Элмирбек Иманалиев - БУЛБУЛУМ
Vložit
- čas přidán 26. 04. 2020
- Элмирбек Иманалиев - Булбулум
Сөзү : Э. Иманалиевдики
Обону : Э. Иманалиевдики
Ар кечте, ар таңда боздоп сайрап,
Армандуу сезимди козгоп сайрап.
Бир булбул буулугуп келет күндө,
Биз жүрчү алма бакты болжоп сайрап.
Ал бакта адашып күүгүм калган,
Ар шакта алмадай сүйүүм калган.
Ал сүйүүм булбулга айланганбы?
Ашыгын издеген үрүл таңдан.
Кайырма:
Булбулум, булбулум, ай,
Буулуккан кургурум, ай.
Бул кечте үнүң баспай,
Буулуктуң неге мынча, ай,
Булбулум, булбулум, ай?
Жаңшайсың, жаш булбул, токтобогон,
Жашоодо жан жок, эй боздобогон.
Жашыймын көп эстеп ал күндөрдү,
Жаштыгым жаштыкка, эй, окшобогон.
Сайрашың өткөндү эске салып,
Санааркайм, ал күндөр четте калып.
Буулуккан булбулдай сени жоктойм,
Буйруксуз сүйүүмдү эстеп алып.
Кайырма:
Ар кечте, ар таңда боздоп сайрап,
Азгырып сезимди козгоп сайрап.
Бир булбул буулугуп келет күндө,
Биз жүрчү алма бакты болжоп сайрап.
Ал бакта адашып күүгүм калган,
Ар шакта алмадай сүйүүм калган.
Ал сүйүүм булбулга айланганбы?
Ашыгын издеген үрүл таңдан.
#KUTTV #ЭлмирбекИманалиев - Hudba
☝☝ *КАНАЛГА КАТТАЛЫП КОҢГУРООНУ БАСАБЫЗ* 💯% 👍👍💥
ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВдин башка видеолору👇👇👇
Элмирбек Иманалиев // ЧОҢДОРГО КАЙРЫЛУУ
czcams.com/video/8voTWlh29Ss/video.html
Элмирбек Иманалиев - БУЛБУЛУМ
czcams.com/video/TLu67UcJabE/video.html
Элмирбек Иманалиев Гүлбү Ороскул кызы ЖАШ КЕЗИНДЕГИ ВИДЕОСУ
czcams.com/video/DvwdFat5E7w/video.html
Элмирбек Иманалиев - ЖАЛГЫЗДЫК (карап - карап)
czcams.com/video/1uHeZZIoC48/video.html
КОШ ЭЛМИР БУЛБУЛУМ ДОСУМ // Жеңишбек Жумакадыр ЫР САПТАРЫН АРНАДЫ
czcams.com/video/ej1_iTKr3wo/video.html
Шын талантқа өнерде шекара жоқ расында... Нағыз ел ағасы болып, ұлтты ұйытар шағында... Ажалға араша барма, иманың жолдас болсын АҒА
Элмирбек озу кыргыз элинин булбулу эле. Аттин ай.
АЛП акын Кыргыздын сыймыгы Аттин.жайы жаннаттан болсун.
Ак калпак эли шерденткен.
Алп акын болуп эр жеткен.
Улуу сөз, улуу баянын ,
Уксам деп калкын дегдеткен.
Ар таланты ташкындап,
Ак жылдыз болуп жарк эткен.
Обону ойго терметкен,
Оболоп атак даңкы өскөн
Кайрылып күндө уксак деп,
Казак, кыргыз дегдешкен.
Улуу элдин баалуулуктарын,
Урпака таасын көрсөткөн.
Ойлору тунук берметтен,
Орошон талант элең сен.
Улуу ойчулдук мурасын,
Улантаар бирөө бар бекен.
Улуттун улуу тарыхын,
Улантаар талант элең сен.
Күн чыккандай чыгыштан,
Күлгөнү жүрөк жылыткан.
Күү чертсең миң кубултуп,
Кары- жаш сүйүп угушкан.
Керемет нечен күүлөрдү,
Көөнүнө журттун уюткан.
Ай чыккандай булуттан,
Ажары жүрөк жылыткан.
Булбулдай таңшып өзү да,
Булбулун айтып буулуккан.
Бул керемет обон деп,
Бүт элдер эңсеп угушкан
Ачуу сөз айтпай кыйыткан.
Адамдан башка сылык жан.
Айтышта нуска ырына,
Агаин журтун муюткан.
Түрк элдери берилип,
Таланттын сүйүп угушкан.
Жалган сөз айтса ийгиби,
Жаман көз сага тийдиби.
Жашоосун ойлоп элиңдин,
Жалындап ичин күйдүбү.
Жан алгыч келип капилет,
Жаннаттын жолун чийдиби.
Кыңыр кеп айтса ийгиби,
Көөдөнүн түтөп жүрдүбү.
Акыйкат ырын кектеген,
Адамдын сөзү тийдиби.
Намыс, арды билбеген,
Наадандын тили тийдиби
Өзүңдөн алган үлгүнү.
Өзөктөр өрттөй күйдубу.
Өрт болуп жанган асыл жан,
Өлүмгө башын ийдиби.
Жазмышка айла жок экен,
Жалп өчтү өмүр бир күнү...
"Жаз деми" жыйнагы.Сыдыкбек Самадинов.
😪😪😪😪🤲жаткан жерин жайлуу болсун Гулбубу экоон Фирдауста жолугуп Жаннат та гулзарда эрчищип жургуло амминь
Жаның жәннәтта болсын.
🤲🤲🤲😢
🤲🤲🤲🥺
Оомин дечи
Булбулум деп сайраган өзүң булбулу элең элиңдин.кыргызым деп күйүп жанып ыр төккөн кырааны элең кыргыздын.чолпону элең жарыгын жарык чачкан жылдыздын
Булукан булбулум элмир Гулбубуно булугуп кетинби сагынып артынан Гулбубун буралып тосуп алдыго жаным
Булбулум деп ырдачы элен атин ажал улук эмне дейбиз айла жок Аллахым жантан орун берсин кыргыздын булбу очту атин мындай ырчы кайра келбейт атин.
Оба
Аллахым бейиш жолун айабасын омин
Жаткан жери жайлу болсун
😢😢😢 Аллахым жайыныз жаната болсун
Кандай соонун ырларды жараткан!!! Аллахым бейишинен орун берсин! 😣😞🥺
Иии балам сен бизге дайыма тируусун кыргыз эли сени менен жашап келет ❤👏✋
Кошо ырдап комуз менен…Аттин дедим🥲…Ырларын туболуктуу кала берет Элмир 🥲🥲🥲
Мен өтө идеал туткан адам эле,😭ошол жактан бейишин 🤲🤲🤲
О дуниеде бирыншы некесыне косылады деиды казакта екеуы. Косылып жаткан шыгарып жаткан шыгар. Жаннаттан жаи болсын екеуыде жас кетты кыимаисын. Еи аттен кыргыздын ашык жыгыт кыздары есыл ашыктар. О дуниеи.
Мындай талант качан жаралат болдукен
Элмирбек. Иним. Кыргыз. Элина. Сени. Берди,. Бирок. Тез. Эле. Алып. Кетти аттин. Армандуу. Дунуйо. Эстесем. Буулуп. Ыйлаймын. Сендей. Жок😭😭😭🥀🥀
@@user-lw2ty9eb8x !
@@user-lw2ty9eb8x кандай
Элмирбектин экинчи аялы атын билбей экем ошол кыз ЭлмирбектенДуйного келген балдарды тарбиялап жатат ошол жубайына куч сабыр берсинЭлмирбектин балдары бар инша Аллах Элмирбек тируу
Ар кечте, ар таңда боздоп сайрап,
Армандуу сезимди козгоп сайрап.
Бир булбул буулугуп келет күндө,
Биз жүрчү алма бакты болжоп сайрап.
Ал бакта адашып күүгүм калган,
Ар шакта алмадай сүйүүм калган.
Ал сүйүүм булбулга айланганбы?
Ашыгын издеген үрүл таңдан.
Кайырма:
Булбулум, булбулум, ай,
Буулуккан кургурум, ай.
Бул кечте үнүң баспай,
Буулуктуң неге мынча, ай,
Булбулум, булбулум, ай?
Жаңшайсың, жаш булбул, токтобогон,
Жашоодо жан жок, эй боздобогон.
Жашыймын көп эстеп ал күндөрдү,
Жаштыгым жаштыкка, эй, окшобогон.
Сайрашың өткөндү эске салып,
Санааркайм, ал күндөр четте калып.
Буулуккан булбулдай сени жоктойм,
Буйруксуз сүйүүмдү эстеп алып.
Кайырма:
Ар кечте, ар таңда боздоп сайрап,
Азгырып сезимди козгоп сайрап.
Бир булбул буулугуп келет күндө,
Биз жүрчү алма бакты болжоп сайрап.
Ал бакта адашып күүгүм калган,
Ар шакта алмадай сүйүүм калган.
Ал сүйүүм булбулга айланганбы?
Ашыгын издеген үрүл таңдан.
Кайырма:
Ма Шаа Аллах сонун ырдайт экенсиз үнүңүзгө береке келечегибиз кең болсун буюрса Ин Шаа Аллах 😍👏😍😍😍👏😍😍😍🎉🎉🎉
Гулбубу эжеге арналган раматылык ашыктар бирин бирин суйуп оо дуйнодо бирге болунуздар Нурзада эжени да суйот ширин балдары бар
Жаткан жерин жайлуу болсун гул бу экоонорго аллахым бейишинен орун берсин амиин арман дуйно аттинай журогубуздо жашайсынар
Жүрөктөр тызылдайтко 🥺🥺😭😭жайы жаннаттан болсун
Аттин арман элмирбек элууго чыксан эмне кыргыздын кара жаак кайчы тил ак тандай акыны элен жаткан жерин жайлуу болсун акыным
😭булбулум булбулум деп журуп боздотуп кеттин кургурумай 😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭
Келгиле жаман болбой эгерде Элмирбек Иманалиев ди жакшы көрсөк жакшы адам бололу
Канча уксам да тажабайсын ырларын Боздогон бойдон алып кетти шум ажал Элмир тарыхта калдын жаратканым бейишин бере кор Артында калган балдарына бактылуулук бере кор 😥😥
Журокту сыктынарго экообуз.жон эле бири биринерди кечиришип жашай берсенер болот элего кайрандарым.аа дуйно барбы жокбу Ким билди.атаганат Бир берилген омурду кор кылдынар.
Зар Какшаган элмирбекти угуп откоруп зээним кейип заманам таарып буулугуп кетемин.вай вай .
Аллах оз рахматына алсын булбул озу елего
Эхх тагдыр неге мынча жакшы адамдарды алып кетесин😢😢😢😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😪🥺🥺🥺🥺🥺🥺🥺🥺🥺🥺🥺🥺🥺🥺🥺🥺🥺🥺🥺🥺🥺🥺🥺🥺🥺🥺🥺🥺эх,эх
Э.Иманалиев мыкты акын болчу, чындыкты 😭😭😭 ыр мн ырдап келген жаткан жериңиз жайлуу болсун Оомийин 🤲
2023 жыл, декабрь ай угуп жатам, укандар болсо, лайк
Азыр ырды угуп ыйлап олтурам😭😭
Елмирбек байке мен сизмененмин мен олсом иншаалллах жанымды сизменен бирге кылсадеп Аалллаэтан кооор сурайам мен сизди жакшы кором
Арман кун Гулбубуго жеткендирсин оо дуйно чын болсо
Нурзада эл суйлой берет итуу берет деген соз бар сен ага терикпе сага рахмат
Мерген талантыңа таасим баалагандар баалайт билбегендерге ойдонбо өзүңдүн күчтүү талантыңды тартуулап ден соолукта бол.
Ассалому алейкум сонун ырдапсыз тага ийгиликке жетип жүрө бериң
Аттиң арман, Элмирбек Иманалиев кандай гана керемет инсан эле, 😪 мыкты акыныбыздан айрылып калдык...😭😭
Акындар тенирчилер болот 👎 Аллах талла эрте алып Кети кечке ырдай берсе Аллах таллага жакпайта 👎👎
@@SamatMaksutov-eg9oq Сага окшогондорду жапайы жаныбар деп коёт...
@@SamatMaksutov-eg9oqнорм болчу эу
класс
Коз ачкан Гулюуюу
Орозкул кызына арналган суйуктуу жарына чын жактта жолугушаат
Аттин арманай
Қайран Элмир! Жатқан жерің жайлау,жаның жаннатта болсын!😢😢😂
Эмнесине күлөсүң???
Экө эки ажырашпаганда мындай ырлар чымак эмес
Андан эмес да негизи биринчи Гүлбү Ороскул кызы каза болду анан Элмирбек Иманалиев каза болду неге экөөнун ажырашканы не тийишеси бар 😢😢😢
Элмирбектин обондуу ырларынын тарыхын уккум келет,кимге кантип чыгарганын
Эң мыкты ыр .
Элмирбек авамдай жан жокта оруп журот журогум
Ырды хит кылдыго ❤❤❤
Сууйшло
Кайран жан отту кетти
Нурзат кандай бактылуу жубай 4 бала тороп уйдо куттуп отурган элмирдин лрдуна чимкириктер кырылып калса эмне
😭😭😭
😥😥😥😥😥🤲🤲🤲🤲🤲🤲
😔😔😔😪😪😪😪
😭😭💐🌸💐
Аркечте
😓😓😓😓😓😓😓😓😓
Бул ыр Гулбу эжеге да, Нурзада эжеге да арналган эмес. Казак акыны Айнур Турсынбаевага арналган экен. Экинчи куплетинде " жаншайсын жаш булбул токтобогон " деген суйлом, кыргызда жаншайсын деген соз жок. Жашайсын деген бар. Айнур Турсынбаева озу да айткан 2015 жылкы айтышта, мага арнап "булбулумду" жазыпсын деп.
гулбу эжеге эле жазган сагынычын айтып
Жаншайсын деген созду жок деп кантип айтып жатасын бул кыргыздын эле созу
Кошулам
Сен далбоеп соз билбесен обожаю жаншайсын деген сайрайсын дегендин синонимы булбулга айтып жатат
1-аялы кот экен
Билип билбегендейин Антип айтпаныз жанылбаган Адам жок
Тагдыр деген тушунукту уктунар беле
Эми бул жон эле ырда мисалы: клип тартып эле бир кыз менен же бир бала менен тартып койсо аны суйуп калдын десе болбойта
Ар кечте, ар таңда боздоп сайрап,
Армандуу сезимди козгоп сайрап.
Бир булбул буулугуп келет күндө,
Биз жүрчү алма бакты болжоп сайрап.
Ал бакта адашып күүгүм калган,
Ар шакта алмадай сүйүүм калган.
Ал сүйүүм булбулга айланганбы?
Ашыгын издеген үрүл таңдан.
Кайырма:
Булбулум, булбулум, ай,
Буулуккан кургурум, ай.
Бул кечте үнүң баспай,
Буулуктуң неге мынча, ай,
Булбулум, булбулум, ай?
Жаңшайсың, жаш булбул, токтобогон,
Жашоодо жан жок, эй боздобогон.
Жашыймын көп эстеп ал күндөрдү,
Жаштыгым жаштыкка, эй, окшобогон.
Сайрашың өткөндү эске салып,
Санааркайм, ал күндөр четте калып.
Буулуккан булбулдай сени жоктойм,
Буйруксуз сүйүүмдү эстеп алып.
Кайырма:
Ар кечте, ар таңда боздоп сайрап,
Азгырып сезимди козгоп сайрап.
Бир булбул буулугуп келет күндө,
Биз жүрчү алма бакты болжоп сайрап.
Ал бакта адашып күүгүм калган,
Ар шакта алмадай сүйүүм калган.
Ал сүйүүм булбулга айланганбы?
Ашыгын издеген үрүл таңдан.
Кайырма:
👍👍