“Жолдошум өлсө да, кайын журтума 10 жыл баттым” дейт Бакыт Букаевдин жубайы

Sdílet
Vložit
  • čas přidán 20. 05. 2023
  • ҮЙДӨГҮ ИНТЕРНЕТ+ТВ www.saimatelecom.kg/kg/novost...
    2013-жылдын ноябрь айында шоумен, тамада, ырчы Бакыт Букаев 44 жашында киши колдуу болуп каза тапкан. Анын мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жансыз денеси өзү жашаган үйдө табылган. Анын артында жубайы, эки уулу калган. Арадан 10 жыл убакыт өттү. Биз шоумендин жубайы Жылдыз Иманакунова менен ал-акыбал сурашып, маектештик.
    Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер:
    Банктык эсеп: 9417 0890 5899 9716
    Тел: 0702 82 86 61
    0553 48 79 69 (WhatsApp)
  • Zábava

Komentáře • 1,1K

  • @SUPERTV_TELEKANAL
    @SUPERTV_TELEKANAL  Před rokem +33

    ҮЙДӨГҮ ИНТЕРНЕТ+ТВ www.saimatelecom.kg/kg/novosti/aktsiya-na-tarif-55/

    • @user-ye3uq8id5b
      @user-ye3uq8id5b Před rokem +2

      Кайнагасы корот го козу сокур болбосо Балдарына бер уйду Уят кантип жашап жатасын Эл эмне дейт дегенди билебиУяты жок бетпак Арбак коруп билип турат Агасын арбак уруп кетет Жылдыз акылдуу келин экен Алтын кызым баары болот кайгырба Камчыбек Ташиевге кайрыл Патриот инсан сени корсо журогу эзилип кетет Камчыны Бакыттын арбагы колдоп журот Камчы балам жардам берчи суранам Садыр балам жардам бергилечи Камчы жэ уйун алып берчи балам Кайнагасынын мойнун толгоп туруп Суранабыз Садыр Камчы эки дос Каралдыларым жардам бергилечи

    • @user-fd7ch6bv1c
      @user-fd7ch6bv1c Před rokem +8

      Кызым кудайым озу жардам берсин.
      Сен эн бактылу энесин жолдошун жок болсо ,эки уулун бар экен ,кудайым ишинди ондосун.
      Кудайым козу туз болсун ырыскысын мол берсин.

    • @user-nl6to5kh2x
      @user-nl6to5kh2x Před rokem

    • @mamatabdibaliev9302
      @mamatabdibaliev9302 Před rokem +1

      К кс

    • @user-qo3kq8kv2p
      @user-qo3kq8kv2p Před rokem +1

      Мен да 3 балам менен 28 жашымда жесир калгам кайын журт тушунуктуусу аз эле жардам бермек тургай отуп кеткен бир тууганын жерин сатып дешкен кайын журттар бар жардам бербейт Аллахтан калбайлы кудайым озу жардам берет азыр баары жакшы

  • @user-ls3fy5xy3h
    @user-ls3fy5xy3h Před rokem +623

    Ким ушул видео коруп атса бактылу болсун.

  • @user-db9sb6yn1q
    @user-db9sb6yn1q Před rokem +140

    Кайын журтун бир да жамандаган жок, аябай акылдуу, сабырдуу, мыкты аял экен.

  • @user-me4mr3ny6m
    @user-me4mr3ny6m Před rokem +355

    Өтө акылдуу аял экен, сүйлөгөн сөзү орундуу, кылган иши жагымдуу экен. Кыргыз элим жардам берели көптуу көргөн көл болот.

    • @DEKAN40K_officlai
      @DEKAN40K_officlai Před rokem +11

      Эки уул бала бар экен,бир туугандардын милдети бутуна тургузуу,келин кетпей кол узбой жашап жургондон кийин.

    • @user-me4mr3ny6m
      @user-me4mr3ny6m Před rokem +22

      @@DEKAN40K_officlai эфирге жыргаганынан чыкты дейсизби,ошол алардан жардам болбогон үчүн,балдары жаш болгон үчүн жардам сурап жатат да. Кайын журтун жамандагысы келген жок, бирок кеп бар экени айдан ачык. Мен мекендеши катары жардам кылам,бирок көпчүлүк болсо көл болот

    • @user-bs6te1jf9g
      @user-bs6te1jf9g Před rokem +7

      ​@@DEKAN40K_officlai келинди кууп эле салышкан турбайбы. Жакшылап мээнерди иштетип анан уксанар тушуносунор. Кайнэнесин каратып жашашыптыр. Кайнэнеси деле начар экен, ата-энеси жок келинди башкача корчу экен. Стрессте дагы деле журот кичине туртуп койсон бул да чыгып кетчу эле аял экен. 10 жыл кайнжуртка ар кайсы созун угуп жашап жургон турбайбы байкуш келин. Келиндер кор болбосо гана бул да бироонун кызы да байкуш ай

    • @gulzatsadykova9828
      @gulzatsadykova9828 Před rokem +3

      Жаман, кордук коргозгон жер болсо 10 кантип жашамак эле. Жон эле суйлой бергендин эмне кереги бар. Озунун эрки мн кетип калыптыр , бугу чейин кордук корсо деле кетмек. Ичкен сууга тукуруштун кереги жок.

    • @altynaibiryshova845
      @altynaibiryshova845 Před rokem +3

      @@user-me4mr3ny6m азыр Бир тууган деле жардам бербей калды го...ОЗУ иштеп аракет кылыш керек...мен деле улуусу 4 жаш кичуу балам 7 айлык кезинде жесир калгам...иштедим кыйналдым бирок баарына жеттим.

  • @SB77088
    @SB77088 Před rokem +93

    Назира Бердигулова ,Анжелика ушул келинди бактылуу айым кылып жардам берип койгулачы сураныч. Жакшы айым экен. Балдары менен бактылуу болсун!

  • @user-vw7bq6uv5i
    @user-vw7bq6uv5i Před 9 měsíci +14

    Бакыттын бир туугандары ушул келинге уй алып бергиле бакыттын арбагы да ыраазы болсун

  • @user-gj7fg4gn5w
    @user-gj7fg4gn5w Před rokem +240

    Абдан акылдуу аял экен ,созду орду менен суйлоду, бирок кооп нерсени кагазга ороп айтты, арманы аттын башындай экен, Бакыттын байкелери ,эжелери болобу келинге карабасанар дагы Бакыттын балдарына карап уйун жаздырып берип койгула калыс болгула ,

  • @user-mw3vc7gq3h
    @user-mw3vc7gq3h Před 5 měsíci +7

    Садагасы акылдуу келин экенсин,балдарындын урмат сыйларын кор,ден соолукта бол ооруба,буюруса баары жакшы болот.

  • @onolbekismankulov4178
    @onolbekismankulov4178 Před rokem +41

    Нурдоолот эгер окуп калсан жакшылап жардамынды бер Бакыт экон жакын дос эленер жакшыны да жаманды да чогу откоргонсунор билесинби.Женеме жардамынды айаба😢😢😢😢

  • @user-kd5md2bh2f
    @user-kd5md2bh2f Před rokem +64

    Ото ыраазы болдум бул келинге. Суйлогону ордунда ото акылдуу аял экен. Куйосунон кийин ошончо жашаптыр, кызматын кылыптыр. Уйду талашпай эле берип койсо болот. Бакыт Букаевтин туягы эки баласы бар экен ушул балдардыкы да уй. Арбагын сыйлап бир туугандары балдарын уйго кайтарып киргизип койгула!!!

    • @Sollievaans_
      @Sollievaans_ Před rokem

      Ооба талашты деп айталбай жатат

  • @user-ws7db6vi8n
    @user-ws7db6vi8n Před rokem +113

    Даанышман аял экен. Соз жок,илгеркии энелердин кеменгерлигинин,уюткусу калыптыр. Аллах сооп,жазат. Кайын журтунуздан,кол узуп эле койгон жакшы. Колунда бар жер дединиз,бирок,эки туяка участок же там бериш кк болчу. Алардан жакшылык жок. Алладан кайтат,

  • @user-fm3yf9pu4m
    @user-fm3yf9pu4m Před rokem +7

    Бакыттын жаткан жери жайлуу топурагы толко болсун акылдуу Келин экенин суйлогонунон билип турат балларындын урмат сыйын кор башында берсин мээнетти карыганда берсин доолотту дейт балларындан кор кудайым ОЗУ колдосун

  • @user-ci4dd1jm2s
    @user-ci4dd1jm2s Před rokem +92

    Аялы акылдуу экен,балдар менен бактылуу бологой!!

  • @user-lt6wg7ry5x
    @user-lt6wg7ry5x Před rokem +73

    Азамат келин экен кайненесин ооруса да карап эч кимге кор кылбай оз колу менен узатып кудайым сага мээримин токсун бактылуу бол балдарын аман болсун акылдуу ыймандуу балдар болсун

  • @aiperi-Diana
    @aiperi-Diana Před rokem +86

    Акыл эстуу,жоош момун аял экен.Кайненесин караганда, ушул Келин керек болгон...Эми кереги жок БП калды окшойт.Ак жолун ачылсын,Бишкек-сени кучагын жакшы кундору мн тосуп алсын🤲

  • @aisha_ene1321
    @aisha_ene1321 Před rokem +69

    Жаркылдаган бала эле йманы саламат болсун Артындагы туйактарына уй булосуно омур берсин

  • @user-yg8lw1wz7z
    @user-yg8lw1wz7z Před rokem +116

    Бакыттын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Озун бекем бол Жылдыз кызым балдар менен аман бол.

  • @user-zw3bd4zb3r
    @user-zw3bd4zb3r Před rokem +53

    Алтын абдан жонокой Келин экен балдарындын жакшылыгын корогой

  • @user-nd5zl6xh5h
    @user-nd5zl6xh5h Před rokem +67

    Жонокой таза инсан экенсин жан дуйнон жанчылып келди бекем болууга умтулабер колдойбуз

  • @user-rz7ye9pq6s
    @user-rz7ye9pq6s Před rokem +66

    Кайын журт жагы уйяты жоко 10 жыл бойуу окаатын жасаап кайненесин багып эки бала тороп бериптир уйун жаздырып берсе блмок ошолордун каны балдары бир туганы кочого калтырбай 😢

  • @mehrinisamadumarova3048
    @mehrinisamadumarova3048 Před rokem +87

    Азамат кызым, экөө уулуң бар экен, баары жакшы болот. Кыргыз кызын таштабайт . Бакыт мырзанын достору, уруу-тугандары жана Аллах колдойт.

    • @cholpon6147
      @cholpon6147 Před rokem +5

      Ооба, жардам берели элим🙏🙏🙏🙏🙏

  • @user-ep6ob6nz8m
    @user-ep6ob6nz8m Před rokem +37

    Сен сыяктуу жалгыз бой энелерге Аллахым куч кубат берсин!!!

  • @user-yu8ts2pu7b
    @user-yu8ts2pu7b Před rokem +96

    Сүйлөгөнү ордунда акылдуу аялзаты экен. Буюрса баары жакшы болот. Кудайым тирик койгон пендесин, курук койбойт дейт. Балдарың бар бактылуусун.

  • @user-gp5qi6fz9l
    @user-gp5qi6fz9l Před rokem +31

    Уй алып бералбасада , Бакыттын апасынын үйүн жаздырып берсин , небереси үчүн АЛЛАХ ыраазы болот!

  • @anonimst
    @anonimst Před rokem +45

    Көлдөн үй алганга жардам берели, кыргыз элим. Көп түкүрсө көл болот демекчи

    • @user-uk9tq1bp5z
      @user-uk9tq1bp5z Před 2 měsíci

      Бергиле тамадаларда акча бар

  • @user-zq6hj6dr7p
    @user-zq6hj6dr7p Před rokem +8

    Эх Бакытым,Бакытым де 😢😢😢😢 Ооба Бакытың арбагы ыраазы болсо болду, калганы кудайдын күчү менен 🤲

  • @meerimakynbekova2196
    @meerimakynbekova2196 Před rokem +104

    Туура чечимге келиптирсиз абдан туура...Аллахым ак жолунарды ачык кылып берген болсун

  • @Maigul71
    @Maigul71 Před rokem +27

    Дагы эле депрессиядан чыга элек экен,жардам керек экен...Аллах жардам берсин!!!

  • @guliaalisherovna215
    @guliaalisherovna215 Před rokem +75

    Айнанайын бекем бол, Озун бутунан тур, балдарды окутуп, алдыга умтула бер, уйду туугандар бербесе, апасына кылган кызматын учун, кудай берет уйду, ден соолукта, аманчылыкта болгула

  • @chykamhoff2150
    @chykamhoff2150 Před rokem +63

    Туура айтат. Эрден кийин сый жок деген эн туура. Кайын журтта куйоон жок жашоо, ким башынан откорсо ошол адам гана билет. Жылдызга куч, кайрат берип, ойлогон тилектерге жетиниз.

    • @user-fg9ku1kg4b
      @user-fg9ku1kg4b Před rokem

      Ээ х

    • @user-qg8vo1ru4n
      @user-qg8vo1ru4n Před rokem +3

      Туура айтылган сөз Эрден кийин урмат жок энеден кийин төркүн жок

  • @user-yz7fl8tg3z
    @user-yz7fl8tg3z Před rokem +14

    Бакыт жар тандаганда адашпаган экен ,сөз маданияты күчтүү,ой жүгүртүүсү кенен,күчтүү айым экен.Бакытка болгон сый урматы кайын журту жөнүндө ички таарынычын айтууга дити барбады.,Азамат келин экен

  • @latipatileshova8234
    @latipatileshova8234 Před rokem +168

    Бул эжеге да шаардан үй жай кылып бериш экен элден айлансак болот ырчылар концерт уюштуруп берсе болмок

    • @asawasaw2234
      @asawasaw2234 Před rokem

      Туура, уюштуруп алып беришсе колдорунан келет.

    • @user-fv5vu2uj2q
      @user-fv5vu2uj2q Před rokem

      Бай канагасы уйун тартып албай берсин келинге ботом бакыттын балдарына

    • @user-fv5vu2uj2q
      @user-fv5vu2uj2q Před rokem

      Шаарга барып алып же кесиби жок болсо эмне кылмак эле озу айылдын кызы айылга эле жаша балдарын менен

  • @user-ll3hc7vl5h
    @user-ll3hc7vl5h Před rokem +62

    ЖӨӨНӨКӨ АЯАЛ ЭКЕН БАЛДАРЫ АКЫЛДУУ БОЛСУН🤲😔

  • @user-qx6kg5eg1v
    @user-qx6kg5eg1v Před rokem +21

    Өтө акылдуу аял экенсин. Салты сыйлан келинкенсин .Кудаа кааласа сен бактылуу байбиче болосун.

  • @user-wc7hh5mu7b
    @user-wc7hh5mu7b Před rokem +23

    Мындай келин Кыргызстанда бар экендааа,Алхамдуллилах Аллахтын ыймандуу мээримдуу инсаны экен.тан калтырды Мени.❤

  • @Azra_style_kg
    @Azra_style_kg Před rokem +211

    Жолдошу жок 10жыл омурун арнаган кайын журтуна баткан аял отто аз даңк медал тагыш керек Аллахым эч жамандык корсотпосун кундорунуз ар куну майрам болсун.

    • @user-lr9bb1zm4u
      @user-lr9bb1zm4u Před rokem +11

      Туура айтасыз !!!Тың келин экен.

    • @user-du2fh5tl9r
      @user-du2fh5tl9r Před rokem +9

      Ушул келин дин мээнетин коп экен 😮, ошол уйду Бакыттын балдарына откоруп берип койсо болмок, пл жерден кодулашкан го бечара керлинге очень жал 😮😢😮

    • @user-kw9vx3xz3j
      @user-kw9vx3xz3j Před rokem +8

      @@user-du2fh5tl9r кайнене олгондон кийин келинди батырбаптыр бул жерде авысындар бар гоо

    • @user-bs6te1jf9g
      @user-bs6te1jf9g Před rokem +4

      ​@@user-kw9vx3xz3j авысын эмес озу бир туугандарында. Жок келинге бериш керек десе эч ким эч нерсе дей алышпайт. Жаман келинби, жакшы келинби балдары бар болгондон кийин кочукту кысып бериш керек эле

  • @user-hj2dh2uq1k
    @user-hj2dh2uq1k Před rokem +213

    Бакыттын аялына жардам бергиле бай ырчылар!

    • @user-sy1vf1do1m
      @user-sy1vf1do1m Před rokem +2

      😊 Ырчылардын оокаты жокбу? Мамлекет жардам кылса болот. Жок дегенде балдарын мектепке барганына жакшы билим алыс унаа.

    • @gulmirajedigerova2565
      @gulmirajedigerova2565 Před rokem

      ​@@user-sy1vf1do1m 25:24 25:28

    • @user-ml3iu6lo1s
      @user-ml3iu6lo1s Před 9 měsíci +1

      Эң туура ырчылар тамашалар биркүндүк тойдогү кызматыңарды бергиле силерге 1тойдогу 100 200кищинин батасы тийет

  • @elamanjaparov5270
    @elamanjaparov5270 Před rokem +29

    Кыргыз элим жардам берели ,Бакыт агабыздын жаны жаннаттан болсун

  • @gulzatmusaeva9515
    @gulzatmusaeva9515 Před rokem +50

    Бактылуу бол,!! Акылдуу аялзаты экенсин.Балдарынды эч кимге кор кылба!

  • @user-bk9sg2fz9r
    @user-bk9sg2fz9r Před 4 měsíci +4

    Айи ушундай акылдуу келинди биринчи корушум бактылуу болчу экинчи
    Бакытын эки балан акылдуу келин экен

  • @user-yz7fl8tg3z
    @user-yz7fl8tg3z Před rokem +156

    Ырчы,шоумендер чогулуп ,эл менен биргеликте эле бир үй алып беришсе жакшы саамалык болмок экен

    • @user-mr1pk4ne1o
      @user-mr1pk4ne1o Před rokem +6

      Ырчылар консерт уюуштуруп уй алып бергиле ,. Сыймык. Бейшекеев , молодес экен ырчы бала каза болуп калганда эне атасына уй алып бирдиго консерт уйуштура салып балдары жаш экен буларга да жардам бергиле маданият жаатындагы ырчылар..

    • @ggvggh8046
      @ggvggh8046 Před rokem +1

      Алар өлүп кетет го бир үй салмак турсун

    • @latoyadjumabek6561
      @latoyadjumabek6561 Před rokem

      ​@@user-mr1pk4ne1o н

  • @user-zc9ox6xq2t
    @user-zc9ox6xq2t Před rokem +8

    Даанышман, көрөгөч,акылман инсан экен.
    Аллах ыраазы болсун!!!
    Капастан чыккан чымчыктай.😢
    Кайын журту,кудайдан коркуп эки баласы менен темселетпей берип койушсун.

  • @user-wq6fu3hf5j
    @user-wq6fu3hf5j Před rokem +46

    Эч кимдин башына бул кунду салбасын😥😥😥.Сабырдуу, акылдуу аял экен. Кооп жашасын эки уулунун жакшы кундорун корсун🤲🏻🤲🏻🤲🏻

  • @dutduyhsuj775
    @dutduyhsuj775 Před rokem +66

    Кыргыз элим жардам берели.Биринчи Аллахым колдосун,экинчи кыргыз элим колдоп, кайгы -муңдан чыгаралы.Башынан өткөргөн оор күндөрү баары эсинен чыксын.

  • @user-bz1vi8qz1p
    @user-bz1vi8qz1p Před rokem +49

    Аллахым балдардын ырыскысын берет буйруса .Кайын журтун да карап турбас деп ойлойм.

  • @user-hn4fo9dy3u
    @user-hn4fo9dy3u Před rokem +36

    Бакыт - эл сүйгөн таланттуу азамат эле.
    Аны эч качан кыргыз эли унутпайт.
    Жылдыз, сага Кудай чың ден-соолук, бактылуу узун өмүр берсин!
    Кайраттуу бол, уулдарыңдын урматын, сыйын сен көр.
    Эң башкысы эки уулуңду ыймандуу, билимдүү, адамгерчиликтүү кылып тарбиялап, чоңойтуп, үзүрүн көр,Алтыным!
    Биз силерге ак батабызды берип,Кудайдан тилейбиз.

    • @kitepcanafhdryvf569
      @kitepcanafhdryvf569 Před rokem +4

      Бакыт Букаевдин келинчегине жардам Берели,абдан кыйналыптыр.

    • @ishengylkokoeva2931
      @ishengylkokoeva2931 Před rokem +3

      Жылдыз ,сага ,уулдарыңа бактылуу жашоо каалайм!
      Өз жаныңа тың бол,эч кимге ишенбе. Аллахым силерди жалгыз таштабайт.
      Ооба,өлүм өксүтөт, кемитет...
      Кыргыз элим боорукер эл.
      Сен да үйлүү болосуң.
      Бардыгын кайра баштайын деп,туура чечим кабыл алыпсың, сиңдим.
      Жакшы күндөрүң али алдыда.❤🎉
      ...

  • @user-pw2vc9tt8s
    @user-pw2vc9tt8s Před rokem +41

    Акылдуу токтоо сабырду намыстуу жан экенсиз кудайым озу жардам берсин

  • @user-hr4yy6ys8k
    @user-hr4yy6ys8k Před rokem +16

    Аалах жардам берсин кыргызымдын жигиттери барыбыз биригип жардам берели.Бакыттын жаткан жери жайлуу болсун.Балдарындан кор аябай акылдуу келин экен.

  • @aidai-oe3sq
    @aidai-oe3sq Před rokem +300

    Кайын журту, кайнагасы уйду бул келинге откоруп бергиле 2 бала учун. Тем более апанарды өлөөр өлгүчө караптыр караан болуп силерге караганда. Жетимдердикин жон койгула

    • @cholpon6147
      @cholpon6147 Před rokem +12

      Туура

    • @user-vl7it2mu3o
      @user-vl7it2mu3o Před rokem +10

      Бакыт озу болсо бир туугандарын да карап коймок.Балким алардын да жагдайы жакшы эмес .

    • @user-qw5um6hu3g
      @user-qw5um6hu3g Před rokem +15

      ​@@user-vl7it2mu3oкеп анда эмес тамды берипш керек балдарды темселетпей

    • @jannijannijan454
      @jannijannijan454 Před rokem +5

      Кайын журт бербейт,.

    • @user-qw5um6hu3g
      @user-qw5um6hu3g Před rokem +10

      @@jannijannijan454 сенинда балдарвн кочодо сандалганда билесин Бакыт тируу болсо бакубат жашашмак.

  • @kubashonkoev1601
    @kubashonkoev1601 Před rokem +179

    Биздин айылдын келини, өзү токтоо жакшы келин.Баарыбыз чогултуп жардам берели,эл журт көп түкүрсө көл болот дейт го.

    • @user-zc4ex2lk3e
      @user-zc4ex2lk3e Před rokem +1

      Кайсы айылдан болосуздар?

    • @user-ke9bf3je3n
      @user-ke9bf3je3n Před rokem +14

      ТАГДЫРЫ АЯБАЙ ӨКҮНҮЧТҮҮ ЭКЕН.
      ЭКИ БАЛАМ ДЕП КАЙЫҢ ЖУРТУНА 10 ЖЫЛ КЫЗМАТ КЫЛЫП, КАЙЫҢ ЭНЕСИН ӨЗ КОЛУ МН УЗАТСА, ҮЙҮН.ДҮНҮЙӨ КӨРБӨЙ ТУКУМУ ТУРСА КАТАТЫП БЕРСЕ ТУУРА БОЛМОК.
      ДҮНҮЙӨ ЭМНЕ КЕЛИНДИН КӨҢҮЛҮ ДЕЛЕ ЭСКЕ АЛЫНСА БОЛМОК.
      АЙЫЛ АКСАКАЛДАРЫ КИРИШСЕ БОЛМОК.
      ЖЕСИР АЯЛ ЖЕТИМ БАЛА😢😢😢😢😢

    • @user-bs6te1jf9g
      @user-bs6te1jf9g Před rokem +7

      Кайнжурту ушунча жаман адамдарбы) келинине каратып Эми кереги жокбу

    • @aizadaalseitova3661
      @aizadaalseitova3661 Před rokem +2

      Кайсы айыл?эмнеге үйдөн чыгып кетти??

    • @user-bs6te1jf9g
      @user-bs6te1jf9g Před rokem +8

      @@aizadaalseitova3661 Темировка айылы (Кашат) , Ысык-Кол.) Айтты гр жакшы болсо кетет белем деп. Кайнжурту начар адамдар экен, бактырып Эми кереги жок адамдай, балдарын кочого чыгарып коюшуптур. Акмактар , бир тууганым дегендерди чынында кыйынчылыкта чыныгы жузун билесин

  • @nurzadakulmurzaeva1035
    @nurzadakulmurzaeva1035 Před rokem +55

    Эң жакшы аял заты экенсиз
    Эл бар ,журт бар...
    Буюрса баары жакшы болот

    • @user-ps3zk5dw9s
      @user-ps3zk5dw9s Před rokem

      Тем более эркек балдар экен. Тукум улоочу. Обидна

  • @gfhjggh3270
    @gfhjggh3270 Před rokem +101

    Бечара балага бейиштен жай болсун.Абдан туура айтат апасы.элдин адамы эле .Эми балдары атасындай болсун,аман болушсун.

    • @user-uw6kk6ps6r
      @user-uw6kk6ps6r Před rokem +5

      Кызым сабыр кыл, буюрса жакшы күндөр алдыда
      Бул силерге Аллахтын сыноосу деп кабыл алгыла
      Балдарыңдын келечеги кең, өмүрү узун, ыймандуу, билимдүү жигиттерден болуп чоңойсун, б алдарындын сый урматын көргүлө, Аллахым силерди колдоп жүрсүн, буюрса баары жакшы болот

  • @user-ri9el9vw4z
    @user-ri9el9vw4z Před rokem +94

    Тагдырлаш экенбиз менда 3 балам менен жесир калдым Кайың журт ат бастырып сурап койгон жоок жолдошумдун өткөнунө 6жыл болду Кайың журт сурабайт Жесир менен жетимдерге АЛЛАХЫМ өзу жар болсун Бул кунда бизден өтөт биздин көчөдөда майрам болот Жетим чоңоёт жесир оңолот бул кундөр да бизден өтөт Кайың Журт аман эле болсун

    • @user-tw4se7zq2m
      @user-tw4se7zq2m Před rokem +3

      Ар кыл адамдар болот силер кутот экенсинер кайын журту иним каза болуп, биздин келин дайынсыз жок. Бир кордум эркек менен отурганын, баралбадым. Аман экен деп койдук.

    • @KumilaSheishkanova
      @KumilaSheishkanova Před rokem +1

      Сабыр Алтышка Озун оорубай ден соолукта бол,балдарындын жакшылыгын кор оорунду суйлогон жонокой соз жок Кудайдан айтсын балдардын келечеги кен болсун оомиин уйлу жайлуу болгула.

    • @Barakelde_5714
      @Barakelde_5714 Před rokem

      Сиз кайсы жакта жашайсыз

    • @user-zs1yf1ce3e
      @user-zs1yf1ce3e Před rokem

      ​@@user-tw4se7zq2m 39:54 го

    • @user-tw4se7zq2m
      @user-tw4se7zq2m Před rokem

      @@Barakelde_5714 биз Питерде жашайбыз. Келин Нокатан болот.

  • @rozazhakypova9600
    @rozazhakypova9600 Před rokem +64

    Өзүңө Кудай күч кубат берсин, айланып кетейин. Жашоодо ар кандай нерселер болот да. Балдарың ыймандуу, мээримдүү болуп чоноюшсун каралдым.

  • @darikakenjebaeva865
    @darikakenjebaeva865 Před rokem +37

    Ишине ийгилик,ден соолугун болсун.Балдарын бактылуу болсун.

  • @user-zt5qh5cw6w
    @user-zt5qh5cw6w Před rokem +5

    Алла берген келин экенсин
    Алла ыраазы болсун ☝️🤲🤲🤲
    Таарынычты сендей которуу азыркы учурдун инсандардан учурата албайсын
    Мыкты Аял Эне ☝️🤲
    Алла балдарга Ыйман ынсап Адалдан ырыскы насип этсииин ☝️🤲🤲🤲🤲
    Кайнагана ынсап бере корсуун ☝️🤲
    Бакыттын арбагын ыраазы кылат деген умуттонобуз☝️🤲

  • @user-vk5tz1fm3c
    @user-vk5tz1fm3c Před rokem +5

    Аллах ыраазы болсун азаматсын ото акылдуу аял экенсин

  • @user-vm2ds6ln4g
    @user-vm2ds6ln4g Před rokem +7

    Аай иий АЗАМАТ 👍Келин акылдуу экенсин!! Ушунча созу Баардыгы орду ордунда!! Кыргыз элим жардам БЕРЕЛИ!!

  • @user-yl8eb2cs3e
    @user-yl8eb2cs3e Před rokem +16

    Ананайын Ширин Кыз азаматсын Кайнененди ооруп жатканында дагы карап колун менен узатып аябай аял затына тиешелуу эн кучтуу ыймандуу акылдуу кундорду откоргонуно таазим ооба сени коруп жаткандардын баары туура тушунот буйурса Алла Тааламдын Эли журтубуздун колдоосу менен балдарына татыктуу бактылуу Эне болуп бактылуу кундорду Насип кылсын Сага Олок Жолок болчуу эки жагында Эки балан турат буйурса Балдарындын урмат сыйыны коруп Небере жыттап кооп жакшы кундорду насип кылсын

  • @user-rz7ig3pc2g
    @user-rz7ig3pc2g Před rokem +18

    Бойдок кезинде Жылдыз менен швеяда чогуу иштегенбиз аябай жумшак кыз болчу

  • @user-ds7gl9oo1c
    @user-ds7gl9oo1c Před rokem +202

    Сөз чынынан бузулбайт; кайын энең өлгөнчө сени карап турсун деген тура! Эми кызым бышык бол! Тың бол! Балдарыңды окут өзүң иште! Күйөөгө шашпа! Өгөй ата өөнчул. Дегендей башына балээни үйбөй .Али жаш экенсиң! Эч кимге ишенбе!

    • @user-io9rn9ek2z
      @user-io9rn9ek2z Před rokem +6

      СОНУН.

    • @user-yq1xr4co6h
      @user-yq1xr4co6h Před rokem +3

      Биздин кайсиндибизда отурат кемпир чал карап.

    • @user-vg8le4hb1f
      @user-vg8le4hb1f Před rokem +2

      Бактырып туруп кууп ийген эмнеси

    • @user-es2vp7kq9v
      @user-es2vp7kq9v Před rokem +1

      ​@@user-yq1xr4co6hв смысле кемпир чал карап? Жаман жолдо жургон кайын синдилер бар тынч жашоо бербеген аларга караганда шугур де.

  • @user-no7ni3jw7d
    @user-no7ni3jw7d Před rokem +14

    Кыргыздын алтын келини экен. Суйлогон создорун угуп козумо жаш алдым.Кайнаган эле уйду чечип койчу жолдо болчу.Инисинин 2 баласын Бакыттын уйунон кетирбей.Жардам берели.

  • @user-ck3fx2jm5l
    @user-ck3fx2jm5l Před rokem +16

    Жүрөгү бир кана күйүт эмес,таарынычка да толгону көрүнүп турат,...бактылуу болосун Аллах бар жаныңда сулуу айым!

  • @veneraabdykadyrova9033
    @veneraabdykadyrova9033 Před rokem +26

    Байкуш келин озу жетим осуптур,багы жокко дагы жок болуп жолдошу да эрте каза болуптур ,аябай сабырдуу,ыймандуу,жан дуйноосу таза, аял экен кайненесин жатып калса да караптыр уйун тируу кезинде берип койсо болор эле .Дагы да сабыр тилеп балдарынан жакшы кундорун корсун!

  • @mahabatjakshibaeva.8067
    @mahabatjakshibaeva.8067 Před rokem +196

    Энесин бактырып алышып олгондон кийин чыгарып койгон уят

    • @kaiyrkulerkinbaeva-dr8kb
      @kaiyrkulerkinbaeva-dr8kb Před rokem +34

      @@NaziraBukaeva значит кайын журт жактан мамиле начар болгон,болбосо жылуу ордун ким сууткусу келет???

    • @user-lm8sd6wg3v
      @user-lm8sd6wg3v Před rokem +29

      ​@@NaziraBukaeva кайын журт начарда,жакшы болгондо уйун балдарына откоруп берип каралашып турушмакда,уят эле,кыздары карабаган апасын келин байкуш караган экен

    • @user-hw5cl3yc5q
      @user-hw5cl3yc5q Před rokem +8

      @@user-lm8sd6wg3v Абдан туура

    • @user-vw5lx4pb1o
      @user-vw5lx4pb1o Před rokem +20

      ​@@baktygulasangazy куйоон олуп,кайнененди олгончо баксан коробуз тилин канча метр болгонун

    • @user-lm8sd6wg3v
      @user-lm8sd6wg3v Před rokem +8

      @@baktygulasangazy ооба,ушундай стрессте болсо,тил эмес бут дене заар болотго,жоон эле келип кетип атса эмнеге айтышып анкылдамак эле

  • @user-bf1oq3gc2x
    @user-bf1oq3gc2x Před rokem +15

    Кайра-кайра коментарийлерди окуп жатам, негатив жазгандар жок, бактылуу бол!!!

  • @jastl3098
    @jastl3098 Před rokem +36

    Аллахым куч кубат берсин,Ден соолук берсин колу бутунар Аман соо екен Аллахтан жардам сураныз озунузда аракет кылыныз балдарыныз чонойуп калыптыр

  • @user-id1yp5mp2l
    @user-id1yp5mp2l Před rokem +32

    Кудай колдосун,балдврындын жакшылыгын кор.
    Оомиин.

  • @user-yc8wj2ix2t
    @user-yc8wj2ix2t Před rokem +4

    АЛЛАХЫМ куч кубат берсин , озу боор ачысын. 🙏
    Элден айланса аз , коп тукурсо кол болот , эл арасынан чыгаар кол суна турган.
    АЛЛАХЫМ дын бир эшиги жабылса , экинчиги эшигин ачат АЛЛАХЫМ озу жардам берет жол корсотот.
    Аябай жакшы келин экен , сабырдуу , токтоо. 🙏

  • @uqeachannel1594
    @uqeachannel1594 Před rokem +19

    Туура балдарын чонойсо бут жакшылык болот,азырынча кыйынчылык болуп атат,бактылуу болгула

  • @user-hl2px4dl6g
    @user-hl2px4dl6g Před rokem +48

    Ыйладым көрүп. Жолдошумдун өмүрүн узун берсин Аллахым! 😢😢😢

  • @user-gc3qj1xv9f
    @user-gc3qj1xv9f Před rokem +43

    Ото кучтуу журналист,шоумен болчу бейишин берсин Оммиийн

  • @user-db9sb6yn1q
    @user-db9sb6yn1q Před rokem +18

    Жамбашы сынып калган адамды бир ай карап көргүлөчү, бул айым эки жылдай караптыр. Аллах ыраазы болсун ылайым 🤲. Кайын журту үйдү маркум Бакыт аванын балдарына өткөрүп бербесеңер уятко .

  • @user-vr9bn3fx9t
    @user-vr9bn3fx9t Před rokem +18

    Сабырдуу бол балам баары жакшы болот аллах ыраазы болсун балдарын бактылуу болсун оомийиин😥😫

  • @user-ol2uc9ci6u
    @user-ol2uc9ci6u Před rokem +68

    Турмушка чыкпай эле кой. БАЛДАР кор БОЛОТ

  • @kanukuzu9240
    @kanukuzu9240 Před rokem +80

    Аябай акылдуу айым екен.

  • @user-bi1jx2nc6v
    @user-bi1jx2nc6v Před rokem +36

    Эч ким жакын адамынан ажырабасын аял кишиге оор эле экен 😢

  • @aidarajar9213
    @aidarajar9213 Před rokem +35

    Озун жакшы келин экенсинда кызым ден соолук омур тилейли сага балдарындын жакшы кундорун кор балдарын омуру узун бактылуу жигиттер болсун

  • @topchugulatanova2614
    @topchugulatanova2614 Před rokem +14

    Ушунча сулуу кыз экен !
    Бакыт өлгөнүн чын айтканда бир туугандардан дагы ушул көп күйүптүр!

  • @user-bp2pz6uk8g
    @user-bp2pz6uk8g Před rokem +130

    Кайненеси тируу кезинде эле Бакыттын улуу уулуна жаздырып берсе болмок экен да,каап.Мейли эми жакшы ак жолтойлуу уйлуу бологой,уучун куру эмес экен,уулдарын чонойсо сонун зангыраган уй салып коёт😊

  • @user-ik5vk7mo3n
    @user-ik5vk7mo3n Před rokem +14

    Бакыт аганын жайы нурлуу болсун,уулдарыныз учун кучтуу болунуз,уулдарынызга жолок таяк болушунуз керек,ден соолук каалайбыз.

  • @bishkekb8668
    @bishkekb8668 Před rokem +8

    Аттин ...Бакыттын арбагын сыйлабаган бир туугандарына тан калдым,энесине малай кылдынар бетинер жок экен,кудайым жазасын берсин силерге,жетим да жетилет,Жылдызка азаматсын эки баландын эркелеген энеси болосун,жакшы кундорун алдыда.

  • @user-sm3xn6pz8w
    @user-sm3xn6pz8w Před rokem +30

    Иииий байкуш Бакыт, кандай жакшы жаркылдаган адам эле ,жайы жаннаттан болсун,жайлуу болсун,Келинчеги да сонун келин экен,кыргыз элим,колунда бар адамдар жардам берип коюунуздарчы.

  • @user-sf9xo7ts3c
    @user-sf9xo7ts3c Před rokem +19

    Абдан акылдуу эстуу келин экен 2 баланы талаага таштабастыр агасы келинди кетирбей эле откозуп берип койсо болмок экен эми деле кеч эмес талаага калтырбагыла БАКЫТ БУКАЕВ деген сонун жигит эле айла жок келин эстуу экен тамды бергиле..

  • @user-qd7xn9fk7o
    @user-qd7xn9fk7o Před rokem +24

    Мен дагы катуу ооруп балдарым 6жаш,экинчиси боюмда барда катуу оорудум,ата- энем жаш кетти,жолдошум уйлонуп кеткен менин оорум себептуу ошондо бар кучумду жыйып акыркы дарыларым менен жашап 2саат уктап швеяда иштеп уй алдым,андан бери 10 жыл оттту,оорум да басандап жакшы шугур, азыр колумда 3-4жумушчу иштейт, жардам сурабай эле ак эмгек менен жеткилечи ден соолугунар барда тытынып иштесенер Аллахым адал ырыскы берет иншаллах, аттин Бакыт Букаевди эстегенде мектептеги бир элестер келет,Аллахым бейиштен берсин Бакытты

  • @user-ol2bf9up3l
    @user-ol2bf9up3l Před rokem +17

    Сизге ийгилик.Кудайым колдосун.
    Балдарыныз иймандуу жакшы инсандар болуп чонойсун.
    Сабырдын тубу сары алтын дегендей баары жакшы болот

  • @rozaabirova8443
    @rozaabirova8443 Před rokem +10

    Жылдызка ушундай сыноолордон кийин чоон жакшылыктар болот,балдар чонойсо эн бактылуу эне болосун, жакшы адам кабылса жашоонду куруп кет,жалгыздык Аллахыма эле туура келет

  • @user-cy2rc7zv3y
    @user-cy2rc7zv3y Před rokem +20

    Кыргызстанда шоумен тамадалар коп ырчылар там алганга жардам бергилечи кыргыз элида жон турбайи😢😢

    • @user-yk2wb3ox5z
      @user-yk2wb3ox5z Před rokem

      Балдар чоноюп калыптыр туугандарын билип , ,,эмиозунду кара балдарга Дени сак эне керек

  • @user-lt5ed9dd3h
    @user-lt5ed9dd3h Před rokem +5

    Ушундай акылдуу келин экен бактылуу бол кудайым жакшылык болсун

  • @user-zo1nu3ro2l
    @user-zo1nu3ro2l Před rokem +4

    Абдан акылдуу аял заты экенсин, омурунуз берекелуу болсун! Колдон келген жардамыбызды берели!

  • @sagunbubuisaeva2374
    @sagunbubuisaeva2374 Před měsícem +2

    Келиндин создорун угуп,аябай ыраазы болдум,эстуу келин экен,ургаачынын чырагы кырк дейт,айланайын, Кудайым буюрса артын жакшы кылсын,балдарынды жакшы тарбиялап остуруп,ошолор татыктуу адам болуп,эмгегинди актасын,олбогон адам алтын аяктан суу ичет дейт,балам.

  • @kristal3281
    @kristal3281 Před rokem +66

    Кайран кыз, озунду кууратыпсын да.Сен олсон эрин давно уйлонуп бакытка болонуп жашамак.

  • @user-ue6nu7st4h
    @user-ue6nu7st4h Před rokem +67

    Арабдарга кайрылуу керек, анткени алар атасы жок эркек балдарга сөзсүз жардам берет. Айылда арабдар тарабынан пенсия төлөнүп берилип жатат, үйгө муктаждар да кайрылса болот экен.

    • @altynaibiryshova845
      @altynaibiryshova845 Před rokem +1

      Саламатсызбы каяка кайрылыш керек билесизби?

    • @user-rb9tp8kb1l
      @user-rb9tp8kb1l Před rokem +2

      Сөзсүз эле бирөө кылып бериш керекпи өзүбүз деле жакшылыкта жарышсак болбойбу

    • @nurzatkochkonbaeva794
      @nurzatkochkonbaeva794 Před rokem +1

      Арабиялык фондго Докум тапшырса спонсорлор жардам беришет

    • @nurzatkochkonbaeva794
      @nurzatkochkonbaeva794 Před rokem +1

      ​@@altynaibiryshova845Кара Колдо атайын жетим жесирлерге атайын фонд бар кайрылыныз созсуз

    • @altynaibiryshova845
      @altynaibiryshova845 Před rokem +1

      @@nurzatkochkonbaeva794 караколдомун бирок каякта болду экен ал адресин билесизби? Рахмат

  • @user-yi2tt6bl6r
    @user-yi2tt6bl6r Před rokem +37

    Окунучтуу тагдыр , сага кыйын болду айланайын кайраттуу бол Бакытты кордоп олтургондорго кайтар дунуйо деген бар канкорлорго Аксыга келген эле бечара

  • @user-su6pt4cg2t
    @user-su6pt4cg2t Před rokem +212

    Ошол уйду Бакыттын балдарына эле берип койушса болмок! Эми азыр деле кеч эмес. 10" Жыл ЖАШАПТЫР, ошол убакытта эле чечип беришсе болмок экен. Жардам берели...

    • @cholpon6147
      @cholpon6147 Před rokem +12

      Туура айтасыз ....100%

    • @Aikol05
      @Aikol05 Před rokem +2

      Туура👍👍👍

    • @nuchang4532
      @nuchang4532 Před rokem +3

      Ошону айтсаныз!Бакытты сыйлап,балдарына откоруп беришсе болмокда.Беттери жок экен кайын журтунун!👎

    • @user-st4dx7xc3h
      @user-st4dx7xc3h Před rokem +3

      Бакыттын балдарына беришсе болмок уйду.Он жыл жашаптыр келин.Бакыттын туугандары эмнеге ойлогон жок.Мыйзам боюнча деле Бакыттын балдарына тиет тамы.Энеси талаштырбай неберелерине тируусундо эле энчилеп берсе болмок да.

    • @user-no7ni3jw7d
      @user-no7ni3jw7d Před rokem

      Жардам берели кыргыз элим

  • @user-dp2iu1jj1x
    @user-dp2iu1jj1x Před rokem +51

    Бактылуу болуп балдарындын жакшылыгын кор Эне сыйлаган жерде калбайт Кайненени.сыйлап 10 жыл карапсын кудайым сага ден соолук берсин Сен да келиндерден сый урмат коросун Балдарын менен бактылуу бол Эми озунду жакшы кара Сен кучтуу болсон балдарындын жашоосу жакшы болот Балдарындын сага деген коз караштары да жакшы болот

  • @user-ed5mq5hs8g
    @user-ed5mq5hs8g Před rokem +60

    Бакыттын жакшы келинчиги акылдуу келин экен да.Бакыттын арбагын сыйлап айылдагы уйун берип койушса туура болот экен да.Кайын журту ойлонооор.

  • @user-hx9xc7uz2p
    @user-hx9xc7uz2p Před rokem +60

    Жүрөгүм эзилип кетти ыйлап көрдум.Кыйналып жүргөнү корунуп туурат.😢

  • @user-ii8tg5cf4d
    @user-ii8tg5cf4d Před rokem +2

    Айнанайын сидим сенин кандай инсандыгын суйлогон созунон эле билинип турат сен ото акылдуу Жана кыргызымдын менталитине туура келген келин болупсун рахмат сага сен жакшы жердин кызы экенсин.Синдим белинди бекем бууп турмушунду улап кет,ак,туура жолдо журсон Аллахым ОЗУ баарын берет,озун айткандай иште сен кеменгер аял экенсин эч качай духом не падай сен кучтуу болсон балдарын кучтуу болот денсоолук алтын башын аман болушун Алладан тилейм Ош шаары жашым53то

  • @user-me3og4ut3z
    @user-me3og4ut3z Před 2 měsíci +2

    Аябай оор басырыктуу келин.экен акыл парасатуу терен ой.жугурткон азаматсын балдарын чонойсо баары болот.