Ашыкмын сиздей периге, Айталбайм сырым демиге. Алтындан артык баркыңа, Ашыгам ырас жетүүгө. Адамды мынча кыйнабай Айттырбай билсең эмине? Кызыгам сиздей периге, Күмүштөн артык баркыңа, Күчүмдү жумшайм жетүүгө. Кишини мынча кыйнабай, Кымбатым, келсең эмине?! Күлгөндө күлкүң күмүш үн, Күлгүндөй кыздын Күнүсүң. Күйүттү тартып жүрүшүм, Күндөйүм, айтчы, ким үчүн? Күдөрүм үзбөйм түбөлүк Күйгүзүп сүйүү үмүтүн. Жарк этсең күлкүң күмүш үй, Жароокер кыздын күнүсүң. Жалынга түшүп, күйүшүм, Жалжалым, айтчы, ким үчүн? Жаныңдан асты чыккым жок Жандырып сүйүү үмүтүн. Ай жүздүү бетиң нур чайып, Азилиңди ойлосом, Айылда жатпайм тынч алып. Алтыным чачкан жарыктан, Айланам көрккө курчалып. Ашыктык иштин айынан Азапты тарттым, мынчалык! Күн жүздүү бетиң нур чалып, Кылыгың эске түшкөндө, Күнүгө жатпайм, тынч алып. Күмүшүм чачкан жарыктан, Күнгөйлөр көрккө курчалып. Кызыктык иши курусун Кыйноону тарттым, мынчалык! Көрүшкөн күнүм салтанат, Көркүңдөн Ай, Күн жалтанат, Көркөмүң жанды көксөтүп, Көмөкөйдөн бал тамат. Көрүнбөй кетсең, Көксулуум Көнөктөп көздөн жаш агат! Жолуккан күнүм салтанат, Жоодураган келбетиң, Жогортон Ай, Күн жалтанат. Жол карап тарттым, көп азап, Жолукпай калсам, Көксулуум Жоругуң эстеп, жаш агат! Аксынын жери бийик жер, Антташкан жерге өзүң кел. Айылымдан чыккан перизат, Ар дайым кылдың, үмүткөр. Айтылган жерге келбесең Антташкан жарың күйүткөр. Бордунун жери бийик жер, Болжошкон жерге өзүң кел. Бозбудан чыккан асылзат, Боздоп бир болдум үмүткөр. Болжошкон жерге келбесең Боз улан жарың күйүткөр! Көркөмүң жанды суусаткан, Көргөнү келдим узактан. Көргөнү келсем чыкпайсың, Көрө албас айткан ушактан, Көксулуум, туура түшүнүп, Көңүлүң менен узатсаң? Ажары жанды суусаткан, Атайын келдим узактан. Атайлап келсем чыкпайсың, Ар кимдер айткан ушактан. Айперим, мени түшүнүп Акылың менен узатсаң? Бетегелүү белдейим, Белги берип чакырсаң, Белгиңе кантип келбейин. Бел байладым алууга Перизаттай телдейим! Көбүргөндүү жердейим, Көңүлүң менен чакырсаң, Көргөнү кантип келбейин. Көксөтпөчү көп эле Көксулуудай телдейим? Жайлоодо белес, кырдайым, Жаштардан чыккан Көксулуум, Жамалың кошуп ырдайын. Жарашкан пери экенсиң Жаңшабай кантип турайын. Кымыздыктуу кырдайым, Кыздан бир чыккан Көксулуу, Кылыгың кошуп ырдайын. Кынтыксыз сулуу экенсиң Кыңырылып турбайын. Аргымак аттын басыгы, Аксыдан чыккан Көксулуу Ай тамак кыздын асылы. Ашык бир болгон өзүңө, Акындын кайсы жазыгы? Ар түркүн ойго көп салчу Ай пери кыздын назыбы? Күлүк бир аттын басыгы, Күйүмдүү көркөм Көксулуу, Күн тамак кыздын асылы, Кызыккан кызыл гүлүнө, Күкүктүн кайсы жазыгы? Көп ойлонтуп кыйнаган Күн пери кыздын назыбы? Калкымдан чыкса көп сулуу, Калем каш, кара чачтуунун, Калтары сенсиң, Көксулуу. Каалап берген табийхат, Казактан чыкпас төп сулуу. Кара жаак акынга Канчалык айтса эп сулуу! Эшимден чыкса көп сулуу, Эндиксиз сулуу кыздардын, Эркеси сенсиң, Көксулуу, Энчилеп берген табийхат, Эс-акылы төп сулуу. Эптеп айткан акынга Эки күн айтса эп сулуу! Айтканда сөздү чын гана, Абыдан сага жарашкан, Ак седеп таккан чыптама. Атайлап сага тиккендей, Акери өтүк бутта да. Ак көйнөкчөн келатсаң Ак куудай көлдө куп гана. Аябай сага сулуулук, Арнаган экен кудурет Атайлап берип бүт сага! Козгосок кепти жай гана, Көп эле сонун жарашкан, Көк мончок таккан чыптама. Көркөмү кооз көрүнөт, Көк өтүк кийген бутта да. Көк шайы көйнөк кийинсең, Көк өрдөк көлдө куп гана. Коштогон экен табийхат Кош колдоп берип, бүт сага! Айлыңа барсам, эртелеп, Алдымдан чыксаң эркелеп. Алышып ойноп жүргөнгө, Ага да эркем, эрк керек. Антташкан шерттен тайбайм деп Акының Өтө сөз берет! Кыштооңо барсам эртелеп, Кыядан тоссоң эркелеп. Кымбатым, эркем, эрк керек. Кыйышпас болуп жүрүүгө Күкүгүң Өтө сөз берет! Айтаар бир сөздөн шашпайын, Аксыдан чыккан даткайым. Ак калпак кыргыз элимдин, Акыны болом, дап дайын. Атагың элге чыгарып, Азыртан неге айтпайын! Ашыктык иштен зарланттың Анжиян базар канттайым! Кыйыткан ойдон шашпайын, Кыргыздан чыккан даткайым. Кымбаттуу кыргыз элинин, Күкүгү болом дап дайын. Күлпөтүң калкка чыгарып, Кыйкырып неге айтпайын. Кызыктык иштен кыйнадың Кашкардан келген канттайым! Жайлаган жериң Ойрума, Жай күнүнөн бер жака, - Жаш сулуу түштү оюма. Жашчылык иши жай бербей Жалынам бирге болууга. Кыштоонун башы Ойрума, Кыш жармынан бер жака, Көксулуу түштү оюма. Кызыгам бирге болууга. Казанымды бир кылып, Ашташ болсом, Көксулуу. Төшөгүмдү бир салып, Башташ болсом, Көксулуу. Айтылган шерт убада, Кайтпас болсоң, Көксулуу. Кыйынчылык түшсө да, Кайтпас болсоң, Көксулуу! Убададан айнычу, Болбос болсоң, Көксулуу. Өмүр бою айрылгыз Жолдош болсоң, Көксулуу?
Аксыдан чыккан ак куулардын бири Коксулуу. Алымкан, Коксулуу, Жаркын Айым, замандашыбыз Гулбубу булар ырларда туболук сакталат, тарыхта алтын тамга менен жазылат. Кылымдан кылымга жашайт.
Азаматсын,коп жаштар залкар акын Женижоктун чыгармаларын билишрейт,ушундай сонун ,жагымдуу унду укканда , соссуз,кызыгышат.Султан ,чон рахмат,ушундай талантына биз таазии кылабыз.❤❤❤
Унунуз абдан соонун менин эн жакшы коргон ырчым,дагы коп коп ырларды чыгарып турунуз эрте менен жумушка жоноп жатып коруп коруп калып угуп конулум которулду абдан сонун ыр болуптур ❤
Кундо 100жолу уксамда тажабайм) коллегаларымды да заставляю уксанар деп❤
Ашыкмын сиздей периге,
Айталбайм сырым демиге.
Алтындан артык баркыңа,
Ашыгам ырас жетүүгө.
Адамды мынча кыйнабай
Айттырбай билсең эмине?
Кызыгам сиздей периге,
Күмүштөн артык баркыңа,
Күчүмдү жумшайм жетүүгө.
Кишини мынча кыйнабай,
Кымбатым, келсең эмине?!
Күлгөндө күлкүң күмүш үн,
Күлгүндөй кыздын Күнүсүң.
Күйүттү тартып жүрүшүм,
Күндөйүм, айтчы, ким үчүн?
Күдөрүм үзбөйм түбөлүк
Күйгүзүп сүйүү үмүтүн.
Жарк этсең күлкүң күмүш үй,
Жароокер кыздын күнүсүң.
Жалынга түшүп, күйүшүм,
Жалжалым, айтчы, ким үчүн?
Жаныңдан асты чыккым жок
Жандырып сүйүү үмүтүн.
Ай жүздүү бетиң нур чайып,
Азилиңди ойлосом,
Айылда жатпайм тынч алып.
Алтыным чачкан жарыктан,
Айланам көрккө курчалып.
Ашыктык иштин айынан
Азапты тарттым, мынчалык!
Күн жүздүү бетиң нур чалып,
Кылыгың эске түшкөндө,
Күнүгө жатпайм, тынч алып.
Күмүшүм чачкан жарыктан,
Күнгөйлөр көрккө курчалып.
Кызыктык иши курусун
Кыйноону тарттым, мынчалык!
Көрүшкөн күнүм салтанат,
Көркүңдөн Ай, Күн жалтанат,
Көркөмүң жанды көксөтүп,
Көмөкөйдөн бал тамат.
Көрүнбөй кетсең, Көксулуум
Көнөктөп көздөн жаш агат!
Жолуккан күнүм салтанат,
Жоодураган келбетиң,
Жогортон Ай, Күн жалтанат.
Жол карап тарттым, көп азап,
Жолукпай калсам, Көксулуум
Жоругуң эстеп, жаш агат!
Аксынын жери бийик жер,
Антташкан жерге өзүң кел.
Айылымдан чыккан перизат,
Ар дайым кылдың, үмүткөр.
Айтылган жерге келбесең
Антташкан жарың күйүткөр.
Бордунун жери бийик жер,
Болжошкон жерге өзүң кел.
Бозбудан чыккан асылзат,
Боздоп бир болдум үмүткөр.
Болжошкон жерге келбесең
Боз улан жарың күйүткөр!
Көркөмүң жанды суусаткан,
Көргөнү келдим узактан.
Көргөнү келсем чыкпайсың,
Көрө албас айткан ушактан,
Көксулуум, туура түшүнүп,
Көңүлүң менен узатсаң?
Ажары жанды суусаткан,
Атайын келдим узактан.
Атайлап келсем чыкпайсың,
Ар кимдер айткан ушактан.
Айперим, мени түшүнүп
Акылың менен узатсаң?
Бетегелүү белдейим,
Белги берип чакырсаң,
Белгиңе кантип келбейин.
Бел байладым алууга
Перизаттай телдейим!
Көбүргөндүү жердейим,
Көңүлүң менен чакырсаң,
Көргөнү кантип келбейин.
Көксөтпөчү көп эле
Көксулуудай телдейим?
Жайлоодо белес, кырдайым,
Жаштардан чыккан Көксулуум,
Жамалың кошуп ырдайын.
Жарашкан пери экенсиң
Жаңшабай кантип турайын.
Кымыздыктуу кырдайым,
Кыздан бир чыккан Көксулуу,
Кылыгың кошуп ырдайын.
Кынтыксыз сулуу экенсиң
Кыңырылып турбайын.
Аргымак аттын басыгы,
Аксыдан чыккан Көксулуу
Ай тамак кыздын асылы.
Ашык бир болгон өзүңө,
Акындын кайсы жазыгы?
Ар түркүн ойго көп салчу
Ай пери кыздын назыбы?
Күлүк бир аттын басыгы,
Күйүмдүү көркөм Көксулуу,
Күн тамак кыздын асылы,
Кызыккан кызыл гүлүнө,
Күкүктүн кайсы жазыгы?
Көп ойлонтуп кыйнаган
Күн пери кыздын назыбы?
Калкымдан чыкса көп сулуу,
Калем каш, кара чачтуунун,
Калтары сенсиң, Көксулуу.
Каалап берген табийхат,
Казактан чыкпас төп сулуу.
Кара жаак акынга
Канчалык айтса эп сулуу!
Эшимден чыкса көп сулуу,
Эндиксиз сулуу кыздардын,
Эркеси сенсиң, Көксулуу,
Энчилеп берген табийхат,
Эс-акылы төп сулуу.
Эптеп айткан акынга
Эки күн айтса эп сулуу!
Айтканда сөздү чын гана,
Абыдан сага жарашкан,
Ак седеп таккан чыптама.
Атайлап сага тиккендей,
Акери өтүк бутта да.
Ак көйнөкчөн келатсаң
Ак куудай көлдө куп гана.
Аябай сага сулуулук,
Арнаган экен кудурет
Атайлап берип бүт сага!
Козгосок кепти жай гана,
Көп эле сонун жарашкан,
Көк мончок таккан чыптама.
Көркөмү кооз көрүнөт,
Көк өтүк кийген бутта да.
Көк шайы көйнөк кийинсең,
Көк өрдөк көлдө куп гана.
Коштогон экен табийхат
Кош колдоп берип, бүт сага!
Айлыңа барсам, эртелеп,
Алдымдан чыксаң эркелеп.
Алышып ойноп жүргөнгө,
Ага да эркем, эрк керек.
Антташкан шерттен тайбайм деп
Акының Өтө сөз берет!
Кыштооңо барсам эртелеп,
Кыядан тоссоң эркелеп.
Кымбатым, эркем, эрк керек.
Кыйышпас болуп жүрүүгө
Күкүгүң Өтө сөз берет!
Айтаар бир сөздөн шашпайын,
Аксыдан чыккан даткайым.
Ак калпак кыргыз элимдин,
Акыны болом, дап дайын.
Атагың элге чыгарып,
Азыртан неге айтпайын!
Ашыктык иштен зарланттың
Анжиян базар канттайым!
Кыйыткан ойдон шашпайын,
Кыргыздан чыккан даткайым.
Кымбаттуу кыргыз элинин,
Күкүгү болом дап дайын.
Күлпөтүң калкка чыгарып,
Кыйкырып неге айтпайын.
Кызыктык иштен кыйнадың
Кашкардан келген канттайым!
Жайлаган жериң Ойрума,
Жай күнүнөн бер жака, -
Жаш сулуу түштү оюма.
Жашчылык иши жай бербей
Жалынам бирге болууга.
Кыштоонун башы Ойрума,
Кыш жармынан бер жака,
Көксулуу түштү оюма.
Кызыгам бирге болууга.
Казанымды бир кылып,
Ашташ болсом, Көксулуу.
Төшөгүмдү бир салып,
Башташ болсом, Көксулуу.
Айтылган шерт убада,
Кайтпас болсоң, Көксулуу.
Кыйынчылык түшсө да,
Кайтпас болсоң, Көксулуу!
Убададан айнычу,
Болбос болсоң, Көксулуу.
Өмүр бою айрылгыз
Жолдош болсоң, Көксулуу?
Ото сонун
❤❤❤❤
Азамат,созуно,обону дагы ,аткаруучу дагы жарашкан ,сонун во болуптур.
Эрбол эми видео киргиз ушул ырды аткарып
🎉🎉🎉🎉🎉
Эл ырчысы наамын бериш керек дароо эле ❤
Уну бир башкача, суйуктуу ырчыбыз го❤❤❤❤❤
Султандын ырдаганы эн жогорку денгээлде🎉❤
Алтын үндүү,биз сыймыктанган ырчы!
Султандын ырлары маанилуу обону таза эн соонун чыгарма
Кулагына жагымдуу,ырдаса угумдуу,уну керемет,Султандын кок сулуусу...
Аксыдан чыккан ак куулардын бири Коксулуу. Алымкан, Коксулуу, Жаркын Айым, замандашыбыз Гулбубу булар ырларда туболук сакталат, тарыхта алтын тамга менен жазылат. Кылымдан кылымга жашайт.
Голос просто супер!
Слушаю с Америки ты красавчик Султан 👍
Голос огонь 🔥 Султанга эмгек наамын бериш керек ийгилик болсун 😍
Мукам үнүң өчпөсүн!Бийиктерге оболой бер,кыргыздын талантуу уулу!!!
Султан Садыралиев соонун ырдайт эмнегедир ырларын аз угушат
Аксыдан чыккан Жеңижок
айтышаарга теңи жок
Көзү тирүү болгондо
Эстрада менен ырдамак экен далай ашыктык ырларын!
Аксыдан коптогон таланттулар чыккан
Султанга кудайым омур жаш берсин уй булосу менен Аман болсун
Бул ырды эч Ким Султандай ырдай албайт,обону сонун экен
Султан балам менин эн жакшы коргон ырчым. Коп жаша балам.
Мына чыныгы талант, азаматсын Султан, ийгиликтер коштосун ар дайым!❤❤❤❤❤❤❤
Кандай сонун аткаруу!
Мен ушундай жонокой жигитмин деп,бугун
карасам 30дан ашыпмын😊
Биздин жашттык Султандын ырлары менен чонойдукго
👍
Мен учун Султан #1
Жаштыктын кызыктуу кундорун эстейм ырларынан!
Уй булоон менен бактылуу бол. Ырларын уккандан тажабайм
Макул эми буга да кулак көнөөр. Комуз менен аткарганыңызды көп укчумун. Ошогобу билбейм башкача угулду. 😊
Биринчи ыры Берчи мага 1 кашык музыка деп ырдаганда жаштыкка шылтап койгон элем, азыр таптакыр озгоруптурсун жакшы ,Азамат
Эх суйуу емнеге мынча таш боор 😢😢😢
Керемет! Мен суйгон чыгарма! Мен баалаган аткаруучу!
Султан С ырлары отто керемет ун укмуш озу красавчик ырды жеткире ырдайтгр
Адамды мынча кыйнабай, айттырбай билсен эмине 💔💔💔
Сонун азаматсың Султан ❤❤❤
Азаматсын,коп жаштар залкар акын Женижоктун чыгармаларын билишрейт,ушундай сонун ,жагымдуу унду укканда , соссуз,кызыгышат.Султан ,чон рахмат,ушундай талантына биз таазии кылабыз.❤❤❤
Султанды суйчуумун убагында озунчо эле озумду бактылуу сезип журо берет элем элжиреп ушунун ырын угуп алып озум менен озум бактылуу болуп сезип
Алтын унн азамат 👏👏👏👍👍👍Браво
Кок сулуу! Издегендер аман болгулачы! Алтындарым десе! ❤
Мен азыр издоодомун
Керемет ыр унуно береке 👍 Султан мыкты ырчы соз эрчибеген ушунундан жазба , сонун ыр 👌👏👏👏
Алтын унн азаматсын 👍👍👍бактылуу болгула уйбулон менен 🤲🤲🤲👍
Я слушаю из Москвы молодец супер 🌹🌹🌹🌹🌹
Жакшы ырды жаштар эми ушундай деп тушунуп угат,не стоила
Султан айабай мыкты артист жеткире ырдайт
Баракелде бар болуңуз
Султан Аке азамат ийгилик.
Супер голос и исполнения🎉
Жакшы ыр экен🎉🎉
Султан садыралиев мага аябай жакты ырынар
Супер ❤
Свлтандын Ырлары озгочода...керемет чыгарма👍👍👍👍
Султан всегда на высоте🎉🎉👍👏
Красавчик султан досихпор ырдап журот
Ваааув ❤❤❤❤ керемет ыр
Унунуз абдан соонун менин эн жакшы коргон ырчым,дагы коп коп ырларды чыгарып турунуз эрте менен жумушка жоноп жатып коруп коруп калып угуп конулум которулду абдан сонун ыр болуптур ❤
Золотой голос Кыргызстана!!!
Алтын бала,сонун ырдайсын иним, бактылуу бол
Эмгек эмес эл Артист син бериш керек чын эмгеги чон молодцы Султан
Прям бардык ырлары сонунда, ийгилик 🌹🌹🌹,Наамга татыктуусуз
Мынча сонун ыр жараттын .рахмат кем болбо.ото таланттуу адамсын .ийгилик !!!
Азаматсыз Султан байке
Кандай сонун обон кандай талант Аман бол балам элине ырларынды тартуулап журо бер биз кутобуз сыймыктанабыз ишине ийгилик озуно бакыт бар бол
Керемет
Султан унуно береке,албан,албан ийгилик,талыкпаган эмгек,куч берип Кыргыздын сыймыгы болуп аман бол👍👍🔥👏👏
Мен миллионер болсом ,Садырдын концертин мировом уровне откормокмун
Мен да ошентмекмин
Не деген обон не деген соз керемет ээрип кетип жатам унуно берекке сонун ,,🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬💕💕💖💖💖💕💖💖💕💖💖💕💖💖💕💪💪💪♥️♥️♥️
Эн сонун чыгармалардын бири молодец. Чон ийгиликтерди каалайбыз🎉
Жарайсын досум махабатымдын 2 чиси болуптур ийгилик мен сени менен сыймыктанам сендей досум барына
Ооо Бар экен го жоголуп кетти эле
Султан молодец мне очень понравлюсь я слушаю из Италии супер ❤❤🎉🎉
Укмуш❤😮
Золотой голос 🔥🔥🔥🔥
Биздикилер омбу домбу ырдаган ырчыларга беришет Султанга бериш керек уну сонун мага жагат кумиримго ❤
Мыкты 👍👍👍👍👍
Султан иним редко но метко ырдайт.Кыргызстанда эң үнү уккулуктуу ырчы❤
Султан садыралиев чыныгы талант. Жогорку наамдарга татыктуу. Таланттын Ташкындай берсин, онорун оркундой берсин иним!
просто бомба ❤
Султан мырза уну озгочо жагымдуу
Бар бол Султан мырза!!! Золотой голос !!!!🎉🎉🎉🎉❤❤❤❤
Мыкты ыр 👍👍
Албетте мен сыймыктанам ушул байке менен,уну,музыкасы,мааниси,ийгилик сизге бериш керек баардык ырлары менен заслуживает бериш керек
Султандын унуно эч ким жетпейт❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤мой кумир детсво
Соготко чиркин жигит
Султан азаматсын унун укмуш сонун дагы жаны ырларды кутобуз ийгилик👍😘
Талант❤
Эмгек синирген артист🎉
Эн сонун ырлары, голос баары Кыргызстанда эн алдынкы ырчы, эл тараза эл сынчы,билбейм калгандары эптеп ырчы деген аты бар
Султан байке азаматсыз. Эн сонун, мындай жаны ырлар жаратсаныз тез эле насип Нурландарды артта калтырасыз. Ийгилик
Ийгилик... Байке
Супер голос🎉
Керемет.
Султан Садыралиев талантынызга таазим .
Сонун ырдапсын молодец
Супер!!!! Тамаша жасай бериниз шыгармашылык табыс тилеймин онердин биик шынынан корине бериниз!!!!!казакстан актобе
Ремикс ырлардан да күтөбүз хит боло турган.
Султан❤
Москвадан салам,Султан азаматсын,дагы да хит чыгармаларлы жарата бер,🌟🫶🌟🎙️🤍💙♥️💛💐💐💐
Султандын ырлары маанилуу уну да сонун
Керемет ырдайлвй Султан , уну мукам ундуу
Азаматсын өтө соонун чыгармачылык ыр 👍
Москвадан салам
Япониядан угуп жатам. Бар болгула!!!
негизи комуз менен жакшыдада бул ырлар
урааа Садыралиев кайра келди . Баарибир башкачача экен
Султан азмат сын ырларын жагат
Мыкты