Кутман Садыбакасов - Толгонуу
Vložit
- čas přidán 6. 09. 2024
- #айтыш #акындар #кутмансадыбакасов #internewskg #төкмөакын #билимайтыш#элмирбекиманалиев #аалытуткучев#жеңишбекжумакадыр#айтышкер
Бурганагы буюктурган замандын,
Буктурмасын бузчу ким бар арамдын.
Бул кылымдын оош-кыйышын ал жетса,
Буйдалбастан айтып өтчү жаранмын.
Бул өмүрдөн өтсө кайтып келе албас,
Бук, арманын төккүм келет адамдын.
Чаалыкканда ойлор калат жыйылбай,
Чал кемпирдин баш-аяксыз ырындай.
Чырылдатат кээде турмуш пендени,
Чайга түшүп тызылдаган чымындай.
Чамасы аз өмүр экен кантейин,
Чарт үзүлчү комузумдун кылындай.
Өзүнүкү аз болгондой күнү-түн,
Өзгөнүн да кошо тартат күйүтүн.
Өч алышчу душмандан да жакшылар,
Өчүрө албай жашай берет үмүтүн.
Ким бирөөгө жалган арнайт бир инсан,
Ким бирөөгө айта албаган сүйүүсүн.
Канча күндү бош кетирип койгонмун,
Камоосунда турам азыр ойлордун.
Кайтпачудай кызыгы көп дүйнөдөн,
Кардым тойсо катуу уктап соолгонмун.
Кечээ гана күлүп, ойноп, бир жүргөн,
Элдар достон айрылганда ойгондум.
Азыр коомдо мүнөт сайын бурулуш,
Саат сайын сандап чыгат чуу, уруш.
Башаламан кылат кээде жашоону,
Бала кезден чыкпай калган бугубуз.
Душманына марттык кылган Манастын,
Тууганына кастык кылган муунубуз.
Өзүбүздү түртүп көңүл чөккөнгө,
Өмүр бою өкүнөбүз кеткенге.
Көпөлөктөй айланабыз багытсыз,
Көңүл бөлүп мааниси жок кептерге.
Ордун таппай жашаса да жалгандан,
Орду толгус адамдар бар өткөндө.
Айлана албай кайра кыргыз кыраанга,
Аргасыздан аңчы болдук жылаанга.
Ак тайлактай боздоп турат көкүрөк,
Алапайын таппай калган туманда.
Алтындарым ачалычы көздөрдү,
Аң сезимди байлап албай кумарга.
Оомат берип көкөлөтсүн багыңды,
Орой турмуш сындырбасын шагыңды.
Октой өтүп, тоскоолдуктун көбүнөн,
Оору сыркоо кейитпесин жаныңды.
Орду толгус пендесиңер ар бириң,
Оо замандаш жакшы көрөм баарыңды.
Жараткан жар болсун балам омурлуу бол кыргызымдын сыймыгы
Мааниси мыкты экен азаматсын🌹🌹🌹
Кутман таланттын ташкындай берсин. Эки дуйнодо бактылуу бол!!!
Корбой туруп 👍бастым себеби мындай талант жок аман бол
Кошулам👍🙌
Керемет. Ыр. Аман. Бол
Чыгармачылык ийгилик.ден соолук каалаган максатына жет балам
Керемет чыгарма,аябай соон ,талантыныз оркундой берсин
Азаматсын Кутман ! Сага кен келечек , дангыр жол ,чексиз бакыт ,ченемсиз илим каалайм .
Ассаламу алейкум Куман талантын ташкындай берсин омурун узун кыргыздын чыган жигиттеринин бири сенсин аман бол
Төгөрөгү төп келишкен акыным. Калк ичине жакыным. 0:44 0:44 0:44 0:44
Көз тийбесин көз тийбесин
Отуп жаткан мезгилдин,элеси коздон отту. Баракелде ийгилик
Эн мыкты чыгарма👍👍👍
Унун сонун талантына таазим.
Рахмат Аллах ыраазычылыгы болсун мен да сени жакшы кором кундо УГАМ ырларынды талант тына таасим
👏🏻👏🏻👏🏻👏🏻👏🏻👏🏻👏🏻
Соонун онорунуз оркундой берсин 👍🏻👍🏻👍🏻. Аллахым колдосун !
Онорунуз оркундой берсин байке 💫👏
🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥
👍🏻👍🏻👍🏻👍🏻👍🏻👍🏻👍🏻
Аман бол Талант деп ушуну айт журоко жеткире ырдайт ырлары ото керемет
Керемет үн, ырчы деп ушуну айтса болот. 🎉
Залкар агам🔥🔥ото мыкты 👏
Керемет чыгарма! Азамат Кутман балам! Бар бол, онорун оркундой берсин!👍👍👍
Эң сонун!Адамды ойго салган чыгарма,артына бир кылчайып, өткөндөрдү эстеп ойлонткон ыр.Азаматсын!!!
Коз тийбесин соз тийбесин
Алтыным….. АЛГА!!!
Омурлуу бактылуу бол коз тийбесин
Кудайым озу колдосун🤲🤲🤲
Аман бол,коз тийбесин,ийгилик❤❤❤❤❤
Керемет
Азамат
Аман бол жараткан омур берсин балам кереметт ыр
Маа шаа Аллах! 🎉🎉🎉
Өмүрүңүз узун болсун!, талантың ташкындай берсин,...
Бар бол залкарым
Маладес
Төгөрөгү төп келишкен акыным. Калк ичине жакыным.
Машшалла
Раймалынын эки сап ыры эстен кеткис болду, толугун каяктан уксак болот?
👍👍👍
❤❤❤❤❤❤ аман бол
Концерт кутобуз чыдамсыздык м-н
Айланайын сен ойлогонду базарчы башчыларыбыз ойлонсо гана уккулачы элим
👋👋👋👍👍👍👍
👍👍👍👍
😍😍😍😍😍