Билим Майнаев-жалкоого жумуш табылбайт! Бир кесиптин ээси бол...

Sdílet
Vložit
  • čas přidán 11. 05. 2024
  • Жалкоого жумуш табылбайт!
    Ар бир кесип ардактуу. Кесипти танда же жакырчылыкты танда.
    Айтайын дегеним, өлкөбүздө эң азы 50% жумушсуз, туруктуу иш оруну жок. Анысы аз келгенсип, атайын окутулган, даярдыктан өткөн адистер жокко эсе. Майлуу сүттү жер эч качан бош калбайт дегендей, биз бир кесипти аркалап, бир жерде туруктуу иштебегендиктин себебинен ар кайсы жактан мигранттар келе баштады.
    Алар азыр күнүнө акча табыла турган жумуштардын баарына орношо баштады. Мисалы, тигүү тармагы, такси, жеткирүү жана башка ушуга окшогон жумуштар, жадагалса, унаа жуугуч, куруу - баарында индустар, пакистандыктар, бангладештиктер толуп кетти. Булар арзан жана тез иштешет, тойго кетип калмай адаты жок, кечикпейт дагы, анан кыкеңе карганда аябай эле тыйынды да аз алышат.
    Эми элестетип көрөлү, 10 жылдан кийин эмне болот? Индия - 1,5 млрд, Пакистан - 240 млн, Бангладеш - 150 млн. Булар дүйнө жүзүн каптаган, эгер Кыргызстанды да каптаса, баягы сен чанып, айлыгы төмөн деп иштебей жүргөн жерлерде жакында каалап-самаган күндө деле сага орун жок болот.
    Ойлон! Бир кесипти тандап, ошону мыкты аркалаганга аракет кыл! Иш билги, дасыккан, колунан көөрү төгүлгөн, оозунда сөзү бар адис болсоң - эч качан кор болбойсун! Болбосо, жалкоолук жакында жаныңа жетет. Иш сүйгөн колдон тоо кулайт, иш качкан колдон камыш да сынбайт
    Каналга катталып видеону жакындарыңыз менен бөлүшүп коюңуздар жана лайк басып, комментарий калтырыңыздар!
    instagram: bilim.maina...
    tik-tok: www.tiktok.com/@bilim.mainaev...

Komentáře • 892

  • @Bilim.Mainaev
    @Bilim.Mainaev  Před 2 měsíci +302

    Ушул сыяктуу видеолорду бат-баттан чыгарып туралыбы?
    Видеону аягына чейин көрүп сөзсүз түрдө өз оюңузду, сунушуңузду жаза кетиңиздер бизге аябай маанилүү✅
    Бизди колдоп, дуа кылган инсандарга Алла ыраазы болсун!
    Биздин “Билим Майнаев” ютуб каналыбызды колдоп комментарий жазып, лайк басып, катталып жана бөлүшкөндөргө терең ыраазычылык билдиребиз!
    Жеке суроолор, сунуштар болсо инстаграм баракчабызга жазсаңыздар болот.
    Баарыңыздардардан Алла ыраазы болсун!
    Инстаграм: instagram.com/bilim.mainaev?igsh=dXloYnJ4a2N6YXB5

    • @solo99music
      @solo99music Před 2 měsíci +6

      Сонун 🎉

    • @user-ey3fo3qt8j
      @user-ey3fo3qt8j Před 2 měsíci +5

      Аллах ыраазы болсун Билим аке коп коптон чыгарып турунузчу

    • @Dkks-jr1cs
      @Dkks-jr1cs Před 2 měsíci +4

      Созсуз ушундай видеолорду чыгарып турунуздар. Ассаламу алейкум. Орусиядан салам. Ушул нерсе ушундай эле ой орусияда деле бар анткени орустар субота дем алыш Куну иштебейт майрамдарда иштебейт анан мигранттарды иштетишет

    • @werwetsys9301
      @werwetsys9301 Před 2 měsíci +5

      Колдойбуз иншааллах

    • @zarlyk_zhanybekov
      @zarlyk_zhanybekov Před 2 měsíci +4

      Ооба

  • @user-ud3fe7dt6q
    @user-ud3fe7dt6q Před 2 měsíci +221

    Жалкоого жумуш табылбайт ең туура сөз.

  • @munarerkinbekovich3950
    @munarerkinbekovich3950 Před 2 měsíci +187

    Уктуңарда тургула эми иштегиле кыргыз элим.

  • @user-pt2cg8rl5r
    @user-pt2cg8rl5r Před 2 měsíci +208

    Кыргызымда сендей патриот уулубуз болгонуна Шугур,Рахмат сага.

    • @_vska_18
      @_vska_18 Před 2 měsíci +3

      Салам Аллаах таала ыраазы Болсун туура соз индустар басып кетиго.

    • @Bilim.Mainaev
      @Bilim.Mainaev  Před 2 měsíci +3

      Рахмат!

    • @RONALDOIMessi
      @RONALDOIMessi Před měsícem +2

      ​@@Bilim.Mainaevтаксыр билбеген теманызга мурдунузду салбан, сизди эл ээрчийт !
      Тообо кылыңыз

  • @user-bd3kr5it5k
    @user-bd3kr5it5k Před 2 měsíci +72

    Ушу бала тузук чыкты молодец

  • @user-zw2qe6wz9n
    @user-zw2qe6wz9n Před 2 měsíci +69

    Туура айтасын таксыр Дунгандар кыргыздарды иштетип жатат

  • @user-ut5pl6gb4l
    @user-ut5pl6gb4l Před 2 měsíci +71

    Билимбек эн туура айтасын жалкоолор гоп иштейм деген адам аз

  • @japarjapar7105
    @japarjapar7105 Před 2 měsíci +54

    Кыргызымдын мыкты жигити сендей жигиттерибиз коп болсун Кыргызстан алга

  • @user-uu2yk9cu5z
    @user-uu2yk9cu5z Před 2 měsíci +14

    Тигуучулук биринчиден кара жумуш эмес кесип экинчиден биздин тигуучулук менен алектенген ишкерлер аябай арзан толошот

  • @user-ni9zb2zx2i
    @user-ni9zb2zx2i Před 2 měsíci +27

    Бул ишти окмот козомолдош керек. Карапайым эл эч нерсе чечалбайт. Виза. Патент. Налог толотуш керек. Катку козомол керек☝️

  • @user-ud4xn2cp6x
    @user-ud4xn2cp6x Před 2 měsíci +12

    Мен дагы Ин Шаа Аллах Кыргызстандан Эле акча табууну чечтим!

  • @Jyrgal-1985.
    @Jyrgal-1985. Před 2 měsíci +8

    Эң туура айтылды, өзүбүзгө барып иштеп өзүбүздө өнүгөлү!!!

  • @user-lj3hq6fs3e
    @user-lj3hq6fs3e Před 2 měsíci +90

    Билим иним ачуу чындык ак соз Аллахым жалкоолорго ыйман хидаяттарды берсин

  • @user-cs4vc3wf4y
    @user-cs4vc3wf4y Před 2 měsíci +14

    Ак сөз,жалкоого жумуш табылбайт-деген👍🏻🖐Мойунга алыш керек,жалкоо калкпыз.

  • @adisbekkemeluulu3069
    @adisbekkemeluulu3069 Před 2 měsíci +45

    Сөзүңүздүн чындыгы бар , бирок бир айта кетчү нерсе ошол ишкерлер эмне үчүн башка жактан келгендерди жумушка алып атат анткени аларга эшектей 1ай иштетип 15-20миң сом берген жакшы , а биздин жараандарга аз төлөп баштаса албетте башка жумушка кетишет да , аз төлөсө деле кой ушу менин ордума башка бирөө ошол эле пакистандык келип иштеп алат деп иштеп жүрө бербейт да , көбүрөөк төлөгөн шарттары жакшы жакка кетишет , биринчи кезекте ушу ишкерлер ойлонуш керек азыр аз акча төлөп башка жактан келгенди иштеткеним жакшыбы убактылуу жакшы пайда көрөмбү же 5колду тыкпай жакшы иштеп аткан өзүбүздүн жараандарды кармап калыш керекпи деп

    • @user-pb9cq1tp6j
      @user-pb9cq1tp6j Před 2 měsíci +1

      Мындан чыккан продукцияны кыргыздар албай койсун коробуз кимге сатат экен, пакистанга сатсын алып барып.

    • @Mirbekofficial
      @Mirbekofficial Před měsícem

      Силер швеялар ушинтип жазып атасынар бирок жакшы иштеген адамды эчким кетиргиси келбейт ошо иштебей аткан учун айла жок башкаларды жумушка алууга туура келип атат. Кыйын болсонор цех ачып Кыргыздарды иштетип коргуло

  • @milka5271
    @milka5271 Před 2 měsíci +93

    Туура жери куурай басып жатат Озу мигрант болуп куурап Россияда журот . биз жалкообуз. Ошол жеринди. Иштетсен Меенди. Иштетсен . жаратканым. Берекесин. Беретда

    • @user-zm9xd9rg5z
      @user-zm9xd9rg5z Před 2 měsíci +2

      Туура айтасың!мага окшогон акылы жокторго туура айткансың!!!жапжашыл жайлоому таштап кыйраткансып Москвага келип алып орустун дааратканасын жууп жүрөм,кеттип калайын десем адаттагы канга синген эл эмне дейт😶

    • @user-xv1kx2iv8z
      @user-xv1kx2iv8z Před 2 měsíci +1

      Чон соодагерлер дыйкандардын тушуму бышканда бааны тушуруп жиберип куйдуруп жатпайбы.Карапайым азыркы учурда дыйканчылык кылса 1 жыл куткон мээнети акталбайт.Андан жакшысы мигрант болуп иштеген жакшы болуп атат.

    • @user-bt7ks9ij6p
      @user-bt7ks9ij6p Před 12 dny

      Мага жер таап бериңи канг жер болсо да боло берет көгөртүп алам иншаАллах. Жер таппай койдум канча издедим.

  • @user-bw2op7uc9o
    @user-bw2op7uc9o Před 2 měsíci +32

    Ата- эненизге алкыш болсун 🎉🎉🎉

  • @Dastisn
    @Dastisn Před 2 měsíci +19

    Ушул инсанды катуу сыйлайм , Билим молодец Кыргызстанга салым кошуп жатасын 👏👏👏📿

  • @user-my7xr9tr5r
    @user-my7xr9tr5r Před 2 měsíci +25

    Ак соз молодец Билим сенден Аллах ыразы болсун

  • @user-gj2ti1qf1c
    @user-gj2ti1qf1c Před 2 měsíci +30

    Билим балам эң туура айтасын ,ошентип иштерибизди алдырып койбосок эле болду.

  • @Sever_the_best
    @Sever_the_best Před 2 měsíci +14

    Кыргыздардын баардыгы эле жалкоо эмес ушул убакытка чейин эле кыргыздар иштеп келгенго, акырындык менен баары оз нугуна тушот.

  • @user-up8ug3yg3f
    @user-up8ug3yg3f Před 2 měsíci +23

    Ассаляму алейкум. Биринчиден биздин Кыргыздардын кээбирлери жалкоо. Иштен инсан олгон эмес иштегиле Кыргызстандагы ишкерлер Кыргыздарды ишке алышсын.

  • @AzizDai-pc2yk
    @AzizDai-pc2yk Před 2 měsíci +7

    Буйрса кыргызымдын кыздары жигиттери кыргызстан учун чон салым кошот ийгиликке жетет кыргызстан Алга 🎉🎉🎉🎉🎉

  • @dastanalimov4333
    @dastanalimov4333 Před 2 měsíci +25

    Илим билим жагына көбүрөөк басым жасаш керек . Өзгөчө жаштарга тиешелүү. Илим Нур - илимсиздик караңгылык.

  • @user-fd1kq9hj5i
    @user-fd1kq9hj5i Před 2 měsíci +11

    Билим Майнайевдин айткан созун,жолун жолдосонор, эки дуйно бактылуу жашоого мумкунчулук озунордун колунарда, Аллахымдын меерими чексиз.

  • @user-hs3yj2zs1r
    @user-hs3yj2zs1r Před 2 měsíci +12

    Туура соз, аш тойду азайтыш керек.Тойлор дем алыш кундору откорулсун деген мыйзам кирсе жакашы болот эле.

  • @user-bt3uz2dl3v
    @user-bt3uz2dl3v Před 2 měsíci +16

    Эң туура сөз,айыл жеринде стройкада бүтүндөй өзбек туугандар иштеп жатышат

  • @user-vz5zf7sq3m
    @user-vz5zf7sq3m Před 2 měsíci +11

    Бизде эркиндик бар башка коңшу өлкөлөрдө мындай жашоо жок

  • @user-tx7hi6vu5u
    @user-tx7hi6vu5u Před 2 měsíci +18

    Иштегиле, аял башым менен мен 2 жумуш иштейм, намыстанбай пол жууйм кечинде барып, Кудайга шугур 2 баламды багып келем

  • @AKTILEKakylbekov06
    @AKTILEKakylbekov06 Před 2 měsíci +5

    Билим Байке өтө туура айттыңыз, Кыргызстан өзү кичинекей жер жакында Индия, Пакистан болот!

  • @user-wc4pj7wn6d
    @user-wc4pj7wn6d Před 2 měsíci +19

    Эркекче соз болду молодец ,кыргызды иштетип тамагын берсен да тамактан айып издешет

    • @user-pb9cq1tp6j
      @user-pb9cq1tp6j Před 2 měsíci +1

      Сен жакшыраак бер, доширак берсен анан Унчукпай койсунбу.

    • @user-wc4pj7wn6d
      @user-wc4pj7wn6d Před 2 měsíci

      @@user-pb9cq1tp6j доширак мне ал пиццабы

    • @user-wc4pj7wn6d
      @user-wc4pj7wn6d Před 2 měsíci

      @@user-pb9cq1tp6jкой сойгондо да наалышкан

  • @user-qq5mz5mf4m
    @user-qq5mz5mf4m Před 2 měsíci +11

    Аллах раазы болсун

    • @Bilim.Mainaev
      @Bilim.Mainaev  Před 2 měsíci +2

      Алла баарыбыздан ыраазы болсун!😊

  • @bilimambetov1596
    @bilimambetov1596 Před 2 měsíci +8

    Сөз жок,эң туура маселе!Алла ыраазы болсун👍🏻

  • @user-dx1pu2yv9t
    @user-dx1pu2yv9t Před 2 měsíci +14

    Бул деген онугууго карай жол деген!!!
    👇🏻

  • @Arzuu_009
    @Arzuu_009 Před 2 měsíci +8

    Эрте тургула кыргыздар иштейли туура айтат❤ балдарыбыздын келечеги,мамлекетибиз үчүн....

  • @user-ke3tr1gx8e
    @user-ke3tr1gx8e Před 2 měsíci +7

    Туура айттын,биздикилкр уйкудан козу ачылбайт,жалкообуз,..😢Сизге окшогон Азамат жигиттерибиз биригип жаштардарды туура жолго угуттоп,жумуш таап берип ,тартипке салбасанар болбой калды.😢Иштегенде телефондорду алып коюш керек таптакыр,жумушка же сабакка кирп баратканда..оюнга азгырылып жатышат..

  • @BerrdievKgz
    @BerrdievKgz Před 2 měsíci +14

    Ушул созду бары корсун амин ❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤

  • @ali1dos
    @ali1dos Před 2 měsíci +7

    Молодец ушуну колдоп чыкчы

  • @rustanmoskva421
    @rustanmoskva421 Před 2 měsíci +11

    Ак сөздү, айтыптыр молодец👍👍👍👍

  • @Elenmamatovna
    @Elenmamatovna Před 2 měsíci +4

    Эн туура прям в точку,айрыкча эркектерибиз жалкоо баары эмес албетте.

  • @user-gs7xu9gg6t
    @user-gs7xu9gg6t Před 2 měsíci +5

    Туура айтасыз 100%кошулам

  • @user-fz7py7rl5i
    @user-fz7py7rl5i Před 2 měsíci +6

    Эн тура айтлган созАлла ыразы болсун тууган 👍

  • @88-28
    @88-28 Před 2 měsíci +7

    Билим тура айттын, Аллах ыразы болсун.

  • @berezkamaevka2780
    @berezkamaevka2780 Před 2 měsíci +15

    тура айтасын билим байке тура айтас аллах сизге жардам берсиноминь алаху акбар

  • @user-wk5mv8xj7e
    @user-wk5mv8xj7e Před 2 měsíci +8

    Эң туура айтат.АЛЛАХ өмүрүнө береке берсин.

  • @user-zk8bi2hg2q
    @user-zk8bi2hg2q Před 2 měsíci +7

    Атына заты жарашкан инсан, чооң рахмат сага, күйүп айтып атат.

  • @japarjapar7105
    @japarjapar7105 Před 2 měsíci +7

    Эн туура созду айтты балдарыбыздын келечегин ойлойлу

  • @NurkyzTemirbekova
    @NurkyzTemirbekova Před 2 měsíci +9

    Аллах ыраазы болсун сизден
    Чон Глобалдуу маселеге айланып жаткан теманы айттыныз .Дайыма биз жаштарга мотивация болуп келесиз , ишиниздин берекесин берсин Аллахым.

  • @user-ey3fo3qt8j
    @user-ey3fo3qt8j Před 2 měsíci +11

    Ассалаумағалейкум Аллах ыраазы болсун Билим аке.
    Абдан сонун тез тезтен ушул сыйактуу мотивация.бизнес идеа,бизнестеги тажырыйбаларыныз менен болушуп туруңузчу .

  • @user-fd1kq9hj5i
    @user-fd1kq9hj5i Před 2 měsíci +3

    Ар бир айткан созундо чындык бар, эн туура соз болду, биз кыргыздар чыны жалкообуз муну мойунга алышыбыщ керек. Туура айтат окмот бизге эмне кылды эмес, биз окмотко эмне кылдык деген создун маанисин туура тушунуу керек.Жакшы оку, билим ал, такыр болбосо бир жерде меенет кылып иште, эмне жумуш болбосун ишинди суйуп таза иште, келечекте сени жакшы кундор кучак жайып тосуп алат. Аллахтын меерими чексиз.

  • @user-rg5fx8hf9s
    @user-rg5fx8hf9s Před 2 měsíci +3

    Жалкоого жумуш табылбайт!Эн сонун табылган соз экен!

  • @RomanRomanov-jk9ms
    @RomanRomanov-jk9ms Před 2 měsíci +5

    Эн туура айтас бул олутуу маселе жамаат ойлонолу не кылсам экен деп отургандар тургула иштегиле 😊.

  • @user-ou2ji6sv7n
    @user-ou2ji6sv7n Před 2 měsíci +1

    Ен туура соз сиздей кыргыздын чыгаан жигитери коп болсокен

  • @user-mh9no4nf3u
    @user-mh9no4nf3u Před 2 měsíci +3

    Эн туура соз айтты молодец чондор контролдобосо биздин колдон келбейт ойлоп эле отурабыз акыры жумушсуз калышыбызды бирок кол жетпей. Сага окшогон жигиттерибиз жеткирсин рахмат

  • @user-xi8fe6zc3h
    @user-xi8fe6zc3h Před 2 měsíci +17

    Москвада иштеп журобузго уктабай, азрак жеп😢

  • @user-rf9jq9po7c
    @user-rf9jq9po7c Před 2 měsíci +7

    Аллах сизден ыраазы болсун

    • @Bilim.Mainaev
      @Bilim.Mainaev  Před 2 měsíci +1

      Алла баарыбыздан ыраазы болсун!😊

  • @tiluhhaha4554
    @tiluhhaha4554 Před 2 měsíci +3

    Азаматсын балам,Билимдей балдар коп болсун кыргыз элимде,энтуура айтат биз жалкоо калкбыз мойнубузга алвшыбыз керек

  • @user-ec6fo9np5f
    @user-ec6fo9np5f Před 2 měsíci +3

    Ассалоому алейкум мусулман бир туугандарым. Эн туура ой,пикир ,маселени которупсуз Билим иним.Бул ото ойлоно Турган маселе...Сиздей жигиттерибиз кобойо берсин .

  • @user-mc3xy8bt4s
    @user-mc3xy8bt4s Před 2 měsíci +3

    Аллахым сизге бекем ден соолук берсин Билим Майнаев канчалаган адамдарга жардам берип келесиз эки дуйно бактылуу болунуз сизге таазим

  • @MIR20237
    @MIR20237 Před 2 měsíci +8

    Уаалейкум Ассалям уа рахматуллоохи уа баракатух. Туура 70-80 % жалкоолук бар бизде. Ооба таксырым сизге окшогон инсандын пикири керек кыргыз элибизге, Аллах таала баарыбыздын ыраазы болсун. Өмүрүңүзгө береке берсин🤲.

  • @user-ys1ei6xd5x
    @user-ys1ei6xd5x Před 2 měsíci +22

    Чет элден келген ишкерлерден патент талап кылыш керек. Патентти кымбат кылып койушса булар оздору эле иштебей калышат.

  • @user-ug7qt3hg3y
    @user-ug7qt3hg3y Před 2 měsíci +4

    Бул мырза азамат экен колдоймун туптуура айты биз Кыргыздар жалкообуз

  • @user-dj5ot9mm6b
    @user-dj5ot9mm6b Před 2 měsíci +2

    Туура жашоо уровеньибизди которушубуз керек Кыргызстанда кыргыздар озубуз башчы болуп озубуз башкарышыбыз керек

  • @user-jb3bf2ll9f
    @user-jb3bf2ll9f Před 2 měsíci +4

    Аллах ыраазы болсун жакшы сөздөр үчүн.өтө мааниси терең сөздөр.

  • @user-bo8gx5ir7n
    @user-bo8gx5ir7n Před 2 měsíci +2

    Билим мырза азаматсыз бул чындык оюнузга кошулам,бар болунуз ПИТЕРДЕН салам КЫРГЫЗ ЭЛИМЕ иншаллах буйруса оз элимде кызмат кылам

  • @user-vs3ps3lb9x
    @user-vs3ps3lb9x Před 2 měsíci +3

    Туура соз маш Аллах Алла колдосун кыргызтанды Аалымдарыбызды элибизди жалкоолуктан сакта баарыбызды

  • @user-ol6eo6uc1f
    @user-ol6eo6uc1f Před 2 měsíci +3

    Ва Алейкумассалам Алейкум ва Рахматуллохи ва баракатуху,учурдун койгойлуу маселесин айтыптыр,эии миллион,миллиарддаган эли бар олколордон эсеби жок киргизе бербей чектоолорду да киргизиши керек да тийиштуу мамлекет кызматтары...

  • @ayzataybekkyzy6419
    @ayzataybekkyzy6419 Před 2 měsíci +1

    Аллах ыраазы болсун сендей инсандар Кооп болсун кыргызда

  • @asdklop7430
    @asdklop7430 Před 2 měsíci

    Билим байке ото билимдуу соонун тушундуруп бердиниз,депутаттыка талапкерлигин койсо ушу байкени шайламакмын

  • @JamalKuliev-nr6de
    @JamalKuliev-nr6de Před 2 měsíci +3

    Ассалоому алейкум,, мусулман бир туугандар. Билим майнаев эң тура сүйлөшүңүз сиз менен кудайым кааласа суктана турган белгилүү инсан боушунузду кудайымдан сураймын , маашалах

  • @user-xh5os5ur9u
    @user-xh5os5ur9u Před 2 měsíci +3

    Туура , кыргыздар ар жакта иш издеп журобуз, а жумуш адам издеп журот Кыргызстанда. Каерге барсан "требуется швеи" деген жазуу...

  • @user-mg3md6zd6c
    @user-mg3md6zd6c Před 2 měsíci +3

    Азамат иним , ишине ийгилик!

  • @tokkojoevaasel8461
    @tokkojoevaasel8461 Před 2 měsíci

    Маа шаа Аллах туура суйлоп чындыкты айтканыныз учун Аллах ыраазы болсун сизден.Адашып жургондорго ыйман ынсап берсин.Аллах жалкоолуктан жаман коздон жаман создон жин шайтандардын азгырыгынан Аллах озу сактасын.

  • @qwerasdf8014
    @qwerasdf8014 Před 2 měsíci +2

    Кыргыздар окугула бир кесипке ээ болгула,

  • @kanikani7167
    @kanikani7167 Před 2 měsíci +1

    Эн туура, жалкоого жумуш табылбайт.

  • @user-eh8cj2zq5j
    @user-eh8cj2zq5j Před 2 měsíci +1

    Аллах ыраазы болсун Билим сизден отто оорундуу и туура суйлойт экенсиз

  • @user-dn1mj7xy7s
    @user-dn1mj7xy7s Před 2 měsíci +3

    Жогоруда отурган чиновниктер эмнеге ушундай ой жугуртушпойт ыя? Азаматсыз Билим!!

  • @kyaz-tm7bx
    @kyaz-tm7bx Před 2 měsíci +4

    Билим иним сенин жакшы создоруно муктажбыз.❤

    • @ilbirs1992
      @ilbirs1992 Před 2 měsíci +1

      Туура айтат 💯 пайыз колдойм.!
      Меенеткечиреек бололу туугандар!
      Мекенибиз ЖАЛГЫЗ!
      Алдырып ийбейли!!

  • @user-zc8vp9lm5p
    @user-zc8vp9lm5p Před 2 měsíci +2

    ИШТЕЙЛИ,БИЛИМ АЛАЛЫ КЫРГЫЗ ЖИГИТТЕРИ, ОЛКОБУЗГО АР БИР КЫРГЫЗ ЖИГИТИ КИЧИНЕДЕН САЛЫМ КОШСОК ОНУГУП ОСУШ БАТ ЭЛЕ!!!

  • @SheralievaMadina
    @SheralievaMadina Před 2 měsíci +1

    Аллах жардам берсин элиме,ыймандууларга

  • @MrAkbars.YouTube
    @MrAkbars.YouTube Před 2 měsíci +6

    Аллах раазы болсун 🤲🤲🤲
    Like 👍👍👍

    • @Bilim.Mainaev
      @Bilim.Mainaev  Před 2 měsíci +1

      Алла баарыбыздан ыраазы болсун!😊

  • @Omur-fh6ut
    @Omur-fh6ut Před 2 měsíci +7

    Кыргыздын колунда башка улут иштегени да бир топ алдыга жылыш

    • @Vesna-sp6gf
      @Vesna-sp6gf Před 2 měsíci

      Алдыга жылыш болмок, эгерде кыргыздар оздору мигрант болуп журбосо ар жакта! Мигрант кыргыздар дын ордун ээлеп жатышпайбы

  • @meliskulov5271
    @meliskulov5271 Před 2 měsíci +1

    Маша Аллах АЛЛАХ ӨМҮРҮНӨ БЕРЕКЕ БЕРСИН. Көп көп чыгарып тур, бизге элибиз пайдалуу кеңештер болсун.

  • @user-uu6kf8er1w
    @user-uu6kf8er1w Před 2 měsíci +1

    Эн туура соз болуптур

  • @user-cs2vl5pt6n
    @user-cs2vl5pt6n Před 2 měsíci +3

    Кыргызымда Билим Майнаев байкедей Патриот Жигиттер Кобойоберсин 🇰🇬🇰🇬🇰🇬

  • @RuslanAshyraliev
    @RuslanAshyraliev Před 2 měsíci +1

    Туура айтасын

  • @meken5884
    @meken5884 Před 2 měsíci +2

    Алла ыраазы болсун туппа туура айттыныз❤

  • @user-zc1ds1bn2b
    @user-zc1ds1bn2b Před 14 dny

    Билим мырза кыргыздын белду намысту эмгекчил эл учун куйгон жигит .Суйлогон создорунун баарын да жан бар баары туура создор.

  • @marssarar
    @marssarar Před 2 měsíci +1

    кудай колдосун сизди жолдосун, коргосун

  • @nerlanbekchabekov2292
    @nerlanbekchabekov2292 Před 2 měsíci +3

    Илим эң туура маселени көтөрүп айтып жатасың. Адамдар өнүкбөйүнчө мамлекет өнүкпөйт. Адам туура жол тапмайынча адашат. Кыргызга туура жолдун мээнети насип этсин. Элибизде сендей азаматтар көбөйсүн.

  • @user-ln5ke6cq5g
    @user-ln5ke6cq5g Před 2 měsíci

    Азаматсынар Аллахым фирдаус бейишинен орун берсин чын журоктон каалайм

  • @user-qc9he9nl7c
    @user-qc9he9nl7c Před 2 měsíci

    тарбия берген ата энеңе рахмат ишиңерге ийгилик 🎉👍👍👍☝🏼☝🏼

  • @user-wi7wu9hh9d
    @user-wi7wu9hh9d Před 2 měsíci +16

    Ассалому алейкум элим кандайсынар ол жакта мен ишштедим жетпеди азыр Россиядамын баарына жетет

  • @user-yk7yw4nd5u
    @user-yk7yw4nd5u Před 2 měsíci +2

    Эң туура сөз, эң туура көйгөй. Тез-тез ушундай көйгөйлөр көтөрүлүп турсун сураныч. Мен да Кыргызстан үчүн күйгөн мекенчил энемин.

  • @user-mc6bn6xq5q
    @user-mc6bn6xq5q Před 2 měsíci +3

    Эң туура жана мыкты сөз болду окшойт 😊

  • @JumavekMakkambaev
    @JumavekMakkambaev Před 2 měsíci +1

    Ассаламу алейкум мусульман бир туугандар
    Байке эн маанилуу маселени айттыныз
    Келечекте коркунучтуу койгой болот

  • @aidarnurov7993
    @aidarnurov7993 Před 2 měsíci +8

    Аллахым ыраазы болсун Аллахым берекелүү бактылуу өмүр берсин жана баарыбызды жалкоолуктан сактасын

  • @user-iz9cg4jv8l
    @user-iz9cg4jv8l Před 2 měsíci +1

    Эн туура сөз, азаматсын.
    Уккула Кыргыз элим.
    Айрыкча жаштар, азыр доор алмашкан жыл, жаштар силер кучтуу болушунар керек. Уккула ушул бала айткан создорду. Амал кылалы баарыбыз.
    Аллахым Кыргыз элиме ден соолук,куч кубат бере кор. 🤲🤲🤲

  • @user-qh7eq2zr9z
    @user-qh7eq2zr9z Před 2 měsíci +1

    Ээн туура сөз мойнубузга алышыбыз керек

  • @dilshatkalbekov1673
    @dilshatkalbekov1673 Před 2 měsíci

    Эн туура айтасын сага кошулам,накыл создорду айтты.