МЕНИН АТЫМ МИГРАНТ | 2022 | Режиссер - Ырыс Окенова

Sdílet
Vložit
  • čas přidán 8. 05. 2024
  • Продюсер - Эмил Жайчиев
    Сценарийин жазган жана режиссеру - Ырыс Окенова
  • Krátké a kreslené filmy

Komentáře • 2,5K

  • @user-uk8nt6yl3j
    @user-uk8nt6yl3j Před 18 dny +1163

    Эх Москвда деп 😢
    Чыныгы жашоодон алынган кино болуптур,
    Азыр Ким Москвадан коруп атса 👍🇰🇬

  • @user-lp7nt7pt1n
    @user-lp7nt7pt1n Před 18 dny +740

    Эх,баарына чыдадым!Ачка да калдым,ыйлаган кундор болду.Эми уйлуу болдум,машиналуу болдум.Баары отту!Эми буйруса оз уйум олон тошогумо 20сы кетемин.Баарынарга ийгилик!

    • @user-wm6jy2ux3q
      @user-wm6jy2ux3q Před 18 dny +6

      👍👍👍👍

    • @user-fj4ul4um7i
      @user-fj4ul4um7i Před 18 dny +13

      Бактылуу болун

    • @nurkg1977
      @nurkg1977 Před 18 dny +32

      Мекенге аман эсен жетип ал жердешим.
      Бизге да кете турган күн эртесинен буйрусун.Мекенге деген сагыныч күндөн күнгө күч алып барат.Мигрант жашоо жанга тийдигоо.😢

    • @user-lp7nt7pt1n
      @user-lp7nt7pt1n Před 18 dny

      @@nurkg1977 Жаным десе баары жакшы болот!Сабырдуулук,ишеним керек!Чоон Рахмат🥰

    • @user-lp7nt7pt1n
      @user-lp7nt7pt1n Před 18 dny

      @@user-fj4ul4um7i Рахмат жаным🥰

  • @Vesna-sp6gf
    @Vesna-sp6gf Před 15 dny +80

    Балдарын жонотуп коюп, акча сал тойго, туулган кунго деп отурушкан ата энелер эсине келишсе экен 😢

  • @Tokyo.00870
    @Tokyo.00870 Před 9 dny +8

    Как говорится я приехал в Москву продать свою молодость чтобы купить свою мечту..

  • @isroilkhudoyorov
    @isroilkhudoyorov Před 17 dny +412

    Просто кино супер молодец режиссер я из Таджикистана перёд Киргизстан 🇰🇬🤝🇹🇯 . Кто то читать будет не забивает мы Мусульман ☝️

    • @05dake81
      @05dake81 Před 15 dny +8

      👍🏻

    • @TilekTuke
      @TilekTuke Před 15 dny +7

      Аллаху Акбар.

    • @user-hm8xc6rz8r
      @user-hm8xc6rz8r Před 15 dny +7

      Как ты посмотрел фильм на кыргызском же

    • @isroilkhudoyorov
      @isroilkhudoyorov Před 15 dny

      @@user-hm8xc6rz8r Я знаю Киргизки и Узбекиски язык

    • @abubakr.tj95
      @abubakr.tj95 Před 15 dny

      ​@@user-hm8xc6rz8rего девушка кыргызка.она переводила❤

  • @user-fw5pz3gr5p
    @user-fw5pz3gr5p Před 17 dny +281

    Ким Москвадан коруп атса бизда буйруса кетебиз мекенибизге Ин шаа Аллах😍🇰🇬🤲🏻

  • @user-iz7eb1ux4g
    @user-iz7eb1ux4g Před 9 dny +6

    Кайран Кыргыз элим Москвада болгон окуянын баарын тартыптыр баарын журок менен сезип жатабыз кудайм бизге мамлекетке береке берсин аминь🙏🙏🙏.

  • @user-zf5nn9mb1s
    @user-zf5nn9mb1s Před 16 dny +106

    Асманга жылдыз болуп тогулдук биз!
    Ааламга ак калпакчан корундук биз!
    Чоп болдук жер тандабай осо берген биз!
    Булуттай аалам кезээрбиз!😢😢😢😢😢😢
    Кандай гана тасирлуу ыр саап

    • @user-kj5fb3yd2i
      @user-kj5fb3yd2i Před 13 dny

      🎉🎉

    • @user-rz2cp8ws2b
      @user-rz2cp8ws2b Před 13 dny

      😢😢😢😭

    • @01g92
      @01g92 Před 9 dny

      😢😢😢

    • @ulanakmataliev4484
      @ulanakmataliev4484 Před 2 dny

      Оа Бир тарабы ал Эми Бир тарабы канча Адам уйлуу болду балдарын окутту м дагы деле основной акчалар ошол Москвадан келип жатпайбы берекелуу Шаар экен озбек таджик кыргыз Жана башка улуттар акча таап буттан туруп жатышат

  • @user-hc8kd1qd8y
    @user-hc8kd1qd8y Před 19 dny +398

    Айымдар иштегенге мажбур болбосо экен, эркектер намыстуу болушубуз керек

    • @user-fi9wt8vh5k
      @user-fi9wt8vh5k Před 18 dny +1

      👏🏻👏🏻👏🏻

    • @user-ut3im4cx4y
      @user-ut3im4cx4y Před 18 dny +4

      Туура тууган.

    • @BdbxbXhhd
      @BdbxbXhhd Před 18 dny +5

      Эркек чыныгы экенсин!!!!

    • @user-wm8kv3qw7w
      @user-wm8kv3qw7w Před 18 dny +8

      Жаштар силерге айтарым тел чукубай билим алгыла

    • @Ainur-eu2cy
      @Ainur-eu2cy Před 17 dny +4

      Аллахка чексиз шугур мигрант болуп омуру четке чыкпадым куйоом жалгыз иштеп багып жатат бизди жакшынакай кылып элдин катарында чексиз шугур кыламын жакшы эркектер кооп биз аялдар колдошубуз керек

  • @user-yi5kb4yt1q
    @user-yi5kb4yt1q Před 18 dny +288

    Аллахым кыргыз элимди чет өлкөгө иштегенге эмес эс алганга насип кыл 😢🤲🤲🤲

  • @user-hp7io5yd4f
    @user-hp7io5yd4f Před 9 dny +8

    Кыргызстан осуп онугуп ,, эч кимди биронун элине кор кылбасын, баарыбыз жараткан жар болуп, эсен аман кайталы , канча аракет кылбасак да киндик кан тамган жердин абасын,суусунан калбайлы …абдан чындык Рахмат ушу кинону жарыкка чыгаргандарга ,, алга дагы осуп оркундой бергиле,,журок ыйлайтко 😢

  • @user-tp2hq9fm7l
    @user-tp2hq9fm7l Před 15 dny +23

    Кино супер 👍 курволиб йигладим😭 15 йилдан бери шу йердаман Россия да Кыргызстан 🇰🇬 сени согиндим кани узимизда яхши буса йелками чукури Курсин эди шу ерларда юуришга

  • @user-rw2ug2gl2c
    @user-rw2ug2gl2c Před 18 dny +206

    Ыйлап кордум, Мен да минрант, кудайм мага женил жагынанда алып журот экен, 13 жыл болду Москвада😢Ушу Жанылууга мага жол бербей акылымды бек кылган. АЛЛА ТААЛАМА ШУГУР ШУГУР 😢 кыйынчылыктар коп болду бирок адашуу эмес. Ээ АЛЛАХЫМ ЫРАЗЫМЫН. Эжекелерибиз, Кыздарыбыз кыйынчылык корбосо экен. Эркектерибиз намыстку кучтуу болсо экен😢

  • @user-sl2bf9hs1n
    @user-sl2bf9hs1n Před 17 dny +156

    Мен дагы окууну бүткөндөн бери мигрант болуп иштеп журом билинбей 20 жыл өтүп кетиптир азыркы учурда келинчегим менен Москвадабыз Кудай буюрса күздө биротоло кетебиз деп жатабыз ар бир мигрант болуп жүргөн мекендештерге ден соолук күч кубат эсен аман өз мекенибизге жетип алалы

    • @AlikShaushov
      @AlikShaushov Před 16 dny +2

      ээ Тууганым менда ошол семья менен журом

    • @user-te9lc6bx4j
      @user-te9lc6bx4j Před 16 dny +1

      Журо бербе кайткылада

    • @user-bv1ec6gb6b
      @user-bv1ec6gb6b Před 15 dny

      😢

    • @user-bm6kb4bz6y
      @user-bm6kb4bz6y Před 14 dny

      Кандайсыздар Аман эсен жетип алыныздар
      Биротоло кете турган болсонуздар бизге квартирада же комнатада жашасаныздар откоруп берип кетпейсизби
      😅😊

    • @user-jq6fn5px5t
      @user-jq6fn5px5t Před 11 dny

      Эээх Кыргызым каерде болсок да эсен аман кетели өзүбүздүн жерибизге. Кино жакшы тартылыптыр азыркы жашоодон көргөзүлүп. Ийгилик каалайм баардык актёрлорго.

  • @user-ep5zx4yv8y
    @user-ep5zx4yv8y Před 14 dny +22

    Мен ушул окуяны басып отком,сынгам кыйналгам ,ошол нерселер мени кучтуу кылды азыр Кудайга шугур мен кыялданган жашоодо жашайм.Айтарыым Кудайым бир эшикти жапса мин эшикти ачат.

    • @user-yb1nj4zt6i
      @user-yb1nj4zt6i Před 7 dny

      Москвада Россияда эмес мекенде болсон эле болду тууган,бактылуу бол

  • @Nurgul-fp5by
    @Nurgul-fp5by Před 12 dny +3

    Алыстагы кыргызым аман болгула ,жанынарды бекем тиштеп туулган жеринерге аман эсен келгиле 😢

  • @nurkg1977
    @nurkg1977 Před 18 dny +147

    Кинону Москвадан көрүп жатып көздөн жаш сызылгандар барбы,аман болуңуздар.Мекенге эртереек баруубузду Алладан сурап калам.🤲🤲🤲

    • @user-yi9yp7xn2u
      @user-yi9yp7xn2u Před 18 dny +4

      Жарогум ооруду былтыр эжем каза болгон Масква да болнисада жатып бетин ачып койуптур супсулу болуп жатат коргозот экен кирип коргондон кийин бетин жаап койду 2 кундо алып кеттик Кыргызстанга😢😢😢

    • @user-ce2nn8jy5g
      @user-ce2nn8jy5g Před 16 dny +1

      😢

    • @darinaalymkuluva5572
      @darinaalymkuluva5572 Před 16 dny

      ​@@user-yi9yp7xn2uАрты кайрылуу болсун эжеңиздин..😢😢
      Өкүнүчтүү,бөтөн жер бөтөн элдин арасында жүргөн кыргыз жарандары ар кандай кыйынчылыктарга туш болуп атышат..

    • @user-yi6ov9xs8c
      @user-yi6ov9xs8c Před 16 dny

      ​@@user-yi9yp7xn2uыйманы салават болсун 😭😭

    • @user-js8tx1ls6q
      @user-js8tx1ls6q Před 15 dny +1

      оомин

  • @user-dy4re4no6e
    @user-dy4re4no6e Před 17 dny +97

    Арстандай чыныгы ,,Кыргыз,,деп журогу соккон патриот жигиттерибиз коп болсун.

  • @user-nn3zz2pv8l
    @user-nn3zz2pv8l Před 17 dny +27

    Мен дагы үй бүлөөм менен 13 жылдан бери мигрантбыз ,Бирокзаконду бузбаганга аракет кылып иштеп жүрөбүз.Аллахым баарыбызга ыйман нысап берсин! Туура эмес иш кылгандан сактасын 🤲🤲 кино сонун болуптур өзгөчө мигранттарга ,жана эми келем деп жаткандарга сабак болсун деп ниет кылышыптыр режисер,жана актёрлор ,Баарыңыздарга Алла ыраазы болсун.

  • @user-yl3xp4lu7c
    @user-yl3xp4lu7c Před 11 dny +4

    Эх мигранттар, биз да 16 жылдан бери мигрантпыз.
    Кудайга шугур, баарына жетиштик.
    Айнура "Кухня" сериалындагы эжекеге мени да иште коп окшотуп журушту.
    Эн сонун кино, Кыргызстан алга.

  • @user-it1ee6ki4t
    @user-it1ee6ki4t Před 18 dny +137

    Бул кинону мектептен балдарга корсотуш керек экен,абдан маанилуу тасма экен.Режиссерго,актерлорго,командага рахмат 🙏🙏🙏❤️❤️❤️

    • @user-nd1nd4ck2l
      @user-nd1nd4ck2l Před 18 dny +2

      Тура айтып жатасын

    • @user-vu6lt6lz2p
      @user-vu6lt6lz2p Před 17 dny +3

      Эң туура ойду айтыпсыз айрыкча бүтүрүүчү класстарга сөссүз көрсөтүш керек себеби окууну бүтүп эле Москва дегендер толтура

  • @user-ds9lv5de6n
    @user-ds9lv5de6n Před 17 dny +76

    Кыргызстанды сагындым,кетким келет.Туз насип буюрсун баардык мигранттарга ,бөөдө кырсык,бөөдө кайгыдан сактасын Аллахым.Жаркырап оорубай күлүп жайнап ,самолетко билет алып мына учабыз деген жүзүбүздөгү жылмаюу болгон күндү баарыбызга каалайм жана насип кылсын.Мекендештерим.Эң сонун тартылыптыр.Актер актирисаларга чоң рахмат.

  • @user-jh7xr7bi2g
    @user-jh7xr7bi2g Před 7 dny +2

    Реально тартышыптыр,чет жакта журуп коруп билип,аралашып журобузго,ээ Аллахым баарыбызды азгырыктан сактасын

  • @user-jp5fc9xj6d
    @user-jp5fc9xj6d Před 8 dny +3

    Учурдагы мигранттардын койгойун чагылдырган, аябай маанилуу кино болуптур. Молодцы!!!

  • @user-gs4nj7jx6k
    @user-gs4nj7jx6k Před 17 dny +31

    Кыргызстанда олтуруп тойго акча сал деген ата энелер учун экен, коруп коюнуздар

  • @AlinaAliAdiIli-fy5on
    @AlinaAliAdiIli-fy5on Před 18 dny +395

    Мындан 5 жыл мурун мен да Мигрант болгом,бирок бойдок кезим болчу Жолдошум менен Москвадан таанышкам ,азыр Жолдошум балдарым менен Бишкетебиз.Кудайга шугур оз жерибиз,оз элибизден айланайын Кыргызым! Кыргызстаным!

    • @AlinaAliAdiIli-fy5on
      @AlinaAliAdiIli-fy5on Před 18 dny +4

      Ой Бишкек деп жазам дегем ката кетип калыптыр кечирим сурайм.,🙏

    • @user-uv9cn6ws8o
      @user-uv9cn6ws8o Před 18 dny +4

      Бишкекте не иш кылса болот менин омурум дагы мигрант болуп отуудо

    • @user-gr3zf4bu1d
      @user-gr3zf4bu1d Před 18 dny

      ​@@user-uv9cn6ws8oшвея иштер коп

    • @user-oy3yb9ur3h
      @user-oy3yb9ur3h Před 18 dny +11

      Иш жок Бишкекте оз уйун болбосо кв Дубайдан комбат

    • @user-yi9yp7xn2u
      @user-yi9yp7xn2u Před 18 dny +3

      Бактылуу болгула ❤❤❤❤❤ мен 10жыл болду Россия жашап иштеп жургонумо ❤❤❤

  • @Samat-qp7he
    @Samat-qp7he Před 9 dny +3

    Өте керемет фильм болыпты, қырғыз бауырлар мықтысыздар, сіздерге жақсылық тілеймін, өз елдеріңізге аман қайтып келіңіздер

  • @user-eu8vk7bx6u
    @user-eu8vk7bx6u Před 14 dny +8

    АССАЛАМУ АЛЕЙКУМ ЖАМААТ! КАНТСЕ ДА ЧЕТ ЖЕРДЕСИНЕР ДЕН СООЛУККА ЖАКШЫ КАРАГЫЛА! ЖЫЛУУ КИЙИНИП КУРСАГЫҢАРДЫ ОЗ МААЛЫНДА ТОЙГОЗУП ЖҮРГҮЛӨ! ЭРТЕ МЕНЕН АЧКА КЕТПЕГИЛЕ!
    МОСКВАДА ИШТЕП ЖҮРӨ БЕРИП СУУК ӨТКӨЗҮП АЛЫПТЫРМЫН КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛИП ЛЕЧЕНИЯ АЛЫП ЖАТАМ БОЛЬНИЦАДА. АЛЛАХКА АМАНАТСЫНАР ЖАКШЫ ИШТЕП МЕКЕНИНЕРГЕ КАЙТЫП КЕЛГИЛЕ. БААРЫНАРГА ИЙГИЛИК 🤲🍃

  • @user-vc1oq9gm2l
    @user-vc1oq9gm2l Před 17 dny +43

    Мен 2-3 күн мурун телеграмдан иш издеп калдым эле, ачык эле айтышты, алып апарасың жеткизип фотка кыласың деп. Акчасын көп айтышты кызыкпагылачы айрыкча жаңы келгендер түшүнбөй барып алып атышат. Кыргызым аман болгулачы😢

  • @user-ut3im4cx4y
    @user-ut3im4cx4y Před 18 dny +135

    Чет жерде жүргөн кыргыз туугандарыбыз, аман эсен мекенге келип, балдарын, бир туугандарын кучагына алганды Аллахым насип кылсын.

    • @Abderane
      @Abderane Před 18 dny +4

      Айтканын келсин. Сага рахмат жакшы жанылык калоо жазыпсын.

    • @GUKU279
      @GUKU279 Před 17 dny

      Чоон рахмат Аллахыбыз ыраазы болсун 🤲 🤲

    • @saliyaalmazbekova9204
      @saliyaalmazbekova9204 Před 17 dny

      Мен Кыргызстанда жургондо ушинтин жазчулем Аман эсен болгула алыс жакта жүрсөңөр деп Азыр өзүм мигрантмын Көзүмө жаш айланып кетти окуп алып 😢

  • @adiletchotkaraev
    @adiletchotkaraev Před 15 dny +22

    Англия дан коруп атамын,
    Аман болгула журтташтар,Жанынар Алла га аманат.🤲
    Ата Журтубуз га Аман эсен ийгилик менен кайтканды насип кыл , Аллахым.

  • @aygerimmeymanova9701
    @aygerimmeymanova9701 Před 14 dny +11

    Мигрант болуп корбосом да жан дуйном сезимим менен туюп кинонун башынан аягына чейин ыйладым.... Олкобуз онугуп сагынычтын,алыс журуп айрылуунун ызасын тартпасак экен... Олкодон сыртта жургондорду жараткан колдоп аман-эсен кайтып келишине тилектешмин. Кино ото мыкты тартылыптыр. Жалпы жамаатка рахмат❤

  • @user-hy3wn6xr9h
    @user-hy3wn6xr9h Před 17 dny +33

    Москвага 2007- жылы келгем. Канча татаал кундор отсода , бир жолу да ыйлаган эмесмин)) Азыр ушул тасманы коруп, коздон жаш кеткенин байкабай калыптырмын)))) Аябай жакшы тартылыптыр , рахмат чоон!!!
    Кыргыздарым аман болушсун Аллахым колдоп. Мекенибиз онолот ИншаАлла! Баарыбыз кетебиз табияты тан калтырган Кыргызстаныма!!!

  • @user-ui6ty6eo9b
    @user-ui6ty6eo9b Před 19 dny +170

    Кыргызстан өнүккөн өлкөлөрдүн катарын толуктасын, ар бир Кыргызым ден соолукта, эки дүйнөдө бактылуу болсун❤

    • @user-wt2yd7mg7h
      @user-wt2yd7mg7h Před 17 dny +2

      Мындай ойлонсок онугуудо экен акча табам иштейм дегендер шугур кылгандар кр жатып этаж этаж машина дан машина алып иштеп атышат

    • @user-xw9zn4vl8v
      @user-xw9zn4vl8v Před 17 dny +1

      Аминь аминь аминь🤲

  • @aizatnurkalieva8365
    @aizatnurkalieva8365 Před 9 dny +2

    Мен Москвадан коруп жатам чыныгы жашоодон алынган экен ото окунучтуу ушундай окуялар болуп жатканына

  • @user-fj2ed2rg6s
    @user-fj2ed2rg6s Před 16 dny +15

    Кино сонун чыгыптыр жашоодон алынып азаматсынар! Буйруса баары жакшы болот Кыргызстан онугот озубуздо иштеп эч Ким мигрант болуп эч Жака чыкпай Оз олкобуздо бактылуу болуп жашай Турган Кун келет иншАллах Сабр!!!

    • @user-yb1nj4zt6i
      @user-yb1nj4zt6i Před 7 dny +1

      Ошо кун келди иш толтура только иштеш керек оз мекенинде жашаш керек мигрант болуп кор болбой.

  • @user-cl2vi4ip8o
    @user-cl2vi4ip8o Před 17 dny +49

    Камчы акенин ырын угуп ыйлагандар болдубу😢😢Аллахым баарыбызга Аман эсен мекенге кайтууну насип кылсын

  • @meerimbakenova2236
    @meerimbakenova2236 Před 19 dny +166

    Мигранттар элэ коруп жатат окшойбуз 😅

    • @sezimdon
      @sezimdon Před 18 dny +4

      Тимеле кулосунго ыйлаштын оордуна , неси кулкулуу?

    • @offoff553
      @offoff553 Před 18 dny +8

      Мигрант эместер деле көрүп жатабыз. Тарткан режиссеруна рахмат, актерлору дагы мыкты экен. Турмушту ачык берген экен.

    • @user-hy3wn6xr9h
      @user-hy3wn6xr9h Před 17 dny +11

      99% мигранттар болсок, конечно коробузда 😂

    • @user-zr1fe9kb5u
      @user-zr1fe9kb5u Před 17 dny

      Да

    • @user-uf3zo3rz6x
      @user-uf3zo3rz6x Před 16 dny +2

      Мигранттын аялымын 😢

  • @user-js3xf8dv4y
    @user-js3xf8dv4y Před 17 dny +12

    Отто сонун экен журоктун туувуно жететго чиркин ылайым эле мекенибизге аман эсен кайткан насип кылсын

  • @user-qm8nj4rk5c
    @user-qm8nj4rk5c Před 16 dny +10

    Бир тууган мекендештерим кинону ото мыкты, дэнгелде ойнопсунар рахмат азыркы москвадагы жашоону чакылдырып элге жеткирип берипсиздер Маанилуу кино.

  • @user-sp1xi5dd9t
    @user-sp1xi5dd9t Před 19 dny +401

    Ушул кинону көрүп Кыргызстаныбыз качан өнүгөт деп ойлонуп көздөн жаш тегеренип кетти 😢😢😢😢

    • @user-sc1ew9zt4b
      @user-sc1ew9zt4b Před 19 dny +15

      Бизде чондор ар кимиси озунун ишине жооп керчилукту алып мамлекетен акча уурдап жебей ар бирибиз мыйзамды сыйлап ынтымак болсок анан буйруса онугобуз деп ойлойм

    • @user-jb9rp3mk5d
      @user-jb9rp3mk5d Před 18 dny +17

      Биздин аң сезимибиз өзгөргөндө 😢

    • @user-jb9rp3mk5d
      @user-jb9rp3mk5d Před 18 dny

      Биздин аң сезимибиз өзгөргөндө 😢

    • @AynuraAkimova-mi4bi
      @AynuraAkimova-mi4bi Před 18 dny +9

      Озгоруулор болуп эле жатат..,,тоок баксанда оз мекенибизде болгонубуз жакшы….

    • @BdbxbXhhd
      @BdbxbXhhd Před 18 dny +7

      Озгору кыматчылык болуп озгору болду да

  • @user-uu9fv2ul1w
    @user-uu9fv2ul1w Před 18 dny +63

    Ушундай Кино Тасма Чыгып турса элге да пайдасы тиет....Экш фантастика Тама Шоу кылып элди кулдурткучо....Канча деген Кыргыз элим чет жерде журот....
    Молодцы аябай таасирдуу Кино экен....

  • @nurtilekalibekov4360
    @nurtilekalibekov4360 Před 13 dny +2

    Ото мыкты кино, актердук курам сонун тандалган. Озгочо кинодо 99% таза кыргыз тилинде суйлонуптур .
    Мигрант болун жургон кундорду эске салды

  • @user-ob5qx4eo5k
    @user-ob5qx4eo5k Před 15 dny +9

    Просто бомба номер 1 булибди я из Узбекистана
    Перёд Кыргизтанцы🤲💯☝️

  • @user-pw9dz4li7s
    @user-pw9dz4li7s Před 18 dny +74

    Аябай таасирдуу кино болуптур, ыйладым коруп алып кайран кыргыз элим, эч качан жамандык корбочу😢😢

  • @user-ii1vp6bm6j
    @user-ii1vp6bm6j Před 18 dny +23

    Тасманы тарткандарга таазим. Эмгегиңерге чооң рахмат. Алыста жүргөн мекендештер аман эсен Кыргызстанга кайтып келгиле, кайда болсоңор Жараткан колдосун.

  • @user-gx2bm8hj4n
    @user-gx2bm8hj4n Před 16 dny +6

    Ээх жараткан ушул тасманы көрүп аябай ыйладым.
    Ушул мусаапыр жерде жүргөн баардык кыргызымды тагдыры талкаланган уул. Кыздарыбызды өз туура жолуңду көрсөт. Өзүң жардам кыл кырсык курук доомат бей бечараларга жардам бер. Аллахым өзүң колдо эсен соо тууган уругубуз, ата эне , бала чакабыз менен эсен соо алты саныбыз менен өзүң колдо. Жаратканым өзүң колдоо ушул көргөн тасма бүт кыргызыма сабак болсун. Мусаапыр жеримде колдосун режиссер лорго актерлорго терээң ыраазычылык көрсөң жүрөк сыздап, жан кейитет ошол Кыргызстан да жакшы жащоо бут шарт болгондо атаганат жүрбөйт белек кор болбостон Кыргызым

  • @user-qv7bw7iw8x
    @user-qv7bw7iw8x Před 10 dny +4

    Эн сонун,чиркин козго жаш айланатко.ар бирибизди Ата энебиздин ,эли жерибизге тынч алты саныбыз аман барышыбызды ,АЛЛАХЫМ Насип кылсын.

  • @user-fi7mf9wl6t
    @user-fi7mf9wl6t Před 19 dny +222

    Сабактык мааниси ото бийик денгеелде экен Ата энелерге жаштарга дегеле мигрант болуп жургондорго 😢😢😢

    • @AvaAba-br4fn
      @AvaAba-br4fn Před 19 dny +3

      Шайлоого барбаган, добушун 1000сомго саткан эл кул болуп, гасторбайтер болуп жүрөт

    • @user-nb3zv9pr1v
      @user-nb3zv9pr1v Před 19 dny +1

      ​@@AvaAba-br4fnмигрант эле болот
      А гастербайтерди, РФсы бар үйү жокту айтат

    • @Mairambek04
      @Mairambek04 Před 18 dny +4

      Ото маанилуу тартылыптыр ишиниздерге ийгилик.

    • @user-bt1mf6cq1z
      @user-bt1mf6cq1z Před 18 dny

      ​@@user-nb3zv9pr1v7

    • @BdbxbXhhd
      @BdbxbXhhd Před 18 dny +4

      Тасирду кино болуптур Коруп атып озумду токто албай ыйладым!! 😢😢😢 Красногорскийден салам.

  • @user-cv7mz2eb4g
    @user-cv7mz2eb4g Před 18 dny +20

    Таза кыргыз тилинде суйлогонуно чоон маани беришиптир аябай суйундум сонун кино болуптур

  • @asylbekabdyraxmanov7474
    @asylbekabdyraxmanov7474 Před 17 dny +10

    Мен үчүн өтө маанилүү өтө сабак болчу кино экен аткаруучулар
    Дагы жакшы аткарып бериптир өнөрүңөр өркүндөй берсин

  • @user-wb2cd8bg4y
    @user-wb2cd8bg4y Před 12 dny +2

    Бар болгуула бир бир тууганларым жакшы тартылыптыр бул күндөр да өтөт бир күн келсе оз мекенибизге кайтабыз оңолобууз.😊

  • @user-ce9vc5cb5e
    @user-ce9vc5cb5e Před 17 dny +19

    Жашоодон алынып тартылыптыр, ушундай кыйынчылыкка учураган бир боорлорубуз толтура. Мындай жамандыктардан алыс кылсын Аллахым. Кыргызстаныбызга аман эсен кайтып келишсин. АМИИН.

  • @user-ed5jf2gs3k
    @user-ed5jf2gs3k Před 18 dny +14

    Ырыс Окенова бул жолкусунда ото маанилуу кино тартыптыр , молодцы актёры 👏👏👏

  • @lira2888
    @lira2888 Před 12 dny +2

    ЫРЫС Айым Сизге ыраазычылык. Эң мыкты тасма болуптур. Аткарган артистерге да алкыш. МЕКЕНДЕШТЕРИМ БААРАҢЫЗДАРДЫ ЧАКЫРЫП КЕТЕТ ЭЛЕМ КЕЛИҢИДЕР АТА БАБАЛАРЫБЫЗДЫ УЯТ КЫЛБАЙ ӨЗ ЖЕРИБИДЕ , МЕКЕНИБИЗДЕ ЭМГЕКТЕНИП АДАЛ ИШТЕП БАКТЫЛУУ ӨМҮР СҮРӨЛҮ. АК ЭМГЕК МАҢДАЙ ТЕРИБИЗ МЕНЕН тапканыбыз менен гана эки дүйнөдө бактылуу боло алабыз!!!

  • @user-gh7wf2uq2f
    @user-gh7wf2uq2f Před 16 dny +8

    Өтө маңыздуу , мазмундуу тасма экен, үй бүлөбүз м-н биргеликте көрдүк, Кыргызстаныбыз өнүгүп өсө берсин , ар бир инсан тилеген ой максаттарына жетсин,аман болуңуздар мекендештерим!!!

  • @Avtofanatik.kg_
    @Avtofanatik.kg_ Před 18 dny +24

    Кыргызстаным өнүкчү өсчү мекенибизде баарыбыз бактылуу жашайлык биз да Мигрант элиме жакшылык аманчылык берчи АЛЛАХЫМ

  • @turguntashbekmurzaeva3423
    @turguntashbekmurzaeva3423 Před 18 dny +45

    Тарых ким мигрант болсо буйурса кайтабыз Кыргыз олкобузго ❤! Рахмат ушу кинону чыгаргандарга мен тааныган Алмаз ака, Асылкан эже Назира ж. башка каармандар чыныгы мигрант жузун корсотупсуздор алла ыраазы болсун!

    • @user-ks9wg2rg6p
      @user-ks9wg2rg6p Před 15 dny +1

      БИЗ ДА КЕТИП АТАБЫЗ УШУЛ АЙДА БЕШӨӨБҮЗ ,БУЙРУСА.🙂✊🏻❤️🤲🤲🤲

    • @user-uq6ev3ck4y
      @user-uq6ev3ck4y Před 15 dny

      Аллах тын атын чон менен жазыныз дайыма!

    • @user-qc9bj3ye6e
      @user-qc9bj3ye6e Před 14 dny

      Буйруса, 15 жылда кеттим, шугур,

  • @Balanchaevbalancha41
    @Balanchaevbalancha41 Před 5 dny +4

    "21-кылымдын тарыхына эмне болуп жазылабз деп ойлойсунар"-оор басырыктуу,намыска журоко тийчу соз болуптур.

  • @user-tx2mh7xd9i
    @user-tx2mh7xd9i Před 15 dny +4

    Кино мыкты денгелде тартылыптып азаматсынар
    Бир нерсе айткым келет Бет бум деген игровой жер бар 80 пайыз кыргыздар ойнойт тапкан аксанын баарын уттурат кыргыздын жигиттери ушун токтолук бекер сыр капканда дегендей ошол адал менен келген акчаны уй було ата энебизге салалык баарыныздар менин бир тууганымсынар аман жургуло
    ❤ Кыргызстан

  • @user-jh2ex6sr8r
    @user-jh2ex6sr8r Před 18 dny +43

    Бул жерде биздин денебиз Гана иштеп журот ойубуз журогубуз Кыргызстанда Аллахым ар Бир мекендешибизди оз эл жеринде осуп онугуусун жана келечегин Кен кылсын🤲🏻🤲🏻🤲🏻

    • @user-es6uw7jr9j
      @user-es6uw7jr9j Před 17 dny +1

      Роботбуз десениз😢 кундо ошол, денем каалбайт эч нерсени, колум бутум кыймылдап эле журо берет, роботмун деп коем озумчо, конуп калган денем, кылбасан ачка каласын деп коем😂 эээх, бир туруп кулосун бир туруп ыйлайсын, Айла жооооок айла деген ырды ырдап коюп журо берем

  • @Jake_junusov
    @Jake_junusov Před 18 dny +15

    Чет жерде иштеп жургон бир туугандарга алла таалам озун жамандыктан сактай кор 🤲🏻😢

  • @user-ux1xw5xu8s
    @user-ux1xw5xu8s Před 13 dny +4

    Молодец Камчы Сарыбаев байке өз ролун мыкты деңгээлде ойногон!

  • @user-ir8pl7zf7g
    @user-ir8pl7zf7g Před 15 dny +8

    2 жыл мурун чогу иштеп жургон элек . Азыр болсо Малик актёр болуп кетиптир молодец
    Ошол кезде айтчу мени коросунго киного тушом мени кинодон коросун деп 😊азыр коруп тан калдым

  • @Deepquestion996
    @Deepquestion996 Před 18 dny +29

    Бул корунуш аябай окунучтуу. Ата -энелер советтик, илгерки жашоо денен менталитет бутту. Балдарынарды окуткула, акылы менен акча тапканга уйроткуло. Мунун баары билимсиздик айынан болот. Эээх кыргызым карангылыктан чыга албай койдукко. Окугула, билим алгыла!!!! Кыргызстанды бир кана билим , акыл менен которуп кете алабыз башка жол жок.

    • @aruheppy
      @aruheppy Před 18 dny +2

      Тупптура! Билим алып акыл менен иштешибиз керек! Кен байлыктарды чукуп, жерди сууну сатканга, даже туризмге каршымын. Көздөн учкан алтын топурак жерибизди сактап, урпактарга өткөрүшүбүз керек.

  • @Dkks-jr1cs
    @Dkks-jr1cs Před 19 dny +69

    Эх омур омур кандай кана кыйын кундор отту,адам чыдап журо берет экенбизда. Ээн кыйыны груз 200 ду кетириш жакындарынан айрылып турган учурлар абдан оор. Барыбыз бул дуйнодо бактылуу болуп жашашыбызга акыбыз бар, буюрса онуккон мамлекет болобуз.

  • @user-bd1ed8tm1p
    @user-bd1ed8tm1p Před 14 dny +4

    Жакшы кино болуптур. Режиссер, операторлор, актерлор бардыгы төп келишиптир.

  • @user-xw2wt8wh4h
    @user-xw2wt8wh4h Před 8 dny +1

    Кино аяабай сонун тартылыптыр, бир ыйлап,кайра сооронуп,кайра ыйлап атып кордум. Алла ыраазы болсун ушундай койгойлорду,чыныгы минранттардын жашоосунан бир элес корсоткон режиссерго,ойногон каармандарга. Чон-чон ийгиликтерге жетишишинерди каалайм! Мен 2006 жылдан бери Москвадамын,алдап кеткен,корс мамиле кылган биргана озубуздун Кыргыздар! Алла колдоп биздагы башка улуттарга окшоп ынтымак болойлу.

  • @fullback784
    @fullback784 Před 19 dny +69

    Ачуу чындык!!! Оз жерибизде, оз элибизге кызмат кылсак кандай соонун болот эле!!!

    • @BdbxbXhhd
      @BdbxbXhhd Před 18 dny +1

      Кана эле ошондой болсо болбой жатпайбы

    • @Abderane
      @Abderane Před 18 dny

      Аны элибиз оз колу менен жасап алышты.Шайлоолордо бир кундук жашоо учун АЛГАН АКЧАСЫ жана ТУУРА ЭМЕС ТАЛАПКЕРЛЕРДИ шайлап алганынын натыйжасы.​@@BdbxbXhhd

  • @user-ue5nx9oo7v
    @user-ue5nx9oo7v Před 19 dny +36

    Эх кандай соонун кино көздөн жаш агызатко 😢😢 миграциядакы ага ини ,эже карындаштар жөн жүрөйүкчү залакабызды элибизге жерибизге тийгизбей

  • @user-xl6dp7bh9u
    @user-xl6dp7bh9u Před 14 dny +7

    Латвия дан коз жаш, менен коруп атам .Атин жер тандавас чоптой болдук😢😢😢😢 Бут дуйнону бастык

  • @user-fy6uf4th8t
    @user-fy6uf4th8t Před 12 dny +1

    Кино өтө соонун негизгиси ар бир адам өзү жакшы жүрсө башка да андан сабак алып жакшы жүрөт. Бар болсун аман болсун Кыргызым 🇰🇬

  • @TumanovaDariia.
    @TumanovaDariia. Před 17 dny +12

    коруп козумо жаш келди😢😢😢.озубуздо Кыргызстанда завод,фабрикалар курулса жаштар иштемекпиз тытынып.иштейин десен айлык аз.жаш балдарыбызды бала бакчага берели десек бала бакча жетишсиз.Кудайым буйруп Кыргызстан оңолсун,өнүп өссүн.😢😢😢биз да убагында мигрант болдук үй кылабыз,жай кылабыз деп кыйналдык.ыйладык,сыктадык.эми болсо баары артта калды.бирок Кыргызстан дагы деле ошондой.оңолуп кетпеди дааа

  • @edzain8311
    @edzain8311 Před 18 dny +13

    Абдан сонун тартылган фильм экен! Чыныгы жашоо, мигранттар баары бир коз албай коруп атышса керек, мага окшоп😢😢😢

  • @user-mw1cs6np5y
    @user-mw1cs6np5y Před 14 dny +5

    Эх чиркин,аябай соонун тартылыптыр,чыныгы турмуштан алынган кино,азаматсыздар. Бул кинону жазган аткарган режиссёр актерлорубузга иштерине ийгилик ,негизи эле биздин Кыргыз улутунун мээсине жеткире эле тарткан,анча мынча жолдон адашкан инсандарыбыз корсо кана...

  • @nurzatmeerazhova455
    @nurzatmeerazhova455 Před 9 dny +3

    Ыйлап кордум , актерлорго рахмат! Жеткире аткарышкан! Мигранттарга ден соолук, тынч-аман кпйтыныздар!

  • @user-cw3ri2xc2d
    @user-cw3ri2xc2d Před 19 dny +58

    Аллахым Озу Чексиз Мактоолор Озуно чексиз шугурлор болсун Аллахым боодо келген балее кырсыктан Кыргызстаныбызды Кыргыз Мигранттарын( Талаалап жургон) Озун сактай кор Аллахым Ата Энебизге ден соолук узак омур бергин Аллахым Бизди Качан келес деп куткон Балдарыбыздын жанына Эсен Аман барышты Насип эткин Аллахым Кыргызстаныбыз Онуп Оскон Мамлекеттердин катарында болуштукту озун Насип кылгын Аллахым . Амиин

  • @user-dt7sw3uw7y
    @user-dt7sw3uw7y Před 17 dny +31

    3 жыл мурун болгон окучны айтып берейин
    Бир кун бир группада 1 кыз жазып калдым жардам керек деп, бечара 1жума жазды акча керек, кварплатага,документке деп, анан жаздым кел жардам берейин деп, жолугуп 3-4 саат чайханада олтурдук суйлошуп, аар арманын айтып берди, ичинде 2 эги кызы бар экен Ата энеси кечип жибериптир уйдон чыгарып, жолуккан куну 5000мин сом бердим кварплат толоп ал деп, андан кийин куундо жолуга турган болуп калдык, таштап кеткен баланы издедик эколоп, эч таппай анан, мейли деп магазинге барып кийим алып берем, жумасына акча которуп турчумун, документтерин жасап бердим, анан акыры больницага такси менен алып баргам 2 эгиз кыз тороду, ата энеси менен байланышып аран жолуктурдум, болтницадан чыгарып 2-3 ай жардам берип журдум кийин кыргызстанга кетип калган ошондон сон связь жок, кээде эмне болду экен деп ойлоном

    • @user-xj3px2vj7i
      @user-xj3px2vj7i Před 14 dny +4

      Аллахым ыраазы болсун 😢бир кун туз таткан жерине 1000 кун салам айт дейт го алар да дуа кылат сиз учун Инша'Аллах ❤

    • @user-tf3hn5go3p
      @user-tf3hn5go3p Před 12 dny

      Кылган жакшылыны Кудай кайтарсын!

    • @user-xk6mt5yb5v
      @user-xk6mt5yb5v Před 12 dny +1

      Аллахым ыраазы болсун сенден.

    • @BagdagulAbdyrahmanova
      @BagdagulAbdyrahmanova Před 12 dny

  • @user-qg4lk5sj8b
    @user-qg4lk5sj8b Před 15 dny +3

    АЛААХ насип кылса кредитимди толоп кетеееемин буйруса Кыргызстаныма😢😢

  • @Karl31942
    @Karl31942 Před 17 dny +6

    Азыр Турцияда иштеп жатам гид болуп, негизи башкача сезилет экен чет элде журуп корсон мындай кинолор. Баардык мигранттарга ден соолук жана ак эмгек менет Акча табуунк тилейм😇

  • @nurzat07abdukarova
    @nurzat07abdukarova Před 19 dny +94

    😢😢😢жакшы корком тасма болуптур рахмат мен да мигрантмын

    • @argentalas
      @argentalas Před 18 dny +2

      Чогу елебиз

    • @joni.kgzkz2
      @joni.kgzkz2 Před 9 dny

      Кыргызстанга тынч аман келип алгыла алтындарым силерди көрүп сарасана болуп кеттим😢😢😢

  • @user-zg4hb3gm3q
    @user-zg4hb3gm3q Před 17 dny +14

    Ушунча кыйналган карапайым адамдар барбыз кино аркылуу корсотуп бергениздерге чон рахмат!!! Ыйлап атып буттум!...😭😭😭Озум да мигрант болуп иштебеген Ишим калган эмес корунгон жердин полун жууп

  • @user-gh6sv6pq5l
    @user-gh6sv6pq5l Před 11 dny +2

    Кудайым ар бир адамдын тилегин ишке ашырсын.

  • @praim5033
    @praim5033 Před 12 dny +1

    Аллахым ыраазы болсун сиздерден. Кино сонун тартылыптыр. Ыйлап коргондор аз эмес болсо керек😢😢

  • @user-rp7jt7nv4y
    @user-rp7jt7nv4y Před 18 dny +36

    Бул кинодо кыргыздын чыныгы жашоосун далилдептир. Рахмат режиссер го ишиңизге ийгилик. Бир убакта мен да мигрант болгон азыр кудайыма шүгүр үй бүлөм менен Кыргызстанымдамын.

  • @user-vu7vc1ir9y
    @user-vu7vc1ir9y Před 19 dny +79

    Өтө соонун тарбиялык мааниси жогору кино болуптур.... Ийгиликтер болсун ушундай тарбиялык мааниси жогору деңгээлде кинолорду чыгара бергиле Кыргызым.... Мигранттар аман болушсун

  • @user-zg3oz3mo2o
    @user-zg3oz3mo2o Před 17 dny +5

    Эн мыкты денгээлде тартылыптыр .Актёрлорубузга,жаратуучуларга, терен таазим .Ар бир Кыргыз коруп сабак алышыбыз керек ,келечегибизге бугунтон баштап кам королу .Балдарыбыз жаркын жашоодо жашашы учун, Кыргызстаныбыздын онуугусуно ар бирибиз жоопкерчиликтуубуз .❤Колдон келген салымыбызды кошуп, балдарыбызга билим берели .❤ Ото таасирдуу болуптур .Ыйлап кордум . 😢 😢

  • @user-rx8ee5co4v
    @user-rx8ee5co4v Před 12 dny +1

    Ото Сонун тартылыртыр .Ыйлап ыйлап кордум.Режисерго чоон рахмат.🙏🏻

  • @AzatUsonov-rr4fm
    @AzatUsonov-rr4fm Před 18 dny +8

    Мекендештер кандаштар ынтымактуу бололучу коро албастык ичи таардык кылбайлычы кокурокту кенен кылып колдон келген жардамды аябайлычы аман болгула. Город Тула

    • @user-iy7hz9nq7q
      @user-iy7hz9nq7q Před 14 dny

      Баланын алиментин Бер ...акылдуу болбой баланды эстечи

  • @user-ui1yz9tz8m
    @user-ui1yz9tz8m Před 18 dny +11

    Абдан куттум эле бангизат жонундо кино чыгарышса деп, рахмат жалпы жамаатка, жаштар кичине да болсо тушунуп калышат☹️

  • @user-jc2pk8yw5f
    @user-jc2pk8yw5f Před 12 dny +1

    Курч тартылган кино экен.Дагы жакшы кинолорду тарта бериниз.Ишинизге ийгилик каалайбыз Ырыс Окенова.

  • @user-me1rt2gw8t
    @user-me1rt2gw8t Před 16 dny +5

    Бир дем менен кордумго❤ козумдон жашым куйулуп😢 кордум,Аллахым туз жолубуздан адаштырбасын .Кыргызстаныбыз онуп оссун ботон жерде иштебей оз олкобуздо иштеп онуп оссушту Аллахым нассип кылсын Оомин

  • @AinuraTatiweva
    @AinuraTatiweva Před 18 dny +14

    Кудайым буйруса ушул кинонун артынан чоон озгоруулор болот деп ишенебиз Кыргызстаныбызга кайтабыз

  • @user-md3hl9bi2u
    @user-md3hl9bi2u Před 18 dny +20

    7:05 мен дагы эле катары масквада мигрант болуп иштедим метро Волгоградский проспект рес.Тануки 2011-2014. Азыр Оштомун.Ошол жакта иштеген бир кыргыз бир туугандарыбызга бекем ден соолук каалайм аман эсен Кыргызстанга келгиле силерди ата эне бир туугандар күтөт

  • @NazgulBagyshbekova
    @NazgulBagyshbekova Před 12 dny +1

    Кино сонун жеткиликтүү болуп тартылган, жүрөк ооруйт коруп алып,мигранттарга ден соолук каалайм,аман эсен кайтып келгиле мекенге

  • @user-ly8og8ug5r
    @user-ly8og8ug5r Před 13 dny +1

    Аллахым алыста жургон мекендештеримди озун боодо кырсыктан сакта .Кыргызызтаныбызга Аман эснн келиниздеер. Аллахыма аманатсыздаар. Тапкан таашыганыныздарга береке берсин

  • @user-bz8qr3pi8v
    @user-bz8qr3pi8v Před 17 dny +10

    Азыркы учурдун көйгөйү, чыныгы мигранттын жашоосу, бири -бирибизге болгон мамилебизди чагылдырыптыр. Эн сонун , мааниси терен тасма тартылыптыр.Тасманы жараткандарга ден соолук, иштерине ийгилик, дагы да ушундай маанилүү тасмаларды жарата бергиле.

  • @Akmaral1981
    @Akmaral1981 Před 18 dny +45

    Сценарий жакшы түзүлгөн, аткаруучуларга терең ыраазычылык! Бирок, бул кинодогу көрүнүш тээ 2000- 2010 жылдардагы же 2015 ке чейинки мигранттардын жашоосу чагылдырылыптыр. Азыркы мигранттардын аң сезими абдан өнүккөн, мигрант деп атагым келбейт. Албетте, өз мекенден өтөрү жок, бирок, иштин жоктугунан, кымбатчылыктын кесепетинен РФ да иштеп жүрөбүз. Бар болуңуздар💐

    • @user-vc1oq9gm2l
      @user-vc1oq9gm2l Před 17 dny

      Именно азыр ушундай болуп атпайбы

    • @user-md8wt2pe8w
      @user-md8wt2pe8w Před 17 dny

      Наоборот азыр ушундай.2010-2015тынч акчанда береке бар.бироого бироо жардам берип жонокой болчу.азыр барыле кыйын.жумушка кирсенда озубуздун кыргыздар бирин бири коро албайт

    • @fdxcccgfdfgg1714
      @fdxcccgfdfgg1714 Před 16 dny

      2003 -2024 жылдан бери Москвада турдуу адамдарды кордум😢 Кыргызды кыргыз эле сызга олтургузуп кетет .....

  • @mahabatabikova-sb5ys
    @mahabatabikova-sb5ys Před 14 dny +2

    Кино эн соонун режиссёрго актёрлорго терен ыраазычылык билдирем.ушул элге соз менен жеткире албаган нерсени кино аркылуу тушундурупсунор .кыскасы азаматсыздар ишиниздерге ийгилик каалайм

  • @user-yz2dh3xx4o
    @user-yz2dh3xx4o Před 11 dny +1

    Ушундай жашоону чагылдырып ийне жибине жетктре аткарган актёрлорго жана жалпы жааматка алахым разы болсун