Криптовалюта сатып алаардан мурун муну көрүңүз

Sdílet
Vložit
  • čas přidán 22. 08. 2024
  • Эгер сиз криптовалютага инвестиция кылуу жөнүндө ойлонуп жатсаңыз, аны баштоодон мурун бир нече нерсени билишиңиз керек.
    1. Билбесеңиз, баштабаңыз. Акчаңызды жоготуп алышыңыз ыктымал. Уоррен Баффеттин бир сөзү бар: «Эч качан сизге түшүнүксүз бизнеске инвестиция салбаңыз.
    2. Изилдеңиз. Адамдар менен сүйлөшүңүз. Эгер англис тилин билсеңиз бул чоң артыкчылык, себеби англисче крипто жөнүндө маалымат аябай көп.
    3. Эгер баштагыңыз келсе, кичине акча менен баштаңыз. Базардагы өйдө-ылдыйлар ар дайым азгырат, билем. Бирок, бул башталгыч инвестор үчүн эң маанилүү эрежелердин бири. Кичинеден баштаңыз. Машыгып көрүңүз. Сезиңиз. Үйрөнүңүз. Арзанырак каталарды кетириңиз.
    4. Сиз салып жаткан акча сизде болгон акча болбошу керек. Үй-бүлөңүз таянган акчасы болбошу керек. Башка сөз менен айтканда, акча жоготуу жашооңузга таасир этпеши керек. Жоготуулар сөзсүз болот.
    5. Башында көп акча табууга умтулбаңыз. Кандайдыр бир пайда табууга көңүл буруңуз. Кичине, чоң айырмасы жок. Пайда тапканды үйрөнүңүз.
    6. Чечим кабыл алууда эч кимдин пикири чечүүчү болбошу керек. Ар дайым жоопкерчиликти өзүңүз алыңыз. Эгер сиз ишенген адам сизге кайсы бир криптовалютага инвестиция салууну сунуштаса, сиз макул деп анан акчаңыздан айрылып калсаңыз ким күнөөлүү? Албетте, ал адам эмес. Акчаңызды жана досторуңузду жоготуп албаш үчүн эч качан алардын пикиринин гана негизинде чечим кабыл албаңыз.
    7. Крипто инвестициянын мен үчүн азырынча эки түрү бар.
    1 long term же узак мөөнөттүү: Сиз инвестиция кылып, жок дегенде 2 жылга аны унутасыз.
    2 күнүмдүк соода: арзандаганда сатып аласыз, кымбаттаганда сатасыз. Бирок эсиңизде болсун, күнүмдүк соода түйшүктүү жана жоготууларды камтыйт. Андыктан машыгуу үчүн кичинеден баштоону унутпаңыз.
    8. Pump and dump тан сак болуңуз. Бул жасалма жолдор менен криптовалютанын баасын көтөрүп, адамдар ага массалык түрдө инвестиция кылгандан кийин сатып жиберүү ыкмасы. Бул алдамчылык жана арам. Памп эн дампты байкоо оңой эле, баа күтүлбөгөн жерден эле бир канча сааттын ичинде миңдеген пайызга өсүп кетсе, бул памп экени ыктымал.
    Менин атым Акылбек Балтабаев. Бул каналга жеке инсандык өнүгүү, бизнес жана англис тили жөнүндө видеолор чыгып турат.
    -----------------------------------------------------------
    Англис тили, башталгыч деңгээл - сүйлөтүү курсу --- t.me/chattil_english_info
    Катталганды унутпаңыздар! Чоң рахмат!

Komentáře • 18

  • @faizahan5347
    @faizahan5347 Před 2 lety +3

    Иштеринерге ийгилик!
    Рахмат!🙏👍
    Эн туура пайдалуу создор айтылды.
    Ооба криптовалюга азгырылып миллиондогон акчаларын жоготгон адамдар коп.
    Криптовалюта 2025 жылдан кийин оз ордуна келет.
    Азыр криптовалютага ишенип болбойт,себеби бир канча саатын ичинде которулуп,кайтадан аябай томон тушот.
    Жогоруда айтылгандай криптовалютаны так тушунуп,ар дайым коз салуу керек!

  • @user-cz2ez7me7p
    @user-cz2ez7me7p Před 2 lety +2

    Абдан маанилуу маселени айтып бизге сабак бердин. Акыл сага рахмаат.Азаматсын

  • @user-sm7qd1ns1u
    @user-sm7qd1ns1u Před 2 lety +3

    Иштеринизге ийгилик каалайм 🌹🌹

  • @dostanbekmaksidov1797
    @dostanbekmaksidov1797 Před 2 lety +1

    Оохо мен куткон видео экен рахмат сонун тушундурмо алдым

  • @baktyguljorokulova7901
    @baktyguljorokulova7901 Před 2 lety +1

    Азаматсын иним рахмат сонун кенеш

  • @kubanychtashbaev4898
    @kubanychtashbaev4898 Před 2 lety +1

    Пайдалуу ролик болуптур 🔥👍👍

  • @user-mp2vv4qu8e
    @user-mp2vv4qu8e Před 2 lety +2

    Рахмат досум жакшы тема козгопсун. Мен криптовалюта тушунбойм бирок тив койн деген нерсе бар экен, анан аны жыл сайын осот деп ишендире алат экен. Алсамбы деп ойлоп жаткам

    • @chatTilenglish
      @chatTilenglish  Před 2 lety +1

      Рахмат. Тив койн, негизи эле кайсы гана койн болбосун, алардын негизинде кандай технология турат ошого караш керек. Криптовалютаны баалуу кылган биринчиден анын технологиясы, колдонуу артыкчылыктары. Технологиясы, анын үстүндө иштеп жаткан командасы жок болсо же аз болсо, андай койндорго салым кылбай эле койгонуң оң.

  • @user-sm7qd1ns1u
    @user-sm7qd1ns1u Před 2 lety +2

    Биринчи кордум🤔

  • @jumalife6261
    @jumalife6261 Před 2 lety +1

    Рахмат агай кенешиниз учун👍

  • @user-lt6om8cz4n
    @user-lt6om8cz4n Před 2 lety +1

    Рахмат тууган

  • @user-qc9xv1cq5o
    @user-qc9xv1cq5o Před 2 lety +1

    Good job 👌👌👍👍👍

  • @Hamster_mister_
    @Hamster_mister_ Před 2 lety +1

    Гермес боюнча эмне дей аласыз

  • @afajuddin304
    @afajuddin304 Před 2 lety +1

    Алып сатуу боюнча уйрото аласызбы

  • @user-wh1mo9om9h
    @user-wh1mo9om9h Před 2 lety +1

    Хахялбы?