Орто Азиядагы эң ылдам жана эң кымбат аргымактарды баккан Курсантбек Сатыбалдиев

Sdílet
Vložit
  • čas přidán 6. 03. 2019
  • Байыртан кыргыз аргымактары өзгөчө бааланып, ал тургай орто кылымдардагы Даван өлкөсүнө чейин атагы жеткен. Асыл жылкы тукумун жоого таптап, ат жалынында шамалдай ойногон кыргыз байыртан жылкы баласына жакын. Мындан улам Оштун 43 жаштагы жашоочусу Курсантбек Сатыбалдиев бүгүнкү күнгө чейин байыркы кыргыз тукумундагы аргымактар менен жаңы кыргыз тукумундагы аргымактарын багып келет.
    Бир нече жыл мурун Кара-Суудан 35 миң АКШ долларына кара байыр тукумундагы жылкы сатып алганын айткан Сатыбалдиев аргымактардын асылдарын багуу ата-бабадан калган салт экенин айтып, жылкылардын өзгөчөлөгүнө токтолду.

Komentáře •