Бардык менчик ээлери объекттин айланасында тазалыкты жана тартипти сактоого милдеттендирилет.

Sdílet
Vložit
  • čas přidán 10. 09. 2024
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров борбор калаанын көчөлөрүнүн реконструкциясы менен таанышты.
    Министрлер Кабинетинин башчысы Жапаров Ахунбаев көчөсүнөн жана Айтматов проспектинен Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки жолдун участогунда болуп, аларда капиталдык оңдоонун жүрүшү менен таанышты.
    Министрлер Кабинетинин башчысы А.Жапаров тарабынан Бишкек шаарынын мэри А. Жунушалиевге күнү-түнү иш алып баруу тапшырылды.
    Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаевдин алдына да бир катар милдеттер коюлган. Өз кезегинде ал ишкананын бардык жооптуу кызматкерлерин ыкчам чогултуп, жеринде активдүү иштөөгө чакырды. Бул жерге “Бишкекбашкыархитектура” МИнин башкы сүрөтчүсү - жарнама жана дизайн бөлүмүнүн башчысы, жол-транспортту өнүктүрүү бөлүмүнүн адистери, ошондой эле райондук архитекторлор бөлүмүнүн адистери барышты.
    Ошондой эле, “Бишкекекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы, Биринчи май жана Октябрь райондорунун башчылары, орун басарлары жана адистери, ошондой эле “Бишкекжашылдандыруукурулуш” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери активдүү иштешти.
    Ахунбаев көчөсүн капиталдык оңдоп-түзөө иштери аяктаганга чейин, Бишкектин башкы архитектору тарабынан бул көчө боюнча жайгашкан чарбалык субъекттердин көп кабаттуу турак үйлөрүнүн жана имараттарынын сырткы көрүнүшүн бекитилген дизайн кодуна ылайык бирдиктүү эстетикалык көрүнүшкө келтирүү тапшырмасы берилген.
    Ошондой эле, имараттардын фасаддары боюнча коммерциялык жайлардын ээлери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, имараттардын жана курулмалардын фасадындагы бардык көрнөктөрдү, ошондой эле жеңил конструкциялардагы объекттердин көрнөктөрүн бирдиктүү стилге келтирүү жана бардык көрнөктөрдү мамлекеттик тилде жол-жоболоо зарыл боло тургандыгы белгиленди.
    Бардык менчик ээлери объекттин айланасында тазалыкты жана тартипти сактоого милдеттендирилет.
    ***
    Председатель Кабинета Министров Кыргызской Республики- Акылбек Жапаров ознакомился с реконструкцией столичных улиц.
    Так, Глава Кабмина Жапаров побывал на участке дороги от улицы Ахунбаева и проспекта Айтматова до улицы Жукеева-Пудовкина, где ознакомился с ходом их капитального ремонта.
    Главой кабинета министров А.Жапаровым мэру города Бишкек А.Джунушалиеву поручено вести работу круглосуточно.
    Перед главным архитектором Бишкека Урматом Карыбаевым также были поставлены ряд задач. В свою очередь он оперативно собрал всех ответственных сотрудников предприятия и призвал активно работать на месте. На место выехали главный художник МП «Бишкекглавархитектура», начальник отдела рекламы и дизайна, специалисты отдела дорожно-транспортного развития, а также специалисты отдела районных архитекторов.
    Также на месте активно работали МП «Бишкекекасфальтсервис», главы, заместители и специалисты Первомайского и Октябрьского района, а также сотрудники МП «Бишкекзеленстрой».
    До завершения капитального ремонта улицы Ахунбаева главным архитектором Бишкека было поручено привести к единому эстетическому виду внешний вид многоэтажных жилых домов и зданий хозяйствующих субъектов в соответствии с утвержденным Дизайн кодом, расположенных по этой улице.
    Кроме того необходимо провести разъяснительную работу с владельцами коммерческих помещений относительно фасадов зданий. Привести в соответствие все вывески на фасадах зданий и сооружений, а также вывески на объектах в легких конструкциях в единый стиль и оформления всех вывесок на государственном языке.
    Обязать всех собственников поддерживать чистоту и порядок вокруг объекта.

Komentáře • 2

  • @user-mu1de7id7x
    @user-mu1de7id7x Před 3 měsíci +1

    Азаматсынар ! баракелде! 👍👏👏👏

  • @user-rk2oi5lb4g
    @user-rk2oi5lb4g Před 3 měsíci

    Ишинерге ийгилик!