КЫЗЫМДЫ ЗОРДУКТАШТЫ. КОЛУМА ТИЙСЕ АТЫП САЛМАКМЫН!

Sdílet
Vložit
  • čas přidán 9. 09. 2024
  • ЭЭН ТАМДЫН "ЭЭЛЕРИ"
    (Окуя жабырлануучунун атасынын айткандарына жана сот токтомуна таянып жазылды.)
    2012-жылдын 23-июнь күнү болжол менен саат 08:39дар чамасында жабырлануучу Миргүл майда-барат нерселерди алуу үчүн дүкөнгө жөнөйт. Үйүнөн 500 метрдей алыстыкта курулуш жүрүп жаткан. Жигиттер кыз дүкөндөн келе жатканда аңдып туруп, күчкө салып сүйрөп жөнөшкөн. Жаңы салынып жаткан ээн үйгө алып кирип, алар ыплас оюн башташат. Кызды көтөрүп кирген соң бир колун Н. деген кармаса, экинчи колун анын агасы Т. кармап, үчүнчүсү Д. аттуу зордуктап, төртүнчүсү эшикти карап турган.
    Кыздын оозун басып, күч колдонуп арам ойлорун ишке ашырып бүткөндөн кийин "эгерде тирүү калам десең, эч кимге ооз ачпа. Өлтүрүп, жерге көмүп, кирпич менен бастырып салабыз! Эч ким билбей калат. Ооз ачпасаң, сен бизди, биз сени тааныбайбыз!" деп коркутушат. Кыз эч кимге ооз ачпасын айткандан кийин гана коё беришет да, эч нерсе болбогондой тарап кетишет. Ким билет, мүмкүн, окуя алар каалагандай "кар жаады, из сууду" менен бүтүп калмак беле?.. Окуянын калганын жабырлануучунун атасы Исмаил мырзадан угуп көрөлү...

Komentáře • 1,3K