Сериал I

Sdílet
Vložit
  • čas přidán 21. 08. 2024
  • #Агай - чыныгы окуядан шыктанган сериал.
    Эксперименталдык гимназия ачкысы келген кичинекей айылдагы жөнөкөй мугалим тууралуу окуя.
    🌟Келечек мугалимдин колунда.
    Биздин @Bairakgroup каналыбызга катталып, лайк жана комментарий калтырганды унутпагыла.
    💡 Жаратман: Руслан Акун / ruslan_akun
    Башкы каарман: Бактияр Шаршенбаев / bahtiyar_sharshenbaev
    🎬Bairak Production: / bairak_group
    Сериал #Агай @usaidkg колдоосу менен тартылган.
    ТikTok: / bairak_group
    Instagram: / bairak_group
    Сайт: bairakgroup.co...
    #agai #bairakgroup #ruslanakun #kelechekmugalimdinkolunda

Komentáře • 1,6K

  • @user-lm1cy9eo3s
    @user-lm1cy9eo3s Před rokem +60

    Аялы тушунгону эң чоң жардам, Гапыр агайга аялына ыраазычылык. Аллахым ден соолук, омур берсин.

  • @azamatazimov4513
    @azamatazimov4513 Před rokem +757

    Мен No3 эксперименталдык гимназияны 2022-жылы аяктагам. Агайдын системалуу берген билими менин 2022-жылы Республикалык Олимпиададан "тарых" предмети боюнча 1чи орунду алуума, ЖРТга 2 ай даярданып 200 балл топтоомо жана АУЦАга гранттык таризде, стипендия алып окуума себепчи болду. Жогорудагы результаттардан эле агайдын системасы канчалык эффективдуу жана Кыргызстан учун жаны экенин байкоого болот.

    • @user-qk3ps3sj2p
      @user-qk3ps3sj2p Před rokem +32

      Баракелде Агайдын жолун жолдоочу бологой Омийин

    • @user-yl8bj8me5f
      @user-yl8bj8me5f Před rokem +19

      Азаматсыз сизге тарбия берген мугалимдерге мин алкыш

    • @gulnazikermamat5944
      @gulnazikermamat5944 Před rokem +18

      Ийгиликтер менен болушуп турсанар кандай сонун

    • @user-lk3ro1ut4u
      @user-lk3ro1ut4u Před rokem +14

      Ошондо бул болгон окуябы

    • @azamatazimov4513
      @azamatazimov4513 Před rokem +19

      @@user-lk3ro1ut4u Оба, сериал Баткендин Лейлек районундагы Гапыр агайдын чыныгы омуруно, иштерине негизделип тартылган.

  • @user-py4wk8mu7t
    @user-py4wk8mu7t Před rokem +264

    "Келечекте бул жерде менин балдарым, неберелерим окуйт" -деп алысты көрө билген, мыкты колдоочу болгон экен агайга

  • @abonmission
    @abonmission Před rokem +167

    Кино тартуу үчүн кымбат унаалар, чоң каражаттар эмес маанилүү, тарбиялык мүнөзгө ээ, инсандын ойун өзгөртө алчу сценарий жетиштүү экени далилдениптир. Эң мыкты! Алга жана ийгиликтер.

    • @user-mh7py5ld8s
      @user-mh7py5ld8s Před rokem +3

      Ооа кошулам!ен мыкты тарбиялуу киноо....

  • @Ebashim24
    @Ebashim24 Před rokem +325

    Қазақстаннан Сәлем бауырлар өте керемет Сериал 🇰🇿🇰🇬❤️

    • @aselzamirova6902
      @aselzamirova6902 Před rokem

      Оуу Салем казак баурым😁 мен кыргыз

    • @user-ut1rl1bk5m
      @user-ut1rl1bk5m Před rokem

      Бизден да, салам казак баурым🇰🇬🤝🇰🇿

    • @user-zh8co9mx4p
      @user-zh8co9mx4p Před rokem +1

      🌺🌺🌱🌨️🐯🐯🦁🐯🌎🌗🦍🐒🦧🐪🦇🐓🐓

    • @user-py6bn2ft7y
      @user-py6bn2ft7y Před rokem

      Ассалямуаллейкум Биртууган.

    • @user-hx8th5fz6c
      @user-hx8th5fz6c Před rokem

      Оо салам

  • @rakhatbekzhyldyzbekuulu5960

    Кыргыздын 1-душманы анын билимсиздиги , наадандыгы !!!
    Илим - билимге салынган инвестиция өзүн эселеп актайт!

  • @perianarbek
    @perianarbek Před rokem +226

    Агайдын АЭМ китебин 11-классымда окуп, конспект жазган технологиясы жаккан, олимпиадаларга ушул методика менен дайындангам, анын артынан Республикага да чыккам. Кийин ЖРТ жакшы болуп, Медакадемияга да тапшыргам. Мен алыста туруп, китебинен ушунча таасир алсам, агайдын мектебинде окуп, билим алуу кандай кандай болот экен деп ойлойт элем. Заманыбыздын мыкты агартуучусу, мыкты адамы. Ушинтип Мекенге күйүп, өз кесибин сүйгөн адамдар көп болсун🙏 Руслан мырза, сизге чоң ыракмат.

    • @aynurakalandarova5781
      @aynurakalandarova5781 Před rokem +3

      Азаматсыз. Кайсы жактан болосуз?

    • @user-lk3ro1ut4u
      @user-lk3ro1ut4u Před rokem +5

      Китеп Саатууда барбы

    • @user-fr2cp3gu8o
      @user-fr2cp3gu8o Před rokem +2

      @@user-lk3ro1ut4u бар,биз агайдын китептери менен билим уябыздан учтук😘

  • @user-rj7iz7or8s
    @user-rj7iz7or8s Před rokem +15

    Бул жерден мен аялынын колдоосун ,тушнуусунон улгу алгым келди аябай😊

  • @goldman-ft4fo
    @goldman-ft4fo Před rokem +497

    Акыркы жылдарда мындай мааниси терээн кыргызча кино коро элек болчумун, болот экенго, ото деле бюджетти коп талап кылбаган, азаматсынар...

    • @user-zw5td8xf7o
      @user-zw5td8xf7o Před rokem +17

      Кино сонун болуптур маанисида зор кызыгып коруп жатабыз дагы ушундай турмуштан алынган кинолорду тарта берсин

    • @user-bl4qi5bc6t
      @user-bl4qi5bc6t Před rokem +17

      Негизи баягы крокодилдин министрдин ордуна Гапыр Мадаминов болуш керек эле да

    • @nuraikakabylova3187
      @nuraikakabylova3187 Před rokem +8

      Оаа кандай соонун тартылган вообще кызыкчумесмин кыргыз кинолоруна акыркы чыккан кинолорго айрыкча акыркы коргонум Боз салкын болгон бул тасманы карап отуруп балалык кезин есине келетко кийимдери мурдакыы рубашкалардан кийип

    • @user-cu7tm7wr2n
      @user-cu7tm7wr2n Před rokem +2

      Кыргыздын кинолору сонун эле болуп жатат бир эле бул эмес

    • @user-iv8uu3wt2w
      @user-iv8uu3wt2w Před rokem

      🤔🤔

  • @ЧыНГыЗИгрЫ
    @ЧыНГыЗИгрЫ Před rokem +498

    Ушундай агай/мугалим болсо мектепте окуганга мотивация болмок🤲

    • @kyrgyz8920
      @kyrgyz8920 Před rokem +26

      Бул агай чыныгы ЖОШООДОН АЛЫНГАН ЛЕГЕНДАРЛУУ ГАПЫР МАДАМИНОВ

    • @ЧыНГыЗИгрЫ
      @ЧыНГыЗИгрЫ Před rokem +11

      @@kyrgyz8920 Билем бул чыныкый болгон окуя

    • @Amantur23
      @Amantur23 Před rokem +11

      ​@@kyrgyz8920 ай ий ушундай инсандарды көзү тирүүсүндө сыйлап колдошубуз керек.

    • @user-nr3gf9cw9q
      @user-nr3gf9cw9q Před rokem +3

      Мындан да кучтуу агайлар бар азыр

    • @nurdoolotjumadekov9479
      @nurdoolotjumadekov9479 Před rokem +3

      Молодец агай экен ушундай агайлар бар болсун мектепте ушундай агайлар болсо соңунда чиркин

  • @emiljumabaev4555
    @emiljumabaev4555 Před rokem +131

    Мен окуган мектеп. Агайдын эмгеги чон бутургон бутууручулору ар кайсы тармакта эркин куш болуп иштеп журобуз аллахка шугур, агайга ден соолук.

    • @user-mt7hb6yf8j
      @user-mt7hb6yf8j Před rokem +2

      Кайсы жерден чыккан агай?

    • @user-or4gr5xr9s
      @user-or4gr5xr9s Před rokem

      ​@@user-mt7hb6yf8j өзү Лейлектин Сүлүктү шаарынан болот, гимназиясы Жаштык айылында Таджикистан менен границага жакын

    • @Лол_Лол-в14
      @Лол_Лол-в14 Před rokem +3

      ​@@user-mt7hb6yf8j Сулуктудон

    • @user-wy7pi2zb3d
      @user-wy7pi2zb3d Před rokem +1

      @@user-mt7hb6yf8j Кандайсыз эже мага жазып койосуз э.

  • @roza4134
    @roza4134 Před rokem +61

    Тәрбиелік мәні бар,мықты сериал шығыпты ...👏👍

  • @AmirSad-tk9hn
    @AmirSad-tk9hn Před rokem +135

    1 серияны көргөндөн бери,күндө күтөм Гапыр агайдын басып өткөн тарых жолдорун

  • @mokesh8862
    @mokesh8862 Před rokem +354

    Кыргыздын кино, серялдары кучойуп жатат дагыда кучойо берсин Ма ша Аллах ❤❤

    • @bekbekbek6644
      @bekbekbek6644 Před rokem +8

      Кучоп десен

    • @kyrgyz77777
      @kyrgyz77777 Před rokem

      ​@@Namcook0анан эмне таджикиский сериалбы. Кыргыз сериалы кыргыз жараны жөнүндө

    • @user-gr9zu9nl3l
      @user-gr9zu9nl3l Před rokem

      Машааллах

    • @Vesna-sp6gf
      @Vesna-sp6gf Před rokem +4

      Кучойуп жатат эмес, кучоп жатат, кучой берсин дагы ...

    • @user-rh5vk3gn6s
      @user-rh5vk3gn6s Před rokem

      ​@@bekbekbek6644 эжэз

  • @user-fb8yr9vh3l
    @user-fb8yr9vh3l Před rokem +52

    Бул сериал жүрөктү эзетко. Гапар Мадаминов агайдын мээнетине, кылган эмгегине чоң рахмат! Таазим сизге Гапар агай!

  • @user-uj1gb7tj8j
    @user-uj1gb7tj8j Před rokem +109

    Бул кино жөн гана оюбузда токулган жомок эмес, чындыгында болуп өткөн тарых экени, өзгөчө ырахат берет экен❤️🖤

  • @shairguldjumabaeva3571
    @shairguldjumabaeva3571 Před rokem +282

    Бирок ушундай кучтуу инсанды тарбиялап өстүргөн раматылык ата апасына , жубайына , уул кыздарына , гимназия мектебине ошол кезде салымын кошкон ар бир инсанга терең таазим жана ыраазычылык билдирем. Чооң рахмат 🌹🌹🌹

    • @saltasalta9147
      @saltasalta9147 Před rokem +1

      Азыр барбы агайдын гимназиясы?

    • @shairguldjumabaeva3571
      @shairguldjumabaeva3571 Před rokem +1

      Ассаламу алейкум. Ооба азыр да бар. Бирок так адресин билбеймин. Эгер сизге так маалымат керек болсо Энелер мектебине онлайн кайрылыңыз. Сизге менеджерлер так маалымат берет деп ойлойм...

    • @aynurakalandarova5781
      @aynurakalandarova5781 Před rokem

      @@saltasalta9147 бар, Лейлек району Жаштык айылында. Тажикстан менен чек арада.

    • @user-ps5iq1xc8j
      @user-ps5iq1xc8j Před rokem

      Ооба

    • @user-yf8zx6om9l
      @user-yf8zx6om9l Před rokem +1

      Мындай убакта курук эле жакшы сөз да колдоо болот

  • @user-dj7lf3nm3v
    @user-dj7lf3nm3v Před rokem +230

    Мени олимпиадага кун тунго карабай даярдап талыкпай билим берген Гапыр агайга терен раазычылыгымды билдирем .Берген билими бир гана келечегиме таасир бербей ,турмушума да чоон копуро тузду

    • @user-qk3ps3sj2p
      @user-qk3ps3sj2p Před rokem +28

      Кандай бактылуусунар ушундай Агайдын мектебинен билим алган

    • @user-fb5zv9bv3i
      @user-fb5zv9bv3i Před 4 měsíci

      Туура айтасыз оро9онуз кабыл болсун❤

  • @user-xt3hc9wq3r
    @user-xt3hc9wq3r Před rokem +29

    😥😥😥кино ушунчалык таасирдүү тартылыптыр көзүмө жаш алып көрдүм агай ушунчалык чыдамдуу сабырдуу жана максатынан кайтпаган өжөрлүгүн аябай бааладым ушундай агайыбыздын бар болгону кандай бакыт биз үчүн Гапыр Мадаминов биздин өлкөнүн Снелманы!!!Агайдын эмгегинен Аллахым ыраазы болсун🤲🤲🤲

  • @n.danezis7613
    @n.danezis7613 Před rokem +36

    Просто хочу благодарить Вас за вашу работу! Вы доказываете что Киргизы могут снимать фильмы и сериалы отличного качества! Смотрим из Греции ❤ Ждем новые выпуски с нетерпением

    • @user-bf8ir9jr1h
      @user-bf8ir9jr1h Před rokem +1

      Спасибо за благодарность.

    • @sonyazhaanbaeva4343
      @sonyazhaanbaeva4343 Před rokem +1

      Кыргызы,не киргизы плз

    • @Nazira-jo2cj
      @Nazira-jo2cj Před 7 měsíci

      Спасибо вам за просмотры Этот фильм из его реальн жизни

    • @Nazira-jo2cj
      @Nazira-jo2cj Před 7 měsíci

      ​@@sonyazhaanbaeva4343жакшы соз суйлош керек жакшы соз суйлоп жатканда жумурткадан кыр издебей же жон гана унчукпай койсон жакшы болмок

  • @lat1ppa
    @lat1ppa Před rokem +410

    Мотивация:
    -Эртеңкиге чейин жетишебизби?
    -Гимназия ачкың келсе,жетишебиз !

    • @Spatlyajesh
      @Spatlyajesh Před rokem +2

      😂

    • @nurbin8151
      @nurbin8151 Před rokem +9

      Акча чогултуп ушул гимназиясын круп берели туугандар

    • @user-rf2fk4pr2q
      @user-rf2fk4pr2q Před rokem

      Жетишебиз буюрса. ☺️🙏

  • @strong2187
    @strong2187 Před rokem +667

    3-бөлүмүн күткөндөр биргебиз 🤲🤚

    • @user-jh6uy6hs3q
      @user-jh6uy6hs3q Před rokem +9

      Саламатсыздарбы. Мен да кутуп жатам. Качан болот 3 сериалы....... Сонун кино экен. 👍

    • @user-hx6zk7wi5h
      @user-hx6zk7wi5h Před rokem +6

      Менда кутуп жатам

    • @user-vj4yk2jj2j
      @user-vj4yk2jj2j Před rokem +7

      Фильм бутпосо экен деп коруп отурдум

    • @Madina-su5el
      @Madina-su5el Před rokem +4

      Бардыгыбыз ИншаАлла

    • @azatakmataliev3864
      @azatakmataliev3864 Před rokem +4

      3 чусу качан чыгат

  • @Guuumaaa
    @Guuumaaa Před rokem +8

    Эн сонун киного Гапыр агай Лейлек элине Кыргыз элиге кылган эмгегинизге чоон таазим

  • @user-oi6si1ji9v
    @user-oi6si1ji9v Před rokem +13

    ушул кинону жаратып экранга алып чыккан Руслан агайга да терен таазим эки дуйно бактылуу болун

  • @zhyldyzasankulova1630
    @zhyldyzasankulova1630 Před rokem +90

    Кыргызстандагы эн жакшы сериал болуптур! Актерлор сонун аткарышыптыр.

  • @aaas3134
    @aaas3134 Před rokem +116

    Агай сизге таазим!!! Сиздей педагогтор бар кыргыз өлбөйт. Аллахым өмүрүнүздү узун кылсын.

  • @user-rz7lx9vh1c
    @user-rz7lx9vh1c Před rokem +12

    Биздинда уулдарыбыз ушундай эл керегине жараган биз сыймыктанган инсан болушун Аллахым насип кылсын!

  • @user-lr9bb1zm4u
    @user-lr9bb1zm4u Před rokem +16

    Гапыр агай сиздей адамдар көп болсун...Өмуруңуз узуун бол Игиликтер көп болсун..Алла колдоп .

  • @nurperibukarbaeva4519
    @nurperibukarbaeva4519 Před rokem +100

    Агайга ишенип аны колдоп аткан аялына рахмат

    • @user-nu6sc8ot1d
      @user-nu6sc8ot1d Před rokem +1

      МЫНА БУГА СОЗ ЖОК‼️ ЫЛАЙЫМ АР БИР АЯЛ - КУЙОО БИРИ-БИРИН ТУШУНУП, КОЛДОП ЖУРСО, ЭЛИБИЗ ОНУГУП - ОСОТ‼️

  • @republic___
    @republic___ Před rokem +91

    Буюрса менин балдарымда ушул мектепте окууйт! Аминь 🤲🏼 Гапыр Агай кылган мээнетиниз акталып келатат буюрса!

    • @saltasalta9147
      @saltasalta9147 Před rokem

      Саламатсызбы? Ал гимназия Кыргызстандын каягында жайгашкан? Кимдин атында?

    • @user-hy3zv2rp4r
      @user-hy3zv2rp4r Před rokem

      @@saltasalta9147 Баткенде , Таджикистан менен чектеш айылда

    • @user-zr1df2ci2g
      @user-zr1df2ci2g Před rokem

      ​@@saltasalta9147Лейлекте жайгашкан.

  • @duristbek..eu..6598
    @duristbek..eu..6598 Před rokem +44

    Үчүнчү бөлүмүн күтүп калам
    Голландиядан ыссык салам Кыргызстаным❣️🔥👍

    • @user-zr1df2ci2g
      @user-zr1df2ci2g Před rokem

      Охоо Голландияга кантип барып калдынар ☺️

    • @musabekzhoroev5288
      @musabekzhoroev5288 Před rokem

      Херефордшайр графствосунан салам. Англия. Агайга урматым бийик.

  • @user-ku2um8bg8c
    @user-ku2um8bg8c Před rokem +28

    Сериалдагы саундтрек ырларды дагы озунчо кылып чыгарып койгулачы,колдогондор лайк!👍🏻

  • @adilettoktomambetov4203
    @adilettoktomambetov4203 Před rokem +112

    Мугалим улуттун жузу мыкты сериал деп экинчи жолу жазып лайк басып коюнуздарчы

    • @user-ze4pi9zq8f
      @user-ze4pi9zq8f Před rokem

      Чгчч🤲🤲считается🥲🥲🥲🤣🥲🥲❤🤣🥲🤣🥲🥲❤❤❤❤❤🥲🤣🥲🤣🏑🙃🙃🙃🙃🙃🙃🙃🙃🙃🏑🙃🙃🙃🙃🙃🙃я

  • @zulaikatumenova2419
    @zulaikatumenova2419 Před rokem +55

    Тарбиялык мааниси терең,сонун кино тартылыптыр, ушундай кино тартса болот экен го. Азаматсыңар!

    • @user-cw3ow5ft7m
      @user-cw3ow5ft7m Před 8 měsíci

      Гапыр агайдын Гимназиясынын азыр кандай болду екен

  • @callofdutykgz
    @callofdutykgz Před rokem +36

    Москвадан коруп аткандар салам алейкум ишинерге ийгилик кыргыз элим 🤝

  • @user-kq6ym8dk6s
    @user-kq6ym8dk6s Před rokem +38

    Ыйлагым келди коруп алып 😢, я очень рада что у нас были и есть такие учителя

  • @shairguldjumabaeva3571
    @shairguldjumabaeva3571 Před rokem +110

    Ой жеткен жерге кол жетет! Эн сонун алтын соз. Гапыр Мадаминов Аллахым кыргыз элине берген чоон белеги. Дайыма ден соолукта болуп ,коп жашасын. Аллахым оз коргосуна алсын. Дагы да болсо Билим , Илим, Тарбия жонундо кинолорун кутобуз.👏👏👏

    • @urmatkanadylbekova7940
      @urmatkanadylbekova7940 Před rokem +1

      3 серия качан чыгат

    • @shairguldjumabaeva3571
      @shairguldjumabaeva3571 Před rokem

      Кечиресиз мен да сизге окшогон эле корорманмын. Мен да күтүп жатам 3- сериясын😚

    • @eldiyarjumabekov773
      @eldiyarjumabekov773 Před rokem

      +

    • @user-yd1cc9yv1e
      @user-yd1cc9yv1e Před rokem

      Күндө кечинде телевизордо болуп жатат ошол жактан көрсөңүздөр болот 🥰

  • @aynurakalandarova5781
    @aynurakalandarova5781 Před rokem +111

    Ушундай агайларга окуучу болуп, кийин коллега, шакирт болуп иштегениме шүгүр 🙏. Увайдулла раматылык агай алтын адам эле, кошуна айылдын балдары автобус келбей калып кетсе мектепте үйүнөн барып нан көтөрүп келип тойгузат эле, пешком аларды 7-8км басып таштап келет эле үйлөрүнө 😥.

    • @user-qk1mv9ou8s
      @user-qk1mv9ou8s Před rokem +13

      Аттиң ай! Ошол жардам бергендер, каршы чыккандар көрсө сонун болмок

    • @OmGam_
      @OmGam_ Před rokem +4

      Жаткан жери жайлуу болсун. Мыкты инсан болгон экен.

    • @saltasalta9147
      @saltasalta9147 Před rokem +3

      @@user-qk1mv9ou8s коруп жатышса анча мынчасы уялып козунун кыйыгы менен карап туз карай албай

  • @user-mn2xb3pk6b
    @user-mn2xb3pk6b Před rokem +54

    Кийинки сериясын чыдамсыздык менен күтөм..Гапыр агай -Дүйшөн агайдын өзү экен.Кино аябай жакты..Даагы кимге жакты??

  • @shakutoro
    @shakutoro Před rokem +21

    Убайдулла акенин омуру узун болсун кыргыздын ичинде ушундай адамдар коп болсун дегеле кино тарткандарга актер актрисаларга кадр артында турган адамдарга мээнетинер ото чон катуу иштептирсинер силерге ыраазычылык дагы денсоолук ийгилик каалайм бар болгула баары жакшы чагылдырылган Гапыр агай алга 💪🔥🔥🔥🔥

    • @user-jb7ps9sh8d
      @user-jb7ps9sh8d Před rokem

      Тилеке каршы Убайдулла агайдын козу отуп кеткен.

    • @shakutoro
      @shakutoro Před rokem +1

      @@user-jb7ps9sh8d Аттин арты кайырлуу жаны жаннаттан болсун

  • @altynbekattokurov5657
    @altynbekattokurov5657 Před rokem +34

    Руслан Акун сиз мыктысыз ушундай сабак бере турчу олуттуу теманы алып чыкканынызга.Ийгилик

  • @user-zn9zd9fy8v
    @user-zn9zd9fy8v Před rokem +94

    Эң сонун сюжет, эң сонун фильм жана жогорку деңгээлде аткарган актёрлор!
    Азаматсыздар!!! Кыргызстанымдын келечеги кең болот Аллахым буйруса!
    Алга Кыргызстан!!! 🇰🇬🇰🇬🇰🇬

  • @user-cd6hb7ub3k
    @user-cd6hb7ub3k Před rokem +31

    Ар бир серияны коруп козумо жаш алам. Кандай кана кыйын, биздин адамдарга ачык эле нерсени жеткириш. Билим баалуу экенин, билим аркылуу келечектеги жашоо кандай озгорушун, ар бир адам билсе. Гапыр агайды кыйналганын коруп журогум ооруйт, аябай туура нерсени айтып жатса дагы тушунбогондор канча. Бирок Кудайга шугур, колдогон адамдар дагы аз эмес экен. Агай сизге Алла ыраазы болсун .🤲🏻
    Сериалды тарткан адамдарга дагы чон Рахмат. Союз убагында бекеринен «Кыргызское чудо» деген понятие чыкпаптыр. Байрак групп силер ошонун далилисинер.

  • @kyrgyz77777
    @kyrgyz77777 Před rokem +8

    Биздин эл башындагыларга рахмат эски имаратарты так өзүндөй сактап бергенине. Болбосо режиссёр кыйналмакта кайрадан эски имараттарды куруп.

  • @user-wd8qw6us7t
    @user-wd8qw6us7t Před rokem +25

    Баракелде агай!
    Сиздин талбаган эмгегиңиз азыркы дүйнөнү дүңгүрөткөн
    "Энелер мектебинин" ааламга жайылышы .
    Дагы эле караңгы жашап жатканыбыз өкүндүрөт да.
    Агай! Сизге ыраазычылык!

  • @user-jb7ps9sh8d
    @user-jb7ps9sh8d Před rokem +4

    Кино сонун болуптур. Убайдулла агай жашоодо аябай жумшак, мээримдүү болчу. Жайы жаннатта болсун🤲. Кочкор агай дагы жоош, момун эч бир катуу суйлогонун уккан эмесмин.
    Агайдын образы ото сонун ачыптыр режиссёр. Чон рахмат

  • @olonchachdjumabaeva134
    @olonchachdjumabaeva134 Před rokem +9

    Биздин лейлектик Гапыр агайыбыздын киносу жарыка чыккандыгы кубандырат.Биз сыймыктанабыз ушундай агайыбыз бар экенине.Кыргызстанга кошкон салымы ото чон.Озунун мээнеткечтиги адамгерчилиги очорлугу менен басып откон омуру ишмердуулугу менен чагылдырыптыр.Тасма жогорку денгээлде тартылыптыр.

  • @user-bz9hl8fu2c
    @user-bz9hl8fu2c Před rokem +8

    Ии агайдын ролун артист соонун аткарыптыр.Ушундай таза ак ниет агайлар эжейлер көп болсун.Кино жакшы тартылыптыр,жашоо турмуш өзүндөй чагылдырылган.Мен мугалим баланын акылдуу эстуу ,аракетчил жан дуйнөсу менен иш кылып жатканын көрүп, Ичим жылып,ыйлап балага боорум ооруду.Режисерго,артистерге операторго, чоң рахмат.Эми тарыхый кинолорду тартсанао укмуш соонун болчудай экен.

  • @user-uy4qv9xc9t
    @user-uy4qv9xc9t Před rokem +51

    Келечекте кыргыз олкозу билимдуу, илимдуулордун олкосу болот буйруза жараткан жар болсун.

    • @aidaiberdikulova6014
      @aidaiberdikulova6014 Před rokem +2

      Ооба албетте, туура жазганды билбегендер азаят буйруса.

    • @user-es2zf6xl3h
      @user-es2zf6xl3h Před rokem

      Олкосу, буюрса

  • @user-jq2cz4tu7d
    @user-jq2cz4tu7d Před rokem +51

    Маа шаа Аллах эң жакшы сериал экен элибиз тилин динин улуттук наркын унутпай кайра жаңы күчтүү Кыргызстан куруу керек

  • @kadyrov4963
    @kadyrov4963 Před rokem +33

    Мойун жар бербей, алып койуп окубай жургон китептер окугум келди. Жакшы, ушундай шыктандырчу кинолор кобойсун!

  • @abdullahamin6051
    @abdullahamin6051 Před rokem +34

    Сериални ишлаб чикараётганларга Рахмат.Сериални куриб мазза килдим,давомига кизикиб колдим.

  • @batyrbekmusadzhanov5868
    @batyrbekmusadzhanov5868 Před rokem +36

    Ушундай кишилер болсо Кыргызстан онугот

  • @kadyrbekovsyimyk599
    @kadyrbekovsyimyk599 Před rokem +21

    - кино мындай по порядку тартылптр да чиркин…
    эч жеринде быкы-чыкы жок сонун (зынк) 🖤

  • @user-th8sx2mm3z
    @user-th8sx2mm3z Před rokem +22

    Гапыр агайдын мээнетин билебиз бирок канчалык кыйынчылык менен ошол даражага жеткенин ушул сериялдан коруп дагы да болсо сыйлап сыймыктанып калдым

  • @ffugux3706
    @ffugux3706 Před rokem +5

    Бул эң сонун кино экен мага жакты

  • @user-lg9po9zr2y
    @user-lg9po9zr2y Před rokem +39

    Бир дем мн кордум 😢
    Бул тасма ушунчалык журокко тийе турган болупитартылган Рахмат сизге #Ушунчалык тасма тартуулаганынарга абдан ыразымын

  • @Sport-Daniel_77
    @Sport-Daniel_77 Před rokem +61

    КЫРГЫЗЧА КИНО МАГА АБДАН ЖАГАТ СИЗДЕРДИН КИНОЛОРУНУЗДАР ГУЙАРМАНДАРГА АБДАН ЖАГАТ ДЕП ИШЕНЕМ ИЗДЗДЕРГЕ ДЕНСОЛУК КАЛАЙМЫМ 🥰🥰🥰🥰🥰🇰🇬

    • @rysbekzhusupov2150
      @rysbekzhusupov2150 Před rokem +1

      Гуйармандар деген эмне? (Ким?)

    • @Sport-Daniel_77
      @Sport-Daniel_77 Před rokem +1

      @@rysbekzhusupov2150 гуйармандар деген сиздердин кинолорду суйуп коргон эл

    • @rysbekzhusupov2150
      @rysbekzhusupov2150 Před rokem

      @@Sport-Daniel_77 тушундум 😆😊😀

    • @user-vz7eb3qp6p
      @user-vz7eb3qp6p Před rokem

      Рахмет🎉

    • @user-ze9qq3yj8w
      @user-ze9qq3yj8w Před rokem

      Эң сонун сериал болуптур...Кыргыз киносу өнүп-өссүн...Тээ биздин балалык кезге алып барды...😍

  • @Gulzat87
    @Gulzat87 Před rokem +22

    Комедия кыргыз кинолорун коро берип тажадык, ушундай олуттуу кинолорду кобуроок тартсаныздар.

  • @user-mz3ut2ml1w
    @user-mz3ut2ml1w Před rokem +7

    Чынын айтыш керек мен азыркы учурда тартылып жаткан кинолорду такыр көрбөймүн , көргүм да келбейт тарбиялык мааниси жок эптемей кинолор . Акыркы сабак , Агай сериалдарын көрүп биздикилер да тарта алышат экен деп сыймыктануу менен көрүп жатам . Руслан Акунга жана анын коллективине чоң рахмат , иштерине ийгилик .

    • @jiparqbekbolotova1914
      @jiparqbekbolotova1914 Před rokem

      Туура тарбия мотивация берген кинолор экен а кээ бир мимоза өңдүү кинолордон миң эсе артык

  • @user-rt8kx6ry1j
    @user-rt8kx6ry1j Před rokem +46

    Кыргызстан үчүн күйүп эмгек кылгандар, аллах силерди колдосун.

    • @user-rj8fn9zj4z
      @user-rj8fn9zj4z Před rokem

      АЛЛАХТЫН ысымыны чон тамга менен жазгыла

  • @user-in8su8xd5c
    @user-in8su8xd5c Před rokem +17

    Молодец агай, бюрократияны деле жеңип келипсиз. Чыныгы патриот, балдарга күйгөн Дуйшон агай болупсуз. Сизге өтө сыймыктамын урматтуу Гапыр агай, тага!

  • @gulbaraabduraimova4593
    @gulbaraabduraimova4593 Před rokem +6

    Агайдын заманында жашап атканымдын өзү бир бактылуулук деп ойлойм. Алыс жерде болсода агайдын билими м-н сугарылуудабыз. Учурда китептерин алып көптөгөн эмгектерин интернеттен көрүп пайдалана алабыз.

  • @kurmanjanorozbekova2529
    @kurmanjanorozbekova2529 Před rokem +10

    Бул сериалды ыйлап, толкундануу менен көрүп атам, Гапыр агай тууралуу көзү тирүүсүндө барктап, баалап, кино сериал тартып көрсөтүп берип жатасыздар, Кудайым ыраазы болсун 🤍🤲🤍, агайды көрбөсөм да, видеолордон көрүп жүрөм, сыйлайм, урматтайм, агайдын да китебин сатып алгам окуюн деп🤍

    • @user-nu6sc8ot1d
      @user-nu6sc8ot1d Před rokem +1

      Китебин кайдан тапсак болот? Китеп дукондордо барбы?

  • @user-bh1dh8wl2l
    @user-bh1dh8wl2l Před rokem +33

    Ассалом алейкум!
    Урматтуу кыргыз элим менде Гапыр агайга болгон сый урматым дагы да күчөдү, ушундай инсандар кыргыз элимде көп болсун, 3-сериясын чыдамсыздык менен күтөм.

  • @abdysalama1156
    @abdysalama1156 Před rokem +20

    Ооба, Карим Ава Ташбалтаев эн сонун жетекчи болгон. Бул Гапыр агай жон- гу фильм почти документальный болуптур. Бул фактыларга мен кубомун. Лейлек райондогу Бир Чон ишкананы жоюп салабыз дешкенде ,Карим Ава Ташбалтаев сактап калган.Мен Ошо ишкананын директору болчумун. Сезондун ачылышын Оз айылынызда уюштуруп бергенсиз..Оорубаныз узак жашаныз Карим Ава!

  • @user-fx7ur1ev2c
    @user-fx7ur1ev2c Před rokem +8

    Ото сонун тартылыптыр .Тарбиялык мааниси ото жогору.Мен эмне кылдым?- элим жерим учун деген суроо келди.Ошол жылдардагы шартта келечекти коро билген агайга таазим.

  • @user-df8qi3zl4r
    @user-df8qi3zl4r Před rokem +13

    Ушундай АК ниет адамдар коп болсун Кыргызымда

  • @eldiyarkanatbekuulu6839
    @eldiyarkanatbekuulu6839 Před rokem +3

    Ушундай колдоочу аялың болсо ээ, кандай түшүнүктүү куйосуно коргоп мотивация берип ишенген,магада буюрса ушундай жар берекор кудай

  • @azamatazimov4513
    @azamatazimov4513 Před rokem +14

    Руслан Акундун "Агай" сериалы азыркы биздин замандашыбыз, Баткен облусундагы чек ара айылда жашап, гимназияда иштеп жаткан агай Гапыр Мадаминовтун омурунон алынган, 1990-жылдардагы болгон чыныгы окуяларды чагылдырууда.

  • @user-nw6xg7kh6m
    @user-nw6xg7kh6m Před rokem +3

    Аллах ыраазы болсун сизден Гапыр агай,койгон максатынан артка кайтпаса сиздей болуп копчулук Адамдар,азыр Алтын аяктан суу ичишмекго аттин!

  • @user-fg2io8mk9m
    @user-fg2io8mk9m Před rokem +13

    Иншаллах акыркы жылдары ушундай илим билим үчүн күйгөн мыкты инсандарыбыз көбөйүп жатат 😍

  • @nursultankubanychbekov2375

    вот это настоящий кинематограф, надо снимать такие продукты, а не те что по типу фильма "Разбой".

  • @user-qp2sz5bb1v
    @user-qp2sz5bb1v Před rokem +2

    Бул кино ото таасирлуу кино болуптур,абдан кызыгып,ал тургай кээ Бир жеринде козумо жаш келип кордум.Напыр агайга таазим,абдан сонун,ишинизге ийгилик,аткарууда жо горку денгээлде болуптур

  • @jamiseitova841
    @jamiseitova841 Před rokem +21

    Ушул Агайдын мектебинде окуп , чон ийгилик ке жетип , кайра агайдын мектебине жардам корсоткондор барбы?

    • @user-fr2cp3gu8o
      @user-fr2cp3gu8o Před rokem

      Идирис Исаковдун Бабахандын байлары деген беруусундогу Бекжан реалдуу жашоодогу

    • @user-du2rt5pz7v
      @user-du2rt5pz7v Před rokem +1

      Гимназиянвн бутуруучулору (чет олкодо окуп, иштегендер) 2 жылдан бери окуучу, мугалимдерге стипендия берип жатат.

  • @user-yg1py4hv8b
    @user-yg1py4hv8b Před rokem +22

    Бактияр мыкты режиссёр экенсин молодец жаштарга мотивация берген кино экен эми бул сериалды кобуроок кылып тарткыла 9 сериал мн бутурбой сураныч 40серия болсо экен ✅️

    • @aynurakalandarova5781
      @aynurakalandarova5781 Před rokem

      Руслан Акун режиссёру, Бахтияр эмес.

    • @user-lh2qf8rm9k
      @user-lh2qf8rm9k Před rokem

      Режиссер Манас.,сценарийин жазган Руслан Акун

  • @user-bp4ow1tz9y
    @user-bp4ow1tz9y Před rokem +18

    Актёрлордун аткаруусу ушунчалык сонун болуптур❤️. Ушундай тасмалар көбөйө берсин 👍👍👍

  • @kyrgyzpubgsuper7164
    @kyrgyzpubgsuper7164 Před rokem +47

    Бул сериялды мугалимден баштап президентке чейин кулактарынан чойуп алып келип коргозуп койуш керек экен

  • @gulizaalimbekova450
    @gulizaalimbekova450 Před rokem +4

    Чынында бул жерде агайдын көргөн кыйынчылыктары жеңил көрсөтүлгөн. Агайга таазим!

  • @user-hp4fk7qt1o
    @user-hp4fk7qt1o Před rokem +21

    Алга Кыргызстан 🇰🇬 💪 чыдамсыздык мн коруп жатам.

  • @user-rs2pp4jz7r
    @user-rs2pp4jz7r Před rokem +10

    Ото сонун мазмундуу фильм болуптур. Айрыкча Гапыр агайдын рольун ойногон актёр баардык жагынан бар супер актёр экенсин орконун осун баракелде.

  • @user-g.k.77
    @user-g.k.77 Před rokem +7

    Чыдамсыздык менен кутуп коруп жатабыз! Эн сонун кино болуптур! Руслан Акун кыргыздын багына жаралган мыкты талант! Мындан ары да чыгармачылык ийгиликтерди, узун омур, чын ден соолук каалайбыз!

  • @user-by4ov8si1j
    @user-by4ov8si1j Před rokem +1

    Агай бүгүнкү күндүн Дүйшөнү болгон экен,көзүмө жаш келди! Ден-соолукта болун,азыр даяр мектепте да жеткиликтүү билим бербей жаткандар өкүнүчтүү.Таазим сизге агай! Эч бир сөздөрүнүздү калтырбай угам

  • @user-yg1py4hv8b
    @user-yg1py4hv8b Před rokem +24

    Гапыр агай кучтуу экенсиз нукура Кыргыздын жигиттери ушундай эле журуш керек ача чача болбой акыл.ой.аракет мн жашаш керек Кудайга шугур кылып🇰🇬✊️

  • @user-sp3sk7eu2r
    @user-sp3sk7eu2r Před rokem +11

    Сонун ушул сериалды көргөндөн бери билим алыш үчүн,өнүгүү үчүн ар кандай кыйынчылыкты басып өтүү керектигин,тиш менен таш чайнаш керек экендигин да унутпаш керектигин тушундум😢ээх таасирдүү тасма болуптур,ар бир баскан кадамдары,сүйлөгөн сөздөрү баарысы өздөрүнө сонун жарашкан

  • @badanperle2466
    @badanperle2466 Před rokem +9

    Улам бир сериалда методикасы күчтүү,чыгаан мугалимдин ролун жүрөккө жеткире аткаргандыгы үчүн актёр Бактыяр Шаршенбаевге "Эл агартуунун мыктысы"төш белгисин берүү керек го! "Акыркы сабак" сериалындагы мугалимдин ролун мыкты аткарганы үчүн МНО нун грамотасын берсе сонун эле болмок! Байрак группга ийгилик!!!

  • @user-gd2px5lq5z
    @user-gd2px5lq5z Před rokem +21

    Азаматсың Руслан👏👏👏Өзүң жана командаңа терең таазим🙏🙏🙏Бул тасмада билим-илимге умтулуу менен бирге, ошондой эле адамдык сапатты жогору койуу, жаратылыш менен тыгыз мамиледе болуу жана үй-бүлөө институтунун баалуулугу дагы мыкты чагылдырылып атат👏👍💐
    3-сериясын чыдамсыздык менен күтөбүз!🙏

    • @user-zs9bd5di2l
      @user-zs9bd5di2l Před rokem +2

      Гапыр агай сонун сериял болуптур ыйлап кордум узак омур бактылуу карылык каалаймын

    • @user-tj9nq5hb1v
      @user-tj9nq5hb1v Před rokem +1

      ​@@user-zs9bd5di2l мен бугун 6 серияны бир кундо эле коруп койдум, ыйлап ыйлап

  • @ainuraainura6978
    @ainuraainura6978 Před rokem +17

    Ушундай агай, эжекелер кооп болсун,балдарыбыздын келечеги кен болуп билим алганга жакшы шарттар тузулсо экен.киного соз жок,ийгилик баарыныздарга.

  • @user-xw1fp8wh2d
    @user-xw1fp8wh2d Před rokem +10

    Агайдын ролун жакшы,жетиштуу ачкан.Ийгилик!

  • @karekare9283
    @karekare9283 Před rokem +10

    Башка ролду аткарган актёр,азаматсыз так эле агайдын жаштыгын коргондой болдук, баскандары, кичи пейилдиги,кийими,жогору денгээлде аткарыпсыз👏👏👏👏👏

  • @ookarasuu6199
    @ookarasuu6199 Před rokem +1

    Мен бул Агай сериал киносун көрүп Буюурса Кыргыз ээли оңолуп өздөрүнө керектүү таалим алат деген ойдомун.
    рахмат соонун сериал.

  • @vvvvvv-lr5hy
    @vvvvvv-lr5hy Před rokem +13

    Сонун кино экен

  • @daniyarjeen
    @daniyarjeen Před rokem +13

    2023-жыл бирок дагы эле учурда ушундай эски маданият үйү,Мектептер толтура экенин көрүп турабыз

  • @zhyrgalbotobaeva4515
    @zhyrgalbotobaeva4515 Před rokem +7

    Билим гана жол ачат, жашына, жынысына, улутуна карабай. Билимге салым кошкон адамдар кобойсун... Бил фильм дагы салымын кошуп жатат... Авторлорго, каржылаган эл аралык уюмдарга рахмат.

  • @roman.kadyshov8114
    @roman.kadyshov8114 Před rokem +2

    Чын чынында сонун кино тартыптыр, ушундай тарбиялык кинолорду кобуроок чыгаргыла👍👍.

  • @maratismailov7726
    @maratismailov7726 Před rokem +6

    ИншАллах ушундай идеология менен алдыга кадам кылыш керек , туура сезим жараткан сериал .
    Азаматсыз Режиссёр

  • @aynurakalandarova5781
    @aynurakalandarova5781 Před rokem +13

    Бала бакчада алгачкылардан болуп биз окуганбыз. Ошол эски списанный оңдолгон парталарда, стулдарда биз отуруп окуганбыз. Эски доскаларга бор жакшы жукпай кыйналат элек.

  • @user-oi6si1ji9v
    @user-oi6si1ji9v Před rokem +2

    Мугалим улуттун жузу ,биз агайыбызга эки дуйно жакшылык каалайм омурунузго береке

  • @user-xt2dh5uu8l
    @user-xt2dh5uu8l Před rokem +4

    Кучтуу адам бар экенине сыймыктандым.Ушундай эрки кучтуу инсандар коп болсун

  • @user-ju4ny5cw7u
    @user-ju4ny5cw7u Před rokem +17

    Каракол шаарынын Касымалы Жантөшев атындагы драмтеатрынын артисттери ойношуптур! Убайдулла деген киши Караколдук 🤗.Талипжан байке