Портфель көтөрүп бурчта далай турчумун

Sdílet
Vložit
  • čas přidán 1. 02. 2024
  • Мен Ысык-Көл районуна караштуу Тору-Айгыр деген өзгөчө айылда жарык дүйнөгө келгем. Мектеп босогосун Тору-Айгыр айылында баштадым. Чоң протфелдерди көтөрүп алып мектепке келебиз, кечигип келебиз да. Кечигип каласың да эми кээдечи. Эжейибиз бар эле, кечигип шалпалактап кирип келгенде: “эмне кечигип келдиң?” - дейт. Башты жерге салып турасың. Бурчка тур дейт, килтейген портфелди бийик кылып колубузга көтөртүп коёт. Мына минтип көтөрүп турабыз, анан колуң талыйт да, акырын ылдый боло баштайт, кайра көтөр дейт. Кайра көтөрөсүң. Ыраматылык Кадыр деген агайыбыз бар эле, дагы шалпалактап, колубуздун баары кир, капкара болуп жетип келебиз. Агай колуңарды партага койгула дейт. Колунда солкулдаган чыбык болор эле. Парталарды аралап-аралап келип, колуң кир да, аны көрүп туруп чыбык менен партанын үстүндө турган колуңду чапканда шу-уу этип барып, зып эле дей түшөт. Тим эле көзүңөн от чачырайт. Чачыбызды өстүртчү эмес, өсүп кетсе керек болсо өздөрү келип туруп эле, агайлар кайчысын алып чыгып туруп эле мына мындайынан кесип таштачу. Анан алдыртып келчүбүз. Мунун баары тарбия экен да.

Komentáře • 6

  • @mikausupova6541
    @mikausupova6541 Před 5 měsíci +5

    Кыйын Инсан! Отто кучтуу артист десем болот! Суйлогону бир уккулуктуу! Коп жашаныз байке! ЫССЫК-КОЛ, РУЛИТ!!!😂😂😂

  • @anargulkadyrmamatova4101
    @anargulkadyrmamatova4101 Před 5 měsíci +3

    азыр ошенттирип көрсун жылдыз болуп интернетке чыгып кетет , ошо заманда закон жакшы болчу экен ыйман,коркуу сезим ,улууну урматтап,кичүүнү сыйлоо деген болгон азыр андай балдар аз эле болсо керек,азыр чу дегенде тап берип кайаша суйлөп келишет.Ар бир уул кыздарыбызга ыйман,нысап берип балдарыбыз бпктылуу таалайлук болуп заманыбыз тынч болсун башкысы.

  • @user-nx3lk5ov3v
    @user-nx3lk5ov3v Před 4 měsíci +1

    Биз дагы далай жолу котордук го стулду , колду тушурсок чыканакка урат эле укаска менен

  • @dzhyparsheralieva6239
    @dzhyparsheralieva6239 Před 5 měsíci +1

    Бурчта портфель которуп,уйдо,мектепте чыбыкталып,эч кимге айтпай эле,кыйын инсандар болдук,азыр Кадыр агай болгондобу,интернетти жарып,соттолуп кетмек,окуучуларыбыз билим берген,мугалимдерди баалай билсе,аттин...

  • @user-oh7xo4cm6n
    @user-oh7xo4cm6n Před 4 měsíci +1

    Азыркы балдарга мугалимдер катуураак соз деле айта алышбайт, Асылбек Озбеков айткандай кылса мугалимдерди сотко беришет, анан тарбиясыз озум билем болуп чоноюшат

  • @user-rb6xd9nb3b
    @user-rb6xd9nb3b Před 4 měsíci

    Азыр антип тарбия берсен Ташиев жетип ьарат.Ага ошондой керекта популизим.