Ош шаарында өткөн “Палестинага жардам” кайрымдуулук жарманкебиз жыйынтыкталды

Sdílet
Vložit
  • čas přidán 22. 01. 2024
  • 20-21-январь күндөрү Ош шаарында “Палестинага жардам” кайрымдуулук жарманкебиз болуп өттү. Жарманкенин максаты-согуштун ортосунда ачкачылыктан жабыркаган Палестина элине азык-түлүк үчүн каражат чогултуу.
    Жарманкеде түрдүү ата мекендик өндүрүштөр, китептер, кийим дүкөндөрү, баш кийимдер, тиричилик буюмдары, пайдалуу табигый даары каражаттары коюлду. Катышуучулардын арты Казакстан өлкөсүнөн келген @eco_hayatkgz, зам-зам суусу менен жасалган, ден-соолукка пайдалуу өндүрүшүн тартуулап кетти. “Тилектештик Палестина” кийимдери жана жоолуктары да коюлду. Алууну кааласаңыз @ummastore_kg баракчасына кайрылсаңыз болот.
    Мындан сырткары Оштун алыскы райондорунан келген мээримдүү жарандарыбыз өз салымын акчалай кошуп, кичинекей бөбөктөрүбүз акча кутуларын тапшырып кетишти. Биздин кайрымдуулук жарманкебизде өзүнүн даамдуу боорсогу жана тамак-аштары менен @borsok_restaurants келген конокторду жагымдуу маанайда тосуп алды. Ал эми @CARS_TAXI175 такси кызматы жарманкеге катышкан өндүрүшчүлөргө акысыз кызмат көрсөттү. Өзүнүн ыңгайлуу жана кооз отелинде @rayanhotel.osh Бишкектен келген конокторду акысыз коноктоду.
    Жарманкеге келип катышкан ар бир жаранга, өндүрүшчүлөргө, акысыз кызмат көрсөткөндөргө, алыстан келген конокторго, акча кутусун тапшырган бөбөктөргө, материалдык, моралдык жана маалыматтык колдоо көрсөткөндөрдүн баарына терең ыраазычылык билдиребиз.
    Ыраазычылык:
    @eco_hayatkgz
    @rayanhotel.osh
    @ummastore_kg
    @borsok_restaurants
    @CARS_TAXI175
    @jannatai_fashion
    @Put_Ahmada
    @akylman_hero
    @gorelka_coffee_roasters
    @aruuzat_kuran_kursu_osh
    @ KIYIZ GROUP
    @ Daria_batyrkhanova_new
    @ Etno_by_guzi
    @ Umka.dex
    @ Hijab_osh__
    @ tairova.roza ж.б

Komentáře •