Video není dostupné.
Omlouváme se.

Кыргыздын туңгуч профессору- Касым Тыныстан уулу

Sdílet
Vložit
  • čas přidán 29. 07. 2021
  • ТАСМА КАСЫМ ТЫНЫСТАН УУЛУНУН 120-ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛАТ
    *************************************************************
    1991-жыл. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылы. Бишкек шаарынын өйдө жагында жайгашкан Чоң-Таш айылындагы казуу иштерин баары муң кайгы менен күтүп турушту. Ооба, бул 1938-жылы тоталитардык Совет режиминин жана диктатурасынын курмандыктары жашырылган жерди казуу иштери эле. Казууда эски кыш бышырган очоктун чуңкурунан 137 кишинин баш сөөктөрү чыгат. Негизи эле Кыргызстандагы репрессия темасы козголгондо жогорудагы 137 киши эске келет. Бирок бул 137 киши эң алгач ачыкка чыккан репрессия курмандардыктары гана болчу. Андан сырткары 20-жылдардан тээ 50-жылдар аралыгында жалпы жонунан 40 000 киши атып өлтүрүлүп, дайынсыз жерлерге көмүлгөн, жүз миңдегендери сүргүнгө айдалып, мекенине кайтпай калган. Балким атылгандардын саны мындан да көп деген божомолдор да бар, анткени Чоң-Таштагы казып алуу иштеринен кийин, орус атайын кызматтарынын тапшырмасы менен көптөгөн архивтик материалдар жокко чыккан. Бул шовинисттик режимдин урпактарын гана эмес, өзүбүздөн чыккан жана ошол атылган эр-азаматтардын артынан тоголок кат жазгандардын урпактарынын да түн уйкусун бузган.
    Атылгандардын баары эле Совет режими атагандай “эл душманы” беле? Жок, курман болгондордун арасында карапайым дыйкандар,жөнөкөй соодагерлер, тоодо мал жайгандар жана студенттер эле. Бирок жогорудагы 1938-жылкы репрессиянын курмандарынын арасында болсо ошол доордун айдындары, кыргыздын мамлекеттик, саясий, маданий, коомдук жана илимий каймагы бар болчу. Тагыраак айтканда СССРдин чыныгы диктатуралык жүзүн көрө билген акылдуу, зирек, диндар, кулдук рухтан алыс болуп, кыргыз элинин абсолюттуу эгемендүүлүгүн, эркиндигин, теңдигин жана биримдигин эңсеген кыргыздын эр-азаматтары эле.
    Кыңк этпей моюн сунган, кул мүнөз массага муктаж болгон СССР үчүн бул катмар кооптуу жагдай жараткан. Бул эркиндик абасын эңсегендердин катарында 20-30-жылдардагы көрүнүктүү саясий, мамлекеттик ж-а коомдук ишмерлер - Жусуп Абдрахман уулу, Ишеналы Арабай уулу, Баялы Исаке уулу, Төрөкул Айтмат уулу, Жээнбай уулу Хасан, Эркинбек Эсенаман уулу, Салих уулу Мурат, Султанкул Шамурза уулу, Абдыкерим Сыдык уулу, Абдыкадыр Орозбек уулу, Айдарбек уулу Иманаалы өңдүү кыргыздын чыгаандары бар эле. Ошол эле кезде булардын катарында дагы бир шейит орун алган. Кыргыз тили жана адабиятынын жол баштоочусу, кыргыз маданият искусствосунун көрүнүктүү өкүлү, алгачкы кыргыз профессору - Касым Тыныстан уулу да бар эле. Ооба, бүгүнкү чыгарылышыбыз жери үчүн өз жанын берген Касым Тыныстанов тууралуу болмокчу.

Komentáře • 2,6K

  • @maratbektoikeev6807
    @maratbektoikeev6807 Před 3 lety +783

    Миллион класс баскым келет, аттиң бирок болбойт экен , Аллах ыраазы болсун 👍👍👍👍👍👍👍

    • @bahirdinusupov7543
      @bahirdinusupov7543 Před 2 lety +6

      Окунуштуу, НКВД га кат жазган Токомбаев болсо борбор шаарыбызда, опера теартрдын магдайында чаакалап жатат эстелеги, о кайдыгер пенделер...

    • @Muslum777Talas
      @Muslum777Talas Před rokem +1

      Миллионго жетпесе да минге жетет иншаАллах

    • @Kyrgyz_TV_444
      @Kyrgyz_TV_444 Před rokem

      Маш Аллах

    • @user-rm8fj7ri7e
      @user-rm8fj7ri7e Před rokem

      Эң туура

    • @MeerkanShamieva-qt6el
      @MeerkanShamieva-qt6el Před rokem +3

      Бут кыргыздар корсо укса деп кудайдан тилеп атам

  • @islamictv8867
    @islamictv8867 Před 3 lety +521

    Кыргыз халки тарихида жуда хам коп ботир эр йигитлар булган
    Турк халклари бир булсин.
    Яшасин ТУРОН халки!!!
    Видеони куриб кузларим ёшланди, элим юртим деп ватан учун куксини калкон килган Ботир инсонларни охирати обод булсин!
    Кыргыз эр азамат инсонларга ва админга Ассалому алейкум ва рохматуллоху ва боракатух!

    • @user-xd1mq5mn3p
      @user-xd1mq5mn3p Před 3 lety +42

      Узбек туугандар да абдан акылдуу болушкан бут окумуштулар Ташкентте окуп билим алып келишкен,Алла разы болсун Узбек туугандарга

    • @basmachy5674
      @basmachy5674 Před 3 lety +23

      Алейкум салам озбек тууганым

    • @islamictv8867
      @islamictv8867 Před 3 lety +17

      @@basmachy5674 ва алейкум ассалом ва рохматуллоху ва боракатух!

    • @esenkimsanbaev6556
      @esenkimsanbaev6556 Před 3 lety +11

      Уа алейкум Ассалам уа рахматуЛЛАХи бир тууганым бизге окшогон мусулмандардын биримдигин курчтоочу инсандар амиин

    • @SayakTenirToo
      @SayakTenirToo Před 3 lety +26

      Озбек туугандарды жакшы кором! Арам таджик кол салганда кыргыз жеринде жашаган озбек акалар военкоматка келип топтолуп бизди горячий точкага салгыла жерди коргойбуз деген роликтерди коргондо козумон жаш кетип ийлагам рахмат озбек элине эч качан ортобузда уруш болбосун Кыргыз Озбек Алга!

  • @user-sp7vn4mw3b
    @user-sp7vn4mw3b Před 2 lety +360

    Қазақ , Қырғыз Аман болайық ! Жаман сөздер жазбайық. Екі ұлт 20млн.ға жетпейміз. Көбейеик .жасасын Тұран !

  • @alimanalihsan7639
    @alimanalihsan7639 Před rokem +198

    ҚАЙРАН ҚЫРҒЫЗЫММЕН ҚАЗАҒЫМНЫҢ ТҰРАН ИДЕОЛОГИЯСЫНЫҢ БАТЫРЛАРЫНА АЛЛАҺ ЕКІ ДҮНЙЕДЕ ДЕ РАЗЫ БОЛСЫН. 😢😢😢😢😢😢

  • @Userkdod
    @Userkdod Před 3 lety +571

    Кыргыз болгонубуз үчүн эмес Ата бабаларыбыздай боло албаганыбыз үчүн кор болуп жатабыз

    • @user-fp8wt4zc9z
      @user-fp8wt4zc9z Před 3 lety +17

      Ооба туура айтып жатасынар Орустар ошо17,18жылдары ото кордук корсотконун менин ошо кезде жашап откон таякелеримдин айтканын унутпайм

    • @user-fj7cv5yf8r
      @user-fj7cv5yf8r Před 2 lety +1

      Эн туура .

    • @user-rw7vq1mh8b
      @user-rw7vq1mh8b Před 2 lety +2

      💔💔💔!!!!

    • @mikishambetov8692
      @mikishambetov8692 Před 2 lety +10

      Ээн туура Атабабалар сактап келген жерлерди да кооруй албадык бышырып Берген нанды да жей албадык

    • @mirazh.kgz.
      @mirazh.kgz. Před 2 lety +3

      Эң точкасын айттыңыз

  • @oshcity2686
    @oshcity2686 Před 3 lety +116

    Аллах ыразы болсун админ мырза! Мен Озбек улутунан болом бирок мусулмандардын кыргыздын баласымын анты кени мен Кыргызстанда Ош шаарында торолуп чонойдум! Кордунорбу Кыргыздан ошондой мусулмандарды жана буткул туркий элини башыны бир кылышка чоон аракет кылган экен Касым атабыз! Азыркы заманда бизчи биз Касым атабыздын кылган ишинин тескерисини жасаганга аракет кылып журобуз! Биз Туркий элдери кандай адамдардын урпактары экенибизди унутпашыбыз керек!

  • @user-xw3kr7nm9g
    @user-xw3kr7nm9g Před rokem +109

    Текстти жеткире окуп берген адамга ыраазычылык болсун!!!!!!

    • @Akds-i7p
      @Akds-i7p Před 8 měsíci +4

      Ото кооз кылып айтып берет. Китеп жазса болчуудай адам экен.

    • @jija.455talas7
      @jija.455talas7 Před 5 měsíci +1

      ​@@Akds-i7p Мансур байкебиздин уну го бул

    • @user-hh2xq4vn7q
      @user-hh2xq4vn7q Před 2 měsíci +2

      Автор таза Кыргыз тилинде так айтып бергени үчүн кооз угулуп жатат.Негизи Кыргыз тилибиз аябай кооз,уккулуктуу тил.Бирок орусча аралаштырып сүйлөп өз тилибиздин көркүн кетирип алабыз.

    • @user-ur6yy2yn7p
      @user-ur6yy2yn7p Před 2 měsíci

      ❤#❤❤
      Т​@@user-hh2xq4vn7q

  • @user-wb5ou9ex1o
    @user-wb5ou9ex1o Před 2 lety +161

    Қырғыз бен Қазақтың небір Асылдары Өтті ғой арманына жете алмай. Жатқан жерлері жәйлы болсын!!!

  • @user-wq3qk8ei6v
    @user-wq3qk8ei6v Před 3 lety +522

    Да я сам узбек но некогда не знал кто он .он оказывается великий человек вот что связывает его с 10 сомом Касым ака мужик алга Кыргизистан

    • @baielamatov7586
      @baielamatov7586 Před rokem +5

      Рахмат жигггааар

    • @user-ur3rk8po3f
      @user-ur3rk8po3f Před rokem +4

      Рахмат сизге өзбек бир туугандар

    • @roninbaiken8618
      @roninbaiken8618 Před 7 měsíci +4

      Сейчас он на 5000 тыс купуюре

  • @NKZ-14
    @NKZ-14 Před 3 lety +601

    Қасым түркі халықтарының ортақ оғланы❤️ алаштың арда азаматы .қырғыздың қыраны. Кұш бірлікте баурлар………

  • @begimaiasanova1201
    @begimaiasanova1201 Před rokem +32

    Угуп жатып ыйладым 😢 Россияда кул болуп дагыда иштеп жүргөнүмө каңырыгым түтөп жүрөм 😭😭😭 Менин ата-бабам мекеним үчүн Россияны жок кыла турган' өчүбүздү ала турган уул кыздарды тарбиялабасамбы ИншаАллах менин мекенге диниме болгон салымым болоруна бекем турамын буйруса❤

    • @samiramunduzbaeva5657
      @samiramunduzbaeva5657 Před 7 měsíci

      Мен дагы ыйладымм😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢

  • @user-wb5mx2mk7b
    @user-wb5mx2mk7b Před rokem +102

    Ушул видеону коруп жаткандар Касым Атабызга Кураан окуп дуаа кылалы. Жаткан жери жаннатта болсун 🤲🤲🙏😪😪😪

  • @user-qs3xc7db8r
    @user-qs3xc7db8r Před 3 lety +562

    Угуп жатып денем башкача болуп, озунчоле патриоттук сезим ойгонуп жаткандай !!!Аллах ыраазы болсун байкелер!!!

    • @funnyday3071
      @funnyday3071 Před 3 lety +25

      Патриот бололу жигиттер

    • @user-uh6in8od3z
      @user-uh6in8od3z Před 3 lety +24

      Мекенчил болгула .Баарыбыз Мекенибизди суйолу сыйлайлы жаратылышыбызды сактайлы.

    • @zamanbekjakypov5292
      @zamanbekjakypov5292 Před 3 lety +11

      Биздеда

    • @user-gc5ek9fd5g
      @user-gc5ek9fd5g Před 3 lety +16

      АССАЛООМАЛЕЙКУМ БААРЫНАРГА!!! ОРУСТАР КЫРГАН ЭКЕНДА БИЗДИН АТА БАБАЛАРЫБЫЗДЫ ЩАКАЛДАР ОШОНДОЙ БОЛСОДА ОРУСТАРДЫ ЖАКШЫ КОРГОНДОР КОП КЫРГЫЗДАР ЭЭРЧИМЕ ЭКЕНБИЗДА ЭЭХ

    • @user-hl2ll3ro3w
      @user-hl2ll3ro3w Před 3 lety +5

      Жунбаштар,Дагыэле,Кеткиси,келбейт,Орто,Азиядан

  • @user-cc4lh7kh7z
    @user-cc4lh7kh7z Před 3 lety +230

    Жайы жаннаттан болсун Тыныстанов учун куран окуйлу ошол жеткире турган рахматыбыз болот😭😭😭😭😭😭

    • @balanyonukturuu
      @balanyonukturuu Před rokem +1

      Жаңы эле окуп,куран атадым аталарыбызга🥲

  • @aichurokkenenbaeva3063
    @aichurokkenenbaeva3063 Před 3 lety +76

    Көрүп бүткөнчө демим кысылып чыкты💔😭, Касым ата Эл үчүн кылган эмгегиңизди унутпайбыз, Аллахым ыраазы болсун, тынч уктаңыз Элди коргоочу эр азаматтар бар, чыгып келет, Альхамдулиллах өз алдынча мамлекетбиз дин менен жашоодобуз, баары жакшы болот сиздердин эмгегиңиздер менен🥺 эки дүйнөдө ыраазыбыз сиздерге, бизге да ыраазы болуңуздар, АЛЛАХ ыраазы болсун.

  • @user-oj6ow2wx5s
    @user-oj6ow2wx5s Před 2 lety +55

    Ассаламу алейкум урматтуу кыргыз элим Касым Тыныстанов атабыздын жаштарга болгон насаатты абдан соонун айтыптыр. Биз жаштар ушундай мыкты ата бабаларыбыздын айткан сөздөрүн колдоп бир бирибизге жардам берели. Эч качан Түндүк Түштүк болуп бөлүнбөйлү!!! Күч бирдикте !!!

  • @nurchampion817
    @nurchampion817 Před 3 lety +310

    Орустарды жакшы коруп койобуз. Орустар честный деп. Бирок ушул орустар биздин канча кыйнаганын азыр унутуп калдык. Эч качан орустар бизге тууган болуп бербейт. Азыркы Кыргызстан учун Туран туура жол.

    • @user-qv9ul5is1p
      @user-qv9ul5is1p Před 2 lety +30

      Туран болгон кундода туркторго баш ийип калабыз аларда кыйратпайт андан кору арбир мамлекет оз озунчо болгону жакшы

    • @nurchampion817
      @nurchampion817 Před 2 lety

      @@user-qv9ul5is1p РОССИЯ ОНУГУШУНДУ ДА КААЛАБАЙ АТБАЙБЫ. ТУРКТОР БОЛСО ОСКУЛО ОНУККУЛО КУЧТУУ БОЛСОНОР БИЗГЕ ДА ЖАКШЫ ДЕП ЖАТАТ. КООЛДОО БЕРЕБИЗ ДЕП ЖАТАТ. ТУРКТОРГО БАШ ИЙБЕЙБИЗ АЛ ДЕГЕН СОЮЗ БОЛОТ ЕВРОСОЮЗ СЫЯКТУУ.

    • @adk7982
      @adk7982 Před rokem +17

      Орус менен дос болсон ай балтанды ала жуур деген макал туура айтылган.

    • @adk7982
      @adk7982 Před rokem +7

      Жаткан жеринер жайлуу болсун

    • @user-om4ff8tt2k
      @user-om4ff8tt2k Před rokem +27

      Оой честный болот дешсе мен да ишенип алыптырмын атам айтып мактачу,кыргыздар жаман Эл болобуз дешчу чон адамдар тан калтырып озун-озу жамандашып.Корсо окендер ошондой ойду кыргыздын мээсине куба коюптур да манкурт кылып.Атам,апамдар СССР тарыхын билет да Озунун элинин тарыхын билишпейт.Мына союздун пайдасы.Анан орусча суйлоп, Оз тилин чанып,интеллигентмин дешсе куйбогон жерин Кул болот да

  • @user-do1cn6cn2m
    @user-do1cn6cn2m Před 3 lety +247

    Ынтымактуу болсок бундай болбойт эле кыргыз элим ай көздөн жаш агат☝🤲Жаткан жери жайлу болсун

  • @ozguryorgun3371
    @ozguryorgun3371 Před 2 lety +67

    Allah tüm şehitlerimize rahmet eylesin mekanları cennet olsun inşallah 🤲🤲🤲 🇹🇷🇰🇿🇰🇬🇹🇲🇺🇿🇦🇿🇲🇳🇭🇺🇵🇰🤘🤘🤘🐺🐺🐺 Tataristan Nogay Başkurt Cavusiztan Kavkasya Uygur Altai Saka Yakut Tuva Salam bolsun bütün Türk kardeşler

  • @rahatbuudaibekova6825
    @rahatbuudaibekova6825 Před rokem +32

    Аттиң кыргыздын кыраандары😢😢😢 башка айла жок, жаткан жерлери жайлүу болсун🤲

  • @adiletamirbekov4596
    @adiletamirbekov4596 Před 3 lety +323

    Мен болочоктогу тарыхчы,бул каналдан мен озумо ото коп таасирдуу,пайлалуу сабактарды алдым !

    • @Yrys2014
      @Yrys2014 Před 3 lety

      Ассоляму алейкум досум мага байланышка чыкчы мендагы жаш тарыхчымын 89262711415

    • @user-ee7vn5ly7t
      @user-ee7vn5ly7t Před 3 lety +15

      Маа шаа Аллах тарыхты туура жазгандардан болгула ин шаа Аллах

    • @user-ed6kr7mp2l
      @user-ed6kr7mp2l Před 3 lety +6

      Клавиатураны кыргызча коюп жазып жүрсөң оюңду толук, жеткиликтүү болот деп ойлойм

    • @user-ni3ol5lj8f
      @user-ni3ol5lj8f Před 3 lety +1

      Тарыхчы болсоң, тарыха анализ бергенди үйрөн. Тарыхка анализ бергенди билбесең Касым Тыныстанов сыяктуу Батыш өлкөлөрүнө сатылып шпион болгон саткынчыларды чыныгы патриот деп ойлоп алып адашасың иним. Россия Империясына кыргыздын акылдуулары 19 кылымда эки жолу элчи жөнөтүп кыргыз элин Россияга кошуп алып Батыштын баскынчыларынан коргоп калуусун өтүнгөн. Кыргыз эли Россияга кошулбасык кудду азыркы Афганстандын элиндей болуп Талибан, Моджахед болуп Европа менен АКШнын куралына айланып жүрөт элек. Азыркы мезгилде Россия баш болуп Кыргызстан, Казакстан Союздун 15 республикасы АКШга кул болуп салык төлөп жүрөбүз. Касымга окшогон саткынчылар 1989 жылы Союзду АКШ менен Еаропага багынтып беришкен.

    • @covid-2290
      @covid-2290 Před 3 lety +5

      @@user-ni3ol5lj8f ахахахах кэм чонтой эмне деп дабдырайсын

  • @user-qp2ow8po4f
    @user-qp2ow8po4f Před 3 lety +139

    Каяктагы чимкириктерден тажадык ушундай кыргыздын мыкты бычакка сап уулдары качан чыгаар экен

    • @user-yl2xn8kh9i
      @user-yl2xn8kh9i Před 3 lety +2

      Бар алар

    • @user-hv6uw6nt6r
      @user-hv6uw6nt6r Před 3 lety +3

      Урматтуу тууган сиз м/н биз онолсок буйруса чагат.

    • @kaganatkg7868
      @kaganatkg7868 Před 3 lety +13

      Ушул авторду да "Кыргыздын чыгаан уулу" - деп айтсак адашпайт элек, себеби Кыргыздын көмүскөдөгү жаткан көптөгөн акыйкатты айтып, элге жеткирип жүрөт. Бул сүйлөп жаткан үндү "Бейиш Нуру" - деген каналданда угуп жүрөм, демек Кыргыз элине ат көтөргүс кызмат кылып, пайдасы тийип жатат...

    • @user-cl8xb7rr5p
      @user-cl8xb7rr5p Před 3 lety +7

      Кыргыэдын чыгаан уулдары Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевдер деп эсептейм. Эли учун куйгон.

    • @user-vw5gs7wb3c
      @user-vw5gs7wb3c Před 3 lety +6

      Чыкканын жыга чаап бутунан тартып жок кылып жатышатго

  • @diamond304
    @diamond304 Před 9 měsíci +11

    Карагылачы Кыргыздын кандай гана инсандарын мыкаачылык менен кыйнап жүрүп акырында атып өлтүргөн. Жайлары Жаннатта болсун 🤲. Биз ошол ата бабаларыбыздын жолдорун жолдой албадык өтө өкүнөм 😔 Авторго дагы чоң рахмат.

  • @user-yl3el6cd3q
    @user-yl3el6cd3q Před 6 měsíci +5

    Келгиле ушул каналды, колдойлуу, бул балам , комнадасы, чыныгы озу дагы ушуларды айтып турган озу дагы илимдуу, билимдуу инсан , 2 дуйно кемчилик корбой, жакшылыктарды кор,канчалык коп лайк бассак, дагы билбеген канча инсандарга жеткенине коруп укканына, себепчи болобуз, коз жашсызз коро албайбыз, байкушшаталарыбыз, омурун биз учуг, рнап , жери эли учун жандарнн берген инсандарыбызга АЛЛАХ РАХМАТЫНА, МЕЕРИМИНЕ БОЛОСУН!🤲🤲🤲🤲❤️❤️❤️❤️❤️❤️💕💕💕💕💕💕

  • @muslimmuslim9165
    @muslimmuslim9165 Před 3 lety +236

    ШАХИДЛАРИМИЗНИ Оллох рахмад килсин Омийн

  • @user-ur1oi6md6s
    @user-ur1oi6md6s Před 3 lety +74

    Кыргызым дегендер , Кыргыздын азаматтары жаткан жерлери жайлуу болсун!

  • @gulroman-lw2pj
    @gulroman-lw2pj Před 4 měsíci +5

    Мына Союз деген кыргыздар уккула!!!Кыргыздар ким болгон, тарыхыбызды билишибиз керек!!!!!😢😢😢😢

  • @user-fr8tz8mk7z
    @user-fr8tz8mk7z Před rokem +20

    Чон рахмат байке Таджикистан дан корыб атабыз

  • @user-mi5qh5of8f
    @user-mi5qh5of8f Před 3 lety +364

    Касым Тыныстан уулунун жаткан жери жанатта болсун амин 🤲

  • @user-nd9xr3ii5i
    @user-nd9xr3ii5i Před 3 lety +134

    MASH SHA (ALLOH ) RAHMATIGA OLSIN BUNDAY ER YIGITLARDI .🇹🇷🇰🇬🇰🇿🇺🇿🇹🇲🇦🇿

    • @user-gq3oq3sc8h
      @user-gq3oq3sc8h Před 3 lety +3

      🇰🇬🇰🇿🇹🇷🇦🇿🇹🇲🇺🇿✊

  • @user-hb3ff8iw1f
    @user-hb3ff8iw1f Před 3 lety +5

    Окунучтуу каапырларга Аллахтын азабы болсун оздору менен оздору кырылышсын

  • @user-ks9wg2rg6p
    @user-ks9wg2rg6p Před rokem +19

    Бир жылдан кийин дагы угуп коруп атам,шугур .Мыкты инсандарыбыз болгон,ыраазыбыз.!❤️🇰🇬✊️

  • @user-xz1tw9vz3r
    @user-xz1tw9vz3r Před 3 lety +152

    Бауырлар ! Қазақтың жас жігіті ретінде айтайын .Қазіргі Қазақ жастары арасында Алаш Орда Идеологиясы бар.Аллаға сансыз шүкір .Алашшыл өлер , Алашшылдық өлмес.☝️🇰🇿❤

    • @boo3713
      @boo3713 Před 3 lety +3

      🇰🇬☝🏼БИЛИП ЖҮР!

    • @boo3713
      @boo3713 Před 3 lety

      @@foreverlove5524 Ты кто такой😼?

    • @boo3713
      @boo3713 Před 3 lety

      @@foreverlove5524 аа кыргызсыңбы все все понятно

    • @uyshita5748
      @uyshita5748 Před 3 lety +3

      нук пайгамбардан тарагандар, аннас сахабадан, алаш, сыбай, гажат, охастин, махат, алаштан, жайылган, сейилкан, сейилкандан, асанкан, кыпчак, тарайт, алаштан, кыргыз, казак, каракалпак, жайылгандан сазак монол монолдон аксак темир, улукбек бабур тарайт , монол кыргыздын уруусу

    • @Q.A.Z.A.Q.S.T.A.N
      @Q.A.Z.A.Q.S.T.A.N Před 3 lety +1

      @@uyshita5748 😄😅

  • @user-bq8vx7xf3b
    @user-bq8vx7xf3b Před 3 lety +276

    Алла ыраазы болуп, берекесин берсин. Дагы кутобуз чыныгы патриоттор жонундо баяндарды.

    • @user-gq9oh4vx8k
      @user-gq9oh4vx8k Před 3 lety +1

      Л,

    • @user-gq9oh4vx8k
      @user-gq9oh4vx8k Před 3 lety

      Сага эмне болду?

    • @user-bq8vx7xf3b
      @user-bq8vx7xf3b Před 3 lety +2

      @@syrgaknuritdinuulu8100 менин мээмди коюп, озундуку менен алектен, балакай. Бизге мындай маалыматтарды беришбеген. Азыр оз кесибибизди дагы да болсо терендетип, башка булактарды караганга убакыт жок. Бул материалды даярдаган баланы тааныйм, анын изилдегени жетиштуу булак мен учун. Сен оз ишинди квла бер, мага тишинди кайрап, адебинден ашбай.
      Ушу сага окшогон секелектер куйгузду, дооругон комментарийлеринер менен.

    • @user-bq8vx7xf3b
      @user-bq8vx7xf3b Před 3 lety +1

      @@syrgaknuritdinuulu8100 менин бешигимди тербеттин беле? айтбайм, ал убактысын сенин созуно коротбойт. Нуридин атана наалат алып келбей, озунду карма, жигитке окшоп.

  • @user-ec6kd4kt9n
    @user-ec6kd4kt9n Před 2 lety +16

    Аалы Токонбаев Кыргыздын коп.чыгаандарына жолтозгондеп угабыз

  • @user-ks9wg2rg6p
    @user-ks9wg2rg6p Před 3 lety +13

    МЫНА КЫРГЫЗ ДЕГЕН КИМ БОЛГОН.❤✊🇰🇬👍🤲🏼🤲🏼🤲🏼ЖАННАТТА БОЛСУН ПАТРИОТУБУЗ.

  • @FAV-1995
    @FAV-1995 Před 3 lety +628

    Баракелде админ. Озубуздун тарыхыбызды да коп коп чыгарып турунуз. Себеби, орус тарыхыбызды тамыры менен жок кылып салгандай сезилет, улуу инсандарыбыз жонундо эчтеке билбей.

    • @user-lu3dj7pi7s
      @user-lu3dj7pi7s Před 3 lety +37

      Украйина орусташпайм деп аракеттенүүдө.Ал эми биз ТУРАН мамлекетин тургузууга салым кошсок эле тарыхыбыз өз ордуна келе түшөт иншаллаах

    • @FAV-1995
      @FAV-1995 Před 3 lety +24

      @AGB AGB Иншааллах куйабыз эми, кобунчо маалымат аз болгондуктан эмнени айтышты да билбейсин жаш балдарга.
      Бул видеону болушунча болушойлу туугандар.

    • @ak-og8wg
      @ak-og8wg Před 3 lety +6

      Sezilet emes oshontip olturgon orustar olturgon

    • @erlanmiizamidinov6019
      @erlanmiizamidinov6019 Před 3 lety +1

      +

    • @FAV-1995
      @FAV-1995 Před 3 lety +14

      @Боец за правду Молодец, орус атан болбогондо ункурдон чыкпайт болчук керек болсо, неандарталец болуп. Красава, ушул оюнду бекем карман. Башкысы сенин ким экенинди аты жонунду кайсыл жерден болоорунду билип алсак жакшы болот эле. Себеби саткындар сага окшогондордон чыгышат. Бир куну орус менен дагы согушканда, биринчи сага окшогондорду кырып, анан тышкы душман менен согушуу оной болот.

  • @user-je5jn3zz7r
    @user-je5jn3zz7r Před 3 lety +101

    Ыйлап көрдүм, оз тарыхыбыз баары бир озубуздуку тура...

  • @kanattoktosunov755
    @kanattoktosunov755 Před 2 lety +14

    Ыйлагым келип атат. Жусуп атабыз Эр журок Адам болгон экен. Телескоп каналыныз оркундой берсин. Дуйно ооткат учун эмес, адамдыН диний сезимин козгогон канал болсун...

  • @user-eh1xl8yi4u
    @user-eh1xl8yi4u Před 3 lety +18

    Ото сонун! Азаматсын автор! Дагы да коп, коп чыгар ушундай тарыхый чыгаандарды. Телескоп сага Ийгилик!!!

  • @ziyadinergeshov_2348
    @ziyadinergeshov_2348 Před 3 lety +87

    Энелерибиз Аман болсун ушундай эр Жигиттерди эрезеге жеткиргени учун Аминь!!

  • @azimovnurmuhammadali1808
    @azimovnurmuhammadali1808 Před 3 lety +166

    Алла ыраазы болсун! Касым атабыздын жайы жаннат Фирдаус болсун

    • @Ogyz-Hun
      @Ogyz-Hun Před 3 lety +2

      Аминь

    • @user-eg8hj6gj9k
      @user-eg8hj6gj9k Před 3 lety +1

      РАМАТЫЛЫК КАСЫМ АТАБЫЗДЫН АРТЫНАН ЖАЗГАН ИЧИ ТААР КОРОЛБАСТЫК ДУШМАНЫ ТОЗОКТУН ОТУНДА ЖУРСУН ОМИИН.

  • @user-nb1cb5kk9j
    @user-nb1cb5kk9j Před 2 lety +3

    Бул каналдын авторуна рахмат ушунча маалыматты чогултуп ото такдаана видео кылыр чыгарат.Бул видеолорду корсон откон тарыхты коруп журок титирейт.,патриоттук сезимди ойготот.

  • @user-vi1pt6pj5h
    @user-vi1pt6pj5h Před 2 lety +16

    Эл учун жанын берген залкар Кыргыз уулдарына ,Алла бейиштен орун берсин !!!

  • @user-qp2ow8po4f
    @user-qp2ow8po4f Před 3 lety +90

    Аллах ыраазы болсун Касым Тыныстанов кыргыздын мыкты уулдарынан болгон инсансыз Кыргызга кылган эмгегиңиз зор

  • @urmatkanaev6579
    @urmatkanaev6579 Před 3 lety +131

    Ма ШаАллах
    Эң сонун. Аллахым ыраазы болсун сиздерден

  • @KnbVvv
    @KnbVvv Před 3 lety +19

    Чооң рахмат сизге Телескоп 🔭 каналы, ишиңизге ийгилик!!

  • @ahmadirahmanov1807
    @ahmadirahmanov1807 Před rokem +30

    ОЛЛОХ ЁТГАН ЖОЙИНТ ЁРИК КИЛСИН ОЛЛОХ РОЗИ БОСИН КАСЫМ ТЫНЫСТАНАВ ДИ ЛАДЕС ПРАФЕСИР

  • @idealbaike3086
    @idealbaike3086 Před 3 lety +69

    Кыргыздын душманы кыргыз деген чын!☝️😏😏

    • @user-zn3zw4yf9p
      @user-zn3zw4yf9p Před 3 lety +5

      Турктун душманы турк деп койгон Уйгур менен Турк согушкан Кыргыз менен Уйгур согушкан между тюрков всегда был война

    • @user-ox5kd7ql3e
      @user-ox5kd7ql3e Před 3 lety +6

      Чыккынчы баардык элде бар

    • @syrgaknuritdinuulu8100
      @syrgaknuritdinuulu8100 Před 3 lety +2

      @@alphaboru2741 Турктор олтуруп койгон биздин Барсбек каганды,крысалардай болуп уктап жатышканда кол салып ,биз аны унутпайбыз

    • @user-om4ff8tt2k
      @user-om4ff8tt2k Před rokem +3

      Аалы Токомбаев тоголок кат жазып Турган чыккынчы деген чынбы?

    • @user-wx8vf8vl4v
      @user-wx8vf8vl4v Před rokem +1

      Чындыкты айт тоба

  • @user-rb6ep3dq4v
    @user-rb6ep3dq4v Před 3 lety +41

    Мен Касым тыныстановту башкача деп билчи элем корсо мен ойлогон туура эмес экен. Рахмат сага алып чыккан дайардаган адамдарга

  • @user-sn2jw6py4p
    @user-sn2jw6py4p Před 2 lety +15

    Касым Тыныстанов атабызга куран окуй жургуло туугандар.
    Кыйын киши болчу экен действительно! Жаткан жериниз жайлуу болсун, Аллахым жанынызды жаннаттан берсин Оомийн! 🤲🤲🤲

  • @nurguldosmambetova5597
    @nurguldosmambetova5597 Před 7 měsíci +4

    Мен Эми угуп жатам, рахмат биздин аталарыбызга, ушунчалык кыйын баатыр адамдар болушуптур, а биз кичине кыйынчылыка чыдабай кетип жатпайлыбы.Аллах ыраазы болсун😢😢😢

  • @user-ix2yq5hs8y
    @user-ix2yq5hs8y Před 3 lety +148

    Касым Тыныстанов кыргыздын алиппесин түзгөн биринчи Академик .

    • @user-pn1gm2ei3o
      @user-pn1gm2ei3o Před 2 lety +1

      Биринчи алиппени Ишенаалы Арабаев түзгөн.

    • @user-jm4yz3vc7v
      @user-jm4yz3vc7v Před 6 měsíci

      Алиппени Касым Тыныстанов тузгон тууган.

    • @user-qx6gs4ku6o
      @user-qx6gs4ku6o Před 5 měsíci

      ​@@user-jm4yz3vc7v Ишеналы Арабаев тузгон,мектептерде деле окутканго ким тузгонун🤭

  • @nooruzkazybekov7317
    @nooruzkazybekov7317 Před 3 lety +27

    Кайран ошол доордогу Кыргызымдын каймактары, алптары, баатырлары, бейиштен оорун алышсын рухтары🙏..Имам шаафинин созу да таамай айтылыптыр..🇰🇬

  • @cretinedidelrt4810
    @cretinedidelrt4810 Před rokem +4

    Телескопту алып баруучу Аллахым омуруно береке берсин Омиин

  • @user-ob8vq1jn6c
    @user-ob8vq1jn6c Před rokem +8

    Ыйлап алдым, кайран гана Кыргызымдын мыктылары каймактарына азыркы күнго чейин куугунтук үстүндө.

  • @user-nu6yl1cu3d
    @user-nu6yl1cu3d Před 3 lety +13

    Мектептен ушул сабактарды уксамда мынчалык маани койюп окубаптырмын и укпаптырмын.Чыныгы Кыргыз эли учун куйгон инсан болгон экен К.Тыныстанов. жаткан жеринер жайлуу болсун Аллахым акыреттин бейишин берсин омин. сиздей Патрет Эр азаматтарыбыз бар биз жашап келебиз.

  • @nurdintoktobekov8720
    @nurdintoktobekov8720 Před 3 lety +152

    Касым атабызга Кудайым Фирдаус бейишин насип этсин.

  • @qutlugmurodabduganiev4651
    @qutlugmurodabduganiev4651 Před 2 lety +20

    Жойи жаннатда булсин кузимдан ёш окди эшитиб

  • @user-zj2yo4dr3c
    @user-zj2yo4dr3c Před 3 lety +9

    АЛЛА ЖАНДАРЫН ЖӘННАТЫҚ ҚЫЛСЫН АТАЛАРЫМЫЗДЫҢ. БІЗДІҢ БАТЫРЛАРЫМЫЗ.

  • @baktykulkalmambetov1888
    @baktykulkalmambetov1888 Před 3 lety +32

    Көзгө жаш албай туруп көрүү мүмкүн болбоду.
    Жайларын жаннаттан кылсын.
    "Телескоп" жалпы жамаатына Аллах раазы болсун. Эл өздөрүнүн чыгаан эразаматтарын таныш керек. Иштериңизге ийгилик. Аллахым талыкпаган күч-кубат берсин!

  • @AnarNuruibekova
    @AnarNuruibekova Před 3 lety +70

    Ошондогу шахиттерибиздин жаны жаннатта болсун!

  • @user-nf3sh3th6b
    @user-nf3sh3th6b Před 2 lety +6

    Кыргыз Эли учун жанын берген ата-бабаларыбыздын Жаны жаннаттан болсун 🤲 , ушул тарыхты азыркы аксоок сымалдар уккса мээлерине жетет болду бекен ? Кандай кыйынчылык кунорду кечирген экен . Эн мыкты даярдалган азыркы жаштарга дем берген , авторго чоон рахмаат!

  • @adukdbdumzkosbcnx2998
    @adukdbdumzkosbcnx2998 Před rokem +3

    Ото сонун айтып бериптир Аллахым ыраазы болсун

  • @nurbeka.a9001
    @nurbeka.a9001 Před 3 lety +338

    Орустар биздин чыгаан уулдарды азыркы кундода тынымсыз жок кылып келуудо

    • @doniosh3141
      @doniosh3141 Před 3 lety +21

      биздин тымтырайыбызды чыгарган орустар

    • @user-qp2ow8po4f
      @user-qp2ow8po4f Před 3 lety +24

      Ушул орус менен Кытайдан кутулбадык ал аз келгенсип сасыган шакмар лөлү тазиктер жармашты

    • @user-uh6in8od3z
      @user-uh6in8od3z Před 3 lety +29

      Кулболбошучун оккушкерек балдарыбызды мекенчил кылып остурушкерек. Озубуздун кадасалтыбызды унутпай Европаны эрчибей Кыргызэкенибизди унутпашкерек.

    • @greywolf9336
      @greywolf9336 Před 3 lety +17

      Орустар бугунку кундо биздин мигранттардын балдарын алып калып атышат мат капитал, пособие,анау мынау берип мигранттарды алдап ал Жак бул жагы болуп рфда мигранттардын балдары 2млн болжол мн

    • @user-wd6lf6si1s
      @user-wd6lf6si1s Před 3 lety +7

      @@greywolf9336 ооба . Тооба азыр акчанын кулу болуп кетип жатабыз. Сыймыктанып РГ деп мактанабыз бирок азыркы осуп келе жаткан балдарыбыз эртен . Орустардай кылып ата энесин карабай кетишетби ошол жагы кооп ойлондурат .

  • @sabiraimamalieva6809
    @sabiraimamalieva6809 Před 3 lety +5

    К. Тыныстановдун кыргыз тил илимине кошкон салымы зор. Аз жашап, саз өмүр сүргөн жаш илимпоз болгон. Көп жашаса балким мындан да көп эмгек жаратмак. Каналга ийгилик! Кыргызстандын чыныгы тарыхын ачып бериптир!

  • @user-bt7uu7qo4v
    @user-bt7uu7qo4v Před 8 měsíci +2

    Аллах ыраазы болсун урматтуу автор,ый менен көрдүм,репрессияда каза болгон патриот аталарыбызга Аллахым бейишинен орун берсин😪🤲🤲🤲

  • @user-jw1cp3dw2j
    @user-jw1cp3dw2j Před 2 lety +7

    Сонун корсотуу экен. Урматтуу чыгармачыл топ, редактор, алып баруучу ишинерге ийгилик!

  • @user-yn5nd7ed6r
    @user-yn5nd7ed6r Před 3 lety +152

    Аллахым ыраазы болсун баарыбыздан эки дүйнөнүн бактылуугун берсин амиин🤲🤲🤲

  • @MrX-md5gy
    @MrX-md5gy Před 3 lety +212

    Орустар бизге эч качан жакшылык кылган эмес. Кыргыз Казак Озбек Турк элдерин болуп бири бириз менен согуштуруп жат кылып салышкан. Аллахым озу жазасын берсин каапырларга. 🤲

    • @user-du2wp3om2g
      @user-du2wp3om2g Před 3 lety +23

      Туууура, биздин эл тушунбойт экен Орустарсыз жашай албайбыз дешет эхх

    • @interjuventus8819
      @interjuventus8819 Před 3 lety +18

      @@user-du2wp3om2g Билимсиздик.Окубагандык.Тупойлук бизде

    • @user-xg7ml4cr5c
      @user-xg7ml4cr5c Před 3 lety +14

      Туура. Кээбироолор орустун беш тыйынына алданып манкурт болуп калышкан. Намыс жок, коруп уяласын.

    • @user-yx5xt4dp4q
      @user-yx5xt4dp4q Před 3 lety +2

      @@user-du2wp3om2g мен да кыргызмын,созуно кошула албайм . 19 кылымда Тилекмат аке эмнеге Петербургга баргансын билесинби? Ормон Хан менен Кенесары согушун уктун беле? Кокон хандыгы жонундо кабарын барбы?

    • @user-gn8vb1js6c
      @user-gn8vb1js6c Před 2 lety +3

      эн тураа айтасын ойдодогуу акмактар элибизди орустарга дагы эле коор кылып келет козуно жаш келет

  • @user-qk3ps3sj2p
    @user-qk3ps3sj2p Před rokem +3

    Илим, Билим менен гана улут сакталарын жандарын берип, ак эмгектерин элине арнаган Инсандарыбыз дын жандарын Жаннатка алган болсун Омийин омийин омийин омийин омийин Омийин🤲🤲

  • @elamanelaman4936
    @elamanelaman4936 Před 2 lety +19

    😫 ЭХ КЫРГЫЗЫМ КАНЧАЛАГАН КЫЙЫНЧЫЛЫК КОРГОН АТА БАБАЛАРЫБЫЗ ЖАЙЛАРЫ ЖАНАТАН БОЛСУН 🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲

  • @Marat198
    @Marat198 Před 3 lety +13

    Мен бул атабызды мындай мыкты адам деп такыр ойлогон эмесмин, көзүмдү ачты бул канал. Алланын Ырахматы тийсин мындай ата бабаларыбызга. Каналга ишиңиздерге ийгилик каалайм. КУРУЛСУН ТУРАН, Адилеттүүлүк үчүн курулсун. Курусун коммунисттер, демонпартиялар.

  • @fnfoficcal2726
    @fnfoficcal2726 Před 3 lety +20

    Биз тарыхымызды жакшы билишибиз керек! Орустар уйротуп кеткен тарых бизге дал келбейт! Биз мусулман турк элдери чогу болбосок анда эч качан ыззат-сыйге эге боло албаймыз! Кордыктан чыка албаймыз! Мусулманчылыкка кайтайлуу бир туугандар! Элибизи чыныгы каараман-батырларыны танып, аларды сыйлап, эстеп журайлы! Канал ээлерине чон РАХМАТ! Аллахым ыразы болсун!

  • @gulkarboz8153
    @gulkarboz8153 Před 2 lety +14

    Кыргыздын чыныгы патриот уулу Касым атабыздын бейиши болсун🙏

  • @user-xm7du5hj6x
    @user-xm7du5hj6x Před 2 lety +6

    Аталарыбыздын жаны жаннаттан болсун.Алла ыраазы болсун админ.Ар бир Кыргыздын жүрөгүндө болсун.Жаштарга себепкер болуп, жан дилинде патриоттук сезим орносун.🤲🤲🤲🤲🤲

  • @zahary4ok565
    @zahary4ok565 Před 3 lety +25

    Акыркы саптары сыздаттыго чиркин, азыркы учурга дагы жараша . Ойгон Кыргыз, билимдуу куйумдуу бол

  • @user-id3zc8gf4q
    @user-id3zc8gf4q Před 3 lety +162

    10 - сомдук Касым Тыныстановдун акчасын кайра басып чыгарса унутулбайт беле.

    • @kush87157
      @kush87157 Před 3 lety +25

      10000 сомдук чыгарыш керек

    • @user-qn3do4un2z
      @user-qn3do4un2z Před 3 lety +4

      мен дагы ошону айтам да

    • @ermeksarpash3405
      @ermeksarpash3405 Před 2 lety +6

      10 000 сом чыгарыш керек Касым Тыныстанов.

    • @user-nh9zd1ne2s
      @user-nh9zd1ne2s Před 2 lety +2

      Ушул адамга каршы бирөө жок кылдыда аныда💰💰💰атын өчүруш үчүн

    • @ruslaneshaliev6054
      @ruslaneshaliev6054 Před 2 lety +4

      Алтын сомго басыш керек сүрөтүн.

  • @user-cn5ll8xc7z
    @user-cn5ll8xc7z Před 2 lety +14

    Атандын кору, ушул улуу инсандар азыркы кезде абдан жетишпей жатат. Кандай гана бийик, патриот , эл учун куйгон инсандар , жаткан жеринер жанаттан болсун🙏🇰🇬

  • @lopo2613
    @lopo2613 Před 2 lety +7

    Ушундай биздин элге куйгон чон аталарыбыз болгон учун биз коз карандысыз мамлекетте жашап Келе жатабыз Аллахым баарын оз рахматына алган болсун🤲

  • @kubatbekbodoev4286
    @kubatbekbodoev4286 Před 3 lety +48

    Касым Атабыздан Аллаhым ыраазы болсун 🤲 Инн Шаа Аллah жаратканым бейиштен көрүшүүнү насип кылсын!

  • @Mery-vb4wn
    @Mery-vb4wn Před 3 lety +4

    Тыныстанов жонундо биз билбеген маалымааттарды ала алдым рахмат чон

  • @user-oc2cl8vq3d
    @user-oc2cl8vq3d Před rokem +9

    Ассалому алейкум , жалпы мусулман биртуугандарым амансыздарбы? Тыныстан уулу Касым атабыздан жана баарыбыздан Аллахым ыраазы болсун . Өткөндөрдүн жайы жаннаттан болсун.

  • @dianadia5858
    @dianadia5858 Před rokem +9

    👍👍👍Кыргызыма кылган эмгекинер учун Аллахым колдосун силерди

  • @user-sc4pq7tj8d
    @user-sc4pq7tj8d Před 3 lety +44

    Касым Тыныствновдун тубуно жеткен Алы Токомбвев болгон экен.
    Кыргызга сырттан душман керек эмес биз озубузду озубуз.жечуу элбиз

    • @naziknazik8239
      @naziknazik8239 Před 3 lety +5

      Азыр деле ошондой ички душмандары олкону талкалап жатпайбы ,байлыка азгырылып

    • @user-rm3ep4em8q
      @user-rm3ep4em8q Před 3 lety +4

      Мадуй аалыдан оттуго, кыргызды биринчи ору с кылып

    • @kht4033
      @kht4033 Před 2 lety +3

      Эн туура кошулам азыр деле ошондой каныбызда бар коро албастык чукушмай

    • @user-tg2or8pc7t
      @user-tg2or8pc7t Před 2 lety +2

      Аалы Токомбаев Жоомарт Боконбаевди да жок кылган,бир эле Касымды эмес

    • @taalaiakynbaev4949
      @taalaiakynbaev4949 Před 2 lety +1

      @@user-tg2or8pc7t Ооба да Жусуп Турусбековдун,Мукай Элебаев,жаш уулу инсандарга жок кылган

  • @user-hh6mz8zy4o
    @user-hh6mz8zy4o Před 3 lety +76

    Касым Атадай инсандар
    бугунку кундо аба менен суудай
    керек эле 🇰🇬

  • @kanybekolzhobaev700
    @kanybekolzhobaev700 Před 2 měsíci

    Админ, сизге чоң рахмат! Кыргыз эли өзүнүн мыкты инсандарын билип жүргсүн деп көп жакшы бейне баяндарды даярдап жасап атасыз. Аман болуңуз, ийилик каалайм сизге!

  • @user-jl5ho7dl8l
    @user-jl5ho7dl8l Před rokem +4

    Жаткан жериниз жайлуу болсун, чон Ата! Менин чоон чон Атам болот экен😭

  • @user-yi2sr7rk6m
    @user-yi2sr7rk6m Před 3 lety +20

    Класс басып бөлүшүүгө жардам берели туугандар көпчүлүк жада калса миллион Кыргыз көрсүн

  • @user-vn4zp2br1c
    @user-vn4zp2br1c Před 3 lety +85

    Касым атаны башын алып кыргызды манкурттука турткон орус бийлигине лаанат болсун

    • @bakaikerimkulov2869
      @bakaikerimkulov2869 Před rokem

      Туран жонундо жомок айтып жатат бул канал. Биздин миллион мигрант Туран багып жатабы. Доорубогуло американский шпиондор.

    • @user-tj9xn7bf4v
      @user-tj9xn7bf4v Před rokem +3

      Ошондо Аалы Токомбаев ким болот,мен кичине кезимде ушул адамды туура эмес ыр жазыптыр деп нааразы болгон кептерди укканмын

    • @MeerkanShamieva-qt6el
      @MeerkanShamieva-qt6el Před rokem

      Козубузду ачалы эртенки урпактар учун кеч Боло электе

    • @MeerkanShamieva-qt6el
      @MeerkanShamieva-qt6el Před rokem +1

      @@user-tj9xn7bf4v ал киши Оз Элин садага чаап советтер союзун колдосо керек

  • @nuri3488
    @nuri3488 Před rokem +6

    Орустар канчалаган эн мыкты,залкар инсандарыбызды атайылап эле жок кылышкан.АЛЛАХЫМ эл,жер учун курман болгон ата-бабаларыбыздын жана бир тууган мусулмандардын жайын жаннаттан кылган болсун.Каапырлардын жазасын берген болсун.🤲🇰🇬❤️

  • @ularbeksharipov2070
    @ularbeksharipov2070 Před rokem +3

    Биз өзүбүз Көл жергесинен болобуз Ташым Байжиев биздин чоң атабыз Касым Тыныстанов атабыз бизге жеен болот экен! Мен 💯 кошулам биздин Ата Бабаларыбыз азыркы кездеги геосаясатты табигый саясатты тушунгон сыяктуу, ошол кездеги Россиянын идеологиясын өз элине ыраа көргүсү келген эмес,ал заман өттү өткөнү, Эми Кыргыз элим алда качан көбөйдүк,эркин өлкөбүз,Кыргыз эли Айкөл Эл!биз баардык өлкөлөр менен достук мамиледе иш алып барышыбыз керек деп ойлойм.өз улуттук маданий баалуулуктарга басым жасоочу заман келди деп ойлойм, туристтер жылдан жылга көбөйөт! Кыргыз Атам замандан беери абанын салкыны суунун тазасын ичип керемет жерлерди байырлап келишкен, жерибизди көздүн карегиндей сактап калуу керек! Ырыс алды ынтымак.ынтымактуу болсок баардыгын жеңебиз!Алга Кыргызстан Жаша Кыргызым 🇰🇬🔥

  • @elmiraomorkulova6723
    @elmiraomorkulova6723 Před 3 lety +7

    Баарыбызга сабак болгондой бул фильмди жаратыптырсынар! Касыт Тыныстановдун арбаагы ыраазы болсун сиздерге! Ушундай тарых барактарын элге жеткирип турсанар ,элдин Духу жана Руху ойгонот! Баарынарга Чон Рахмат жана Таазим!!!!! Элдин анын арасынан жаштардын кокурогун ушундай инсандарын эрдиги тазалайт жана Жан дуйносун ойготот!!!!!!!

  • @user-cs1sz2ou9v
    @user-cs1sz2ou9v Před 3 lety +35

    Касым Тыныстановго бейишинен берсин алахым.

  • @user-rq7yr6wz4n
    @user-rq7yr6wz4n Před 3 lety +7

    🌹🌹🌹🌹🌹🌹🌹🌹🌹🌹🌹🌹🌹🌹🌹🌹🤲ООО Аллахым Тыныстан Уулу Касым Атабызды жана Ата энесин Бир туугандарын ,балдарын аялын фирдаус бейишинен орун бер Аллахым Аминь аминь аминь 🤲🤲🌹🌹 ,саткын Аалы атын очкур тозокто куйсун, бейиштин да чекесин Насип кыла корбо Аминь аминь аминь ❗❗❗❗

  • @user-zr7qr3jx5h
    @user-zr7qr3jx5h Před 3 lety +18

    Улуу Аталарыбыз,ушакчылардын айынан атылыптырда! Аллах Жаннаттан жай берсин!!!

  • @abdugofurkyiazov1994
    @abdugofurkyiazov1994 Před 3 lety +121

    Баялы Исакев
    Жусуп Абдыракманов
    Ишеналы Арабаев
    Исхак Раззаков
    ж.б. ошолорду да даярагылачы

  • @user-mr3jv4er3z
    @user-mr3jv4er3z Před 3 lety +58

    Кыргыздын чыныгы Ыймандуу Саясий Элитасы, орустун бизди Манкурт кылуусунун саясаты....

    • @user-xm3sn1eu6u
      @user-xm3sn1eu6u Před 2 lety

      Биздин эр азамат кыргыздын чыгаан эр азамат көзү өтүп кеткен аталарыбыз га Алланын Фирдаус бейишинен орун берсин амин.ал эми ошол аталарыбызды бей күнөө кордуктаган Сталинден баш кылып калгандарын төш кылып кабыр азабынан кутула албай, элди кандай зомбулукка алса кыямат күнгө чейин миң эселенген кордукка алынып,тозоктун тубуно түшүп калышсын ириң ичишсин түбөлүктүү кыйноого алынышын. Амин

  • @nazishailoobay7207
    @nazishailoobay7207 Před 10 měsíci +2

    Эн пайдалуу видео болуптур чон ырахмат тарыхын билбегендин келе☝️ тарыхыбызды билели тилибизди коргойлу ❤

  • @user-dd9nn5yd5u
    @user-dd9nn5yd5u Před 2 lety +1

    Азаматсынар Телескоп жамааты. Жаштар учун, Эл учун эн керек болгон маалыматтарды айтып , корсотуп чыктынар. Кимдин Ким экенин билип алсын жаштар.