Мээнин таң калычтуу сырлары!
Vložit
- čas přidán 11. 09. 2024
- МЭЭНИН СЫРЫ (Текстти жазган Нуриет Абдулазиз)
Мээ. Эң татаал жана али көп изилденбеген дене мүчөсү. Мээнин кереметтерин айтып олтурсаң деги таң калычтуу. Келиңиздер бүгүн бул кыска ролигибиз аркылуу мээнинин сырын аз да болсо ачканга аракет кылып көрөлү. Чынында 5-10 мүнөттүн ичинде бул татаал системаны айтып берүү мүмкүн эмес. Бирок бизден аракет, Жараткандан берекет.
Мээге кандайдыр бир белги нерв бөлүкчөлөрүнүн импульсу аркылуу жүзөгө ашырылганын көбү биле бербесе керек, дал ошол импульстун ылдамдыгы саатына 274 км барабар. Ошондуктан колуңузду капысынан балка менен уруп алсаңыз, денеңиз бир көз ирмемде ага реакция кылат. Мынчалык тездик менен реакция кылууңуздун себеби, албетте импульстун спорт унаасынан да тез ылдамдыкта маалымат жеткизүүсүнөн.
Адамдын мээси башка дене мүчөлөрүнө караганда көбүрөөк “дем алат”.
Мээнин салмагы бүткүл дененин 2% гана түзгөн менен, өпкө аркылуу келип жаткан кычкылтектин 20% сарптайт экен. Себеби мээнин тынымсыз иштөөсү үчүн абдан тез ылдамдыкта кан айлануусу кажет. Ошондуктан абанын(керектүү көлөмдөгү кычкылтектин) жетишсиздиги мээнин начар иштөөсүнө алып келет. Терең-терең дем алууну унутпаңыздар! Нерв клеткалары ар дайым жаңыланып турат.
Нейрондор биздин бүткүл өмүрүбүздүн аралыгында өсүп туруучу бөлүкчөлөр. Көптөгөн жылдар бою илимпоздор нейрондор жана нерв ткандары өсө албайт деген туура эмес тыянак чыгарып келишкен. Бирок нейрондор дене мүчөсүнүн башка ткандарынан айырмаланып,ар дайым өсүп-жаңыланып турат экен. Бул ачылыш көптөгөн мээ ооруларын изилдөөгө жана дарылоого жардам берди. Нейрондор арасындагы маалыматтын бири-бири менен алмашуусу ар кандай ылдамдыкта жүзөгө ашырылат. Маалыматтын көлөмү жана маанилүүлүгүнө жараша 0,5 м/с баштап 120 м/с чейин жетүүсү мүмкүн.
Мээге канча энергия талап кылынат?
Мээнин тынымсыз жана туруктуу иштеши үчүн,салыштырмалу 10-ваттык чырактын энергиясы сарпталуусу шарт. Көптөгөн бөбөктөр үчүн тартылган мультфильмдерде каармандар жаңы ой же пикир кылган учурда пайда болгон чырактын(лампочкенин) сүрөтү жөн жерден чыккан эмес. Адам баласынын мээси жадагалса уктап турган абалда да кичине чыракка жете тургандай энергия иштеп чыгат.
Мээ эч качан уктабайт.
Мээнин иштеши күндүзгүгө караганда түндөсү активтүүрөөк.
Көбүнө бул нерсе түшүнүксүз болуусу мүмкүн, анткени чын-чынына келгенде мээ күндүзү бир топ жумуштарды аткарат. Бирок баары биз ойлогондой эмес экен.Сиз “өчкөн” убакта, мээнин иштөөсү “күйгүзүлөт” экен. Азырынча илимпоздор мунун сырын билишпейт, бирок биз эч бир күмөнсүз Жараткан Аллахка шүгүр келтирсек да болчуудай, анткени мээ уктап жатканда да сизге билдирбей өз ишмердүүлүгүн уланта берет экен.
Түш көрүүнүн саны адамдын акыл-дараметине көз каранды.
Илимпоздордун пикири боюнча адам баласынын акыл-парасаты(интеллекти) канчалык деңгээлде бийик болсо, ошончолук көп түш көрөт. Кээ бир түштөрүңүздү эстеп кала албагандыгыңыз үчүн капаланбаңыз, анткени түштөрдүн көбү 2-3 секундадан ашпайт.
Адам баласынын мээсине канча маалымат батат? Адам баласынын мээси Британика Энциклопедиясына караганда беш эсе көп маалыматты эстеп калууга жөндөмдүү. Салыштыруу үчүн Британика Энциклопедиясынын акыркы санында 100 000ден ашуун макала бар. Азырынча адам баласынын мээси канча маалымат кабыл алуусу мүмкүнчүлүгү так аныкталбаса да,компьютердик тил менен айтканда мээнин көлөмү 3төн 1000 терабайтка чейин.
900 жылдык тарыхты өзүнө камтыган Британия Улуттук архивинин баардык материалдары биригип болгону 70 гана терабайт маалыматты түзөөрүн эске тутуп, адам баласынын мээси канчалык потенциалдуу экенин элестетиңиз.
Мээ өз алдынча ооруга чалдыкпайт.
Адам баласынын мээси өз алдынча ооруну сезбейт. Албетте ал колуңузду кесип алсаңыз, же болбосо күйгүзүп алсаңыз сөзсүз түрдө реакция кылат,бирок өзү ооруну сезбейт. Бирок мээнин бул сыпаты сизди баш оорудан кутулдурбайт, анткени мээни курчап турган ткандар, нерв жана кан тамыр түтүкчөлөрү ооруга абдан эле сезимтал келишет.
Мээ өз курамында 80% суудан турат.
Көпчүлүгү мээ дегенде эле тоо жаңгагына окшош, каттуу бир нерсени элестетишет. Бирок тирүү мээнин түсү кылкылдап турган саздын түсүнө окшош болот жана суу-кандын аралашмасынан турат.
Демек мээ биздин органдарыбыздын ичинен эң эле таң калычтуу керемет система болушу менен бирге, Жараткан Аллахты өзүнүн кооздугу, тартиптүүлүгү, көрүнүш жөнөкөй бирок иштөөсү татаал болушу менен далилдеп турат экен. Бул абалды Тиин сүрөсүнүн 4-аяты чынында эң сонун далилдеп турат!
“Чынында Биз инсанды эң сонун келбетте жараттык.”
Макаланы которуп, даярдаган Нуриет Абдулазиз
Мээримдуу жана ырайымдуу, ааламдын ээси болгон кудреттуу жалгыз Аллах Таалага данк мактоолор болсун❤❤
Бизди ушундай кылып жараткан Аллахка чексиз шүгүрлөр, мактоолор болсун.🖑🖐 🖑🖐
Дизлайк баскандар алар Иса машаяк а ишенгендер жолдон адашкандар
@@Dana-rd2fd 6
Исламдын түркүктөрү бешөө: “Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок, Мухаммад Аллахтын Элчиси” деп күбөлүк берүү, намазды өтөө, зекетти берүү, рамаданда орозону тутуу жана Аллахтын үйүн ажылык кылуу.
Шарх
Абдул-Мухсин ибн Мухаммад ибн Абдур-Рахман ибн Касим
Биринчи даражанын түркүктөрү
“Исламдын түркүктөрү бешөө…” Ислам мына ушул түркүктөр менен гана курулуусу жана аларсыз толук болбой турган түркүктөр бешөө. Ошол түркүктөр Аллахтын Элчисинин ﷺ бул хадисинде баяндалган. “Ислам беш түркүктүн үстүнө курулган: Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок, Мухаммад Аллахтын Элчиси” деп күбөлүк берүү, намазды өтөө, зекетти берүү, рамаданда орозону тутуу жана Аллахтын үйүн ажылык кылуу.”--Муттафакун алайхи: Сахихул-Бухарий: №8, №4243, Сахихул-Муслим: №16 Ибн Умардан андан Аллах ыраазы болсун кабар берилген. Ибн Рожаб رحمه الله айтты: “Бул хадистен максат-Ислам ушул беш нерсенин үстүнө курулган, алар кудум Ислам үйүнүн устун-түркүктөрү сыяктуу болот. Мындан максат Ислам динин, имаратка (үйгө) окшотуу болуп, бул үйдүн устундары (түркүктөрү) ушул бешөө болот. Имарат болсо, түркүктөрсүз курулбайт. Исламдагы башка өзгөчөлүктөр, ушул түркүктөргө кошумчалык ордунда болуп, алардан бириси жоголсо, имараттын бекемдигине жарака кетет. Бирок ал ушул жарака кетүү менен кулабай тура берет. Бирок ушул түркүктөрдүн бири куласа, анын кулоосу артынан Ислам имараты да кулайт--Жамиьул-улуми вал-хикам: 1/43
Күбөлүк сөзүнүн мааниси
Ислам түркүктөрүнүн эн маанилүү негиздерин баяндоодон баштап, кийин маанилүүлүктө алардан кийинки алдынкы даражада турганын баяндоого киришти. Ушул түркүктөрдүн эн негизгиси, эн борбору күбөлүк сөзү болот. Күбөлүк - кескин түрдөгү ишеним жана ишеним маанисинде маанилүүлүгүн камтыйт. Ишенимде күбөлүк сөзү колдонуусуна себеп, сен үчүн өзүн ишенген нерсени, кудум көз менен көрүп тургандай кескин ишенимдин болуусунун маанилүүлүгүн баяндаш үчүн гана болот. Сен ишенген жана күбөлүк берип жаткан нерсе болсо: “Бир Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок жана Мухаммад Аллахтын Элчиси”, ал затты бүткүл инсаниятка (бейишти) куш кабар берүүчү жана (тозоктон) эскертүүчү катары жиберген деп күбөлүк берүүсү болот. Бул мусулман киши билүүсү зарыл болгон эн чон негиз. Исламдагы ыйман ээлерин, кафирлерден ажыратуучу негиз - ал негиз болсо, Аллахтын жалгыздыгына жана Пайгамбар ﷺ динине ыйман келтирүү болот. Мындайча айтканда, “Лаа илаха иллаЛлооху Мухаммадар-РосулуЛлооху” деп күбөлүк берүү--Шифаул-алийл: 288-бет. Бейиштин ачкычы да ушул. Пайгамбар ﷺ айтты: “Бейиштин ачкычы Лаа илаха иллаЛлооху”--Баззар Муаз ибн Жабал андан Аллах ыраазы болсун кабар берген. Ибн Кайим رحمه الله айтты: “Күбөлүк сөзү бейиш ачкычы болсо, намаз жана башка түркүктөр, бейиш ачкычынын ачуучу тиштери болот. Бейишке кирүү ачкычтын тиштерине байланыштуу--Ас-солату ва хукму тарикиха: 66-бет. Вахб ибн Мунаббихтен رحمه الله “Лаа илаха иллаЛлооху бейиштин ачкычы эмеспи?!” деп андан сураганда: “Ооба” ушундай, бирок ар кандай ачкычтын тиштери болот. Тиштери болгон ачкыч менен келсен, бейиш сага ачылат. Болбосо ачылбайт” - деп жооп берген”--Бухарий таьликан кабар берген: 1/417
Эки күбөлүк ортосундагы өз ара байланыш
Эки күбөлүк сөзү бир рукуь (түркүк) болуп саналды, “Лаа илаха иллаЛлооху” күбөлүгү өзүнчө түркүк, “Мухаммадар-РосулуЛлооху” деп күбөлүк берүү өзүнчө түркүк деп бөлүнбөдү. Анткени бул эки күбөлүк, амалдардын туура жана кабыл болуусунун негизи шарты болот. Амал төмөнкү эки иштин шартына ылайык болуп, туура болот.
Аллахка калыс-ихлас
Аллахтын элчисине ﷺ ээрчүү
Качан амалда ыклас табылса, “Лаа илаха иллаЛлооху” күбөлүгү орундалат. Качан гана Аллахтын элчисине ﷺ ээрчүү табылса, “Мухаммадар-РосулуЛлооху” күбөлүгү ырасталат. Анткени элчи Аллахтын жеткирүүчүсү болот. Анын элчилигине жана пенделигине күбөлүк берүү “Лаа илаха иллаЛлооху” күбөлүгүнүн толуктугунан саналат. Жана экинчи күбөлүк, биринчи күбөлүктү толуктоочусу болот. Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: “Ислам дини эки негиздин үстүндө курулган, алар-“Лаа илаха иллаЛлооху Мухаммадар-РосулуЛлооху” ырастоо болот”--Ал-Фатава: 1/310
“Намазды өтөө…”, Ислам түркүктөрүнүн экинчи түркүгү намазды өз убагында, шарттары, түркүктөрү жана фард важибтерин ордуна коюп аткаруу болот.
“Зекетти берүү…”, Үчүнчү түркүк, Аллах пенделерге милдеттендирген мал-мүлкүндөгү фард садаканы-зекетти берүү болот.
“Рамаданда орозону тутуу…”, Төртүнчү түркүк, Рамадан айынын орозосун кармоо, тан аткандан күн батканга чейин жеп ичүү жана башка орозону бузуучу иштерден тыйылуу болот.
“Аллахтын үйүн ажылык кылуу...”, Бешинчи түркүк ажылык фардын аткаруу үчүн байтуЛланы (Аллахтын үйүнө) ал -Харамга баруу болот.
السلام عليكم ورحمة الله وبركاته
@uch_negizder телеграмм
каналга катталгыла.
Үч суроону билиш Фардуль 'айн себеби кабырдан (мүрзөнүн ичинде) бизден сурак алынат:
1) Сенин Роббиң Ким?
2) Сенин Диниң кайсы?
3) Сенин Пайгамбарың ким?
1. Алла Таалам
2. Ислам
3. Мухамед (с.а.в)
Роббим АЛЛАХ Диним ИСЛАМ Пайгамбарым Мухаммад Саллаллоху алайхи ва саллам,ЛАА ИЛАХА ИЛЛАЛОХ МУХАММАДАР РАСУЛУЛЛАХ
Сиздин калтырган коментаиниз мага ото чон таасир берди , сизден Аллах раазы болсун.
Кудурети кучтуу Аллахыма чексиз мактоолор болсун.Аллахыма шугур🙏
Диз лайк баспагылачы сураныч Улуу Жараткан Аллахтын Ысмы Айтылып жататко
Эчким баскан жок
Тооба
Маш Аллах Маш Аллах ушундай мээни жараткан Аллахка чексиз мактоолор болсун 😊😍
Аллах эң кереметтүү Зат,
Аллахка чексиз шүгүрлөр, жана мактоолор болсун,
ЛАА ИЛЛАХА ИЛЛОЛОХ МУХАММАДУР РАСУЛУЛЛОХ ☝️😉👍🇰🇬
الله اكبر 🧠☝️
Аллах Акбар 🧠☝️
Аллах Улуу🧠☝️
Жонг ырахмат бейиш нуруу кампания сыга☝️✔️
Кудайыма рахмат ушундай
Керемет жаратканына,бардык алкыш данк бир гана ага таандык
Ото сонун каналда,автордун суйлогону кулака жагымдуу,уйку келгенде еле Бейиш Нуру каналын койсом бат еле уктап калам Аллах таала ыраазы болсун сиздерден
СУБХАНАЛЛАХ, АЛХАМДУЛИЛЛАХ,АЛООХУАКБАР!
Аллаху Акбар.
Лаа Иллаха иллаллох.
Аллах.Аллах.Аллах.
Админден Жараткан өзү ыраазы болсун
Елим журтум алаага шугур айтайлык мактоолор алкыштар айтып кечирим сурап ел журтка жакшылык тилейлик омиийин алоку акбар
Аллах улук,Аллах боорукер,Аллах беруучу,бир гана суйууго Аллах татыктуу.
Аллахга шүгүрлөр болсун!!!
Мага жагат ушул канал корбой туруп лайк басам)Аллаh Тааланы бизге таанытуу учун кылып жаткан эмгегинизге Аллаh ыраазы болсун ❤️
Аллахым ыраазы болсун Аллах сансыз соопторду берсин
Алахым сенден раазы болсун тууган
Маашааллах Аллах ыраазы болсун 🤲🤲🤲👍👍👍👍👍👍🏽
АЛЛАХу акбар ☝
Аллах ыраазы болсун сиздерден.
АЛЬХАМДУЛИЛЛАХ эң таасирдүү, пайдалуу Хадис экен.Чынында АЛЛАХТАН☝️башка мактоо жок,ал барды жок кылган,жоктон барды кылган жалгыз зат.Пенденин акылы жетпеген кереметтин баардыгын бир гана Жараткан АЛЛАХ☝️ билүүчү ИНША'АЛЛАХ.
Аллахка чексиз мактооолор болсун. Жана биз анын кулубуз. Керемет керемет.
Эх кандай Гана тан калыштуу
Альхамдулиллах шугур рахмаат материал даярдаган Инсандарга Алла раазы болсун
Спасибо Аллахым ыраазы болсун сизден!
Эң жакшы Адам затын жаратты. Бирок биз текебер. Өтө начар абалда жүрөбүз..
Аллахыма чексиз ,чексиз шугурлор болсун
Ассаламу алекум каналга игилик
АЛЛАХЫМ озу колдосун туболуко амин.
Суйлогон ага ото сонун тушундурот дагы жаны темалар которуп берип турсаныздар коруучулор коп го сагынып кутом мен качан жаны чыгарат экен деп.Аллахыма чексиз шугурлор болсун ушул коруп жаткан кунубузго, тунубузго турган турпатыбыз эле чексиз мастерство тан калып бутпойбуз
Аллахым ыраазы болсун баарыбыздан эки дүйнөнүн бактылуулугун берсин амиин 🤲
Алохуакбар
Ассаляму ъалейкум уа Рахматуллоху уа барахатуху уурматуу мусулман бир туугандар кандайсыңар Аллахым ыраазы болсун сизден жана бизден Аллах таала эки дүйнө бактылуулукту барыбызга насип кылсын АМИНЬ Бейиш нуру силерге чоң рахмат Аллахым узун өмүр чын ден соолук берсин эч качан оорубаныздар Аллах таала колдосун жакшы видеолорду күтөбүз
Аллахым ыраазы болсун
Рахмат чооң сизге
Ото керемет айттынар азаматсыз суйлоп жаткан байке дух бердинер мотивация болду 👍👍👍
Ассалааму алайкум рохматуллохи ва баракатуху мусулман бир туугандарым 🤗👍
Уа ъалайкум ассаламу уа Рахматуллохи уа баракатуху
Аллах улук Аллаху Акбар!!!
Жаратканым сага терен раазымын
👍👍 Аллах ыраазы болсун
СубханАллах! Аллах өмүрүңүзгө береке берсин!
Алла Таалага чексиз шугур мактоолорду айтышыбыз керек 🥰🥰🥰🥰😍😍😍😍😍😍😍😍
Баарыбыз келгиле аллага шугур келтирип намаз окууну баштайлы роднойлор
Радной😀бактылуу бол
МаашаАллах Аллах ыраазы болсун сиздердин жана биздерден
АЛЛАХЫМ МА ШУГУР 😘
Аллахка чексиз мактолор болсун Аллаху Акбар
АЛЛАХУ АКБАР☝️😓😓😓
Нуриет Абдулазиз красавчик
Причем тут он?
@@ARGENBAKYTOV2 текстти даярдаган ошол да
аа мыкты. 👍
баракала Устаз 🤲🤲
Алооху акбар
АЛЛАХЫМ баарыбызга озунун кызматын так аткарган МЭЭ берсин.
Аллах ыраазы болсун дагы да коп чыгарылыштарды чыгаргыла
Аллахка шугур
МашаАллах
Аллах раазы болсун силерден жакшы тушундуруп бересинер ишинерге ийгилик
СубханАллах АлхамдулиЛлах Аллаһу акбар
Мен нервный адамын, ошондуктан нерв болуп олуп каламбы же жинди болуп каламбы деп ойлой берчуумун. Бугун ушул видеону коруп, нерв клеткалары жанданат дегенине абдан суйундурду. Ойлонуп корсон чынында эле туура айтылган, мен уга элекмин бир адамдын нерв клеткалары тугонуп олуп калыптыр же жинди болуп калыптыр дегенин.
Ассаламу алейкум аллахым раазы болсун сиздерге, ЖЫЛАНДАР туралуу чыгарсаныз
Аллах керемети чексиз 🤔
Аллага шугур
СубаханАллах.......
хак Маншалла👍👍
Кундо кудай деп эстеп журсо АЛЛАХ деп журсо барыбызка жакшы болот 😉❣️
Аллах Акбар
Аллах ыраазы болсун Маа шаа Аллах Субханаллах
Алла улык!
Алланын керемети чексиз
Аллаху Акбар
АллахуАкбар!
Чынында биз тафаккур кылбайт экенбиз . Эгер тафаккур кылсак ,Аллах Тааланы ото жакшы тааный баштайт экенсин.
Алла ыраазы болсун
Маашаллах керемет
АЛЛАхка шугур
Аллах улук
Ма Ша Аллах
Аллах кудуреттуу
Аллах Ыраазы Болсун
СУБХАН АЛЛАХ!!!
Буткул ааламдын ээсине чексиз чексиз шугурлор болсун
СубханАллах
Аллахка чексиз чексиз чексиз шугур шугур
Аллах ыраазы болсун сиздердей инсандардан
Аллахуакбар
الله اكبر❤️💛💛💛❤️
АЛЬХАМДУЛИЛЛАХ 🤲
МаашАллах!
Жпкшы
Маш Аллах Бейиш нуру компониясы эн сонун
Аллаху акбар
Аллаху Акбар!
Абдан пайдалуу экен
Мыкты
Адамдын Башынын 80% пайызын Мее еелеп турат Меесиз баш болбойт Башсыз Адам болбойт
Ал эми Исламда Намаздын орду Денедеги баш сыякту Башы жок адам болбойт Намазы жок Дин болбойт ! еми озунор ой жугуртуп коргуло Аллах улук.
А жакшы ушл бойунча соз кылдыз сизге сууроо Адам такалып суйулогондо неден болот китпди жай окууса эсепди билбесе жаза албаса неге ушундай А. Кыздарга котун корсотуп журсо берип журсо балдарга берип журсо ташта албай журсо
👍👍👍
малымат жакшы
Субаханаллах ☝🏻
Всем Ассалому аллейкум.
Сколько данных поместится в 500 ТБ? (теребайт)
* 125 000 000 фотографий, сделанных 12 мегапиксельной камерой.
* 125 000 фильмов или 250 000 часов HD-видео; или.
* 3,25е9 страниц документов, обычно сохраняемых в формате файлов Office, PDF и презентаций.
Это равняется 650 000 физическим каталожным шкафам с документами!
👍👍👍👍👍👍👍👍