Аалы Туткучев✔.Аалынын жыйнагы.Бабалар жолу/Эгемендуулук/Ким эле Кыргыз ким болду/Ак кайын.

Sdílet
Vložit
  • čas přidán 20. 12. 2018
  • Аалы Туткучев.Аалы акындын жыйнагы/Бабалар жолу/Эгемендуулук/Ким эле Кыргыз ким болду/Ак кайын.
    Каналга катталыныз,лайк басып кетиниз.
    Аалы Туткучев 1983-жылы 9-декабрда Талас облусуна караштуу Манас районунун Арал айылында төрөлгөн.
    Туткучев "Айтыш" коомдук фондусунан залкар акындар Ашыраалы Айталиев, Тууганбай Абдиевден сабак алып, азыркы муундун көрүнүктүү өкүлдөрү Амантай Кутманалиев, Жеңишбек Жумакадыров, Элмирбек Иманалиев, Азамат Болгонбаев жана башка акындар менен улуу өнөрдү улап, маданиятка салымын кошуп келе жатат.
    Билими:
    2001-жылы - Алымкул Үсөнбаев атындагы орто мектепти аяктаган;
    2007-жылы - Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм өнөр окуу жайын артыкчылык диплом менен бүтүргөн.
    Эмгек жолу:
    2006-жылы - Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясындагы "Эл ырчысы Эстебес" фольклордук тобунда акын;
    2014-жылы - "Эл ырчысы Эстебес" фольклордук тобунун көркөм жетекчиси;
    Ийгиликтери:
    2005-жылы - Буйлаш уулу Арстанбектин 180 жылдык мааракесине арналган республикалык төкмө акындар айтышында баш байге;
    2005-жылы - "Алтын шаты" президенттик стипендиясынын стипендианты;
    2006-жылы - Казакстандын Орал жергесинде өткөн Мухит Мерейли уулунун 165 жылдык мааракесине арналган эл аралык акындар айтышында II орун;
    2007-жылы - Барскоондо өткөн республикалык акындар айтышында I орун;
    2008-жылы - Кыргызстандын Эгемендик күнүнө арналган эл аралык акындар айтышында I орун;
    2009-жылы - Кыргызстандын Эгемендик күнүндө президенттин байгесине арналган республикалык айтышта баш байге;
    2009-жылы - Республикалык "Айтыш-2009" төкмө акындар сынагында баш байге;
    2010-жылы - Маданият жана искусство жаатына сиңирген эмгеги үчүн КРдин Ардак грамотасы менен сыйланган;
    2011-жылы - Залкар акын Барпы Алыкуловдун 130 жылдыгына арналган республикалык төкмө акындар айтышында баш байге;
    2011-жыл - Курманжан датканын 200 жылдыгына арналган республикалык төкмө акындар айтышында баш байге;
    2011-жылы - Казакстандын Астана шаарында өткөн "Казакстан тауелсиздигине 20 жыл" эл аралык айтышында III орун, Куйручук олуянын 145 жылдыгына арналган республикалык акындар айтышында III орун;
    2012-жылы - Белгилүү мамлекеттик ишмер Абды Сүйөркуловдун 100 жылдыгына арналган акындар айтышында III орун;
    2012-жылы - Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн "Кыргыз тили" төш белгиси менен сыйланган;
    2012-жылы - WIPO дүйнөлүк интеллектуалдык менчикти коргоо уюмунан кыргыз фольклоруна кошкон салымы үчүн "Креативдүү инсан" алтын медалы менен сыйланган;
    2013-жылы - Нооруз майрамына карата эл аралык "Айтыш-2013" сынагында I орун;
    2013-жылы - Алп акын Коргоол Досуевдин 130 жылдык мааракесине арналган республикалык төкмө акындар айтышына жигердүү катышкандыгы үчүн Ардак грамота менен сыйланган;
    2014-жылы - Ош шаарында өткөн "Ырыбыз - достук, ынтымак" аттуу эл аралык айтышта баш байге;
    2014-жыл - Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына арналган IX эл аралык айтышта I орун;
    2014-жылы - Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты;
    2016-жылы - Лейлектеги республикалык акындар айтышында баш байге;
    2017-жылы - КРдин Эмгек сиңирген артисти;
    Үй бүлөлүү. Эки уул, эки кыздын атасы.
    #Каналга#катталыныз#рахмат

Komentáře • 512

  • @birbolelim9744
    @birbolelim9744  Před 5 lety +532

    Аалы Туткучевди колдойм десениздер видеонун астына лайк басып кетиниздер !

    • @kereziliasova1031
      @kereziliasova1031 Před 5 lety +35

      Кандай гана керемет адам бир куплет ырды жаттап айта албайбыз.бирок беш он жылда мындай адам калбай калабы деп корком себеби азыр эчч ким китеп окубайт аа окубаса тилбайлыгы суйлооо байлыгы аз болот окунучтуу барында ушундай адамдардын кадырына жетсек экен

    • @user-qj3fe8ec7z
      @user-qj3fe8ec7z Před 4 lety +17

      АЛЛАХЫМ омурунду узун кылсын !!!!!!,Баракелде, Ма Ша Алла, элибизге Аалыдай акын берген Жараткан АЛЛАХЫБЫЗГА шугур !!!

    • @qadiralibayjigitov8547
      @qadiralibayjigitov8547 Před 4 lety +7

      Keremet

    • @nazgulumotalieva6000
      @nazgulumotalieva6000 Před 4 lety +9

      Кыргыз элим, ушундай улуу инсандар менен кылымдарга ЖАШАП кала берет деп ишенем. Жараткан куюлуп келген кутубузду уюткулуу, агылып келген акылыбызды ар бирибизге синимдуу кылсын!!!

    • @user-xk8ku8xd4p
      @user-xk8ku8xd4p Před 4 lety +11

      Айланайын аалы балам биринчи ден соолугун болсун экинчи онорун оркундосун уккан кулактын моокуму канат ырларына аллахым узуун омур жаш берсин.

  • @user-zl1xs3hw2y
    @user-zl1xs3hw2y Před 5 lety +358

    кундо уккандар класс басып койгулачы ☺

    • @user-iq4gf6pk6j
      @user-iq4gf6pk6j Před 3 lety

      ф

    • @user-ih1xo9lw7s
      @user-ih1xo9lw7s Před rokem

      Йр

    • @user-mr4rl1cm9g
      @user-mr4rl1cm9g Před rokem +3

      Уктаарда угуп жатып уктайм

    • @AskarKichkinov
      @AskarKichkinov Před 9 měsíci +2

      Аалы орт акын ❤❤🇰🇬🇰🇬🔥🔥🔥🔥

    • @user-re9wh4vs3h
      @user-re9wh4vs3h Před 8 měsíci +2

      Класс кунуго балылбайт экенда болбосо миллион клас басат элем!

  • @baktybekazimov2118
    @baktybekazimov2118 Před 2 lety +31

    Чоон бизнесмен болсом ушул кишиге Бир үй Бир машина Белек кылам буйруса амиин ошол күнгө жеткирсин Аллахым👆👆

  • @user-yj3fv6if1y
    @user-yj3fv6if1y Před 2 lety +26

    Аалы имправизатор философ чыныгы элдик патриот акын

  • @user-jf5rl9vn9n
    @user-jf5rl9vn9n Před 2 lety +18

    Алы туткучев кыргыстын эл артисти бериш керек бис кыргыстар турузундо сыйлашыбыс керек👍👏✊🇰🇬

  • @bolotabdiev5311
    @bolotabdiev5311 Před 5 lety +171

    Аалынын ырын укканда олуп бараткан дух тирилет

  • @zhanuzak99
    @zhanuzak99 Před 5 lety +204

    Мен Кыргызмын дегендин баарысы корушу керек !!!!!

  • @user-vb3fo6wf3e
    @user-vb3fo6wf3e Před 2 lety +24

    Уккан сайын уккуң келет, сөздөрү өтө маанилүү! Ата-энеңизге ырахмат!🤲🏻 үй-бүлө, жакындарыңыздар менен эки дүйнөдө бактылуу болушту насип эткен болсун Жаратканыбыз 🤲🏻 ден-соолукта,узун өмүр сүрүңүз ылайым 🤲🏻 көз тийбесин! Сөз тийбесин!🤲🏻

  • @Arslan1991chaek
    @Arslan1991chaek Před 2 lety +14

    Төкмө акындык деген дагы сабак кошсок жакшы болот эле мектептерге жана жогорку окуу жайларга! Туткуч уулу Аалыга терен тазим,алкыш.

  • @sabiramuratova628
    @sabiramuratova628 Před rokem +21

    Балакетинди алайын !. Сендей уулду кыргызга бергенине чексиз раазымын аллага ,! Ата энен аман болсун? Баскан жолун туз болсун , барган жашын жуз болсун ! Башынан бакыт кетпесин , жаман соз ,жамак коз сага жетпесин !. Аллага аманат ,! Алтын бала !.

  • @user-ih1co2oh5s
    @user-ih1co2oh5s Před 2 lety +19

    Уккан сайын жүрөк дирилдей. Кудайым колдосун өнөр кудайдан берилет дейт ,уккандан тажабайсын жаштар укса сабак болчу ыр кудайдын колдоосунда элдин алкоосунда бол ,ийгилик, өркүндөй бер өсө бер,😍

  • @user-fq3om3wl8s
    @user-fq3om3wl8s Před 3 lety +25

    Аалам укту Аалы Туткучев БАБАЛАР УНУН ТОККОНДО. Улуу элдин бийиктигин улуу тоолордой экенин таамай таап ырдады.

  • @ulaik6862
    @ulaik6862 Před 5 lety +31

    ААЛЫ ТУТКУЧЕВ БИР КЫЛЫМДА БИР ЖАРАЛУУЧУ ИНСАН.АЗАМАТ АР ДАЙЫМБАР БОЛ ТАЛАНТЫНА ТААЗИМ

    • @user-gu2lo5iv9l
      @user-gu2lo5iv9l Před 4 lety

      Катынды алган термеден ырда булдуйно жарымы катын ону неге айтпайсын булдуйнонун жарымы. Сууда абада дагы неелербар акын чындыкты айтат барсын

  • @asman3750
    @asman3750 Před 4 lety +28

    Кыргыз эли кылымдарды карыткан Эчким аны очуро албайт тарыхтан Кыргыз деген атка татыктуу бололу Кыргыздар

    • @aqdema5722
      @aqdema5722 Před 3 lety +2

      Аалы!- айланайын омурун чексиз узун болсун!-кудайым озу колдосун!.. кыргыздын сыймыгысын!!! Ушунун баары талбаган эмгек издону.кудайым берген чексиз онор талант!!!

  • @user-yg1yw3rh9z
    @user-yg1yw3rh9z Před rokem +31

    Көз тийбесин, сөз тийбесин! Нукура кыргыз уул. Ушундай уулдарыбыз көбөйсүн! Таланты ташкындап,өнөрү өркүндөп, кызыл тилинен бал тама берсин! Элдик руханий казынабыз сакталган көкүрөгүнө Бали!!! Тарыхты таңдайына сактаган кыргызымдын руху Аалыда. Талантына таазим! Кудайым колдосун!!! Бар болсун!!!

  • @user-st4xg6bl3p
    @user-st4xg6bl3p Před 2 lety +9

    Кара жаак ,жез тандай! деп койгон талбай тогуп айткан акынды! Улуулардын учугун улаган, Касиеттуу, Кудуреттуу Мырзабыз Кыргыздын!

  • @user-hy5ou8yr1g
    @user-hy5ou8yr1g Před 2 lety +11

    Ушундай акылман эл болгон үчүн сонун жерди ээлеп мекен деп калышкан биздин ата бабалар

  • @user-in9ul6tx9w
    @user-in9ul6tx9w Před rokem +9

    Таласымдын кулуну Сакадай бою сары алтын. Кудайым ден соолук берсин, өмүрлүү бол, суук көздөн, суук сөздөн сактасын Аллахым Кыргыз элинин сыймыгы Талантын ташкындай берсин Аалы иним Бар бол аман бол!

  • @user-ks1sq2eu8o
    @user-ks1sq2eu8o Před 3 lety +16

    Аллахым кыргызга Аалы акындай инсандары кооп берсин ооммииннн

  • @vddgshdbbsj8865
    @vddgshdbbsj8865 Před 3 lety +21

    Алайдан салам Аалы унун эч качан очпосун бар бол Аллахым ардайым колдоп журсун

  • @user-mr4rl1cm9g
    @user-mr4rl1cm9g Před 2 lety +18

    Кандай сөздөр менен жазылган таазим эттим Аалы сага рахмат мен раазымын сен жашаган маалда жашаганыма.

  • @user-jr4zh6us4g
    @user-jr4zh6us4g Před 4 lety +15

    Мен Аалы балам менен сыймыктанам,коп жашасын,аман болсун!!!💋💋💋

    • @user-vw1tw6pm1j
      @user-vw1tw6pm1j Před 2 lety

      Малодцы кыргыздын урпагы

    • @user-vw1tw6pm1j
      @user-vw1tw6pm1j Před 2 lety

      Кыргыз болуп торолгом кыргыз болуп оломун деген соз чындыкка дал келет ко

  • @kutkataikutbudinov281
    @kutkataikutbudinov281 Před 3 lety +13

    20,22:22 ,2021бир угуп аткандар болсо бир кылас👍👍👍

  • @uson4ik.o27
    @uson4ik.o27 Před 3 lety +16

    Аалы уй ичин апан менен кылым ашык омур берсин аллахым омин омин

  • @aktandastan8107
    @aktandastan8107 Před 3 lety +23

    Тажабаймго чиркин, Аалы ны күнүнө 5-6 ты жолу уксам да. 👍👍👍

  • @user-wz6vz4uk6l
    @user-wz6vz4uk6l Před 5 lety +32

    Ушул Алп акын Аалы туткучовту укканда эле ыйлай берем негедир алакандай жер учун урушка чыккан азыр болсо толька сатышат😢😢😢😢😢😢😰😰😰

    • @user-ee4go9so9t
      @user-ee4go9so9t Před 4 lety +2

      Кыргызда сиздей мекенчил эненлерибиз бар экен кыргыздын уучу куру эмес.... буйруса Манас да торолот 🤲🤲🤲🤲🤲

  • @user-vm5nh8gu4p
    @user-vm5nh8gu4p Před rokem +15

    Мына силерге рэп, бизден башталган. Кыргыздын сыймыгы Аалы Аке ✊🏼🇰🇬🥰

  • @user-yy5fs1wb2o
    @user-yy5fs1wb2o Před 3 lety +18

    Аалы Туткучев,рахмат өмүрүң узун болсун .Чыгармачылык өнөрүң өркүндөй берсин.

  • @altuhakyrgyz2602
    @altuhakyrgyz2602 Před 3 lety +21

    Карачы кандай Гана керемет. Кыргыз экенинди унутпа кыргызым кандай кана каада салтарыбыз бар. Муну кыргыздар эле тушунот бул создорду ата бабаларыбыз айтып какшап кана келген. Мындай Акыл наасатар бир Гана кыргыздарды бар. Бар Аалы Агабыз. Кыргыздан Гана чыгат мындай акылман акындар.

  • @almakuljoldoshbaeva2839
    @almakuljoldoshbaeva2839 Před 5 lety +94

    Аалы кагылайын аман бол.Суук көздөн суук сөздөн кудай сактасын.Аман бол кыргыздын сыймыгы.Таластык эжең.

  • @user-mz3sf9fk1y
    @user-mz3sf9fk1y Před 2 lety +26

    Аллахым ушул Аалы баламды кудайым колдосун кыргызымдын туусу бол

  • @user-fe1gk1zf1i
    @user-fe1gk1zf1i Před 4 lety +42

    Ассаламу алейкум, кыргыз калкым, эн жакшы кыргыз калкымын башынан откон таарыхты ырдап ыйлатасынго чиркин, сенин ырын менен ошол мезгилге сунгуп кирип кетесин. Кандай кана создор, Аалы сага аллахым омуруно береке берсин, ден соолук берсин, талантын ташкындай берсин. Талантына таазим.

    • @user-rq3po6no4v
      @user-rq3po6no4v Před rokem

      Аалы слов нет брат.просто низкий поклон тебе

  • @baza45
    @baza45 Před 2 lety +8

    Аалы акын бир кылымда эмес беш кылымда туулса туулат,Аалы кыргыздын намызы,туугандардын акындары Аалыдан кудай сакта деп келишет,соз м н кууп юаратго баратурган жерине чейин молодцы Аалы,бакытылуу болунуз,эл сизди сыйлайт.

    • @user-jc5xj2di7i
      @user-jc5xj2di7i Před 5 měsíci

      АЛЫНЫН ЫРЫН УГУП намызы барлар онолор патриот токмо рахмат омур берсин

  • @user-fq1fp2hl8h
    @user-fq1fp2hl8h Před 3 lety +28

    Аалы Деген акыныбыз бар болгонуна кыргыз Эл кандай Гана бактылуубуз.Озубузго Кут болсун.Омуру узун Болсун.

  • @user-cp6lf1ew4t
    @user-cp6lf1ew4t Před 5 lety +31

    Даа, Кыргыз ким болгон эле, эми кимбиз.....
    Ата Бабаларыбыз кан төгүп курган мамлекетти чекеден сатып жок кылып бүтө турган болушту биздин азыркы хандарыбыз

    • @aqdema5722
      @aqdema5722 Před 3 lety

      Аалы сени жараткан

  • @user-sn1ry2ph2b
    @user-sn1ry2ph2b Před 3 lety +13

    Аман бол талантын ташкындасын сендей туураны айткан таланттуулар кыргыз журтүбузда көп болсун сенин төкмөнду уккандан тажабай угуп келем сендей таланттуу төкмөлөр аман болсун бар бол талантын түбөлүктө тарыхта калат

  • @user-sl7pf1ml5j
    @user-sl7pf1ml5j Před 4 lety +16

    Аалы акын турса ыр ырдап,Жан дуйном кетет зыркырап,Айтышып байкап корсомбу,Аалыкен менен тен ырдап,Тамаша элим Тамаша,соогунуп анан жазбагыла ,алтын агам Аман бол

  • @user-xi2uv1pc7o
    @user-xi2uv1pc7o Před 3 lety +15

    Балли ак тандай ырчы келечегин кен болсун, азамат.

  • @user-lp2ey6mz3o
    @user-lp2ey6mz3o Před 3 lety +13

    Кундо угам Аалынын ырларын негедир ушул ырларды угуп элим журтум деп жакшы жака озгоруп мамлекетибизди ондошоор деген ойлор келет,анан да жаштардын баары укса дейм каякта американын Европанын ырын укпай,бул ырларды уккан ар бир адам ойго батат болуш керек😪😥😢😭😭😭😭

  • @user-rj2vb5ng1e
    @user-rj2vb5ng1e Před rokem +11

    .Бааракалла бар экенго кыргызымдын дулдулу ,аман болуп коп жаша.

  • @saltasydygalieva5488
    @saltasydygalieva5488 Před 4 lety +19

    аалы иним аман бол кыргыз эли сендей акыны мн сыймыктанат суук коздон кудайым озу сактасын .талантына таазим иним

  • @user-qi6ti7rf2e
    @user-qi6ti7rf2e Před 5 lety +32

    Мына баракелде байлык да бийлик да . Эч кызыкпаган чындыкты ырдаган бийиликтен коркпогон жамандарды ондогон чыныгы Акын Аалы байке бар болунуз

  • @user-wo4wb2gq5f
    @user-wo4wb2gq5f Před 4 lety +15

    Аалыке алгалай бер кыргыз эл сени менен.

  • @user-ep7ot8pq3s
    @user-ep7ot8pq3s Před 4 lety +23

    Аалыны кыргыздын бешенесине жараткан Аллахым чыныгы элдин уулу

  • @user-oy7hf7bs8c
    @user-oy7hf7bs8c Před 3 lety +6

    Азаматсын Аалы ишине ийгилик👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍💋💋💋😘😘🙏🙏🙏👍👍👍❤🍰🍰🍰🍾

  • @user-dm1pq6bu9f
    @user-dm1pq6bu9f Před rokem +14

    Аалы иним омурун узун болсун Ар бир ыр саптарында ата бабабыстан калган макал ылакаптарды эске саламын Озун айткандай баш кесмек бар,тил кесмек жок дегендей тилине кубат берип омурун узу болуп аман эсен журо бер иним

  • @user-ci6jn7us5k
    @user-ci6jn7us5k Před 3 lety +13

    Азаматсын элдин улуу😍😘😘😘

  • @user-zc2fi4or9p
    @user-zc2fi4or9p Před 2 lety +14

    Аалы дулдул акын Азамат.

  • @islamyrysbekov346
    @islamyrysbekov346 Před 5 lety +46

    Аалы акынды АЛЛАХ ОЗУ КОЛДОСУН Мындай кишилер 100 жылда Бир торолот Эл учун Берген Алланын акыны чындыкты айтып журо Бер Эл арасында омуруно бэреке берсин

  • @jumashov5132
    @jumashov5132 Před 3 lety +16

    Эн жонокой эн мыкты акын

  • @zikir.61zulpukarov89
    @zikir.61zulpukarov89 Před 5 lety +30

    Туткуч азыркы замир эстебес атабыздын баласы рахмат сени кудайым колдосун

  • @user-wv2nn9bj8i
    @user-wv2nn9bj8i Před 2 lety +18

    Аалы байке, сизге терен ыраазычылык. Бабалар жолу ырынызды угуп кыргыздын коп салтын тушунду, коп нерсени туура эмес кылып журуптурмун. Атам акыл айтпаптыр, апам бизди жалгыз багам деп иштеп журот азыркы кунго чейин, бул создорду бизге айтууга убактысы жок. Чоон рахмат сизге, аман болунуз.

  • @user-ll5gu5ki2l
    @user-ll5gu5ki2l Před 4 lety +93

    Самый настоящий патриот Кыргызстана,самый сильный,умный и грамотный историк,токмо акын Кыргызского народа,будь здоров 👍👏🤲🙏🤲

  • @user-xz8jv5iq9b
    @user-xz8jv5iq9b Před 2 lety +36

    Аалы Акындын ыры Бут Кырздарга Дух беретко чиркин денен дурукуроп Укун эле келе берет ырларын Бар болунуз !

  • @user-ix2gn3xe3z
    @user-ix2gn3xe3z Před 5 lety +66

    Оо балии сени остургон ата эне рахмаат Аалы бар болгун кыргыздын сыймыгы болуп журо бер

  • @mosmos1985
    @mosmos1985 Před 4 lety +25

    Азаматсын Аалы сен менен Кыргыз эли сыймыктанат.

  • @user-bu1co2ec5j
    @user-bu1co2ec5j Před 4 lety +24

    Азаматсыз! Аалы ага! Сиздей акындар коп болсо экен! АЛЛАХым омурунузго береке берсин! Уй-булоонуздо аманчылык болсун! Дайыма бар болунуз!

    • @user-by2ui4fx5r
      @user-by2ui4fx5r Před 2 lety +1

      Машаалах! Атасына рахмат! баракелди 👍

  • @arsenattokurov547
    @arsenattokurov547 Před 2 lety +16

    Молодец Аалы ийгилик чыныгы патриот жигит оркунун оркундой берсин 👍👍👍

  • @user-ih5gm6si8y
    @user-ih5gm6si8y Před 5 lety +40

    Омурунузга ырыскынызга береке! Кыргызга, акыйкат кыргызды тааныта Турган сиз Аалыке.

  • @ermekkyrgyzbaev6931
    @ermekkyrgyzbaev6931 Před 4 lety +40

    Элимдин сыймыгы ААЛЫ бар бол алтыным!!! 👍👍👍👍👍👍👍👍👍🙏🙏🙏🙏🙏🙏🙏🙏🤲🤲🤲🤲🤲🤲

  • @user-dk6fy9wt9l
    @user-dk6fy9wt9l Před 3 lety +22

    Аалы өмүрүң узун болсун!!!!

  • @user-dz1rr3ew8q
    @user-dz1rr3ew8q Před 2 lety +13

    Ракмат сага сендей эли жери учун куйгон акындар коп болсун.Кудайым омурунду узун, ден соолугунду чын кылсын .Бар бол.

  • @user-ff5lo5ki9z
    @user-ff5lo5ki9z Před 5 lety +49

    Ата-бабалардын касиетту урпагы, ак жол сизге! таазим!

  • @ermekkyrgyzbaev6931
    @ermekkyrgyzbaev6931 Před 3 lety +33

    ЭЛИМДИН ЭРКЕ БУЛБУЛУ АЛТЫН БАШЫН АМАН БОЛСУН .👍🏼👍🏼👍🏼🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲

  • @user-ct6mv6hi1l
    @user-ct6mv6hi1l Před 3 lety +17

    Кыргыздын патриот талантту акыны онорун оркундой берсин

  • @user-bs6cl1ik6o
    @user-bs6cl1ik6o Před 5 lety +118

    Эмнеге ушундай таланттар кочмондорго чон майрам жолугушулар болгондо алып барбайсынар Аалы Женишбек Элмирбектер ырдаса элдин чери жазылат ар кайсы шалкылдаган ырды укпай жаштардын козу ачылып эли жери учун потироттук сезимдери ойгонмок

  • @user-yx6gq5nj2j
    @user-yx6gq5nj2j Před 3 lety +15

    Аллахыбыз колдосун сизди Аалы мырза элдин уулу Чындыкты чыркырата айткан

  • @user-fm3fv9tg6h
    @user-fm3fv9tg6h Před 3 lety +13

    Акындарга кудай таалам берген бизге соз менен жеткиргени учун чон ырахмат ардайым ошондон жазбай журолу

  • @user-xu4dt5xq8o
    @user-xu4dt5xq8o Před 2 lety +18

    Кыргыз Аллахымын суйгон эли, ошондуктан токмолукту,манасчылыкты бизге гана берген онорунор оркундой берсин сыймыктуу акындарыбыз.Келечегинер кен, омурунор узуун болсун

  • @botcomputer5390
    @botcomputer5390 Před rokem +16

    Токмолук талантынызга таазим кылабыз!!! Кыргыз элибизде тынчтык, ынтымак, ырыскы кетпесин!!!

  • @begayzaynailieva7406
    @begayzaynailieva7406 Před 5 lety +50

    коро албаган душмандардан кудайым озу сактасын ден соолугун чын омурун узун болсун

  • @user-cj3vw3wk5n
    @user-cj3vw3wk5n Před 4 lety +14

    Аалахым сени колдосун бар бол балам .

  • @sabiramuratova628
    @sabiramuratova628 Před rokem +13

    Озундой балдарын коп болсун , келин коп торосун алтындарым уругунар , уруунар коп болсо экен . Сендей уулдарыбыз ,ташка тамга баскандай создорунду угуп , эсаласын .Омур берсин кудайым !!!

  • @user-pn6yz7ou2l
    @user-pn6yz7ou2l Před 5 lety +30

    Аалыдай ак тандай акындарыбыз коп болсун кыргыздын патриот жигити

  • @user-ko2fi5wn2j
    @user-ko2fi5wn2j Před 2 lety +5

    Жакшы адамдар ушундай болот тура .Аалы агабыздын тушманы жок болсо керек.

  • @user-xh5hi8cy5r
    @user-xh5hi8cy5r Před 4 lety +23

    Аалы Туткучев моладец сенин ырларыңды күндө угам уккан сайын кайра кайра угамынго чиркин

  • @bar4ynsatieva529
    @bar4ynsatieva529 Před 4 lety +20

    Алы рахмат угуп жыргадым тарыхты төккөнү ата энесине рахмат казактар менен айтышка чыкса жакшы болмок күтүп атабыз 💪👍

  • @akjolabdivaliev7968
    @akjolabdivaliev7968 Před rokem +16

    Каным жаным садага болсун Кыргызыма!!!

  • @user-lx5ix3hp3w
    @user-lx5ix3hp3w Před 5 lety +77

    Ушундай Аалы жигиттерибиз бар учун келечеке ишенесин!

  • @user-wb6yd2ks6g
    @user-wb6yd2ks6g Před 4 lety +39

    Талантыңа таазим сени тарбиялап чоңойткон ата енеңе рахмат

  • @user-rn9ef7ys5s
    @user-rn9ef7ys5s Před 2 lety +4

    Ма ша Аллах! Баракелде!

  • @niazibraximov1144
    @niazibraximov1144 Před 5 lety +63

    Аллах ыраазы болсун аалы акын

  • @erkajk3144
    @erkajk3144 Před 4 lety +31

    Кыргыз элимдин туусу Аалы акын ,кылымда бир гана келчу акын Алланын бизге берген белеги сизге таазим

  • @user-tl5yn2xs7k
    @user-tl5yn2xs7k Před rokem +3

    Аалыдай ак тандай жигитибиз коп болсун Ден соолук ыйман ырыс ынтымак тынчтык бере гор Аллахым колдосун 🤲🤲🤲🙏🙏🙏❤️

  • @jumashov5132
    @jumashov5132 Před 3 lety +10

    Ушул акындын онорун улай турчу Адам калса экен

  • @aibek36
    @aibek36 Před 5 lety +30

    Баракелде!!! Бар бол Аалы, Улуу кеп!
    Эл түшүнөт,чындык, элдин уулу деп,
    Эгеменди кимден алдык? Кимге алдык?
    Ушул суроо утур жанды кейитет,
    Чоңдор чыкты төш койгулап, эми" мен".
    Жеп калсам деп ак үй берген жеминен,
    Азык камдап качып кетип жатпайбы,
    Элди таштап;"Эгеменде" эзилген!

  • @user-uf4mi6zz4x
    @user-uf4mi6zz4x Před 5 lety +13

    Эн сонун аман бол Алы

  • @user-ju3oi1bi4b
    @user-ju3oi1bi4b Před 4 lety +16

    Аалы гений

  • @user-tp1be2hq2i
    @user-tp1be2hq2i Před 3 lety +5

    Дух Беретта чиркин 👊👍👆💪💪

  • @user-mf2uz2vu4m
    @user-mf2uz2vu4m Před 2 lety +6

    Боорум ооруп,журок тилинет😥😥😥😴😴😴🙏🙏

  • @user-ld6bc7on9j
    @user-ld6bc7on9j Před 5 lety +76

    Аалы ага, кыргызым сиз менен сыймыктанабыз бар болунуз бактылуу болунуз.

  • @kairatduishonaliev6353
    @kairatduishonaliev6353 Před 4 lety +39

    Кыргыз болгонума шугур 🇰🇬🇰🇬🇰🇬❤️👆👍

  • @user-jb4gp1fh6e
    @user-jb4gp1fh6e Před 2 lety +5

    Аалы зор 👍👍👌👌

  • @Beautiful_worlds.789
    @Beautiful_worlds.789 Před 5 lety +47

    Аман бололу, Кыргыздар

  • @user-xx4qz1he8z
    @user-xx4qz1he8z Před 5 lety +31

    Токтогулдан болом эмкиде приздентике кой жалпы Эл шайлайбыс омур узун болсун уй-булон аман болсун

  • @omurbek_bofersuynbaev5644
    @omurbek_bofersuynbaev5644 Před 3 lety +17

    274504 Адам коруптур 2000 адам лайк басыптыр

  • @zikir.61zulpukarov89
    @zikir.61zulpukarov89 Před 5 lety +19

    Туткуч сен геройсун

  • @user-wb2nw7vp2m
    @user-wb2nw7vp2m Před 5 lety +35

    Жок дегенде сиздей акындан 5и болгондо чиркин жараткан аллам узун омур берсин ага сизге

  • @user-sr9jz6re6v
    @user-sr9jz6re6v Před 3 lety +12

    Аалы байке ырларынызды тегиз жаттагам сен аркылуу тарыхты окудум издендим Рахмат ырдай албайм бирок духум создорундон которулуп турат сурасан бардык ырын айтып берем!олбо ос коптун кутом!!!

  • @nurlanchynybekov2680
    @nurlanchynybekov2680 Před 4 lety +15

    Омурунуз узун болсун кызыл тилиниз чындык учун чыркырап журо берсин оомийн