Video není dostupné.
Omlouváme se.

Иркутсктагы кыргыз жана тажик мигранттарынын массалык мушташын милиция иликтөөдө

Sdílet
Vložit
  • čas přidán 25. 06. 2023
  • Россиянын укук коргоо органдары Иркутск облусундагы Кыргызстан менен Тажикстандын 500гө жакын жаранынын ортосундагы массалык мушташты иликтеп жатат. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
    Белгилей кетсек, жаңжал 2023-жылы 23-июнда Жигаловск районундагы газ кенинде чыккан.
    Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Иркутсктагы өкүлчулүү жабыркагандар менен ыкчам байланышканда Кыргызстандын 5 жараны ар кандай оордуктагы жаракат алышканы, алардын бири ооруканага жаткырылганы белгилүү болгон.
    Элчиликтин Иркутсктагы бөлүмүнүн консулу КР жарандарына консулдук-укуктук жардам көрсөтүү жана жергиликтүү укук-коргоо органдары менен жолугушуу үчүн окуя болгон жерге жөнөп кетти.
    Белгиленгендей, аталган маселе Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Иркутск шаарындагы өкүлчүлүгүнүн көзөмөлүндө турат.
    «ЭРКИН-ТОО» МАМЛЕКЕТТИК РАСМИЙ ГЕЗИТИ
    _________________________________________
    Биздин сайт - www.erkin-too.kg/
    Инстаграм - / erkintoo.kg
    Фейсбук - / erkintoo.kg
    Ютуб - / @user-tv6iw1xk4b
    Телеграм - telegram.me/+-Vvnr0xngUA4NjEy
    #кыргызстан #эркинтоо #кабарлар #ош #баткен #жалалабад #талас #нарын #ысыккол #чуй #бишкек #жаңылыктар #маалымат

Komentáře • 9