Борбор калаада “Визуалдык ызы-чуу жараткан аба чубалгыларын азайтуу”
Vložit
- čas přidán 10. 09. 2024
- Борбор калаада “Визуалдык ызы-чуу жараткан аба чубалгыларын азайтуу”
Бишкек мэри, Айбек Жунушалиевдин планына ылайык, "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасы, борбор калаадагы "визуалдык ызы-чуу жараткан аба -чубалгыларын азайтуу” боюнча активдүү иштерди улантууда. Ошентип, аны азайтуу жана шаардын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу үчүн Байтик Баатыр жана Ахунбаев көчөлөрүн көрктөндүрүү алкагында интернет-провайдерлер тарабынан Бишкек шаардык телефон тармагынын (БШТС) жер астындагы телефон каналдарына оптикалык -интернет чубалгыларын кайра куруу аткарылууда.
Ошондой эле, "Бишкекбашкыархитектура" МИси тарабынан электр тармактарына кошулган субъекттерге аба чубалгыларын (АЧ) демонтаждоо боюнча билдирмелер берилген.
Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаментине жана "ВЕГА" ЖЧКсына "Бишкекбашкыархитектура" МИнин макулдашылган долбоорлору боюнча светофорлорду жана видеобайкоо камераларынын таянычтарына ("Коопсуз шаар") электр берүү аба-чубалгыларын жер астындагы ыкма менен өткөрүү өтүнүчү менен каттар жөнөтүлгөн.
Бул иш муниципалдык ишкана тарабынан шаардын башка кызматтары менен биргеликте аткарылууда.
***
Снижение «Визуального шума» в столице
Согласно плану мэра Бишкека Айбека Джунушалиева МП «Бишкекглавархитектектура» продолжает активную работу по снижению «визуального шума» в столице. Так для его снижения и улучшения внешнего облика города в рамках благоустройства улиц Байтик Баатыра и Ахунбаева выполняется переустройство волоконно-оптических линий связи (ВОЛС) интернет-провайдерами в подземные телефонные каналы Бишкекской городской телефонной сети (БГТС).
Также МП «Бишкекглавархитектектура» выданы уведомления субъектам подключенным к электрическим сетям воздушным способом на демонтаж воздушных линий (ВЛ). Кроме того, направлены письма в Департамент транспорта и развития дорожно-транспортной инфраструктуры мэрии города Бишкек и ОсОО «ВЕГА» с просьбой произвести перекладку воздушных линий электропередач светофоров и опор камер видеонаблюдения («Безопасный город») подземным способом по согласованным проектам МП «Бишкекглавархитектектура».
Данная работа выполняется муниципальным предприятием совместно с другими службами города.
--
🎉🎉🎉🎉🎉🎉🎉🎉🎉
Молодцы
👍🇰🇬🇰🇬❤️👍👍👍👍🤲👏👏👏
Могу Корей кафелерди жапкыла жолдон кармап итерди союп салат шорпо курдак кылат Анан тышкары рекламасы Орусча же корейче
Саламатсызбы. Байтик Баатыр, Абдрахманов жана Ахунбаев көчөлөрү капиталдык оңдоодон өтүүдө.
Кийинки аптадан баштап Бишкек мэриясынын кызматтары Юнусалиев көчөлөрүн жана Жибек-Жолу проспектисин оңдоп баштайт. Июль айында Чүй проспектиси, Горький көчөсү жана 7-апрель көчөлөрүндөгү жолду оңдоо иштери башталат.