Деталдуу изилдөө жана чечим табуу. / Детально изучить и найти решение.

Sdílet
Vložit
  • čas přidán 10. 09. 2024
  • Деталдуу изилдөө жана чечим табуу.
    Административдик-аймактык реформанын алкагында, Бишкектин башкы архитектору, Урмат Карыбаев, ишкананын жер маселелерин көзөмөлдөгөн начальниктин орун басары жана кызматкерлери менен Сокулук району, ошондой эле Ак-Өргө-3 конушунун көйгөйлүү жер маселелери боюнча кеңешме өткөрдү.
    Тактап айтканда, электр чубалгыларынын, газ түтүктөрүнүн өтүүчү жерлериндеги, көрүстөндөрдөгү жана мал көмүлүүчү жайлардагы, ошондой эле соц-маданий объектилердин жанындагы көйгөйлүү курулуш маселелерин иликтөөнү тапшырды. Ошондой эле, Урмат Карыбаев жер мунапысынын алкагында укук бузуулары жок адамдардын документтерин ыкчам тартипте иликтөөгө жана берүүгө чакырды. Бул аймакка канча жана кайсы жер участоктору кирерин аныктап, Бишкек мэриясына маалымат берүү тапшырылды.
    ***
    Детально изучить и найти решение.
    В рамках административно-территориальной реформы главный архитектор Бишкека Урмат Карабаев провел совещание с заместителем начальника, курирующим земельные вопросы и сотрудниками предприятия по проблемным участкам Сокулукского района, а также жилмассива Ак-Орго-3.
    В частности, он поручил, изучить вопросы проблемных строений на местах прохода линий электропередачи, газовых труб, рядом с кладбищами и скотомогильниками, а также на месте объектов соцкультбыта.
    Также, Урмат Карыбаев призвал в рамках земельной амнистии оперативном порядке изучать и выдавать документы у кого нет нарушений.
    Было поручено выяснить сколько и какие земельные участки попадают под эти зоны и информацию передать в мэрию Бишкека.

Komentáře • 1