ILUXA ft. JAGA ft. AIHAN - КЕЛЕЧЕК ( OST ФИЛЬМ "КЕЛЕЧЕК" ) | КЫРГЫЗ РЭП 2023

Sdílet
Vložit
  • čas přidán 5. 09. 2024
  • КЕЛЕЧЕК ТАСМАСЫНЫН САУНДТРЕГИ!
    БИЗДИН КАНАЛГА КАТТАЛ - @ZALKARPRODUCTION
    БИЗДИН ДОСТОРГО КАТТАЛ - @Ozgocho3138
    Келечек (ost Келечек)
    "КЕЛЕЧЕК" OST :
    Припев: чогу ырдалат.
    О келечек табышмагынды женилдет
    О келечек тубун чексиз кемибейт
    О келечек көлөкөлүү багына
    Алып барып олтургузчу жылуу жумшак тагыңа
    ИЛЮХА:
    Үмүттөрүм үзүлбөйт
    Жүрөк согуп дүкүлдөйт
    Келечектин кең жолу
    Бара берсен түгөнбөйт
    Чөгөлөбө бугулбө
    Жалбырактай күбүлбө
    Калса калсын деп өзүн
    Жанталашып жүгүрбө
    Сарала атты току да
    Сапарын тарткын чокуга
    Келечегиң кем болбойт
    Көңүлүн болсо окууга
    Кечмеликти кечип
    туйундорду чечип
    Жоруктарын жолго таштап
    жаманынды бекит
    Оз күнөөңдү сезип
    ой жүгүрсүн безип
    Китеп бетин ачпасан да
    окуп койгун бир кун гезит
    Мээге үрөөн себип
    кетпе каардай ээрип
    Келечигин тузуп кой
    кийин калбай кейип
    Жуурулуп кирге кирдебейли
    Өкүнүп тилди тиштебейли
    Баарыбыз тенбиз ашкандар жок
    Адамды бөлүп иргебейли
    Иргебейли адамды
    Булгабастан кадамды
    Бир бүтүнбүз бирдейбиз
    Бирдей берген ааламды
    Припев: чогу ырдалат.
    О келечек табышмагынды женилдет
    О келечек тубун чексиз кемибейт
    О келечек көлөкөлүү багына
    Алып барып олтургузчу жылуу жумшак тагыңа
    JAGA:
    Тик тургузуп жаканды
    Кайталаба катанды
    Бул өмүрдү көргөзгөн
    Сыйла ата апанды
    Бетке такап таканды
    Бере көрбө жазанды
    Билек туруп бир койбо
    Бей куноосуз адамды
    Кийип кара чапанды
    Кирдетпегин ааламды
    Чыр адамга чынында
    Тескер берем батамды
    Келечек бизди кем кылба
    Кем акылдарга жем кылба
    Ордобуз толуп от алсын
    Куургаган чөлдөй ээн кылба
    АЙХАН:
    Каары келсе ашка
    Жашы келсе ишке
    Көргөн азыр күндөр
    Белек экен бизге
    Алсыздарга тийбе
    Этиат бол тилге
    Эркек атты өчүрүп
    Узун көйнөк кийбе
    Кышпы жайбы чилде
    Бабаларым бирге
    Жоону жолго салышкан
    Тарых беттеринде
    Мына жашап бүгүн
    Тынч заманда күнүн
    Сезбей анан жүрөбүз да
    Бийик чыгып үнүң
    Баарыбыз бир бүтүн
    Чыгаралы бүтүм
    Келечекти барктайлы
    Жесек дагы күкүм
    Баарыбыз бир бүтүн
    Чыгаралы бүтүм
    Келечекти барктайлы
    Жесек дагы күкүм
    Припев: чогу ырдалат.
    О келечек табышмагынды женилдет
    О келечек тубун чексиз кемибейт
    О келечек көлөкөлүү багына
    Алып барып олтургузчу жылуу жумшак тагыңа
    ___________________________
    Биздин Instagram: / zalkar_production

Komentáře • 8