Токтогул менен Калыктын жолугушуусу | Эстебес Турсуналиевдин аткаруусунда | КТРК казынасы

Sdílet
Vložit
  • čas přidán 16. 10. 2022
  • ЭСКЕРТҮҮ! Бул материал КТРКнын казынасына таандык! Башка каналдар жүктөп алса блоктолот!!! Буга чейин уруксаты жок Казынанын видеолорун колдонуп келген каналдарды дагы эскертебиз!!!
    #КТРКказынасы
    ТОКТОГУЛ, КАЛЫК, БҮРКҮТЧҮ МАМЫР, АЙЧЕКЕ БАЛБАН
    СССРдин Эл артисти, төкмө акын Эстебес Турсуналиевдин аткаруусундагы Токтогул менен Калыктын жолугушуусу Кыргыз Радиосунун Алтын казынасына 1984-жылы жазылып алынган.
    - «Калык ырчы айтат: - Током менен Сапар деген кишинин үйүндө жолугушуп калдым. Ал кезде мени «Жокчулук» деген ырым аркылуу айыл эли таанып калган. Токтогул кара көрпө тебетейчен, кара чепкен кийген, тогологураак чарчы бойлуу киши эле. Комуз чертип, ырдагандан башка куудулдугу да укмуш болчу. Ошол өнөрүнүн баарын бирден көрсөтүп, анан «Дүнүйө» деген ырын ырдап олтурду. Аңгыча дулдуйган турпаттуу, чоң сакалчан, кийгени саксак кызыл көрпө тебетей, боз таар чапан, белине курчанган сары жез, көрө чегелүү булгаары кур, сол жаккы жанында оттук, бычак, мискек, табылгынын уюлу, түлкүнүн тумшугу, шибеге, тарак жана башка майда-чүйдөлөрдү тагынып белгилүү бүркүтчү Мамыр үйгө кирип келди. Токтогулга карап: - « айланайын Токо, аман-эсен жүз көрүшө турган күн бар экен ээ» деп кучактап баса жыгылды. Чыдай албай ыйлап жиберди. Экөө кучакташып көрүштү. Анда Током: - «Мамыр сен ушунча күйүп амандаштың, сени бир күлдүрбөсөм болбой калды» деп комузун алып ырдап калды:

Komentáře • 24

  • @user-qz2td6te2h
    @user-qz2td6te2h Před 4 měsíci +2

    Кылым карыткан куулор, кылым карыткан ундор... Керемет баа жеткис керемет... Жылдар откон сайын Эски ырлар баа жеткис болот тура

  • @user-ug9ye5eb4w
    @user-ug9ye5eb4w Před 2 měsíci

    Токтогул, Калык ж.б.коптогон акындар булар кыргыздын жылдыздары нукура таланттар,коонорбос ,олбос очпос кыргызымдын бир жолу келе турган,кудайым берген куттары,кандай гана сонун,не деген керемет,ырлар,обондору да сонун, бат бат соз табышкан,акылман ойлор айтылган!!!

  • @user-cs1yj1vp9b
    @user-cs1yj1vp9b Před rokem +6

    Канча кылганынар менен Эстебес эстен кеткис эстеликтерди калтырып кетиптир. Рахмат 👍

  • @user-qz2td6te2h
    @user-qz2td6te2h Před 4 měsíci

    Жаратканым бейишинен берсин 🤲

  • @user-ej1fq1xh1h
    @user-ej1fq1xh1h Před 3 měsíci

    Ээ сөз бай Кыргыз элим.

  • @user-jf5rl9vn9n
    @user-jf5rl9vn9n Před rokem +2

    👍👏✊❤🇰🇬

  • @user-gr5it5mu8j
    @user-gr5it5mu8j Před 5 měsíci

  • @nurkuloroz4635
    @nurkuloroz4635 Před 6 měsíci

    ❤❤😢😊

  • @wermnewermne9601
    @wermnewermne9601 Před rokem +3

    Азыркы акындарыбыз казактын аванын барктап , ошолорду туурап атышат . Кыргыз акындарыбыздын өзгөчө аваны ушундай эле болчу . Калык , Алымкул , Осмонкул , Токтогул , Эстебес , Замирбек ушундай аван менен айтышчу . Кийинкилерден Элмирбек , Жеңишбек , Аалы , Асылбектин айтыш авандары жакшы . Калгандары кечирип койсун ..... жазбай коеюн , катуу сөз болуп кетет .

  • @akbaralibegimtov6133
    @akbaralibegimtov6133 Před rokem +5

    Дастандарды чыгаргылачы, мисалы Курманбектин толук вариантын ж.бларды, сураныч!

  • @k.......n7471
    @k.......n7471 Před rokem +4

    Кайран эстекем

  • @statco5273
    @statco5273 Před 7 měsíci +1

    Баракелде алтындан жогору айтыш билгенге

  • @user-xp5iz9sh3g
    @user-xp5iz9sh3g Před rokem +5

    Залкар кишилер

  • @ULUKBEK1994
    @ULUKBEK1994 Před 10 měsíci

    ❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤👍👍👍👍👍👍👍👍👍🌹🌺🌺🌸🌷🌸🌸🌺🌹🌹Бүгүнкү эгемендүүлүк майрамыңар менен кыргыз элим🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇿🇰🇿🇰🇿

  • @user-yr5qg9js7t
    @user-yr5qg9js7t Před rokem +9

    Ушундай тунук жазылган айтыш,дастандардан чыгарып турсанар.

  • @user-xk5fn7wj5v
    @user-xk5fn7wj5v Před 7 měsíci +4

    Токтогул акындын кайраттын онорун берсин жаш муундарга ..