Көк жал Манас кабылан

Sdílet
Vložit
  • čas přidán 23. 01. 2024
  • Көк жал эрдин арбагы
    Көз көрүндөй көрүнүп
    Кайран энең Каныкей,
    Жараткан деп жар ыйлап
    Бир Теңирге зар ыйлап,
    Кабылан көк жал Манасым
    Колдой көр деп дагы ыйлап,
    Аргымак жалдуу тайкушум,
    Чын теңирге жалынып
    Бере көр деп сөз салып
    Тайторуга көз салса:
    Оң кулагын жапырып,
    Кара жердин кыртышын
    Төбөсүнө сапырып,
    Калган экен Тайтору,
    Кара болот ооздук
    Көмөкөйгө каккылап,
    Тал жибектей куйругун
    Чаткаякка чапкылап,
    Сайсайлап жүнү бөлүнүп,
    Аркардай көзү көрүнүп.
    Башын шилтейт жаныбар
    Көкүлдү көккө зыргытып,
    Туягын жерге мылгытып,
    Калган экен Тайтору.
    Менин маңдай сөөгүм кайкы эле,
    Ак каным көзү өткөндө,
    Күн көрөрүм тайкы эле.
    Тайкыраак шорум болбосо,
    Ушу бүгүн Тайторум
    Башын жерге салат ко,
    Ушу турган Букардын
    А, Кудай, баш белегин алат ко!
    Ичим толгон көп күйүт
    Бүгүн теңир чачат ко!
    Болбосо, артта калып Тайтору
    Ардыккан бойдон Каныкей
    Арданып бейбак өлөт ко!

Komentáře • 3