Түшүнүк: "Курманжан Датка" тасмасынан ТАРЫХ бурмаландыбы?
Vložit
- čas přidán 28. 09. 2014
- ВИДЕО ТОЛУК чыкты...(Садык Шер-Нияз & Гүлжигит Исаков)
ТЕМА : "Курманжан Датка" тасмасынан ТАРЫХ бурмаландыбы?
ТҮШҮНҮКТҮН бул чыгарылышы Кыргыз тарыхын даңгазалаган улуу КЫРГЫЗ кызы КУРМАНЖАН ДАТКА таржымалына арналган, көпчүлүккө жаккан жана айрымдар АНЧА канаатанбаган "КУРМАНЖАН ДАТКА" көркөм тасмасы тууралуу болду...
Шер Нияз дын козу тируусундо сыйлаш керек Элге кызматы отоо бийик Ийгилик каалайбыз
спасибо Огромное!!! фильм снят, сильный фильм....смотрела ...без слез невозможно!! низкий поклон всем кто работал над фильмом!!!
хоть сколько обсуждайте - сделано Великое дело!! исторический фильм останется потомкам!!!!!
Садык агай ишинизге ийгилик, мен бир эмес уч жолу коргом кинотеатрдан,
Садык шер нияз агай туура жагын айтып жатат.. колдойм!
Садык Шер-Нияз, сиздин ишинизге ийгилик,сиз кыргыз улуту үчүн жаралган улуу инсансыз,дагы да мыкты тасмаларды жарата бериңиз,ал эми маңкурттарга терикпей эле коюңуз,өз элин,жерин сүйүп,сыйлабаган,салт-санаа эмне экенин түшүнбөгөндөр,сынай берет,билип-билбей.
Бул кино ислам дини жонундогу кино эмес, кыргыз элинин баатырлары, тарыхы жонундогу кино. Тарыхта кыргыз Тенир колдосун деп айтып келген. Болгону арапча создорду кыргыз тилинде гана айтышкан. Кинодо ошол коомдо копчулук учурда айтылган создор гана колдонулган. Азыркы учурдагы эмес, 19 кылымдагы создор кобурок колдоногону аракет кылынган.
Мирлан Батырханов -на русском исламына котогум
Кыргызстар мурун тенирчи болушкан. Арабтар эмес
Фильм эн сонун,патриоттук маанайда тартылган,эми ортодо интриганттар бол берет Садык Шерниязов ото культурный инсан экенин корсотуптур рахмат сизге,ар дайым сиздей адамдар коп болсун
Садык байке молодец
Садык мырза азаматсыз.
Садык Шер-Нияз менен буткул кыргыз улуту сыймыктанат!! Албетте Нуржигитке окшогон коро албас маданияты сабаты жок адамдар болгон жана боло берет ошондуктан аларга конул бурбай алга жылуу шарт!! Алга КЫРГЫЗ!!!
Курманжан датка корком тасмасы абдан жакшы тартылган.Бул тасма кыргыз елибиздин чоон сыймыгы.Ал еми сын пикирге келсек .. кыргызда сонун макал бар ит уро берет кербен журо берет. Тасмада баардык кыргызчылык даана корсотулгон.
Кыргызым кыргызым бар болгула аман болгула !
Ас Саламу алейкум уа рохматуллахи уа барокатуху. Сынчы аканин коп создору туура.
Тарыхты анчалык биле бербеген айрым жердештерибиз сокконго чейин барыптыр. Ар ким озуно жарашканын кылат. Ким эмне дебесин, ЧЫНДЫК АЙТЫЛЫПТЫР ЖАНА БУЛ ЭН НЕГИЗГИСИ.
Гулжигит мырза билимдуу экен,Сдык байке да мыкты,агалардын акылы оссун,
шер ага сиз мыкты кино жараттыныз,сасыктар сасый берсин
Садык агай молодец эн жакшы кино тарткансыз
Садык байке сизге ийгилик ден соолук каалайбыз ушундай кыргыз кинолорун дагы далайн тарта бериниздер
Гулжигит просто завидует молча завидуй завистливые люди не нравится не смотрите Садык Шер Нияз молодец
Садык Шер Нияз эн мыкты режиссер,албетте кемчиликсиз нерсе өзү жок,кыргыз элинин тарыхынан кабардар кылып бул фильм элге абдан жаккан ,көркөмдүгү ,тарбиялуулугу патриоттуулугу менен,андыктан мыкты режиссер С.Шер Нияз чыгармачылык ийгиликтер боло берсин,көп көп көркөм тасмаларды күтөбүз,ден соолукта болсун!🎭🇰🇬👍
Тынчтыкбек Чоротегин жана Кыяс Молдокасымов сыяктуу тарыхчылар акыры копко созулган унчукпоодон кийин ун катты. Бул шилтемеде Гулжигиттин айткан тарых бурмаланды дегендерин тастыктоодо. www.bbc.co.uk/kyrgyz/learning_english/2014/12/141226_history. Садык Шер-Нияз озу билгендей кылып тартып алгандан кийин, тарыхчыларга унчукпай тургула деп айтканы бар. Эр болсо сценарийди жазып, окутуп, каталарды ондотуп алса болмок. Ал анткен жок. БОЛБОЙ ЭЛЕ БУРМАЛАНГАН ТАСМАНЫ КОРСОТКУСУ КЕЛДИ. Бюджети жыртык Кыргызстандын акчасын уномдуу колдонгондун ордуна, жоопкерчилиги жок кадамга барды.
Садык мырза эң соонун кино болгон сизге рахмат
Шер Ниазга чон рахмат эн сонун тартылган!!! а гулжигитке окшгондор жумурткадан миз чыгарат???
Садык мырза рахмат сизге ушундай фильм тартканынызга.Ал эми тушунбой калган жигитке тенелбениз.сизди коро албай жаткан дардын бири экенго.тарыхты кошсонуз коркомдоп койсонуз болмок дейт коркомдок койсонуз бурмалап койдун дейт.эми баажы ойлоп суйлоп жатат.биз эгемен кунуно арналган тартуулаганын билдим. филимди коруп туруп кол чаап ыраазы болуп чыктынбы. Сиз тушунукту айттыныз билбегенин тушунбой калган жерин биринчи сизден сурап тактап анан талашса жарашмак экен .
Гулжигитке жин кирип кеткен окшойт айтып тушундуруп жатса дагы болбой эле суроо берип жадабайсынбы же тушунбойсунбу беш кол тен эмес ар Ким аргандай ойлой берет Садык байке туура айтасыз ал тушунбойт баарыбир.
Жакшы кино дагы осушунорду каалайм.
Салам алейкум (арыбаңыздар), туугандар!
Кассадан жылбай туруп (орусча айтканда - не отходя от кассы), "Курманжан Датка" тасмасы тууралуу ойлорумду бөлүшө кетейин.
"Бүткөн ишке сынчы көп",
"сынчы болгону деле болбогону дел сындап жатат",
"өмүрүңдө бир тасма тарт, анан сында",
"жумурткадан кыз издебе",
"ит үрө берет, кербен жүрө берет", ж.б.у.
сыяктуу сөздөргө карабастан, күбө болгондорумду жаза кетейин. Тасманы көрбөй туруп, тизерин эле сындаганым үчүн толтура комментарий кеткен болчу.
Эми берген сөзүмдө турайын, толук көргөндө ой бөлүшөм деген элем...
1) Артистизм СУПЕР! Биздин актер жана актрисалардан айланса болот. Баарына даңк! Аябай берилип аткарышыптыр. Жаратылышыбыз аябай кооз!!!!! Сценарийдин туура эмес коюлушу жана тарыхтын бурмаланышы көлөкө түшүрүп коюптур.
2) Дагы көптөгөн тарыхый тасма тартылышы керек экени байкалып турат (бирок туура сценарист жана режиссерлор менен).
3) Зына кылды (күйөөсүнүн көзүнө чөп салды) деп шектелген кыз менен Курманжан Датка жана Алымбек Даткалардын таанышуу сахналары орусча айтканда - не в тему - болуп калыптыр.
Зынаны жазалоо сахнасын тасмага "сөзсүз" киргизиш керек болгону даана байкалып турат.
"2 күбө бар" дегени дагы "жазалоочулардын" же сценаристтердин "4 күбөдөн" кабары жок экенин айгинелеп турат.
4) Кумгандагы жазуу, Туулар - желектер, колго тигилген кол аарчы (платок), Шабдан баатырга жазылган кат жана андан келген кат, Курултайда колдонулган ортодогу белгилер, жана башка учурларда аябай эле көп жолу Теңирчилик менен ассоциациялашып калган руникалык жазууларды жана балбандарды колдонуу аракети байкалууда.
Ал кезде кыргыздар жазуу катары арап арибин колдонушкан.
Руникалык жазууларды 1893-ж. даниялык профессор В.Томсон чечмелеген, биринчи жолу 1894-ж. орус түркологу, академик В.В.Радлов окуган. (ky.wikipedia.org/…/%D0%9E%D1%80%D1%85%D0%BE%D0%BD-%D…)
Бой жеткен Курманжан Даткага (1811 - 1907) Кумгандагы жазуу эмне экенин "суратып", "билдирип" койгон режиссер жана сценаристтерин бирөөсүнүн эле Сарыгулов болгону - эмне үчүн хронологияга сыйбаган, тарыхка туура келбеген көрүнүштөрдүн орун алганын даана түшүндүрүп турат.
5) Курманжан Датканы сөзсүз чечиндирүү керек беле? Ал чечинип жатканда баарын таңыркатып каратып койгону ал кездеги (жана азыркы) кайсы баалулугубузга туура келет? Мейли, режиссер болбой эле сөзсүз эле чечиндиргиси келди дейли, анда деле анын жалгыз өзүн эле чечиндирсе болот эле да, тигилерди таңыркатпай(?!). Уяттуу жерлерди башкалардын көзүнөн жашыруу ар дайым эле болуп келген кыргызда - ал башкалары аял киши болсо дагы.
6) Кыргыз эч качан кызын өзү жөнөткөн эмес, кызды ала турган болочок күйөө бала алдынан алып кеткен.
7)"Ассалоому алейкум/Салам алейкум!" аз колдонулганга аракет жасалыптыр (болгону 2 эле жерде - Эмир жана Ниязаалы колдонот), "Арыбаңыздар!" көп колдонулуптур.
8) Алымбек Датка намаз окуп жатканда бут кийимчен окутулуптур. Намаздын ички алты (6) жана тышкы алты (6) парзы бар. Бут кийим ар кандай ыплас нерселерди басканы үчүн, намазда да тазалыкка аябай маани берилгени үчүн, бут кийимсиз же маасы менен окулат.
9) Алымбек Датка мечитте намаз окуп жатканда өлтүрүлгөн эмес. Ал өлтүрүлөөрүн сезип, түн ичи Алайга атчан барганда, Курманжан Датка аны аттан түшүрбөй туруп, кымызын берип, түн ичи кайра Коконго жөнөткөн.
Ал билген, бул иш эмне менен бүтөөрүн, бирок мамлекеттик деңгээлде ой жүгүрткөн кишилер катары алар бири бирин туура түшүнүшкөн.
Алымбек Датканы Кокон сарайындагы интригандар өлтүргөн, кыргыздар эмес.
10) Кокон хандыгында кыргыздар тең ата болгон. Кыргыздар Кокондун эзүүсү алдында болгон эмес. Анжиян, Наманган, Кокон, Алай, Кара-Кулжа, Аксы кыргыздары ордого каалаган кишисин коюп, каалаганын алып турган. Ошондуктан ордонун интригандары тоолуктар менен жакшы мамиледе болгонго аракет жасап келишкен. Тасмада ал атмосфераны байкай алган жокмун. Кыргыздар ал кезде Кокондун ичинде эле эмес, Борбор Азияда, Түркстанда (Батыш жана Чыгыш), бери жагы Кашгар, Индастан, Ооганстан, ары жагы Эдил(Волга)-Жайык, Кырымга (Крым) чейинки мейкиндикте ар кыл геополитикалык процесстерге активдүү катышып келишкен.
11) "Көкө-Теңир колдой көр, Көкө-Теңир колдой көр!" - деп бир шаманга окшогон кийинген адамга айттырып, режиссер убакыттын машинеси (машина времени) менен ар башка доордогу көрүнүштөрдү бир кадрга киргизүү ийгилигине жетишиптир! Хронологияга көңүл бурулбаптыр жана тарых аябай бурмаланыптыр.
12) Массовка аябай эле аз. Улуттук маанидеги тасма тартылып жатканда көптөгөн жарандарыбыз АКЫСЫЗ деле келип беришмек.
13) Орус генералдарын баарын эле бир басып алуучу деп көргөзгөндүн ордуна "жакшы полицейский жана жаман полицейский" тактикасы колдонулуптур.
14) Орус аскерлери аппакай, чаң жукпаган, позитивдүү маанайда берилиптир. Кичине болсо дагы кийимдерин кирдетип, согуштан чыккандарын, тоолук кыргыздардан коркуп кылчылдагандарын чагылдырса болмок.
Абдылдабек башка жерге кетти, кутучада анын жүрөгү келди, бирок бүгүнкү күндүн Абдылдабектерине берилген месседж көрө алган жокмун. Абдылдабектер өлгөн жок, ал ар бир кыргыздын жүрөгүндө жашап келиши керек деген үндөө берилиши керек эле.
Бажы Биримдигине кирүүнүн алдында "кайда барабыз, киребиз да" деген таризде элди психологиялык жактан алдын ала даярдоо тасманын максаттарына кирээри ачык болуп калды.
Бул тасманын Эгемендүүлүк Күнү көрсөтүлө башташы бул өңүттөн алып караганда бизди шылдыңдоого дагы жатат деген ойдомун. Ирония дейбизби?
Бул тасмадан бир жыйынтык чыгардым. Кантип бир же бир ууч адам абдан тартылышы керек болгон тарыхый тасмага туура эмес сценарийлери менен, өздөрүнүн идеологиясын таңуулоо жана үгүттөө инстинкттери менен миллиондогон акчаны өз максатына пайдаланса боло берээрине дагы бир ирет күбө болдум. Мыкты аткаруучуларыбызга, кооз жаратылышыбызга, тарыхыбызга кантип көлөкө түшүрсө боло берээрине күбө болдум.
Сунушум: Мындан ары тарыхый тасма тартылаардан мурда жоон топ тарыхчылардын, коомдун ишмерлердин, өз тармагында адис болгондордун пикирлери алынса жакшы болот.
Өлкөбүздү бириктирүүчү тасма тартылышы үчүн жалпы жолунан ачык тендер жарыяланып, баары ачык өткөнү логикага жана мыйзамга ылайык келет.
Камчыбектер дарга асыла бербесин, бир Камчыбегибиздин дарга асылганы ЖЕТЕТ.
Мындан ары Абдылдабектер көбөйүп, ага окшоп четте Мекенине куса болуп каза болбой, өз Мекенинде туруп, Эгемендүүлүк үчүн күрөшкөндөр көбөйө берсин!
батл между Шер ниязом и Гулжигита неправильно. Материал уже отснята и нельзя его исправлять, переснимать.... А критика есть и будет кокой бы идеальный фильм не снимали . Гулжигит и таким же людям как они (хорошим смысле этого слова) знающие историю Надо объяснить задумку режиссера ,что и делает Шер нияз. Реагирует конечно остро Шер нияз ,но ведь Гулжигит доводит его. Шер нияз и Гулжигит должны обсуждать+ - фильма , не ругаться и устраивать баталию. а насчет Алымбек датхи в обуви читал намаз ,не там отрубили голову.... это все мелоч. Тенгрианство (тенирчилик) религия и мировоззрение наших пра пра пра бабушек дедушек.
Колдо корсоткондун ордуна кочугун чукуйсунарда кыргыздар бири бирибизди колдойлуучу рахмат шер нияз агага ошол учун да кыргыз онбойт
кино абдан сонун тартылган.Кыргызстандын кооз жерлери чагылдырылган. Эн негизгиси жаштарды патриоттуулукка чакырган фильм болгон. Копчулукко жакты деген пикирлерди уктум.Гулжигит кыргыз учун куйгон жигит эмес экенин коргозду.
Гулжигит туура айтыптыр.Туптура айтыптыр.Сиз Майрам окубаптырсыз
Кино ото катуу бурмаланган!Тарыхты билген киши бурмаланганын тушунот,билбеген киши туура деп ойлой берет!Ото бурмалаган,бул бурмалоо залакасын тийгизет!
Кандай соонун тартылган кино деген ошондой коркомдогон учун аталат да кино деп сен эмне биринчи кино эмес кичине видео тартчы Гулжигит
Садык байкени сыйлайм бирок Гулжигит байкенин созуно кошулат елем анткени ошол убакта Ассалоом Алейкум азыркыданда коп суйлонгонда , баш алууда турамес жерде болуп калган Садык байке чынында ошол убакты коргозсо мындан да жакшы чыкмак бирок кино жакшы тушурулгон рахмат
Садык ака азаматсыз
Калп айтып эле бироону суйунто бербеш керек.Туураны туура, туура эмести туура эмес деген жакшы..Эгер тушунгон адам болсо туура эле кабыл алат да
Бул жерге тарыхчылардан Кыяз Молдокасымов,Тынчтыкбек Чоротегин тарыхчылардан,Эгер корсо Чубак ажы Жалиловду чыкырыш керек эле.
бир аз кемчиликтери болгону менен, ЭҢ СОНУН ТАСМА БОЛГОН!
фильм жакшы тартылган, бирок тарыхый бурулуштарга кобуроок конул бурса болмок.
баласын дарга аскан жэри бурмаланды дагы бири бурмаласа.тарыхты таппай калабыс.энебис ошол жэрдэги окуя арклуу тарыхта калган. алайлыктардан сурап дал ошондой тартыш керек болчу.
Аттин, элдин кутуусу акталбай калды. Акчабыз жок болсо дагы жакшы акча болунгон эле. Эми мынтип тарыхты бурмалап... Уят эле!
Бул жерге тарыхчылардан Кыяз Молдокасымов,Тынчтыкбек Чоротегин тарыхчылардан,Эгер корсо Чубак ажы Жалиловду чыкырыш керек эле,Жана
Кино мыкты жакшы супер фильм. Садык байке.
Шер -Нияз все же служитель тенгрианства?
Фильм мыкты тартылган менин ойумча Алымбек датка Курманжан энебиз менен таанышкан жерин карап корсонор бул жерде режисер ошончо элдин арасынан коркпой Курманжан энебиз аялга суу бергендигин баатырдыгын чагылдырган.
Рахмат киного,бирок .....Бурмаланган.Орус улутун маданияттуу кылынганДал китепти окугандагыдай эмес.Коп жерлери бурмаланган
Гулжигит айтышка чыкса жарашат экен айтышып турат мээси жок ичи куйуп жатат кыйын болсо кино тартсын колунан эч нерсе келбейт не культурный Гулжигит
Бул талкууда эки жак тең сонун пикирлер айтып кетти, биринчиден тасма чыгарма, экинчиден чыгарма дагы сонун болмок деп сынап жатат. Кааларым дайыма сынчылар жана жыгарма жараткандар дайым бир бирине карабай талыкпай иштеп сүйлөп келе берсин.Бирок кичекей тамгалар менен ажылдабай, көлөмүн салбай сүйлөшкөндү билүү керек. Талкууда тартипти сактоону да билүү керек.Экөө тең азамат.Жакшы жыйынтык чыкты камсанаба ТҮШҮНҮК.
Мында эң негизги максат - казыркы Кыргызстандын жактайына карата идеологиялык жактан элди бириктирүү, патриоттук сезимге жаштарды деги эле жалпы кыргыз элин ушул багытта тарбиялоого, чакырууга негизделген фильм деп кароо керек. Бул көркөм фильм ошондуктан Шер Нияз Мырза кичине көркөмдөп чыгарган чыгарма деп түшүндүм. Аябай кубанычтамын мени менен курдаш эле инсан экен ушундай мыкты кино жаратканына сыймыктанып турам.
Садык Шер Нияз алтын башыңыз аман болсун.
Мен Кара-кулжадан болом.
Гүлжигит сен майдачыл экенсиң.
Колуңан келсе тарт да сен дагы,көрөлү.Колуңан пок келбейт кечирип кой.
Кыргыз сөздөрүн эмнеге жээрип атасың?
Эмне болуптур арыбаңыз десе?
Шер-нияз слишком остро реагирует. Озунун дагы маданияты жок экен. Кыйкырбай эле суйлобойбу. Тоже мне министр культуры и человек творчества.
Кордум бул тасманы Дубайдан, эн сонун! Бирок албетте кемчиликтери бар экен. Чечинтип жуудуруп жаткан жери туура эмес, андай жок бочу. Намаз окуп жатканда башын алган жери деле туура экен бир четинен. Анкени бул динге берилгенин билдирет, жакшы. Акыркы намазын бузбай окуду азамат! Анан жанакы тил жагынан, ал убакытта араб алфавити болчу, орхон энисей тамгаларына алмаштырып коюптур, мейли анысы деле жакшы
туура сын пикир берипсин
Neo Nero Nur рахмат
Намаз окуп жатканда башы алынган негизи Алымбек датка эмес Нүзүп аталык болгон. Алымбек датканы колун жууп жаткан жеринде Чотон деген Алымкул аталыктын кишиси кескен.
Негизи кинонун сапаты жакшы. Бирок режиссер өзүнүн гана идеясын киргизип салган. Мисалы Курманжан Датка энебиз "Ислам" динин бекем туткан айым болгон. Ал эми бул кинодо "Ислам" динин терс көрсөтүп, теңирчилик жагын көздөгөнү байкалып турат. Төлөгөн Касымбековдун да көркөм чыгармасын четке каккан. Ошондой эле тарыхка басым жасаган эмес. "Ассалому Алейкум" деген учурашууну эмес арыбаңыз деген сөздү колдонуптур.
Кино ото соонун тартылган,соз жок..!!Кыргызда 25 жылдын ичинде аран ушундай кино тартылса,ошону да коро албастар чыгып жатат......эхх кыргызым ай ошон учун онукпойбузда....
Биз бироонун которулуп бара жатканын коро айбайбыз да. Коруп калсак бут тозуш кекрек. А эгерде бары башкача болгондо анда биз эчак онугуп чокуда олтурмакбыз, сыймыктанып бири-бирибиз менен.
Кино жаман тартылган
Sindi tyyra kabyl aluu kerek.Kerek bolso Gollivuudun en kiyin $200 million dollarga tartylgan kinosynada syn berilet,jana ataiyn synchylar bar,taryxchilar,kino synchylari,koryychulor.
Bul jigit jon gana ozynyn synin,oiun aityp jatat.
A Sherniaz any tyyra kabil albai,jindenip atkany tyyra emes. Ech kachan rejisser "Menin kinom sonun,men sonun tarttym" dep aitpash kerek. El synait jana ataiy kino kritikteri ozylorynyn oiun,koz karashyn tartynbai aityyga akysi bar.
Шер алга
Садык агай КУРМАНЖАН ДАТКА фильми Москва шаарында.коргозулобу?
гулжигит мынча тормузсун
Гулжигиттин ордуна тарыхчы чыкса болмок.
биринчиден тасманын тартылганы кыргызстан учун чон байлык,мазмуну андай болобу мындай болобу,экинчиден тарткан адамга рахмат жакшы тарттыбы жаман тарттыбы,учунчудон тарых бурмаланды дейсинер тарыхта кандай болгонун Алладан башка эч ким билбейт,эн негизи Курманжан датка фильми деген жазуу мен учун сыймык
Шер-нияз упал ниже своего достоинства. Не надо оскорблять и пользоваться дешевой лексикой. Просто он возомнил себя Джеймсон Камероном и теперь критику не может выдержать.
Бул анкоо тенирчимин деп айталбай жатат булар бир эле бул эмес баары ушундай созго тушунбойт бир эле бул эмес талашкан менен пайда жок баарибир тушунбой тура берет кыргызстан светтик олко болгону менен ичиндеги 95% пайыз эли мусулман закон олко баары элдин укугун колдойт ошондо мусулманбыз биз исламды кордобонуз садык шер кыргыз эли сиз менен бироо бирнерсе десе конул бурбаныс алар ооозуна келген чопту жейт кыргыз садык шер менен
Алымбек Датка 1862-жылы каза болгон. Жантай Баатыр болсо 1867-жылы каза болгон. Тасмада Алымбек Датка Чуйго келип, Жантай баатырга ал каза болоор алдында жолугуп, Шабдан баатырга: "Жантай баатырдын коз жумушуна аз калды, барып жетишип кал, бизди узатпай эле кой" деп жатат... Алымбек Датканы мурзодон чыгарып, Жантай баатыр каза болоор алдында ага жолуктуруп койгон Sadyk Sher-Niyaz мырзага данк жана дунк!!!
Алымбек Датка Чуйго келгенде боз уйлорду аралатып, ат чаптырып коюшуптур. Кыргыз антип уйлорду аралап, атты чапкан эмес да. Уйлордун жанында аттарды жай бастырып, талаада чапкан.
Тарыхый эпикалык драма дебей эле, тарыхый дегенди алып салса туура болмок.
издеп чуккуй берсен андан да коп катталар табылат деп ойлом, 10 жылдан кийин бул "тарыхый эпикалык драма" критиканы чыдабайтко деп ойлойм.
Башынан аягына чейин кулдум😅😅😅🤣🤣🤣🤣🤣😂😂😂😂😂😂😂😂👍👍👍👍👍👍👍👍👍Шернияз огонь🤣🤣🤣🤣🤣🤣 шыкаалаба дейт😂😂😂😂
Гулжигит туура эле кылган,Эгер ушуга окшогон сындар айтылып турбаса бугун тенир колдосун десе эртен дагы бир нерсе колдосун деп айтат.Эгер бизде 80% мусулман болгондон кийин(айтып жатпайбы коркомдодук деп) Кудай колдосун же Аллах колдосун деп коркомдосо да болмок да!!!
Бұл фильмде шынымен-ақ тарих жоқ па?
Эгерде Кыргызстан светтик мамлекет болсо эмне учун хрестиян, буддизм диндери каралган жок? Силер баардыгын бирдей караш керек дейсинер.
Нуржигит туура айтты курманжа датка фильмде тарыхты бурмалабай жаман жагында тартып койсо кино коркуно чыкмак
Бул Гүлжигит өзү бир башка динди колдогон жигит окшойт,динди көбүрөөк сүйлөп сөз укпаган бала экен, ажылдап сөз бербейт, миң жылдыкты кантип бир киного батырыш керек,Садык эң сонун тарткан кинону ,дагы тарта берсин
Алымбектин башын Чотон бозуйдун ичинде атат. Жайнамаздын устундо Нузуптун башын алган . Персонажды кооздо учун нузуптун олумун ыйгарышып койушту болгону ошол
Негизи бутон ишке сынчы коп , анан озубуз динди айтып атабыз бирок динге да сын айтып атабыз Кайран елбиз, сакал койсон да айтышат даватка чыксан да сын айтабыз ,баарыбыз алыдуубуз биродон кемчик тапканды жакшы билип алдык. Жакшыны ашарып жаманды жаашырган адам болбодук, чындыгында даават керек баарыбыга ошол жерден тузолсок 20 шарттан чыкпасак.
Чындыкты гана тартыш керек, бул кино кыска , кыска гана тартылган супсак , бул өзү көп серияга татый турган окуялар .
Жакшы талкуу болуптур,бирок Гулжигит мырза менен коп жерде макул боло албадым,мен тушунгонум боюнча фильм Ислам динин даназалаган фильм болсо болмок дегендей тушундум.ал эми тарых бурмаланды дегенге,бул эми корком фильм болуп жатпайбы коркомдолуп, кооздолуп улуу Манас эпосу канча деген коркомдолуу менен жазылган...ага эч ким критика издеген жок...
Исламды даназалаштын деле кереги жок эле, тарыхты бурмалабай берсе жетиштуу болмок. Бул корком фильм деп аркасына жашынганы менен ТАРЫХЫЙ ЭПИКАЛЫК ДРАМА деп жарыялашты. Садык Шер-Нияз бул тасмада тарых жок, деп алып, кайра тарыхый деп урдуруп жатат. Жогоруда талкуудан караныз.
Kanday gana karangy bul guljigit(ataiyn kichi tamga menen)?!! Ayabai bir oluttuu suroolordu berebi desem ele, kapkayaktagy nerselerdi ele aityp jatat. Bul bala jumurtkadan ele kyr izdep jatkanday. Ozu dele sozunun bash-ayagyn tappai kaldy. Tasma EN MYKTY! Ushundai "chala" kyrgyzdardan Kyrgyzstan onukpoit! Ruslan Tagaevge tolugu menen koshulam!
Бул тасма жаш балдарга улгу болот эртен биздин балдар да тенир колдосун деп калбасын!!!
Садык арбаңыз дегениңи түшүнбөдүм Ассаламу Алейкум дешибиз керек
Ал Теңирчи
Шер Нияз ото таанымал Гулжигит ке пиарга оңой жол го дейм
Бул жигит кыргыздын адамы болсо туура эмес жака буруп карабай кеткен жери болсо дагы жакшы жагына карап биригууго ынтымака кыргыздын баатырдыгын даназалаган филим экен деп адамча ой жугуртсо талашпайт эле. Чукуп тыяка быяка окошотуруп антин минтин деп тескери жака бурмалап караса ошондой мээсине синип калат.
Дагы 100 тарых тасмалары тартылсын жана ушундай сындашып тартышсын деп тиленем. Бар жаман эмес жок жаман.
Ээээх тиги кыйналбай эле тенирчимин дебейби дудаланып созду айландырбастан садык шер биз сиз менен сыймыктанабыз мындай кишилерге баш оорутбаныз булар оозуна келген чопту жейт сизге бироо бирнерсе десе кыргыз сиз менен ишинизге ийгилик эми манас тууралу кино тартыныз
Шер,садык.окогтен журогунорго иман берсин.
Жакшы элэ тартылган жакты кемчилдик болбой койбойт сындаган туура
Алып баруучуну, орто жаштагы, тарыхты жакшы билген,туура суроо берген журналисти койсоңор болмок, экөөнү айтыштырып коюп карап турат.Элдин алдына чыккан соң, өзүңөрдү,көрүүчүлөрдү сыйлап иш алып барып жүргүлө ( депутаттардын дебатынан, айырмасы жок).
Садык Шернияз жакшы тарткан кинону
Камчыбекти дарга асып жаткандагы эпизод жакшы тартылбай калган коп эл массовка болуш керек элекылкылдаган анан башынды бийик котор деген созду айттырыш керек эле
Бул жерде толук маалымат: facebook.com/guljigit.isakov/posts/10152813522802122
Bereke Group ю
Тарыхчылардын ой-пикири www.bbc.co.uk/kyrgyz/learning_english/2014/12/141226_history
ушинтип башталган facebook.com/guljigit.isakov/posts/10152756934752122
Бул манкурт кайдан пайда болду акулду экенсин тартып жатканда кайда болчун башына котогум сенин пикирине
Кемчилдиги жок адам болбойт, кемчилдигине караганда жакшы жагы кобуроок адам болот! Ошол сынары бул тасмадада кемчилдик бар, бирок жакшы жактары кобуроок деп ойлойм, анан дагы айтылып келген соз бар жакшы соз суйлой албасан анда унчукпа деген, ошондукиан озубузду озубуз басынта бербейли, тушунбогон нерсесин сурады, бирок суроосуна жооп алып дагыда чукулап атат, буну мен ойлойм тушунук теле беруусундо женилип калды деген ойдо болуп калбайын деп маселени дагыда чукуулдатып салды деп, бирок жакшы болду тушунбогон жерлеримди тушунуп алдым!
Учурашканы эң туура арбаңыз деп эле учурашчу, азыр кыздарыбыз деле Ассалом алейкум дешет, мен жаш кезде ушул учурашууну өзбектерден укчумун, кыргыздар антип учурашчу эмес,
жакшы сонун
колунан келбесе не кыламын айтып
Тарыхты өзүң каалагандай бурмалап көрсөткөнгө укугуң жок эле.Гүлжигит туура айтты.Эми эмне Садык Шердин бурмалоосун жаштар тарых деп билсинби.Эл күткөн кинону тарыхий негиздерге таянып тартыш керек эле.Элдин башын айландырбай тартпай эле коюу керек эле.Эл жакшы деп алкыштаганы ошол доорду тасмада көргүсү келген,Садык Шер ошондон пайдаланып элди алдады.Бул сенин өзүң жазган повестиң эмес да.
садык шернияз чынгыз ханды тарткансып суйлойсузго мойнузга алзаныз сынды, мультфилим тартып алгансынар негизи беш муноттук, жок дегенде 6,7 серия болуш керек болчу
Sadyk aga, kyska soz mn aytkanda karwynyzdagy adamdin dengeeli tushunuktuu(on point of educated people). Tasma oto jogoru dengeelde tartylgan jana bul faktka kalin el kalys. Adam 3 jaktan osuu kerek : 1) intellektualdik 2) fizikalik 3) ruhaniy uwulardin kaisisi al synchy baikege jetpegenine kubo bolup oturabiz. Bizde en chon ooruu (kgda) --korunbogon jip chalywtyruu je bolboso koro albastyk. Baarybyz jakwy peyilge umtunaly ,uyronolu. Koldoilu jana onugolu!!!
AA A AA A AA A Sen ekoobuz burinchi Guljigit baikenin dengeeline jetip alailychy tuganym.
Koyulgan syndar tuura jana munu kabyl alysh kerek.
Emne batyshka jagynayin je Hollywoodka jagynayin dep taryhty je dindi burmalash kerekpi???
Koro albastyk mynday bolboyt. Aytip jatpaiby , senarist katary emes korarman katary , taryhty bilgen, dinden kabary bar adam katary syndap jatam dep.
Ozun da namaz okugan balasyn go, aytchy kachan musulmandar (erkek bolso da , ayal bolso ) birin birin avratyna karachy ele ?
Al ubakkytta Orhon Enesai tamgalary koldonulbayt ele , arab tamgalarryn koldonup Chagatai Turkcho je Kyrgyz tilinde jazyshchu ele.
Emi saga syn : tigi baike senin oyuncha kaisy jaktan ospoi kalyptyr? Intellectualdyk jaktanby? , Fizikalyk jaktanby? Je Diniy jaktanby ?
Ozunu biroodon akylduu eseptoodon murun oshol kishini 100% taanyp alsan jakshy bolmok!
Assalom aleykum!
Anan Assalom aleykum dep salamdashuunun “Arbanyz” degen sozdon toodoi ayirmasy bar jana kasieti chon!
Бул жерде дагы. facebook.com/guljigit.isakov/posts/10152756934752122
Guljigit myrza. kolunan k...k kelbegenden kiin emne byljyrap chygasyn bul jakka. tyshyndyrso je tyshynboisyn. kotyndy kysyp oltura ber.Kino abdan sonun bolgon biz Korea jergesinen kordyk. Sadyk Sher Niyaz myrzaga rahmatybyzdy aitabyz. dagy jakshy maanilyy kinotasmalardy kytobyz.
Uli Kulbachaev Kolunan kelgeni uchun aityp, tigini chychalatyp jatat da. siz aitmakchy kolunan ... kelbegender jon ele Sadykty maktap oturat. Chychalagan chyn.
кыйын экенсин мультфиль тартып алчы
Кыргызы изначально были тенгрианцы. Ислам релия 1500 лет всего. Кыргызы до 5 века до нашей эры существовали. Вопрос-кем они были до ислама? Конечно тенгричи. Вот и все
Гулжигит сеники туура эмес.Шер нияз туура айтып жатат копчулукко жакты сонун кино.кызды куйого узаткан жери туп туура.дагы жакшы кинолорду тарта бергиле.бойроктон шыйрак чыгаргандар сындап журо берсин.
Динди билет экен бирок бу башка мазхабтан окшойт же жакшы билбейби билбейм маселелерди башкача айтып жатат