөсү да сырткы дүйнөсү да
Буйруса секин секин онугобуз , эккенге да билим керек туурусу . Ката кылып кылып кылбаганга уйронобуз . Дыйканчылыкта береке болот кыла бериш керек .
Котормочуга респект 👏
Чоон Рахмат билгенден биле элегин коп деген ушул
Мен быйыл куздо малина огородко отургузайын деп атам буюрса малымат коруп журом анан кобойтом опыт алсам😂 буюрса
Полькадан башкасын отургуз,чын
Аз видео болсода өтө чоң пайдалуу нерселерди айты
Эжеге түшүндүрүп койгулачы арасын кенен эгип 1 гектардан 10 тонна чоң чоң мөмө алган жакшыбы же жыш эгип тергендерди кыйнап жарым жартылай түшүмдү тере албай 2 гектардан 10 тонна майда малина терген жакшыбы ❓❓❓🤦🏻♂️
Мичурин тирууго 😳
Туура айтат Американец кунуно суугаруу керек деп
Бизде айыл чарбасы өлүп калган аты эле бар.оз иштерин билбейт жакшы жүргүзбөйт
Уйронуш керек согунбой
Ангилядан да чакырсанар жакшы тажырыйбалуу аграномдор бар
Бул Эже Эмне Чакырды Эч Укпайтко Тоо десе Бээ дейтко Эрине Сабыр😊
Ысык-Колго Таштак жерге отургузса кандай болот,Айтып койгулачы
Билим керек дыйкандарга
Билими жок дыйкан болот экенби?😂
Дыйкандарды окуткан окуу жай барбы, конечно билимсиз
@@user-jc3du9me5r oa
@@user-yp6ee6vk2w курстар болтатко ошолорго окущ керекда
Менин атам дагы кочотун узарып кеткени тамыр алышы кыйыныраак болот дечу кичинесиде отургузса олбой жакшы онуп кетет дечу
Молодец жакшы иш екен опыт алмашкан
Илим менен билимди алган эн жакшы, Илим жан дуйнобузду байытса билим акылыбызды байытат- ошондо жашоодон утабыз.
Бул аялга агрономдун кереги жок экен 😂
Бул аял өзү илюбой агрономду окутуп коёт 😂😂😂
Эже логично эле айтып жатат!
Биз Кыргыздар андан мындан коруп баррын билем дей беребиз биз бардык нерсени билебиз бирок кичине кичинеден билебиз 😅😅😅
Коручулорго да рахмат
Билсенер деле угуп кое берсенер ,силер билбеген дагы бир нерсе болуп калаар.
Кыргыз булар экендей папестеп олгондо экпейт ,бизге бугун коп болуш керек ,эртенкисин ойлонбойт
Супер
Озун сезген аял тура биртке акчасы бар соз бербейт мындайлар чайнай берет билсе билбесе да.
Аллаха разыболсун
Аграномунар Кадамжайдан окшойт😂😂😂
Бизге айыл чарба министр болуп иштеп беринизчи дегилечи жон эле акча жеп отурушат ошолор окубайбы ушуну элди тартып мына картошка мынча малина айда деп айьрайт элдер жылда коп айдап алып баасы чыкпайт ким билет министр эмне кылат ушу озу
Билимсих АЯЛ тушунбой азунукун макул кылып суйлоп ЖАТАТ чет элдик.тура айтып.жатат
"Озум билем, отугумду торго илем" Деген бизде бекеринен айтылбаптыр канча дыйкандарды кордум, жаны технологияны айтсан терс кабыл слышат. Баары дебейм бирок кеми. Бул эже айткандай уражайы бирдей болушу мумкун бирок даамы, колому айырмаланат Бир топ жогору болот Мигель айткандай кылсанар.
Ото жакшы дагы кобурок чыгып туршула
Герсейетго Бектемир
Бул эже малинаны зерикпей суйултуп чыгышы керек экен
Эже туура айтты.
Илимге жандашуу керек туугандар заман талабы
Агроном эн туура айтты, бизде кадамжайда астыны сейректетип астынкы жалбырактарды узуп чтобы шамал айланып туруш учун устуну кантектеп коюшат.
Мен олтургузгам 10 см выпад 90 пайыз болду . Ал Эми 25-30 см Выпад 1-2 процент болду . Калифорния климаты такыр бөлөк.
Эженин малинасы ото жакын отургузуптур менин апам 1 мерт 1,5 метр отургузат .
Бул агроном биздин климаты билип анан кенеш бериш керек
Азыр балдар окууну бутсом эле Россияга кетиш керек дейт.Жаштар окубаса келечек муун кандай болот белгисиз
Биздин айылда химик агайдын эгини ар дайым жакшы болчу илгери, жаш терек кочотторго кошуп чеснок экчу - корсо чесноктон курт жолобойт экен да жаш кочотко
Ээ БИЗДЕ АГРАНОМ. ДЕП ОКУУП БУТУРУШОТ , АЛАР КАЙДА ГАНГИРАП АКЧА МЕНЕН БУТОТ, МЫНА КАРАЧЫ ЖЕРИНЕН КОРСОТКОН ИШКЕРГЕ ДА ТУШУНУКТУ БОЛОТ,